Саламат Алиев күлкү күйөрмандарына белгилүү ысым. Бир сөз менен айтканда, тамашаны катыра айтып элдин көңүлүн алат. Бул жигиттин кашы качан гана курсагы ачканда биригип, кабагы салынып калбаса, калган убакта жүзүнөн жылмаюу, ууртунан уячасы жазылбайт. Өзү тууралуу КВНчи бала мындайча баяндайт.
САЛАМАТ ТУУРАЛУУ
– Саламатсыңбы, Саламат?
– Саламатмын.
– Саламаттын тентек мезгили тууралуу кеп баштай берсең болот.
– Кеминде төрөлгөнүм менен, Караколго көчүп кеткенбиз. Тентек элем, окуудан чыгып эле дароо достор менен тентип кетчүмүн. Ар кай жерден кулап, башымды жарып, бир жеримди сындырып ата-энеме көп түйшүк арттыргам.
Каникул сайын Кеминге, чоң апамдын колуна барчумун. Бир жолу чыныны сындырып салып, тостоюп калдым. Чоң апам “ий, балакетиңди алайын, чыныны сындырганга жарап калган турбайбы” деп эркелетип коюп, сынган идишти ыргытканы кетти. Мен болсо чыны сындырган жакшы турбайбы, мактайт экен деп чоң апамдын бүт чыныларын сындырып салгам. Раматылык энем ошону дайыма айтып жүрчү.
– Шоу-бизнестин шорпосунда кыйлага чейин кайнайсыңбы?
– Кесибим архитектор. Алгачкы курстарда жакшы окуп, кийин КВНди тандап кетип, аягында окуумду баары бир бүткөм. Башында мени КВНге алышкан эмес. “Эртең кел, бүрсүгүнү кел” дешет да, барсам эле эч ким жок. Көрсө, алар мени “орусча жакшы сүйлөй албайт” деп албай жатышкан экен. Аны кийин билип “орусчаны эң жакшы билем” деп окуу жайдын КВН командасына кошулгам. Ошол боюнча токтоно албай келатам. Убагы келгенде кесибим менен иштейм, бирок ага чейин шоу-бизнесте өзүмдү көрсөтсөм дейм.
– Сени көпчүлүк Гүлипа апа образың аркылуу тааныйт. Дегеле чал-кемпирдин образын жаратуу жеңилби же өз курагыңды ойноп элди күлдүрүү олтоң ишпи?
– ОРТнын КВН Лигасына 45 жыл толгондо Кыргызстандан КВНчи балдардан үчөөбүздү чакырышкан. Оюн башталардан мурда тамашаларды көрсөтсөк, орустар жаратпай коюшту. Анан “мурда окуу жайда коюп жүрчү ошол тамашаны койбойлубу” дегенибизди угуп, “көрсөткүлөчү” деди. Аткарсак жаратып, анан ошол боюнча эле ушул образ мага жабышып калган. Негизи эле мыкты тамаша көрсөтүү үчүн чал-кемпирдин образын аткарсаң, эл күлөт.
– Ата-энеңдин эркеси, бир туугандын кеңешчисисиңби?
– Атам Жаныш И.Арабаев атындагы университетте окутуучу, апам Клара Караколдогу ооруканада врач. Үйдүн улуусумун, карындашым Рахат 4-курстун студенти, иним Изат автоучилищеде окуйт. Мен борборго баса берип, алардын кандай чоңоюп калганын деле байкабай калгам. Менин сөзүмдү угушат, бирок көп эзилип сүйлөшпөйм деле. Үйдөгүлөрдөн бөлүнүп, квартирага чыгып алгам.
– Саку чоңоюп, өз алдынча жашап калды де, бойдоксуңбу?
– Тынчтыкты жакшы көрөм. Кичине эле ызы-чуу болсо, уйкум качып кетет, анан уйкуну кайра эптеп сүйлөшүп алып келиш да кыйын иш. Ошон үчүн жалгыз жашап, пландарды түзүп ойлоном. Ашканага басып кирбейм, казанды желе басып, таракандар небере-чөбөрөлүү болуп калса керек, карап коюш керек эле. Чын, көчөдөн тамактанам. Бойдокмун.
– Алдабачы, эртең келбейби бизге “мен Саламаттын аялы болом” деп?
– Ха-ха-ха!.. Келиши мүмкүн, бирок ал менин аялым эмес да.
– Ишендим, айтчы, активиңде канча кыз бар?
– Активимде 1, 2, 3...10 кыз бар, тамаша. Азыр бир кыз жагып турат, бирок ал тууралуу дагы көп билишим керек. Мен ар бир кыздан өзүнүн сулуулугун табам. Биринин көзү жанып турса, экинчисинин оозу оймоктой...
– Оозунан сулуулук табам дечи?
– Дайыма эле таба бербейм деп койбоюмбу. Жылдыздуу, тамашакөй кыздар жагат. Мени көчөдөн кыздар көрсө, биринчи эле реакциясы күлкү. Билбейм неге, кыздардын алыстан мени карап жылмайып, жыргап күлүп турганын дайыма көрөм.
– Качан байракты келинчегиңе өткөрөсүң анан?
– Дагы эки жыл бар, байрактын бир учун карматууга. Үй-бүлө күтүү үчүн бутума турушум керек.
– “Тамашоудо” дайыма калыстар тобундасың. Эрмек Нурбаев “эң мыкты КВНчи” деп тааныштырат, чын эле мыктысыңбы же кандай?
– Эрмек досум. Эрмектин ою боюнча мен мыкты КВНчи болсом, анда ошондой окшойм.
– “Большие люди” долбоорунда жүрөсүң, скетч-шоулорго тартылгандан сырткары эмне кыласың?
– “Большие люди” долбоорундагы жигиттер “KG club” юмор тобундагы балдарбыз. Ар кайсы юмордук команданын каймактары чогулган. Биз Казакстанга, өзүбүздөгү корпоративдик кечелерге заказ алып барабыз. Тамашаларды көрсөтүп, нан табабыз, тапканыбыз баарыбызга жетет.
– Казактардын юмор командасы ОРТнын Жогорку Лигасында ойношот, биздикилер эмнеге баралбайт?
– Буга чейин чыга албай жүргөнүбүздүн себеби акчага барып такалат. Мен ойлойм, “KG club” юмор клубундагы балдар азыр ОРТга чыкпасак, анда дагы 5 жылдай убакыт керек болуп калат, таланттууларды чогултуш үчүн. Жакында эле Сочиге барып келдик, бизди КВНдин “атасы” Александр Масляков Украина Лигасына чакырды. Эгерде ал жерден өнөрүбүздү жакшы көрсөтсөк, ОРТнын КВНинин Жогорку Лигасына илинип калууга мүмкүнчүлүк зор.
– Куудулдардын кимисин сатиранын “атасы” деп атайсың?
– Бизден Манас Бердибековду. Агабыз тирүү болгондо далай ирет элди күлкү менен жыкмак. Ал эми орус тилдүүлөрдөн Иван Ургант менен Гарик Мартиросяндын өнөрлөрүн баалайм.
– Саясатчыларды, айрыкча Нурлан Мотуевди кыйын туурайсың, алардан кысым болбойбу?
– Кысым болгон эмес. Мамлекетте болуп жаткан маселелерди тамашага салуу менен элдин көңүлүн ачалы деген эле ниет. Саясатка жокмун, кызыкпайм, жакпайт.
– Жигитчилик деп келтек жегенсиңби же келтектегенсиңби?
– Уруш же конфликт болбосун, тамашага айлантып жиберем. Болбой эле жиниме тие берсе, “та-ак, та-ак, өзүңдү бас, Саламат, мушташ чыгып кетет” деп тыйып турам.
– Маегиңе рахмат, саламатта бол, Саламат.
– Рахмат сиздерге. Мен эми өмүр бою эле Саламатмын да.
Бурул Исмаилова
star@super.kg