САГЫНДЫРГАН ЖАЗ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Акчасын берип Мыктыбек абасы кете берди. Адилет апасы экөө үйгө кирип акчаны санап чыгышты. Туптуура 450 миң сом экен. Бирин-бири тиктеп, ойлуу отуруп калышты. Адилет уйкудан ойгонгондой селт дей түшүп, обдулуп алды.
– Апа, сиз акчаны карап үйдө болуңуз. Мен таенемдикине, анан Элмырзаныкына барып келейин.
– Макул, барып кел.
Адилет жолдо баратып Кара­чаңын эстей Терминатор абасыныкына бет алды. Атынын жалынан сылап, мойнунан кучактап, “кандайсың, Карачаңым?” деди эркелете. Абасынын уруксаты менен атын токуп алып, чаап жөнөдү. Бул анын балалыгы менен коштошуп бараткан акыркы күндөрү эле. Көөдөнү бир кубанычка, бир үмүткө толо атын чаап бара жатты. Ошентип жатып таенесиникине да жетти.
Адилеттин шашып келе жатканын көргөн таенеси алдынан утурлай чыкты.
– Оо, каралдым. Кайдан мынча шашып?
– Таене, кандайсыз? Ден соо­лугуңуз жакшыбы? Мен Орусияга баратам. Баягыда айтпадым беле. Апамдарды сизге калтырам эми. Кайраттуу, күчтүү таенемсиз го! Апамды карап, колдоп, тез-тез үйгө барып турасыз да.
– Алдыңа кетейиним, камсанаба. Каралашып турам.
– Макул анда. Мен кеттим. Ден соолугуңузду караңыз дурустап...
– Ак жол сага, каралдым! Жалгыздын жары Кудай дейт! Аман-эсен барып кел эми. Жоголуп кетпей, мен өлгүчө келе көр, балам!- деп батасын берип, адатынча мойнунан шуу жыттап алып, кайраттана жылмайды.
– Ай, кокуй, коё тур.
Ички чөнтөгүнөн эски бет аарчы алып чыгып:
– Ме, садагасы, мунун ичинде бир аз акча бар. Жолдо тамак алып жейсиң. Бул бет аарчыны жоготпо.
– Рахмат, алтын таенемсиз да!- деп Адилет жылмая жолун улады.
Бет аарчыны ачса, ичинде миң сом бар экен. Элмырзаныкына келсе, ал машинасын чукулап жатыптыр. Орусияга Адилетти алып кете турган адам ушул эле. Өзүнөн 6 жаш улуу болсо да, бири-бирине кылган мамилелери теңтуштардыкындай ынак болчу.
– Кандайсыз? Машинаңызды эле чукулай бересиз да...
– Үкөм, кандай анан? Эки жагын карап коёюн да. Кетерде гаражга коюп кетем машинаны.
– А жакшы. Мен баарын бүтүрдүм. Жолго даярмын.
Элмырза үйгө кирип бир нерсе көтөрүп чыкты. Аны Адилетке сунуп:
– Сенин жаңы документте­риң. Эми сен Тилеген уулу Ширинбек болосуң. Ичиндеги жазуулардын баарын жатта. Эртерээк паспорт алып койгонуңда мындай болбойт эле. Эми Адилет атыңды унутууга туура келет,- деди.
Туулгандыгы тууралуу күбө­лүктүн ичине бир сыйра үңүлүп карап:
– Апе-ей, Элка аке, 14 жашар болуп каламбы ошондо? Тилеген аке унчукпай эле бердиби?
– Алдагы боюң менен сага баары ишенет. Орустарга айырмасы деле жок. Башкысы, документ болсо болду. Тилеген аке менен сүйлөшүп койдум. Калганын келгенде өзүң ыраазы кыласың да.
– Ал жагы сөзсүз деңизчи. Ошондо бүрсүгүнү чыгабыз да жолго, ээ?
– Эртең түштөн кийин чыгабыз. Даяр бол. Бүрсүгүнү түш оогондо поездге отурабыз.
– Болду, шеф.
Күбөлүктү апасына карматып, өзү төркү үйгө кирип кийимдерин салыштырып баштады. Анын камынып жатканын көргөн карындаштарынын маанайы пас. Эч кимиси бири-бири менен сүйлөшпөйт. Элмырза “ашыкча жүк алба. Керектүү кийимдерди гана ал. Калганын ошол жактан алабыз” дегенин эстеп, ашыкча буюм албады. Баштыгынын түбүнө унутуп калбайын деп үй-бүлөсү менен өзүнүн сүрөттөрү тиркелген фотоальбомун салды. Баарын салып бүтүп, шалдырай отуруп калды.
Ашкана тараптан куурдактын жыты буркурап келип жатты. Бир маалда:
– Атаңдын оозун урайын, Адилет! Сен бир заматта атты токуп мени алып келгич киши эмес белең, ыя?!- деп Терминатор абасы куржунун ийинине артынып кирип келди.
– Ий, аба, эсимден чыгып кетиптир да...
– Эки жашабай эсиңе жара чыккан го сенин!
– Ээ, аба, суурдун куурдагы бышып калды. Келиңиз...
– Аке, бышкан тамакты таштап кетмек белеңиз. Келиңиз, отуруңуз,- деп ашканадан Гүлсара чыга келип сөзгө кошулуп калды.
– Ай, ушу силер курсактын айынан мени түнгө калтыра турган болдуңар,- деп куржунун жерге коюп, сөрүгө келип отурду.
Ошентип, дасторкон жайылып, кобураша сүйлөшүп, тамактанышты. Андан кийин Адилетке Карачаңды токутуп, Мыктыбек жолго чыкты. Адилетти кучактап, бооруна бекем кысты да:
– Эй, чечек, ак жол сага! Жеңил барып, оор кел. Мени уят кылбай жүр, макулбу?! - деди
Көз ирмемге тиктеп туруп, капалуу жылмайып алды. Түнү менен уктабаганга, Адилет чарчап турган эле. Түш ооп калганда гана ойгонуп, шыпты карап ойлонуп жатты. Отурса-турса да ою Берметте. “Мен алыста жүрсөм, ал эмне болот? Башка бирөөнү таап албайбы? Ала качып кетпейби?” деген көп сандаган суроолор кыжалат кыла тынчтык бербей жатты. Канчалык сүйгөнүнүн жанынан кеткиси келбесе да, айла жок эле. Апасынын суранычы менен атасынын бир тууганы Сүйдүнбек акесине жөнөдү. Агасына ичинен нааразы болуп жүргөн эле. Атасы карызга батып калганда жардам бермек турсун, апасы тууралуу көп сөз чыгарган да ушулар эле. Айла жок. Туугандык парз менен коштошуп келмей болду.
Акеси үйдө жок. Жеңеси гана балдары менен экен. Төрт иниси менен кучакташып коштошуп, Берметтин үйүнө жөнөдү. Жете берерде сүйгөнү үйүнөн чыгып, ылдыйды көздөй бара жатканын көрдү. Жүрөгү тыз дей түштү. Колунда баштыгы бар. Аркасынан чуркап жетип барып:
– Чоң кыз, кайда баратасыз?- деп калды тамашалап. Кыз да саамайын сылап, Адилетке күлүңдөй тиктеп алды.
– Ой, сен кайдан? Мен силердикине, Барчынайга бул көйнөктү берейин деп бараткам. Апам алды эле, узун болуп калыптыр. Сенин апаңа берип «кыскартып кел» деген болчу.
– Менин апам, сенин деле апаң го?..
– Эми апам болгондо апа дейм да.
– А жакшы. Мен эртең жолго чыгам. Кетип жатам.
– 28-майда деп жатпадың беле?
– Ошондой дегем. Бирок ал күнү кечинде поездге отурат экенбиз. Элка аке кайра ошентти го.
– Андай болсо, мейли. Мен узак коштошконду жаман көрөм. Жакшы бар анда. Аман-эсен иштеп кел. Кудай буюрса, жакшы болот баары,- деди кыз муңайым.
– Бишкекке барып башканы таап албайсыңбы? Бирөө ала качса отуруп калбайсыңбы?-деди Адилет кызганычтуу.
– Адилет, бул тууралуу сүйлөшпөдүк беле. Мен эч кимди таппайм. Сөз берем, анткени сени чын жүрөгүмдөн сүйөм. Ала качса, ата-энем барып алып келип коюшат. Атам «Акматтын баласына гана берем» деп жүрөт. Былтыр окуучуларды кара өрүк тердиргенде сен башчы болуп, өзүңдү укмуш көрсөтүпсүң го. Ошондон кийин атама жагып калыпсың.
– Оо, билесиң го, жөнөкөй балдардан эмеспиз да!
– Мен сени күтөм, Адилет.
– Макул, алтыным. Бүгүн жолугуп, башаттын жанында отурабызбы?
– Жок. Үйдө апамдар менен иш кылып жатабыз. Эки күндөн кийин үйдөгүлөр тойго барышат. Кечке эзилишип коштошпой эле акырын кетип калсаң, экөөбүзгө тең жакшы болот. Ансыз деле жүрөгүм сыгылып, кете элегиңде эле сагына баштадым.

Залкарбек Карабалаев

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
chopa1971
2011-03-26 01:12:00
Мага ушул чыгарма жакты
0
birbala
2011-03-26 17:44:21
Москвага келген кунум эсиме тушуп кетти. Адилет кызына ишенбей эле кой ал барибир куто албайт
0
aku
2011-03-26 19:48:53
tagdyryna emne jazylsa oshonu korot da ekoo ten,
0
Arstan
2011-03-28 18:22:35
Ушул чыгарманы окусам эле денем чымырап кетет,абдан жакты мага берилип ичине кирип алып окуйм да.
0
№ 438, 25-31-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан