Александр Воинов: «ЖАКЫНДА ЫРЧЫ КЫЗДЫ КЕЛИН КЫЛЫП АЛАБЫЗ»

Анын ысымы мекенибиздин эң популярдуу, абройлуу адамдарынын сап башында, сыйлуу катарда. Денсоолугу чың, эл-журтка, дүйнө жүзүнө белгилүү спортчу болгусу келген жигиттердин кумири, айымдардын арзуусу, спорт чөйрөсүндөгүлөрдүн туу туткан бийиктиги, уулдардын атасы, республикабыздын сыймыгы... Учурда президенттин кеңешчиси, Улуттук олимпиадалык комитеттин вице-президенти, “Гермесс профи” спорт клубунун негиздөөчүсү жана башчысы, машыктыруучусу Александр Хусаинович Воиновдун атын укпаган мекендешибиз чанда чыгаар. Ал тууралуу нечен жылдардан бери түркүн маалымат, окуялар айтылып да, жазылып да келет. Бирок, өмүрү өрнөктүү бул инсан жөнүндөгү баян дале айтылып бүтө элек...

“АПАЛАРГА КАМ КӨРҮШҮБҮЗ КЕРЕК”
Окурмандарыбыздын кызыгуусун туудуруп келген бул адам менен дил маек кургубуз келгендиги жөнүндө уккан соң көпкө маалкатпай туруп макулдугун берип, бизди шаардын сыртындагы спорт базасына конокко чакырды. Белгиленген мөөнөттө барган бизди жылуу маанайда тосуп алышып, Александр Хусаинович мына азыр келип калаарын билдиришти. Чын эле 5 мүнөткө жетпей, дайымкы адатындай шуулдай кирип келди.
– Кечигип келүү менин адатымда жок. Апам мындай аба-ырайында өзүн жаман сезип кыйналып калат. Дайыма жанымда жүрүүчү жардамчыларым, уулдарым да бош эмес экен,өзүм чуркап дарыканага барып, керектүү дарысын алып, апама жеткизип келиш керек болду. Канча жол басканымды сурабай эле койсоңуздар болот. Бирок, мына, болгону 2 мүнөт кечигиптирмин. Энелерге кам көргөндүгүбүз үчүн мындай кечигүү кечиримдүү болсо керек?
– Албетте, кечиримдүү. Апаңыз канчада?
– Жетимиштен ашып калды.
– Мындай уулду тарбиялап өстүргөн эне бактылуу болсо керек. Баса, сизди «Тажикстандан келген» деп жүрүшөт. Анан улутуңуз да кызыгууну туудурат...
– Атам дунган, апам орус кызы, жубайым болсо кыргыз кызы болгон. Андыктан, улут деген нерсеге көп маани бере бербейм. Тажикстанда атам ишкана башчысы болчу. Ал иштеген жерде мектеп жок болгонунан, биз интернатта окуганбыз. Кыргызстанга болсо мектепти бүтүргөн соң келгем. Дене тарбия институтуна тапшыргам.
– Тажикстанда жүргөндө эле машыга баштаган белеңиз?
– Ооба, эртең менен чуркап, сууда сүзүп дегендей, эрте баштагам спорт менен машыгууну.
– Кыргызстан эле эмес, бүткүл союзда чыгыш мушташтарына катуу тыюу салынаар эле ал мезгилде. Кикбокс менен жашыруун машыгып жүргөнсүзбү?
– Кикбокско чейин бокс, ушу сыяктуу чыгыш күрөшүнүн түрлөрү менен машыгып жүргөм. Кикбокс менен андай тыюу салынган замандан өткөн кезде машыга баштадым.

“ДОН КИНГ – МЕН КЫЗЫГЫП­ ЖҮРГӨН ИНСАН”
– Биринчи жолу рингге чыккандагы абалыңыз эсиңиздеби?
– Денемди муздак тер басып, каршылашымдан башка эч бирөөнү көргөн эмесмин.
– Дүйнөлүк чемпион болгондочу? Кандайча АКШдан сизге иштөөгө келишим сунуш кылып калышты?
– Ар бир солдат генерал болууну каалагандай, спортчулар дүйнөлүк чемпион болууну арзуу кылышат. Чемпион болгондогу абалымды сурап жатасыз. Андай абалды сөз менен айтып жеткирүүгө болбосо керек. АКШлыктар болсо менин мушташтарымды көрүп кызыгып калышкан.
– АКШга келишим менен барып иштеп келгениңиз маалым. Ал жакта дагы бир нече жылдар калып иштегенге аракет кылган жоксузбу?
– АКШга жаңы барганымда баары кызык болчу. Бирок, бат эле мекениңди башка жерге алмаштырууга болбосун сездим. Анын үстүнө, өзүмчө клуб, а балким, мектеп ачып, балдарды тартсам, машыктырсам деген ой кетти. Туура кылган экенмин. Мен ал жактарда жүрө берсем, Канат, Руслан өңдүү чемпиондордун шык-багы ачылбай калат беле?..
– Океандын ары жагына далай баргандырсыз. Айтыңызчы, супер оор салмактагы боксчулардын таймаштарына күбө болдуңуз беле? А балким, Дон Кинг менен таанышкандырсыз?
– Дон Кинг мен кызыгып жүргөн инсандардын бири. Бирок, жакындан таанышып, кенен маектешүүгө шарт боло элек. Таймаштарга болсо көп эле күбө болдум.
– Дон Кингди сураганымдын себеби, дүйнө жүзүндө азырынча бул кишиден өтө кеткен таймаш-шоу уюштуруучусу, промоутер болбосо керек. Таймаштарды уюштуруу түй­шү­гүн сиз жакшы эле тартып көрбө­дүңүзбү...
Суроо мага жакты. Кыргызстанда келечегинен көптү үмүттөндүргөн спортчу балдар көп. Бирок, аларды тиешелүү деңгээлге өзүбүз чыгара албай жатабыз. Анткени, сиз айткандай, бизде таймаштарды жогорку деңгээлде уюштура ала турган адистер жокко эсе. Ошондуктан, учурда Дене тарбия институтуна спорттук таймаштарды, шоуларды уюштуруу боюнча адистик кошуу сунушун киргизип жатам. Ишке ашырсак мекенибиздин спорт дүйнөсүнө чоң утуш болот.

“КАРАЖАТ ТАППАЙ КАРЫЗГА БАТКАН КҮНДӨР БОЛГОН”
– Мына, биз билген 15 жылдан бери түрдүү таймаштарды уюштуруп, дүйнөлүк чемпиондуктарга спортчуларды алып барып жүрөсүз. Ушундай иштерде эң оор деп кайсы көйгөйдү айтаар элеңиз?
– Балдарды мен өтө катуу тартипте машыктырам. Мушташтын оорчулугун машыгуу кезинде көрүшсүн, даяр болушсун деген пикирди тутунам. Эл аралык таймаштарда башка өлкөлөрдүн спортчуларынын “багың жок экен, кыргызга туш болуптурсуң” деп кеп кылышканына далай күбө болгонбуз. Мындай учурларда эң оору – таймаштарга барууга каражат таппай калуу. Билеттерди заказ кылып, мына жөнөйбүз деп турганда макул болуп жатышкан демөөрчүлөр баш тартып калышат же акча таппай калышат, же дагы башка себеп чыгат. Анан нечен айлар бою өзгөчө дем менен даярданышып, өпкөсү көөп турган балдарга барып, “айла жок, ушундай болуп баралбай калдык” деп кантип айтам? Түнү бою уктабай каражат издеп, өзүмдүн машиналарымды сатып, күрөөгө коюп, атүгүл карызга баткан күндөрүм болгон. Менин канчалык кыйынчылык менен каражаттарды тапканымды жакындарым гана билбесе... Кээде алар мага келип: “Менин машинамды ала тур. Мен муну бере турайын, сен жумушуңду бүтүрүп ал”,- деген чактар да болгон. Кудайга шүгүр, эми андай кыйын кезеңдерден өтүп кеттик.

“МЕН ДА ЫСЫК ЖАНМЫН”
– Дайыма сиздин жумушуңузга, кесибиңизге байланыштуу жаңылыктарды угуп, билип турабыз. Ушундай адамдын жеке жашоосу кандай болду экен?
– Кайсы журналист экени эсимде жок, бир ирет чу деген эле жерден “канча айымыңыз бар?” деп сурады. Мындай суроого кандай жооп беришти билбей жалдырап отуруп калдым. Ошентсе да суроо мага ушунчалык жагымдуу болду. Элдин оозуна алына баштаганы биринчи жолу жеке өзүмө, болгондо да эркек адамга тиешелүү суроо берилиши эле. Дайыма спорттогу жетишкендиктерим, машыктыруучулук иштер, спортчу балдар, алдыда болуучу таймаштар жөнүндө сурашаар эле. Ошондо ичимден бир алдын күлкүм келип, бир алдын ыраазы болгом “акыры мени да кадимки пенде, ысык жан катары көргөндөр табылат экен” деп. Айтайын дегеним, мен да сиз же башкалар сыңары пендемин. Албетте, көпчүлүктөн айырмаланып, жашоодо көп нерсеге жетишкендирмин. Ошентсе да ириде мен жөнөкөй жигитмин. Жанга жароокер айымдарды мен да бардык эркектер сыңары сыйлайм, жактырам. Балдарымды тарбиялайм.
– Балдарыңыздын арасында атасынын жолун жолдойм дегендери барбы?
– Балдарымдын баары мен сыңары жашынан спорт менен машыгышат. Айрыкча кичүү уулум Жандын “келечекте белгилүү футболчу болсом” деген тилеги бар. Аларга мындай кесипти, мындай жашоону тандагын деп буйрук берип, жашоолоруна аралаша албайм. Өзү­лөрүнүн тагдырына, өмүр жолдоруна өзүлөрү кожоюн. Мен, болгону, жашоо жө­нүн­дө билгендеримди, көр­гөнүмдү айтып, жол көрсө­төмүн.
– Сиз жө­нүндө “Анара аттуу жубайы болгон. Жол кырсыгына кабылып, каза тапканына көп жыл болду, ошондон бери жалгыз” деп айтышат...
– Анара менин жеңилимди жерден, оорумду колдон алган жакын адамым эле. Каза тапканына 7 жылдан ашса да, элеси дале жадымда. “Ошондон бери жалгыз” деген кептер да чын. Жакында уулум үйлөнгөнү жатат. Үйлөнүү тоюн Бишкекте эмес, көл жээгинен өткөзүп берсем деп турам. Анткени, бул Анаранын тилеги эле. Ал “биздин үйлөнүү тоюбуз көл жээгинен өтсө” деп кыялданаар эле. Аны жүзөгө ашыра алган эмеспиз. Эми маркум энесинин тилегин орундатып, уулумдун тоюн көл жээгинен өткөрмөкчүмүн. Анын элесин кайрадан жаңырткым келди.
– Сизди Ассоль Молдокматова менен да байланышы бар деп жүрү­шөт...
– Ассоль Молдокматованы жакшы таанысаңыз керек. Экөөбүздүн ортобузда Жан аттуу уулубуз бар. Азыр анын да жеке жашоосу, менин да жеке жашоом бар. Ошентсе да байланышып, айрым маселелерди акылдашып, чечип дегендей, кабарлашып турабыз.
– Балдарыңыздын өз ара мамилелери кандай?
Абдан ынтымакта. Бир тууган болушкан соң жакын жүрүшсүн деп Жанды да үйгө көбүрөөк алып келүүгө аракет кылам. Үйдө балдарым эле эмес, шакирттерим да көп болушкандыктан, Жан бул жакта жүргөндү абдан жакшы көрөт.

“КАЗИНОДО ОЙНОГОН ЭМЕСМИН”
– “Ичпейм, чекпейм, сергек жашоо образын тутунам” дейсиз. Ичимдик өңдүүлөрдөн алыс болсоңуз, канды кызыткан азарттуу оюндарга кандайсыз?
Казино өңдүүлөрдү айтып жатасыз го дейм. Жашырбайм, менин чөйрөмдө казинолорго барып, ойноп, көңүл ачып сайрандап жүргөндөр жетишээрлик эле. Бирок, мен эч качан казинолордо ойнобойм, андай жол менен акчалуу болгум да келбейт. Андай жайлардан табылган акчанын кереги жок. Өзүмө кумар оюндарынын жанына жолобойм деп сөз бергем. Негизи, мен Кудай деген адаммын. Балким, ушул ишеним мени сактап жүргөндүр.
– А мушташкачы? Жиниңизге тийишкен учурда мушташасызбы?
– Андай чактан өтүп калдым окшойт. Сексенинчи жылдардын аягында Москвада бир ресторанда досум, аяшым болуп чогуу отуруп калдык. Бизге жанашкан столдо кавказдарбы, армяндарбы, айтор, лөкүйгөн балдар отурушкан. Дуулдап ичип жатышып биздин столду кысып дубалга жабыштырып коюшту. Жини келген досум: “Аялзатына ыңгайсыз болуп жатат. Түз отурбайсыңарбы!”- деп калды. Шылтоо эле таппай турушканбы, далдайган бирөөсү досума муш шилтеп калды. Тигинин болсо көрүүсү начар, байкабай эле турат. Ошол отурган жеримден бир сокку менен аны жерге сулатып койдум. Дароо экинчиси, анан үчүнчүсү атырылып чыгышты. Болгону 4 сокку менен үчөөнү биринин үстүнө бирин сулаттым. Бул мактаныч эмес, боюм кичинекей болсо, антип соккуну так урбасам, бою 2 метр, салмагы жүзгө чукул болгон алтоо мени тебелеп кетишпейби?! Айтайын дегеним, мен эптеп-септеп урушканды билбейм. Урсам так, даана сокку берем. Мындай сокку рингде пайдалуу, көчөдө болсо абдан опурталдуу. Андыктан, өзүмдү абайлап, карманууга аракет кылам. Анын үстүнө, биздин мекенде мага жөндөн-жөн катыла беришпесе керек...

“ЖУУЧУ ТҮШҮҮ ЖАГЫНАН ТАЖРЫЙБАМ МОЛ”
– Баса, сизди “колунда машыккан балдардын көпчүлү­гү­нө өзү жуучу тү­шүп, куда башы болуп үйлөн­дүргөн” дөшет...
– Туура айтышат. Руслан Абасовду, Малик Борбашевди, Жанбулат Амантаевди, Канат Сыдыгалиевди, баарын эле өзүм үйлөндүр­гөм.
– Калың төлөп, кагуу жеп көрдүңүз беле?
– Кагуу го жеген эмесмин, бирок, калыңды төлөп эле келе жатам. Кайсы баланын тоюнда экени сыр боюнча калсын, бир ирет уулдардын бирин үйлөйбүз деп жуучу түшүп калдык. Алгач “биздин башкача пландарыбыз бар эле” деп сүйлөнгөн кыздын эне-атасы акыры макул болуп, той жөнүндө сүйлөшүп калдык. Кыздын энеси: “Кадимкидей мал-жан, ага кошо калың төлөйсүңөр”,- деди. “Канча?”- десем, “10 миң” деп койду. Он миң сом деп айттыбы же долларбы, биле албай же сурай албай, бушайман болгон тейинче кете бердим. Калыңды эртеси алып барып, той күнүн белгилөө керек эле. Түнү менен чапкылап жүрүп 10 миң долларды таптык. Кантип таппай коём балабыз “ушул кызга үйлөнөм” деп турса?! Эртеси белгиленген жерге бардык. Ичимден: “Эгер 10 миң сом деген болсо, акчаны столго таштап, «кызыңарды ушунча арзанга бааладыңарбы?» деп кепке жыгайын. Жок, доллар деген болсо, анда деле уят болбойм, акча даяр”,- деп коём. Көрсө, чын эле долларды айтышкан экен. Айта берсем, мындай кызыктар көп. Бир чети тажрыйба да болот экен. Мына, эми өзүмдүн уулумду үйлөйм дегенде анын пайдасы тийип жатат.
– Келин кайсы улуттан?
– По секрету айтып коёюнбу? Өзүбүздүн эле кыргыздын кызын, болгондо да татынакай ырчы кызды келин кылмакчыбыз. Аты азырынча сыр бойдон калсын.
– Сюрприз кылалы деп турасыз го... Бойдокчулук менен качан коштошоюн деген оюңуз бар?
– Бул суроого жооп берүүгө даяр эмесмин.
– Маегиңизге ыраазыбыз. Жашооңузду жалаң жакшылыктар коштосун!

Маектешкен Шаиста Шатманова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 248, 3-9-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан