КӨП ЖОЙЛОГОН ТҮЛКҮ КОЛГО ТҮШПӨЙ КОЙБОЙТ

Учурда кол жоорутуп иштебей, жеңил акчалуу болууну каалагандар, тилекке каршы, көбөйүп баратат. Ар бирибиз өзүбүзгө сак болбосок, айлап-жылдап маңдай тер менен топтогон буюм-тайымыбызды ууру бел оорутпай көтөрүп кетиши толук ыктымал. Буга төмөнкү окуя мисал боло алат.

УУРУНУН АРТЫ КУУШ
Жумушсуздук, кымбатчылык, деги эле жетишпеген турмуш адамдарды уурулукка, ар кандай кылмышка түртүп жатат. Бардыгына ушул заман күнөөлүүбү? Жок, мындан да оор заманда, тээ согуш мезгилинде да ууру-кески аз болгон. Азыркыдай бийик дубалдарды курган эмес, катар-катар кулпу салган эмес. Бул ыйманыбыздын жоголуп баратканынын белгисиби же пейилдин тардыгыбы?.. Далай кишини сыздаткан ууру акыры барып колго түшпөй койбойт.
Жакында “Бишкектеги үйлөргө уурулукка кирген” деп шектелген адамдын кармалганын угуп, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына байланышып, төмөнкү маалыматтарды алдык.

ФОРТОЧКА “ЭШИГИ” БОЛГОН
20 жаштагы Н. шаардын ар кайсы базарларына уурдаган буюмдарын өткөрүүгө жумушка баргансып эле жөнөй турган. Эч жерде иштебеген ал Ысык-Көлдөн Бишкекке өткөн жылдын күз айларында келген. Батирде жашап, өзү жашаган жерден көп алыс эмес жайгашкан үйлөргө уурулукка кирчү.
Бул жигит батир издеген киши болуп ар кайсы үйлөрдүн эшигин тыкылдатат. Эч ким чыкпаса, терезенин форточкасы аркылуу же “отмычка” (кулпуларды ачуу үчүн
ачкычтын ордуна колдонулуучу аспап)
менен эшикти ачып үйгө кирип, акча, баалуу зер буюмдарды, колуна илинген нерселерди, жадакалса тамак-аштарга чейин көтөрүп кетип турган.

ФАКТЫЛАРГА ТАЯНСАК...
Бишкек шаарынын Салиева көчөсүнүн тургуну Камчыбекова аттуу айымдын үйүнүн сырткы эшигин белгисиз бирөөлөр бузуп, зер буюмдарын жана акчаларын (акчалай эсептегенде 17 000 сом) уурдап кеткен.
Баш калаанын Славян көчөсүнүн тургуну Өмүркулованын үйүнөн эки санариптик фотоаппарат, Нокиа үлгүсүндөгү уюлдук телефон, алтын жана күмүштөн жасалган зер буюмдарын, акчасын (30 000 сом) уурдап кеткен. Ал эми ушул эле көчөнүн жашоочусу Кожокееванын үйүнөн 7340 сом акчасын алып кеткен. Рязанов көчөсүнүн тургуну Мамбеталиеванын үйүнөн 4000 сом акча жана тамак-аш азыктарын (17 000 сом) куржундап кете берген.

УУРУ ТҮРМӨДӨ ОТУРУШУ КЕРЕК
Бул факт боюнча ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мүлк кылмыштарын ачуу бөлүмүнүн башчысы Бек Бекмуратов мындайча баяндап берди:
– Биз уурулуктардын үстүнөн криминогендик талдоо жүргүзүп көрүп, Бишкек шаарында болгон мындай иштердин көбүндө ууру үйдүн терезесин чыгарып же форточка аркылуу киргендигин аныктадык. Үй мүлктөрүн уурдаткан жабырлануучулардын көпчүлүгү шаардын ар кайсы базарларында соода кылгандар болуп чыкты. Биздин бөлүмдө үй буюмдарын уурдап жүргөн 20-25 жаштардагы азиат улутундагы жигиттерден турган топ бар экендиги тууралуу оперативдүү маалыматтар бар болчу. Ошол маалыматтардын негизинде, биздин бөлүм Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБинин кызматкерлери менен биргеликте өткөргөн оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында уурулук менен алектенип жүргөн топтун мүчөсүн колго түшүрдүк.
Шектелген адамды 2011-жылдын 11-февралында Бишкек шаарындагы Будённый көчөсүндө жашаган батиринин жанында күтүп отуруп, үйүнөн чыгып келе жатканда кармадык. Ал Ысык-Көл облусундагы Түп районунун 1990-жылы туулган тургуну, мурда соттолбогон Т.Н. болуп чыкты. Анын жанынан 14 даана алтын жана күмүш зер буюмдар табылып, тартылып алынды. Ал эми үйүн текшерсек, уурулук кылганына далил болуучу буюмдар чыкты. Атап кетсек, уюлдук телефондор, капчыктар, үйлөрдү ачууда колдонулуучу “отмычка” жана башка буюмдар. Кээ бир уурдалган буюмдардын ээлери ошол буюмдардын арасынан уурдаткан буюм-тайымдарын таанышты.
Бишкек шаарындагы ушуга окшогон ачыла элек кылмыштардын үстүнөн оперативдүү иликтөөлөрдүн натыйжасында анын мындан башка да 13 кылмыш ишине тийиштиги бар экендиги аныкталып, Кылмыш кодексинин 164-беренесинин 2-бөлүмү (2 жылдан 6 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн) боюнча иш козголду. Т.Н. уурдаган буюмдарын “Ош базары”, “Беш-Сары” базарларына жана ЦУМга өткөргөндүгүн, кимге өткөргөндөрүн көргөзүп бере тургандыгын сурак учурунда билдирди.
Топтолгон материалдар далил буюмдары менен Свердлов райондук ИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Азыркы тапта башка да фактыларга тийиштиги бардыгы иликтенүүдө. Кылмышка шектүүнүн уурулукка тийиштиги бар шеригинин аты-жөнү, ал айдап жүргөн автоунаасынан бери аныкталып, азыр издөөдө.

СӨЗ СОҢУНДА...
Бир жагынан бул жаш жигитке боор ооруганы менен, маңдай тери менен чогулткандарын уурдатып жиберип жер муштап отуруп калган жабырлануучуларды ким аяйт? Эми бул майда уурулар жетишсиздиктин айынан кылмышка барышкандыр. Ал эми мамлекетибиздин казынасына, 5 миллиондон ашуун элибиздин ырыскысына колун салып, мите курттай соруп, миллиондорду көз көрүнөө уурдап, жоопко тартылбай жүргөндөргө не дейбиз? Сөз соңунда айтарыбыз, сактыкка кордук жок, сак бололу.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
operaledi
2011-03-19 22:06:52
Бармен бол, Официант бол,Сатуучу бол,Жер шыпырып иште, ошондо билмексин кандай экенин акча табыш... Мен бул адамды аябаймын,мындай адамдарды атыш керек.Что бы другим не повадно было.А биздин милиция абдан начар иштейт, коррупционерлер......Биздин милиция, чиновниктерге ишене албайм.Ушинтип журсок, КЫРГЫЗ атыбыз очот...Уят, чет жерде эч нерсе деп айта албайм, уялам. А чиновниктерде уят жок.
0
nurjigit
2011-03-20 09:30:19
Аткандын кереги жок,анда анын жаны кыйналбай эле башкаларга да сабак болбой калат. менимче Ош базарга алып барып жыланач чечиндирип байлап коюш керек аты жону,эмне кылгандыгын жазып туруп.ошондо башкалар да коруп оздоруно сабак алат беле деген ой.
0
operaledi
2011-03-21 19:01:26
Аа, жакшы жаза болмок экен.
0
bapa
2011-03-22 13:53:26
кошулам, бирок кылмыштын далили так болсо, подстава эмес!
0
№ 437, 18-24-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан