Президент Роза Отунбаевага 8-март күнү АКШнын Мамлекеттик департаменти «Эрдиги үчүн» Эл аралык аялдар сыйлыгын тапшырды. Бирок ошол эле учурда өзбек укук коргоочусу Мутабар Тажибаева буга чейин алган ушундай эле сыйлыгынан баш тартты.
Президент Роза Отунбаева акыркы жарым жыл ичинде АКШга эки жолу сапар жасап, бул ирет сыйлык алып кайтты. Айтмакчы, АКШнын президенти Барак Обама менен мамлекет башчы Роза Отунбаева жолугушуу өткөргөнүн айта кетүү керек. Жогоруда аталган сыйлыкты АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон тапшырса, бул аземге биринчи айым Мишель Обама да катышкан. Сыйлыкты кабыл алган Роза Отунбаева: “Бул – бардык кыргызстандык аялдардын эмгеги”,- деп айтты.
Бул аралыкта 2009-жылы ушундай наамдуу болгон өзбек укук коргоочусу Мутабар Тажибаева президент Роза Отунбаевага берилген сыйлыкка каршы экендигин билдирүү менен өз эрдигинен баш тартты. Анын айтымында, Кыргызстандын мамлекет башчысы мындай наамга татыктуу эмес. “Ал өлкөнүн түштүгүндөгү кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы жаңжалды болтурбай коё албады”,- деди ал.
Айтмакчы, өмүр бою темир тор артына камалган кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаров “Адамдан адамга” (“Homo Homini”) сыйлыгына ээ болду. Ал адам укуктары жана демократияга салым кошкондугу үчүн берилет. Сыйлык Прагада болуп өткөн “Бир дүйнө” фестивалында Азимжан Аскаровдун уулуна тапшырылды.
Сыйлык тапшыруу аземинин видеосун "Элдик видео" бөлүмүнөн көрө аласыздар.
Эльвира Караева, Залкарбек Карабалаев
politika@super.kg