Нервдик чыңалуу кезинде биздин организмде чыныгы "революция" жүрөт. Анткени булчуңдар катуу тартып, жүрөк бат-бат согуп, мээ күчтөнүп иштеп, көрүү да курч тарта түшөт. Башкача айтканда, организм болгон мүмкүнчүлүгү менен иштеп, өзүн-өзү керектен чыгарып, жок кылып жибере тургандай болот.
Бул – стресстин башкы коркунучу. Анда органдарды стресс кезинде кантип коргоо керек?
КӨЗ
Организмдин реакциясы. Мээ стресс тууралуу маалыматты көз аркылуу алат. Коркунуч тууралуу маалымат түшкөндө көздө чыңалуу, өйкөө жаралат. Стресстер кайталана берсе, акырындап көрүү начарлайт.
Эмне кылуу керек? Көздү жумуп, 15-20 мүнөт өзүңүздү бош коюп отуруңуз.
БӨЙРӨК
Организмдин реакциясы. Стрессте бөйрөктө адреналин гормону иштелип чыгып, ал жүрөктүн жана булчуңдардын иштешин күчөтөт.
Эмне кылуу керек? Анча таттуу эмес чай бөйрөктү бузулуудан сактайт.
ЖҮРӨК
Организмдин реакциясы. Стрессте жүрөккө чоң күч түшөт. Жөнөкөй учурда 1 мүнөтүнө 5-6 литр кан айлантса, стрессте 15-20 литр канды айлантууга туура келет.
Эмне кылуу керек? Жүрөк тынч алуу үчүн терең дем алыңыз. Тактап айтканда, ичке демди 5 секунд ичинде топтоп, аны кайра 5 секунд ичинде чыгарыңыз. Бул 30 ирет кайталануусу кажет. Кофе же ичимдик ичпеңиз. Булар жүрөккө кошумча күч келтирет.
МЭЭ
Организмдин реакциясы. Коркунуч тууралуу маалымат көз аркылуу өтүп, мээнин гипоталамус бөлүгүнө жетет. Ал жерден бардык органдарга “согуштук даярдыкка” турууга кабар берилет. Мээнин кан тамырлары ичкерип, кээ бирлери жарылып, инсультка дейре жеткирет.
Эмне кылуу керек? Кан тамырлардын ичкерүүсүнөн басым көтөрүлөт. Аны калыпка келтирүү үчүн кечки убак сейилдөө жана 8 сааттан толук уктоо керек.
БУЛЧУҢДАР
Организмдин реакциясы. Мээ коркунуч белгисин бергенден тартып булчуңдарга кан көп келе баштайт. Булчуңдар көөп чыгып, кармашууга же качууга даяр болот.
Эмне кылуу керек? 5-10 мүнөт чуркаңыз. Ошондо булчуңдардагы чыңалуу кетип, организм калыпка келет.
АШКАЗАН
Организмдин реакциясы. Нервдик чыңалуу кезинде ашказандын капиллярдык кан тамырларында жыйрылуу жүрөт. Ушундан улам ашказандын капталдарын туз кислотасынын жеп жиберишинен сактап турган былжырлар иштелип чыкпай калат. Мунун натыйжасында ашказан жарасы жаралат.
Эмне кылуу керек? Ар бир 3 саатта 1 стакандан минералдык суу ичүү зарыл. Сүт катыкталган чай, тоок шорпосу да жарайт. Туздуу жана майлуу тамактар болбойт.
ИЧЕГИ
Организмдин реакциясы. Стрессте ичегилердин жыйрылуусу күчөйт. Бул ич катууга же ич өтүүгө жеткирет.
Эмне кылуу керек? 1 стакан бифидо-кефир ичүү керек. Ал ичегинин иштөөсүн жакшыртат.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg