КЫРГЫЗСТАН – ОРТО АЗИЯНЫН БАЗАР БАШЫ

90-жылдардын башында эсил кайран СССР ыдырагандан кийин биздин өлкө жетекчиси демократияга кадам шилтеп, пландык экономикадан базар экономикасына өткөн. Бардыгы жеке менчиктерге таратылып, “өз тагдырың өз колуңда” деген капитализм дооруна багыт алган. Натыйжада соода тармагы өнүгүп, учурдагы ири базарлар түптөлгөн. Эмесе, жан багуунун булагына айланган базарлардын өткөнүнө кайрылып, бүгүнкү жана келечектеги иш пландары жөнүндө сөз кылсак.

“ДОРДОЙ” БАЗАРЫ
Алгач сөздү Борбор Азиядагы эң чоң базарлардын бири “Дордойдон” баштасак. “Дордой” базары Аскар Салымбеков (2000-жылдан баштап ардактуу директор) тарабынан 1991-жылы декабрь айында түптөлүп, Кытайдан келген кийим-кечелерди сатуу менен ишин баштаган. Жыл өткөн сайын соода-сатыктын деңгээли өскөндүгүнө байланыштуу базардын аймагы кеңейтилген. Азыркы учурда «Дордой» соода комплексинин тутумунда «Мурас Спорт», «Оберон», «Алканов & КО», «Жунхай-Дордой», “Альматар” (“Кербен”) соода борборлору жайгашкан жана аларга таандык 8377 соода контейнери иш жүргүзүп келет. Булардан мамлекетке ай сайын 15 миллион 586 миң сом патенттик салык түшүп турат. Ошондой эле базардын айланасында 60 миңдей адам өкмөттөн жардам сурабастан, өз оокаттарын жасап келүүдө. Алсак, ишкерлерди тейлеген:
1000ден ашуун араба түрткүч, чай сатуучу, айдоочулар;
– 50дөй ашкана;
– 170 акча алмаштыруучу түйүн;
– 20 чачтарачкана;
– 50 туристтик фирма;
– 4 банктын филиалдары;
– "Дордой" кайтаруу агенттиги жана башкалар орун алган.
Андан сырткары "Дордой-Азия” (“Жунхай”) базарында 120 чакан дүкөн, 36 товар сактоочу жай жана 420 контейнерди 1000ге чукул кытай соодагерлери иштетип келишет.
Базардын 70 пайызын Кытайдын, андан кийинки орунду Түркия, Индия, Корея товарлары ээлейт. Ошондой эле КМШ, Европа жана Таиланд өлкөлөрү өндүргөн продукцияларды табууга болот. Ал эми келген товарлардын 70 пайыздан ашыгы коңшу мамлекеттерге жана Орусияга реэкспорттолот (башка өлкөдөн келген товарды кайра башка өлкөгө экспорттоо). Акыркы жылдары биздин кийим тигүүчү ишканалар да базарга продукцияларын чыгарып, экспорттоо жагынан ийгилик жаратышууда. Жергиликтүү товарлар коңшуларыбыздын, көбүнчө Орусиянын бир катар аймактарындагы базарлардын суроо-талабын канааттандырууга жетишип жаткандыгы кубандырбай койбойт. Алсак, 2007-жылы 4 миллиард сомго бааланган 40 миллион даана кийим экспорттолгон. Ал эми 2008-жылы кулач жайган экономикалык каатчылык бул тармакта жогорудагы сандардын төмөндөшүнө алып келген.

“КАРА-СУУ” БАЗАРЫ
Кыргызстандагы экинчи эң ири базарлардын бири – түштүк жергесиндеги “Кара-Суу” базары. Базар 1983-жылы долбоорлонуп, 1985-1986-жылдары курулган. Бул базар 12 миллион калкы бар Фергана өрөөнүн камсыздайт. Ал жердеги продукциянын 15 пайызы гана жергиликтүү кардарларга сатылат. Базарда 10 миң контейнер жайгашып, 16 миңден ашуун соодагерлер бар. Андан тышкары кошумча 70 миңден ашуун жумуш орундары түзүлгөн. Базарда көбүнчө Кытайдын товары басымдуулук кылат. Келген товардын 80 пайызын дүң бойдон өзбекстандыктар менен тажикстандыктар сатып алып келген.
Бирок “Кара-Суу” базарында иштеген соодагерлердин айтымы боюнча, 7-апрель жана Ош менен Жалал-Абад облустарындагы июнь окуясынан кийин соода өтө эле солгундап калган.

“ОШ БАЗАРЫ”
Алгач бул базар 1982-жылы түптөлүп “Ала-Арча-Ош” деп аталган. Кийин 1991-жылы “Ош базары” деп кайрадан түзүлгөн. 1992-1994-жылдар аралыгында базардын соода орундары менчикке сатылат. Учурда чарбачылык жүргүзгөн 79 субъект 5,4 гектар аянтты ээлейт.

“АЛАМҮДҮН БАЗАРЫ”
"Аламүдүн базарынын" курулушу 1982-жылы башталып, 1984-жылы колдонууга берилген. Базар 1997-жылы “Дордой” ассоциациясы тарабынан кайрадан негизделип, мурунку “Аламүдүн” соода комплексинин базасында «Аламүдүн базары» деген аталышка ээ болгон. Анын карамагында 850 соода түйүнү жана 360 күркө бар.

КЕЛЕЧЕКТЕГИ БАЗАРЛАР
Бишкектин шаардык планына ылайык, “Аламүдүн базары” жана “Ош базарын” реконструкциялоо боюнча долбоорлор сунушталып, аны 2025-жылга чейин жасоо каралган. Адистер “жаңы базарлар көп кабаттуу болуп, бардык талаптарга жооп берет” дешет. Алар шаардык тургундарга ыңгайлуу жерде айыл чарба азык-түлүктөрүн сатуу үчүн курулат. Акыркы "Ош базарынын" тегерегиндеги тазалоо иштерин келечектеги пландарды ишке ашырууда үчүн башталган алгачкы кадам деп баалоого болот.
Эгер ушул ойлор ишке ашып калса, келечекте жомоктогудай базарларда соода кылып калабыз.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Базардын аянты – 100 гектар.
  • Ижара акысынын баасы – 300дөн 1 миң долларга чейин.
  • Соода орундарынын баасы – 5 миңден 50 миң долларга чейин.
  • Дааратканалардан 1 күндө 500 миң сом түшөт.
  • Дүйнөдөгү эң чоң базарлардын ичинен аянты боюнча “Дордой” 10-катарда турат.


КЫРГЫЗСТАН – РЕЭКСПОРТТООНУН ЛИДЕРИ
Дүйнөлүк Банктын изилдөөсүнө ылайык, 2008-жылы Кытайдан Кыргызстанга келген товардын 75 пайызы коңшу өлкөлөргө жана Орусияга реэкспорттолгон. Серепчилердин айтымында, Кыргызстан Борбор Азияда реэкспорт боюнча лидер болуп саналат. "Дордой" жана "Кара-Суу" базарларындагы дүң сооданын көлөмүн Дүйнөлүк Банк 2,7 миллиард доллардын тегерегинде баалаган. Казакстандын “Силк Роуд интеллиженсер” интернет сайтынын маалыматы боюнча, “Дордойдо” бир айлык сооданын көлөмү 330 миллион долларга жеткен учурлар болгон.
Ал эми былтыркы жылдан тарта Бажы союзу коюп жаткан бөгөттөр Кыргызстандын түндүгүндөгү "Дордой" базарында, ал эми Өзбекстан менен чек аранын жабылышы түштүктөгү "Кара-Суу" базарындагы реэкспорттун көлөмүн кыйла төмөндөткөнүн белгилешет адистер.

БАЗАРЛАРДЫН КОЖОЮНДАРЫ КИМДЕР?
Миллиондогон акча айланган базардын ээси болуу кирешелүү болгону менен, өмүргө коркунуч туудурат. Анткени ушул убакытка чейин базарлардын кожоюнун өлтүрүп кетүү окуялары бир канча жолу катталган. Алсак, 2005-жылы Бишкектеги "Аламүдүн базарынын" директору Шаршенбай Мааткабыловду, анын аялы жана эжеси менен чогуу атып кетишкен. Андан сырткары 2005-жылы Кара-Суу районундагы “Туратаалы” базарынын директору Абдалим Жунусов айдоочусу менен өз үйүндө өлтүрүлгөн. Анын ордуна келген Рысбек Жоошбеков да 2006-жылы киши колдуу болгон. Ошондой эле 2005-жылы "Кара-Суу" базарынын ээлеринин бири Баяман Эркинбаев да буйрутманын негизинде көз жумган.
Эл арасындагы сөздөргө таянсак, учурда кандуу “Кара-Суу” базарынын кожоюндары Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов, экс-депутаттар Алишер Сабиров, Чолпон Баекова дешет. Алардын айтымында, кожоюндардын саны баш-аягы 13 кишиге жетет. Ал эми ушул тапта “Аламүдүн базарын” Иманбай Мааткабылов, “Дордой” базарын Самарбек Жапаракунов жана “Ош базарын” Р.Рысбеков жетектеп келет.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
TolonturCN
2011-03-19 03:06:52
Жомктогудай эмес эле Астана шаарындай эле болуп кетсичи КЫРГЫЗСТАН. КЫРГЫЗСТАНДЫН келечеги кең, өнүгүүсү шыдыр болуусун күтөбүз. элдин ыйманынан, кудайдан тилейли калганын.
0
zana
2011-03-20 01:25:45
Bulardy soz menen aita berbei kylyschsa jakschy:
0
gujunpo
2011-03-20 23:52:50
Дордойдо 8000ден коп контейнер бар!! Аз кылып жазып коюпсунар, суперчилер!
0
merim
2011-03-21 01:56:24
БАзарлар кобое берсин!
0
Suluushka
2011-03-21 11:12:58
gujunpo
"Азыркы учурда «Дордой» соода комплексинин тутумунда... 8377 соода контейнери иш жүргүзүп келет" деп жазылып турат го!
0
Dastin
2011-03-25 12:01:02
болсунчу болсунчу.... аны кылы баарбыздын колубузда!!!
0
Biloliddin
2011-07-06 17:16:21
Dastin, Базардан мурда мечиттерди кобойтуп елди ыйманга чакырсак болмок
0
№ 437, 18-24-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан