МАРКО АНТОНИО БАРРЕРА

ӨЗ ӨЛКӨСҮНҮН ОН ЖЕТИ ЖАШАР ЧЕМПИОНУ

Марко Антонио Баррера бокс сүйүү­чүлөрдүн арасындагы карьерасы кыска убакытка гана созулган. Убагында боксту сүйгөндөр арасында беш жолу Мексиканын чемпиону болгон. 1989-жылдын 22-ноябрында 15 жашка чыккан Марко Антонио профессионалдык рингдеги өзүнүн 1-беттешүүсүнө чыгат. Экинчи раундда эле каршылашы Дэвид Феликстен техникалык нокаут менен утулуп калган. Эки жарым жылдан жана 17 беттешүүдөн кийин Баррера Мексиканын чемпиону наамы үчүн Жозефино Суаре менен беттешип, калыстардын бир добушу менен жеңишке жетишкен. Бул менен бирге Баррера өзүнүн салмак категориясында титулун беш ирет ийгиликтүү коргой алды. Ошондон кийин гана ал Түндүк Америка Бокс Федерациясынын титулу үчүн күч сыноо мүмкүн­чүлүгүнө ээ болот. 1993-жылдын 28-августунда Эдуардо Рамирести упай саны менен утуп, бул федерациянын титулун да алат.

ӨРГӨ ЖОЛ АЛУУ, ДҮЙНӨЛҮК АТАК

1994-жылы Баррера Бүткүл дүйнөлүк Бокс Кеңешинин дүйнөлүк рейтингинде 1-орунга көтөрүлүп, чемпиондук беттешүүгө чыгуу укугун алуу үчүн экинчи талапкер Карлос Салазар менен рингге чыгышы керек эле. Бирок, Марконун салмагы өзүнүн категориясынан ашып кеткен. Ошого карабастан беттешүү өтүп, Баррера упай саны менен ишенимдүү жеңишке жетет, бирок, кийинки чемпион менен беттешүү укугунан айрылып калган.
Дүйнө чемпиону наамын алуу мүмкүн­чүлүгүнө Баррера 1995-жылдын 31-мартында ээ болуп, жарым жеңил салмак категориясы боюнча чемпион Даниэл Хименес менен беттешет. Баррера беттешүүнүн жүрүшүн башынан аягына чейин өз колуна алып, калыстардын бир добушу менен жеңишке жетет. Ушул жылдын ичинде эле Баррера өз титулун 4 ирет коргогонго жетишип, жылды мыкты жыйынтыктайт. Айтсак, ал мезгилде анын эсебинде бир да жолу жеңилүү жок болчу. 39 жеңишинин 27син нокаут менен уткан эле.

ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНДОР МЕНЕН БИР КАТАРДА

1996-жылдын 3-февралында Баррера ал кездеги өзүнүн эң күчтүү атаандашы, экс-чемпион Кеннеди Маккинни менен беттешет. Бул өтө оор беттешүүдө атаандашын 5 ирет нокдаунга жиберүү менен өзү да бир ирет жыгылат. Антсе да Баррера артыкчылык кылып турду. Маккинни акыркы раунддун экинчи мүнөтү­нүн аягында гана таптакыр алдан тайган. Бул матчтан кийин Баррера Жуниор Жонс менен беттешүүдөн мурда дагы өз титулун үч ирет коргоого жетишет.
Баррера менен Жуниор Жонстун ортосундагы эки кызуу беттешүүнүн биринчиси 1996-жылыноябрда болду. Баррера өтө тез жана ыкчам кыймылдаган Жонстун соккусуна муш кайтарып отуруп, 4 раунддун жыйынтыгында алдыда келе жаткан. Бардыгы 5- раундда өзгөр­үп, Жонс Барреранын ээ­ги­­не оң ко­лу менен муш жи­­берип, жерге жаткыра койгон. Эсин толук жыйнай албаган Бар­рера ордунан туруп беттешүүнү ул­ан­тууга аракет кылганы менен Жонстун кезектеги чабуулунан кайра жыгылып кетип, анын секунданттары рингге чуркап чыгышкан. Беттешүү автоматтык түрдө токтотулуп, Барреранын тизмесинде «утулду» деген жазуу пайда болгон.
5 айдан кийин 1997-жылы апрелде Баррера мыкты формада матч-реваншка чыгат. Беттешүүнүн алгачкы раунддарында артыкчылык Баррера тарапта болуп, бирок, аягында Жонс жандана түшүп, калыстардын бир добушу менен жеңишти сактап калган.
10 айга созулган тыныгуудан кийин Баррера кайра рингге чыгып, Анхель Росарио менен беттешет жана аны 5-раундда техникалык нокаут менен уткан. Андан соң дагы эки атаандашын нокаутка түшүрүү менен Баррера кайрадан ВБО версиясы боюнча чемпион менен беттешүү укугун алган.
1998-жылдын 31-октябрында Баррера үч раундда эле Ричи Вентонду утуп, жарым жеңил салмактагы ВБО чемпиону наамын кайтарып алган. 1999-жылда Баррера өзүнүн титулун эки ирет коргойт: 3-апрелде Пол Ллойд менен беттешип, 1-раундда эле техникалык нокаутка түшүрсө, 7-августта Пастор Моринди калыстардын бир добушу менен уткан.

«БОКСТУН УТУЛБАГАН ПРИНЦИ» НАЗИМ ХАМЕДДИ ЖЕҢҮҮ

2000-жылы февралда ВБС жана ВБО версиялары боюнча бириктирүүчү беттешүүдө Баррера рингге чемпион Эрик Моралеске каршы чыгат. Эки боксчу тең канжалап калганы менен бири да баш ийип берүүнү каалаган эмес. Беттешүүнүн соңу өтө чыңалуу менен өткөн. Бирок, Моралес акыркы раундда нокдаунда болгонуна карабастан, үч калыстын экөө ага артыкчылык берген. Көп сандаган баяндамачылар бул чечимди адилетсиз деп таап, ал эми ВБОнун жетекчилиги таптакыр болуп көрбөгөн кадам жасаган. Алар Барреранын чемпион наамын кайра калыбына келтирип койгон. ВБОнун чоңдорунун пикиринде, Баррера беттешүүдө жеңип чыккан жана аны титулдан ажыратуу туура эмес чечим эле.
2000-жылдын 17-июнунда Баррера Луис Фрей­тасты (Аселино Фрейтастын ага­сы) 1-раундда нокаутка түшүрөт. Ушул эле жылдын 9-сентябрында Баррера Хосе Вальбу­эна менен беттешет. Баррера матчты толугу менен өз колуна ал­ып, калыстардын бир чечими менен жеңишке жетет.
«Принц» Назим Хамед менен беттешүү мүмкүн­дүгүн күтүү менен Баррера убакытты текке кетирбей, атаандашын 6-раундда эле кулатат.
2001-жылдын 7-апрелинде «Бокстун утулбаган принци» Назим Хамед менен беттешүүнүн кезеги келет. Марко үчүн бул өз мекени Мексикада жалпы улуттук атак алуу мүмкүнчүлүгү эле. Демейде атаандаштарына эч бир сый көрсөт­пөгөн «Принц» бул жолу өзүн токтоо алып турган. Ал Баррераны нокаутка түшүрөм деп убада берген. Бирок, Баррера 1-раундда эле беттешүүгө көрк кошот. Хамед убада кылгандай эле Баррераны нокаутка түшүрүү үчүн дароо чабуулга өтөт. Бирок, анын соккулары таамай тийбей же жолдон тосулуп отурду. Ошол эле учурда Баррера сол колу менен бат-бат муш берүүгө жетишип жатты. Убакыт өткөн сайын Барреранын бекем тосуусуна, анын кайталангыс кыймылдарына жана оор соккуларына каршы эч нерсе кыла албасын түшүнгөн Хамеддин иши начарлай берди. Натыйжада, Баррера бир добуш менен жеңиштин ээси болду. Ал «принцти» таажысынан ажыратып, Бүткүл дүйнөлүк Бокс Уюмунун версиясы боюнча суперчемпион наамын алат.

АКЫРКЫ КЕЗДЕГИ ИЙГИЛИКТЕРИ

2002-жылдын 22-июнунда Эрик Моралес менен реванш өткөрүү мезгили келет. Айыгышкан 12 раунддук бетешүүдөн кийин калыстардын үчөө тең жеңишти Баррерага ыйгарган.
Кийинки беттешүүсүн Марко Антонио ушул эле жылдын 2-ноябрында өзүнүн досу Жонни Тапиого каршы чыгып, бул салмакта азырынча ал биринчи экенин дагы бир ирет далилдейт. Андан 5 ай өтпөй эле Баррера ардагер Кевин Келли менен беттешип, 4-раундда эле техникалык нокаут менен утат.
Андан соң Эл аралык Бокс федерациясынын версиясы боюнча чемпион Хуан Мануэль Маркес менен беттешем деген ой менен Баррера филиппиндик Мэнни Пакьяого каршы чыгып, күтүл­бөгөн жерден утулуп калат. Боксчусунун катуу сокку жеп жатканын көрүп чарчаган Барреранын секунданты 11-раундда сүл­гү­сүн рингге таштайт. Бул жеңилүү­дөн кийин Марко Антонио бир аз убакытка жоголуп кетет. Анын ортосунда ал чоң спорттон кеткени жатат деген ушак сөздөр да чыгып кеткен, бирок, жети айдан соң Баррера кайтып келет.
2004-жылдын 19-июнунда ал өтө тажрыйбалуу, сологой боксчу Пол Айолага каршы чыгып, дээрлик ар бир раундду утуп келип, 10-раундда аны нокаутка түшүрөт.
Марко Антонио Барреранын акыркы беттешүүсү өткөн жумада Рикардо Хуарес менен болду. ВБС версиясы боюнча 1-жеңил салмакта өткөн матчтын жыйынтыгы алгач тең чыкты деп чечилген. Уюштуруучулар билдиргендей, кайра эсептеп чыгуудан кийин жеңиш Марко Антонио тарапта экендиги аныкталды.

Даярдаган Медер Тентимиш уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 186, 26-май-1-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан