ТИШТИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ КАНЧА ТУРАТ?

Акактай тизилген тиштер, жанга жагымдуу жылмаюу илгертеден күнү бүгүнкүгө чейин денсоолуктун, сулуулуктун, жаштыктын символу болуп келет.
Бүгүнкү күндө тишти сактоонун, ооруган тишти сакайтуунун, жагымсыз өңүн жакшыртуунун кандай жолдору бардыгын жана ал үчүн пациенттен канча тыйын талап кылынаарын байкап көрдүк...

КАТУУДАН ТИШ, ЖУМШАКТАН ИЧ ООРУБАСЫН
Мындай кепти жанды көзгө көрсөтө лукулдатып ооруткан тиштин азабын тартып көргөн пенделер айтып калтырышса керек. Солкулдаткан ооруга чыдабай, андан арылууну көздөгөн пенделер тишин суурутуп салууга да кайыл болушат. Албетте, бүтүндү бүлүндүрүп салуу – көз ирмемдик иш. Жакшысы, акыркы аргасыздыкка барбай, оорунун алдын-алуу кажет.
Көп замандар бою кариес адамзатынын олуттуу душманы болуп келген. Ал баш мээни кошо лукулдаткан ооруну пайда кылып, ал эми аны дарылоонун азыркыдай жолдорунун жоктугу тиштердин түшүшүнө алып келген. Учурубуздун заманбап стоматологиясы кариестин алдын-алуунун, аны оорутпай дарылоонун бир нече түрлөрүн бизге сунуштай алат.
Стоматологдор бир ооздон: “Кариести алдын-алуунун эң эле жакшы ыкмасы –тишти туура, өз убагында тазалап туруу”,- деп айтышат. Көпчүлүгүбүз көнгөндөй тишти эртең менен уйкудан турганда эмес, нанүштөнү ичип бүткөн соң тазалап жууп туруу зарыл. Түшкү тамактан кийин катуу жашылча-жемиштерди, мисалы, сабиз же алма жеш керек. Алар тиштерди арасында калып калган тамак-аштын калдыктарын алып чыгышат. Андан соң оозду суу менен чайкап, “Орбит”, “Дирол” өңдүү сагыздардан чайнап коюу керек. Кечкисин тамактангандан соң тишти шашпай таза жууп, мүмкүн болсо туз менен (Шамшыкал жана Кочкор туздары абдан пайдалуу) чайкап коюуга болот.
“Тишке кам көрүүдө тиш пастасын, щёткасын да туура тандоо зарыл. Эгер мүмкүн болсо эртең менен бир паста, кечкисин башка паста менен жууган да абдан пайдалуу. “Пломба койдуруп, тиш салдырып кыйналбайын, табигый, жакшынакай өңү-түсү сакталсын” деген адам 3 айда бир врач тандап берген тиш пастасын жаңыртып, врачтын көзөмөлүнөн өтүп туруусу керек. Илгеркилердин тиштери азыркы замандагылардыкынан кыйла жакшы сапатта болгону белгилүү. Албетте, буга тамак-аштын, абанын, суунун тазалыгынын таасири чоң. Ошентсе да көпчүлүк илгерки кишилер Кочкор тузу менен тишти чайкап жүрүшкөн, жалбыз чайнашкан. Мындай ыкмаларды бүгүн колдонсок да натыйжасы жакшы болоор эле. Тилекке каршы, көпчүлүк адамдар стоматологго кайрылууну, тишти туура тазалоону ойго да алышпайт. Ысык-суукка аралаштырып, төрөттөн соң тишти жылуу кармоону унутушат да, качан гана ооруп, жаны көзүнө көрүнө баштаганда суурутуп салмакчы болуп келип калышат”,- дейт белгилүү стоматолог Нуралы Базарбаев.

ТИШТИ ПЛОМБАЛОО
Кариестен арылуунун эң эле жайылтылган эффективдүү жолу – тишти пломбалоо. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда пломбанын бир нече түрлөрү бар. Алардын ичинен учурда көп колдонулгандары – фотопломба, химиялык пломбалар. Илгерки жөнөкөй пломбалардан айырмаланып, мындай пломбалардын өңү сары эмес, кадимки тиштин өңүнө окшош, сапаты жакшы. Аларды кандай бейтапкана же клиникадан койдурганга жараша баалары да түрдүү болот. Мисалы, химиялык пломбалар 200 сомдон 400 сомго чейин жетсе, фотопломбалар 500 сомдон 700 сомго чейин барат.

ТИШТИ ТАЗАЛОО, АГАРТУУ
Жылмайып койсо маңдайы жарк деп ачыла түшкөн Голливуд жылдыздарынын берметтей тизилген тиштери кимди гана кызыктырбай койбойт. Агартуунун эң эле жөнөкөй, мисалы, тиштердин түптөрүнө чогулган таштарды, кирди атайын аппараттын жардамы менен кырып тазалоо түрүнөн тартып, гель, атайын иштелип чыккан тиш пастасы менен щёткасын пайдаланып тазалоо, тиштерге агартуучу каражатты сүртүп, үстүнөн атайын иштелип чыккан капты кийгизип агартуу өңдүү түрдүү жолдору бар. Тишке кийгизилүүчү мындай каптар аны тазалап гана тим болбостон аны түрдүү витаминдер менен азыктандырып, чыңдай алышат. Тишти тазалоо, агартуу иштери боюнча эл ичинде, атүгүл стоматологдордун арасында да кайчы пикирлер көп. Стоматологдордун көпчүлүгү тишти бат-баттан агартып, тазалата берүү опурталдуу экенин, ал тиштин эмалына оңолгус доо кетирээрин моюнга алышат. Албетте, бул агартуудан таптакыр баш тартуу керек деген кеп эмес. Тазалоо, агартуу иштери башкалаабыздагы стомклиникаларда 500 сомдон тартып 1000 долларга чейин барат.
Стоматологдордун айтымында, республикабыздын айрым жерлериндеги суулардын курамында, мисалы, Көл кылаасындагы Тамга айылындагы сууда фтор абдан көп. Мындай сууну пайдаланган адамдын тишин канча ирет агартып тазалаган менен кайра эле саргарып кете берээри анык.
Тишти үй шартында агартууда кадимки грек жаңгагынын жашыл кабыгын пайдаланып жүрүшөт. Жаңгактын кабыгы менен тишти 1-2 мүнөт сүртүп, суу менен чайкаган соң тиш пастасы менен тазалап жууп салат. Жылына 1-2 ирет мындай процедураны кайталап туруу тишке зыянын тийгизбей, тескерисинче, чыңдайт.

ТИШ САЛУУ, ПРОТЕЗ КИЙГИЗҮҮ
Мындай ыкма тишти сактоого болбой калып жулдурганда, кандайдыр кырсыктардан, илдеттерден улам тиш түшкөндө жана ушул сыяктуу учурларда колдонулат. Бүгүнкү күндө металлкерамикадан жасалган тиштер абдан кеңири жайылып барат. Стоматологдор мындай тиштер башка жасалма тиштерге караганда бир кыйла сапаттуу, ыңгайлуу, ишенимдүү болоорун баса белгилешет. Алсак, алтын, күмүш, темир, сөөк (пластмасса) тиштер менен адам кадимки өзүнүн тиштери сыңары катуу тамак-аш, жемиштерди тиштеп жей алышпаса, металлкерамика тиштер менен бул кыйынчылыкка туш болушпайт. Экинчиден, металлкерамика тиштердин өңү кадимки табигый тиштерге окшош келет. Металлкерамика тиштеринин бир даанасы бизде 1200 сомдон тартып 3000 сомго чейин жетет. Көп керектелгендердин ичинен экинчи орунду кайрадан эле алтын тиштер ээлейт. Эскерте кетчү нерсе, врачтардын айтымында, алтын тиштердин денсоолукка пайдасы күчтүү. Бекеринен ата-бабалар аздектеген уул-кызына алтын чөйчөктөн суу ичирип жүрүшпөсө керек. Алтын тиштердин баасы да анын салмагына, кайсы бейтапкана, клиникаларда койдурганына жараша 1000 сомдон 2000 сомго чейин жетет. Алтын сыяктуу эле күмүш эритиндисинен жасалган тиштердин да денсоолукка пайдасы жакшы. Мындай тиштер 500 сомдон 700 сомго чейин, титан капталып жасалган тиштер 250-350 сом, пластмасса тиштер 250 сомдон 500 сомго чейин барат.
Жулунган, түшүп калган тишти салуу үчүн стоматологдор эки тараптагы тиштерди араалап, коронка кийгизип, аларга ордуна келгис доо кетиришээр эле. Көп жылдардан бери колдонулуп келе жаткан мындай тишке протез, коронка кийгизүү ыкмасы заманбап клиникаларда азайып, тишти өз алдынча өстүрүү, имплантация жасоо ыкмалары колдонула баштады. Мындай ыкмалардын жакшы жери, протез, коронка кийгизгендегидей соо тиштерге залакасын тийгизбейт.
Имплантация 2 этап менен ишке ашырылат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, алгач жаакка тиштин титандан жасалган тамыры хирургиялык жол менен жайгаштырылып, ал адамдын организмине ылайыкташып калган соң титан тамырга абатмент жабыштырылып, бир нече күндөр өткөн соң кадимки коронкалар кийгизилет. Заманбап стоматологиянын жетишкендиги болуп саналган бул ыкма жергебиздин айрым гана стоматологиялык клиникаларында жасалат. Андыктан, баасы да бир топ эле кымбат, 15 000 сомдон 1000 долларга дейре барат.
Имплантаттар адам баласына 19 жаштан тартып 80-90 жашка чейин жасала берет. 19 жаштан дегенибиздин себеби, адам баласынын сөөк ткандары 17-18 жашка барып калыптанып бүтөт. Андыктан, 19 жашка чейин сөөк ткандарына имплантат коюу опурталдуу.

ТИШТИ ТЕГИЗДӨӨ
Орсок, кыйшык тиштерди тегиздөө да учурдун стоматологиясында чечилип бүткөн маселе болуп эсептелинет. Сүт тиштери алмашып бүткөн соң баланын кадимки тиштери кыйшык, орсок болуп өсө баштаса, алгач балдар стоматологуна кеңешип, 7-8 жашынан 13 жашына чейин тиштерин оңдотуу зарыл. Ушул куракта балдардын жаак сөөгү толук ката элек, кыйла ийкем келет.
Кыйшык тиштерди атайын даярдалган брекеттер менен тегиздешет. Тиштин ички жагына же тышкы жагына металлдан, платинадан, сапфирден жасалган брекеттерди кийгизип, стоматолог-ортодонт аны улам өзгөртүп жабыштырып турат. Оңдоо канчалык жаш кезден башталса (жогоруда көрсөтүлгөн куракта), каалаган жыйынтыкка жетүү да батыраак болот. Мисалы, 8 жашында тишин түзөтүүнү баштаган бала 1 жыл ичинде тиштерин түзөп бүтсө, 18-20 жашында баштаган адам брекетти 1,5-2 жыл кийип жүрүүгө аргасыз болот. Брекет менен тишти түзөтүүнүн баасы брекеттин кандай заттан жасалганына, канчалык убакытка созулганына жараша түрдүүчө чыгарылат. Орто эсеп менен бир даана брекет системанын баасы 100 доллардан өйдө турат. Тиштин кыйшыктыгына жараша дарылоо курсу бүткүчө бир пациент үчүн бир нече брекет алмаштырууга туура келет. Демек, мындай дарылоо арзан дегенде эле 300-500 долларга бараары турган кеп.

“Сулуулук курмандыкты талап кылат” деп бекеринен айтылбаган. Берметтей тизилген тиштери менен жылмая жакындарына жагымдуу маанай тартуулап жүрүүнү бардык замандаштарыбызга каалайбыз.

Даярдаган Шаиста Шатманова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 248, 3-9-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан