ТАБЫШМАКТУУ УРУУЛАР

Сырдуу дүйнөнүн сыры ачылып бүтпөйт го... Өз ыктыярлары менен цивилизациядан толук баш тартып, байыркы каада-салтын сактап, бүгүнкү күнгө чейин жеткирген жапайы уруулар – дүйнөнүн ачыла элек сырларынын бири. Бир планетада, бир заманда чогуу жашайбыз, бирок, табышмактуу адамдар тууралуу көп нерсени билбейбиз. А балким, алардын сырын ачууга жанталашпай тим койгонубуз туурадыр?! Ошол укмуштуу уруулар тууралуу төмөнкү макаланы сунуштайбыз...

АНДАМАНДАР
Балким, андамандар дүйнө жүзү боюнча уруулардын эң укмуштуусу, эң сырдуусудур?! Булар цивилизациядан такыр баш тартып, өздөрү куруп алган кичинекей дүйнөчөгө кирүүгө да, андан чыгууга да катуу тыюу салышкан. Ошондуктан, алар жөнүндө маалымат дайыма жетишсиз. Илгери “андамандын бети иттикиндей болот жана ал кишинин эти менен тамактанат” деп ишенишкен.
Уруу Андаман аралдарында жашайт. Жарава жана онге болуп эки топко бөлүнөт. Акыркы маалыматтарга таянсак, жаравалар болжол менен 200, онгелер 100 адам болуп, жалпы эсеп менен 300дөй гана андаман бар. “Биздин дүйнө” менен тыгыз байланышка түшпөгөндөрү үчүн алардын так санын эсептөө мүмкүн эмес. Андамандар – негроид расасынын өкүлдөрү. Сууну жээктеп жашагандары деңиз ташбакаларын кармап, балык уулоо менен тамактанышса, токой ичиндеги андамандар жапайы камандарга мергенчилик кылып жан багышат. Эки тараптын тең колдонгон куралдары – жаа менен курч найза. Мындан сырткары, мергенчиликте иттерди колдонушаары белгилүү. Андамандар биз үчүн бир уруу болгону менен өз ара бир нече топко бөлүнүп жашашат. Жарава тобу же түштүк андамандар боз үйдү элестеткен тегерек алачыктарда чоң-чоң үйбүлө болуп бирге жашашат. Ал эми онге тобу, түндүк андамандар 2 кабаттуу тик бурчтуу үйлөрдө 2-3 кишиден турушат.
Жаравалар менен онгелерди чачтарынан айырмаласа болот. Биринчилери чачтарын үксүйтүп өстүрүшсө, экинчилери кыска, көп учурда таз болуп жүрүшөт. Аялдары беттерин топурак менен боёп, эркектери сакал-мурут коюшат. Андамандар бир жерде турбай, арал боюнча көчүп жүрө беришет. Тамактарын ачык очокко куйкалап жешет. Улуттук кийими – өсүмдүк буласынан жасалган белдемчилер.
Уруу өкүлдөрү табият жиндерине ишенишет. Ысык күн нурларын, катуу деңиз бороондорун, селдерди жин деп санашып, алардан коркушат. Томо алар үчүн биринчи адам болгон жана аларга жан багууну үйрөткөн. Андамандар 15 жашында бойго жетип, 25теринде үйлөнүшөт. Баш кошууга чейин жыныстык катнашта боло беришет. Бирок, үйлөнгөндөн кийин ала жипти атташса, иш өлүм жазасына чейин жетиши мүмкүн. Үйлөнүү тоюнда жигит уялымыш болуп токойду көздөй качат. Аны кайындары кармап келишкенде кыздын тизесине отурат, нике кесилет. Андамандар музыкалык коштоосуз эле аял-эркек дебей дээрлик күн сайын бийлешет.
Каза болгон андаманды 3 ай аза күтүп туруп, сөөгүн кутунун ичине салып коюшат. Кичинекей бала каза болсо, аны үй ичине жер казып көмүшөт да, кийин чириген сөөктөрүн казып чыгып, кооз шуру-мончокторду жасап алышат.

БЕДУИНДЕР
Бүгүнкү күнгө чейин бедуиндерден башка эч бир уруу чөлдө жашай алган жок. Алар бүт жашоолорун чексиз чөлгө арнашкан. Чөл да бул табышмактуу урууну 4-5 миң жылдан бери багып келет. Бедуиндер цивилизациядан, саясаттан, динден же башка элден эч качан көз каранды болушкан эмес. Алардын жашоосу бир гана чөл менен байланышкан. Бедуиндер ушундай катуу шартта бүгүнкү күнгө чейин кантип жашап келишкени – чечилбеген сыр.
Бедуиндер – Израилдеги эң байыркы уруулардын катарындагы калк. “Бедуин” сөзү араб тилинен которулганда “чөл жашоочусу” деген маанини берет. Бедуиндер – араб улутундагы көчмөн калк. Дүйнөдөгү башка улуттар менен аралашпаган жалгыз уруу – так ушул бедуиндер. Мусулман динин тутунган бедуиндер өз уруусунун ичинен гана турмушка чыгып, кыз ала алышат. Эркектер эгерде шарты болсо, 4 аял алууга укуктуу.
Сырткы келбети боюнча бедуиндер жапалдаш бойлуу, кара тору, арык келишет. Буга карабастан алар абдан күчтүү, көтөрүм­дүү, чыдамкай. Жайкысын тор мүшөктөр­дөн, кышкысын кара эчкинин терисинен тигилген алачыктарда жашоолорун өткөрүшөт. Үйлөрүн курууда жана алардын ичин жасалгалоодо байыркы салттарды, ыкмаларды колдонушат.
Меймандостук – бедуиндер жогору баалаган нерсе. Эгерде бедуиндердин үйүнө мейман келип калса, ага эч нерсе айттырбай туруп алгач тамагын беришет. Өздөрүнүн күнүмдүк тамагы жөнөкөй болсо да, мейманына атайын кофе даярдап, эт менен палоо басышат. Качан гана конок ичип-жеп тойгондо аны менен учурашып, эмне иш менен келгендерин сурашат. Мейман бедуиндердин алачыгында каалаган убакытка чейин жашай берсе болот.
Жарым көчмөн калк болгон бедуиндер малдан сырткары мыйзамдуу жана мыйзамсыз соода менен алек. Алар мыкты чабандес болушат, чөлдүн ар бир дөңсөөсүн, суу булактарын жатка билишет. Бүгүнкү күндө деле бедуиндердин жардамы менен чегарадан баңгизаттарын, курал-жарактарды өткөрүшөт.
Коомдогу бардык талаш-тартыш маселелерди Аксакалдар кеңеши чечет. Заманбап жашоого ылайыкташып, балдарын шаарларга окууга жиберген бедуиндер бар. Акыркы жылдары бедуин студенттердин саны көбөйдү. Ал эми уруунун калкынын саны азайганына байланыштуу аялдар шаарга келип, заманбап шарттарда төрөп, тыңыганда кайрадан чөлгө кайтышат. Кээ бир бедуиндер акырындык менен шаар тарапка жакындап, алачыктардан сырткары кадимки үйлөрдү да салып жашап келишет. Ага карабастан бедуиндердин цивилизацияга толук кошулуусу үчүн миңдеген жылдар керектелет. Ал эми бул сырдуу адамдарга цивилизациянын кереги барбы?..

ПАПУАСТАР
Жаңы Гвинея аралында жана Индонезиянын кээ бир бөлүктөрүндө жашаган эң байыркы калк бул – папуастар. Башка уруулардан айырмаланып, цивилизациядан толугу менен бөлүнгөн эмес. Мамлекети – Папуа-Жаңы Гвинея, эне тили – бир нече диалектиге бөлүнгөн креол же ток-писин тили. Расмий англис тилинде сүйлөгөн папуастар көп кездешет. Папуа-Жаңы Гвинеяда христиан дини көп тараган, кыштактарда чиркөөлөр орун алган.
Түрдүү булактардан алынган маалыматтарга таянсак, папуастар 4 негизги аралды ээлешет. Адистер көптөгөн топторго бөлүнгөн папуастардын санын тактоого жетишишкен. Акыркы маалымат боюнча, энга тобунда 195 миң, гимбу 142 миң, медлпа 101 миң, камано 64 миң жана башка болуп отуруп, жалпы эсеп менен 3,5 миллиондон ашык папуас катталган. Папуастар 1884-1920-жылдардын аралыгында Германиянын колониясында болушса, кийин Австралияга (1949-жылга чейин), андан соң Улуу Британияга (1974-жылга дейре) көз каранды болуп жүрүп, мындан 32 жыл мурун толук эгемендүүлүккө жетишишти.
Бул уруу негизги кесиби жер иштетүү менен бирге мергенчилик менен жемиш топтоону кошо ала жүрүшөт. Бүгүнкү күндө Европанын таасири алдында папуастар заманбап кесиптерди да аркалап келишет. Мисалы, тоо кенин иштетүү боюнча кесиптер, айдоочу, сатуучу. Калктын 50 пайызы – фермерлер. Дээрлик ар бир үйдө чочко багылып, кокос, банан, таро, ямс сыяктуу жемиштер өстүрүлөт. Чочко, тоок жана иттин этинен сырткары келемиш, кескелдирик, жөргөмүш жана молюскалар менен тамактанышат.
Папуастардын кыштактары 100-150 түтүндөн турат. Бир нече үйбүлө чогулуп, 200 метрге созулган бир чоң үйдө жашаган учурлар кездешет. Эркек папуастар кара, аялдары кара-кызыл кур тагынышат. Колу-буттарында түрдүү билериктер болсо, мурундарында кекей, ооздорунда буль деп аталган пирсингдер тагылган. Бак-дарактардын кабыгынан баштык, мүшөк жасап, алардын бутактарынын чайырын клей катары колдонушат.
Папуа-Жаңы Гвинеяда тотемизм өнүккөн. Папуастар Кудайларынын сөлөкөттөрүн өтө чоң чеберчилик менен жыгачтан кесип даярдашат.

ЗУЛУСТАР
Зулустар дүйнөдөгү эң каардуу, эң кайраттуу уруу болуп эсептелет. Канчалаган өлкөлөр зулустарды басып алууну умтулушкан. Бирок, урууну өзүнө каратуу эч бирисинин колунан келген эмес. 1879-жылы зулустар 1200 кишиден турган англиялык куралдуу аскер тобун талкалап салышкан. Бул күрөштө алар антилопанын терисинен жасалган калкан менен гана учтуу найзаны колдонушкан.
Зулустардын өз оозунан чыккан санжыра төмөнкүдөй: “Инди океанына барып куйган Тугела дарыясынын жээгинде мөмөлүү жерде бир үйбүлө жашаптыр. Ай толгондо алар уулдуу болушат да, атын Зулу (“зулу” – “асман”) коюшат. Ал жетилип, бушмен уруусунан бир кызга үйлөнөт да, мыкты уруу башчысы болот. Андан төрөлгөн бардык уул-кыздарын да Зулу деп атай беришчү”. Азыркы зулустардын аттарында да сөзсүз Зулу деген сөз кездешет.
Зулустар азыркы Квазулу Наталь, Чаки, Экабазини деген айылдарда жашашат. Ар бир айылда 20-30 киши бата тургандай үйлөр, икукванелер салынган. Икукванелерди бамбук таякчаларынан куруп, камыш менен жабышат. Алачык туруктуу болуш үчүн лиана жиптери менен байлашат. Алгач уруунун башчысынын энеси, андан соң башчысы, андан кийин анын биринчи, экинчи, үчүнчү аялдарынын үйлөрү курулат. Бир айылды бамбук таяктарынан жасалган там менен курчашат да, күтүүсүз жоодон сактап турушат. Эр жүрөк зулустар дегеле катаал жашоо шарттарына туруктуу болуп жаралган калк. Алар өздөрүн, балдарын оору-сыркоодон, түрдүү дарттардан коргоону жакшы билишет. Зулустар байлыкты кийим, тамак менен эмес, мүйүздүү мал менен өлчөшөт. Эгерде зулус жигиттин жок дегенде бир ую болбосо, ал үйүрдөгү эң кедей адам болуп эсептелет да, аны кыздар карабай коёт. Ал эми үйдүн эшик каалгасында топоз мүйүздөрү илинип турса, демек, анын ээси жылаңач болсо да барктуу, бай адам.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
zara-919
2014-06-16 19:15:00
чайыр дегени эмне? таро, ямс деген кандай жемиштер экен?
0
№ 248, 3-9-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан