Гезитибиздин №435-санында окуучу кыздардын классташын сабаганы жөнүндө жаздык эле. Ошол макала боюнча www.super.kg расмий сайтыбызга окурмандардан көптөгөн ойлор келип түштү. Ошого байланыштуу мектептеги окуучулар арасындагы «дедовщина» темасын улайлы деп чечтик.
БҮГҮНКҮ РЭКЕТ – ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК...
Мындай окуялардын жүздөн бири гана коомчулукка маалым болуп, канчасы билинбей калып жатат. Канча деген окуучуларыбыздын психикасы бузулуп, андай окуялар өмүр бою жүрөгүндө калары анык. Анан ушундай балдарыбыз өсүп жатса, биз ураан салып келечекти кимге куруп жатабыз?!
Шаар аралай, жалпы эле мектептердеги рэкетчилик, уруп-согуп басынтуу окуучулардын жашоосуна сиңип калганына күбө болдум. Сурамжылаган көптөгөн окуучулардын айрымдары гана рэкетчилик, мектептердеги басмырлоо, «дедовщина» тууралуу айтып берүүнү макул көрүштү. Анда да 10-15 мүнөт суранып жатып араң айттырдым. Эки жагын алаңдап карашып, кылмыш кылып жаткандай көздөрү жайнайт. Көпчүлүк окуучулар улууларды сыйлоо, саламына сылык жооп берүү деген сапаттардан куру калышкандай. «Сен кимсиң өзү?!», «Братан», ал сурооңду «лохторго» барып берсең, айтып беришет» дегендерин угуп алып капа болуп, адамдык сапаттары ушунчалык төмөндөп баратканына өкүндүм. «Эч кимге айтпайм, атыңды да жазбайм» деп жалдырап отуруп сүйлөтүүгө аргасыз болдум. Окуучулардын аң-сезимине «кыйналсам да айтпашым керек. Айткан уят. Эртең эле «дед» болобуз да» деген ой сиңип калганы маалым болду.
«ТЕРПИЛА» БОЛГОН УЯТ»
Бишкек шаарыбыздагы мектептердин биринин окуучусу өзүн Каниет деп тааныштырды. Бирок чыныгы атын айтпаганын шекшип калдым. Башында кыска-кыска сүйлөп жаткан, андан кийин бир аз сүйлөп берди:
– Менин бул мектепте окуганыма 3 жыл болду. Буга чейин башка мектепте окугам. 9-класста окуйм. Бизде «дедовщина» бар. Бизден улууларды «братандар» дейбиз. Арасынан бир-экөө кыйындары, «отвечалалары», ошол.
– Мектептеги «братандарыңар» кандай мамиле кылышат? Силерди кантип кыйнашат?
– Алар мурунтан эле «эркекче жүргүлө, айтканды кылгыла, кылбасаңар жаман болосуңар»,- дешчү. Айтканын кылбасаң урушат. «Мынча акча таап бер» деп салык салышат. Уюлдук телефондун музыкасын коюп бийлетип-ырдатышат. Балдар менен вальска түшкөнгө буйрук беришет. Аргасыздан макул болосуң. «Бирдик салып кой, бул жакка барып мага муну алып кел» деп көрүнгөн жакка жөнөтүшөт. Бирөөнүн туулган күнү болсо, чогулуп дасторкон даярдайбыз. Салык салганда айткан акчасын таба албай калсак, телефонду өчүрүп үйдө жатабыз. Мектепке келгибиз келбейт. Мас болуп алышса урушат. Ата-энеңе айтсаң «терпила» деген атка коносуң. «Терпила» болгон уят. Айрыкча шылдыңдаганда жаман болосуң. Бирок бизде азыр 94-жылкылар кыйын. 11-класстагы 93-жылкылар менен мушташа кетишет. Анткени арасында спортчу балдары көп.
«СИЗ ЖАЗГАНДА БИР НЕРСЕ ӨЗГӨРМӨК БЕЛЕ?»
Көчөдө бараткан окуучу кыздарды сөзгө тарттым. Алар «биздин мектепте кыздар арасында рэкетчилик жок. Анча-мынча кыздар урушуп калышат, бирок сөз менен эле. Бөлөк мектепте окуган курбу кыздарыбыз «мектепте кыйын болгон кыздар бар. Алар өздөрүн «отвечала» сезишет. Алардын айтканын кылып, акча чогултуп беребиз» деп айтып калышат» дешти. Кайра менден «сиз эмне кыласыз?» деп сурашты. Гезитке жазарымды айтсам, чочуп кетип сүйлөгөндөн баш тартышты. Башында журналистмин деп айтканыма көңүл бурушпады окшойт. Акырында «байке, көп эле мектепте мындай көрүнүштөр болот. Ага таң калбай эле коюңуз. Сиз жазганда бир нерсе өзгөрүп кетмек беле?» деп кайра мени бурчка такашты.
«ЖАШТЫКТА БААРЫ БОЛОТ ДА»
Андан ары бир жыл мурун мектепти бүткөн жердешиме телефон аркылуу байланыштым. Ал дагы мектепте «торпедо» («жоон билек», «отвечала») болуп жүргөнүн уккан жайым бар эле.
– Айтып берчи, рэкетчилик кылганың жөнүндө...
– «Братан», мен рэкетчилик кылган эмесмин. «Братишкаларды» тарбиялачумун. Ал кезде баары болчу да. Салык салып, чуркатып, гимн ырдатып, чочкону, уйду тууратып дегендей. Бизди да «братандар» убагында «грузить» этишчү (салык салып, кыйнап) да. Биз дагы көргөнүбүздү кылчубуз. Бирдик салдырчубуз, алардын бирдигин коротуп сүйлөшчүбүз.
– Ал кылгандарыңа өкүнбөйсүңбү?
– Эмнеге өкүнмөк элем? Окуучу кезде баары болот да, «братан».
Мына, окурман, келечек ээлеринин чын дилден айткан сөздөрү. Бул жаман нерсе деп миң кайталасаң да, аны түшүнүп турушса да моюнга алгылары келишпейт. Ата-эне, мугалимге караганда, окуучуларга «братандарынын» айткандары таасирдүү экен. Булардын көз карашын кантип өзгөртөбүз? Бул, албетте, жалпыбыз чече турган маселе...
Чуулгандуу окуяга айланган видеону "Элдик видео" бөлүмүнөн көрө аласыздар.
Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg
МЕКТЕПТЕГИ РЭКЕТЧИЛИКТИ КАНТИП ТЫЙСАК БОЛОТ?
Сыймык Бейшекеев,
ырчы:
– Интернетте кыздардын бири-бирин сабап, сөгүнүп-сагынган видеожазуулар көбөйүүдө. Бул өсүп келаткан муундарга берген тарбиябыздын жыйынтыгы. Рэкетчиликти жоюу үчүн мектептерге атайын тарбиялык маанидеги программаларды киргизип, көп окутушубуз керек.
Абакир Жусупов,
пенсионер:
– Азыркы күндө рэкетчилик күч алып бара жатат. Мунун баарына ата-энелер күнөөлүү. Мектепте окуучулар мугалимдердин тилин укпай калышкан. Керек болсо “өлтүрүп салам” деп коркутканга чейин барышат экен. Ошондуктан тарбияны үй-бүлөсүнөн баштоо зарыл деп ойлойм.
Инифат Абдраимова,
мугалим:
– Рэкетчилик – учурда мектептеги оор маселелердин бири. Биз, мугалимдер, канчалык балдарга жакшы тарбия берейин деп аракеттенсек да, жалгыз биздин колубуздан келбейт. Жаштардын рэкетчилигин жоюу үчүн участкалык милициянын жардамына муктажбыз. Бул жерде алардын да таасири чоң.
Ташмурат Мадылбаев,
кайрымдуулук фонддун жетекчиси:
– Азыркы учурда ата-эненин тарбиясы жаштарга жетишсиз болуп жатат. Элдин ыйманынын бузулгандыгы ушундай терс көрүнүштөргө түртөт. Рэкетчиликтин алдын алуу үчүн ар бир окуучуга ыйман, дин жагынан сабак өтүлүп, мугалимдер ата-энелерге көмөк көрсөтүшү кажет.
Нурлан Турдукулов,
студент:
– Мектеп окуучуларында мындай көрүнүш күн санап өсүп жаткандыгы өкүндүрөт. Кала берсе кыздардын да бири-бирин сабап жаткандары жайылып кетти. Кыздар – келечектеги энелер. Азыртан аларга бул жаман иш экенин үйдөн ата-эне, мектептен мугалим жеткире түшүндүрүшү абзел.
Зыйнаткан Касымбаева,
мугалим:
– Ата-энелер балдарын эркелетип, барчылыкка үйрөтүп койгондуктан, окуучулар ушундай жаман кылмыштарга барат. Мектепте да айрым мугалимдер аларды окубаса да көтөрмөлөп, жыйынтыгы ушул болууда. Андыктан ата-эне менен мугалимдер биргеликте иш алып барышы шарт.
Дамира Ниязалиева,
ЖКнын депутаты:
– Рэкетчилик бул – кылмыш. Ал эми кылмышкерлерди жазалоо зарыл. Укук органдары бир-экөөсүн сабак болсун үчүн жоопко тартышы керек. Ата-энелер комитети, мугалимдер чогулуп кылмыштуулукка бөгөт койсо болот.
Гүлжамал Бөрүкулова