ШАЙТАН АРАБА

“Кылым Муза” продюсердик борбору жана “М&В” студиясы мушташ жанрындагы толук метраждуу жаңы тасманы тартуулайт. Криминал, байлык, акча аралашкан окуяны чагылдырган фильм көрүүчүлөр арасынан өзүнүн биринчи күйөрмандарын табууда. Эсиңиздерге салабыз, “Шайтан араба”шаарыбыздын “Россия” жана “Vefa” кинотеатрларында 6- вгустка чейин 17:00, 19:00дө көрсөтүлөт. Көрбөй калып арманда калбаңыз.

Режиссёрлору жана сценарийин жазгандар Мырзабек Айдаралиев, Бекбол Кылычбеков
Продюсери Айбек Карымов
ДиректоруИльич Чокеев
Ролдордо: Замир Сооронбаев, Мухаммед Кунантаев, Айбек Өмүралиев, Адил Кайыпов, Нурпери Карабекова, Танзиля Урматбек кызы жана башкалар

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Тасманын кызыктуу санжырадан башталганы дароо эле көрүүчүнү өзүнө тартып алат. “Илгери эки жолдош жашаптыр. Кичинекейинен бери бири-биринен эч ажырабай чоңоюшкан. Турмуш аларга чоң сынак тартуулайт. Күндөрдүн биринде достор алтын толо чоң сандык таап алышат. Чоң сандыкты үйлөрүнө алып кетүү үчүн досторунун бири ат алып келүүгө жөнөйт. Ал кайтып келгенче алтынга кумарлана түшкөн жигит досу менен олжону бөлүшүүнү каалабай, аны атып салууну чечет да, алыстан шаша чаптырып келаткан досуна жаа атат. “Бирөөнө көр казсаң, өзүң түшөсүң” деген сөз бар эмеспи. Досунун ээр токумунда байланып турган баштыктагы тамакты көрүп, ачка неме жеп коёт. Ал тамакка жолдошу уу кошуп койгонун күтмөк беле?..” Арам алтындын айынан чыккынчылыкка айланган бекем достукту сүрөттөгөн жомок биздин күндөрдө чындыкка айланып отурат.
Жергиликтүү мафия башчысы Жамал чоң ишти пландап жатат. Аэропорттон инкассатор машинасы келе жатканда кол салып, тоноо керек. Бул жумушту Жамал үч доско тапшырат. Али, Айбек жана Кабыл чогулуп, белгиленген жерден курмандыгын тосуп чыгышат да, Жамалдын айтканындай кылышат. Бир мүшөк доллар олжо менен кайтып келаткан достордун арасын шайтан аралай баштайт. Жамалдын буйругу боюнча Кабыл эки досун өлтүрүп, акчаны жалгыз жеткирип барууга тийиш эле. Ал үчүн Кабыл Алини жүрүп бараткан унаадан түртүп жиберет. Жол боюна токтоп, Айбек менен алышып отуруп, акыры экөө бирин-бири өлтүрүп тынышат. Али эсине келип, машинага жеткенче ээн калган машина менен ичинде толгон акчаны капилет өтүп бараткан велосипедчен жигит көрүп калат да, уурдап жөнөйт. Изин суутуш үчүн тааныбаган короого айдап барып, акчанын бир канча бөлүгүн алып жок болот. Бул убакта аны терезеден өспүрүм бала байкап турган эле. Эшикке чыгып, кымбат машинаны кызыгып айдап көрөт. Мактана досторуна көрсөтүүгө шашат. Мектепти бүтө элек жаш балдар машина менен шаар аралап, моокуму кангыча тебишет. Бир кезде арткы багаждагы мүшөктү таап алышып, түшкө кирбеген суммадагы акчаны көрүшөт. Достордун биринин карындашы Каныкей оор оорулуу эле. Балдар бул байлыктын кимге таандык экенин, кандай балээге кабылгандарын билбей туруп, “акчаны Каныкейдин операциясына жумшайлы” деп өз ара макулдашышат. Бирок, бекер акча алардын керегине жарайбы же чоң маселе жаратабы, аны билишпейт.

АБАЙЛАГЫЛА, ШАЙТАН АРАБА!
“Шайтан араба” 15-марттан 15-июнга чейин борбор калаабызда тартылган. Режиссёр Мырза Айдаралиев монтажды да өз колу менен жасоону чечип, күн-түндүн айырмасын билбей калгыча 2 жума дегенде акыркы кадрларын чогултуп бүткөн. Фильмдин жалпы бюджети 1 миллион сомду түзгөн.
Тасмага Кыргыз Республикасынын Эл артисти Замир Сооронбаев катышкан. Дээрлик бардык ролдордогу актёрлор – чыгармачылыктан алыс, профессионал болбогон адамдар. Жаш актёрлорду кастинг аркылуу тандап алышып, алар менен 2 жумадай иштешкен. Мындан сырткары, фильмге “Бека” тобунун солисти ырчы Бекназар жана ди-джей Арстанбек Абдыманов сыяктуу белгилүү адамдардын катышканы тасмага чоң салым болду.
Таалим-тарбиялуу тасма өзгөчө жаштарга ылайыкталып, аларга жашоодо акча, байлыктан башка маанилүү, баалуу нерселер бар экендигин эскертет. “Шайтан араба ар бирибиздин жолубузда кезигиши мүм­күн. Бизге убактылуу рахат тартулоо менен жөнөкөй бакыттан айрып коюшу ыктымал. Андыктан, абайлагыла”,- дейт фильмдин жаратуучулары.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 248, 3-9-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан