Шарон Тендлер аттуу англиялык бай айым Израилдеги курорттон дельфиндер жашоочу жайдагы Синди аттуу дельфин менен таанышып, экөөнүн жылдызы келишип калган. Көп узабай дельфиндин дрессировщиги айымга үйлөнүүгө Синдинин макул экендигин айткан. Ошентип, үйлөнүү тою өткөндөн кийин айым “жубайы” менен көбүрөөк убактысын сууда өткөрчү болгон жана өзүнүн бактылуу экендигин билдирген.
Индияда сантал аттуу уруудан чыккан 9 жаштагы Карнамуни Хасда аттуу кыз селсаяк итке турмушка чыккан. Анткени, бул уруудагылардын ырым-жырымдары боюнча, наристенин биринчи тиши үстүнөн чыкса, аны алдыда өлүм коркунучу күткөн. Наристенин өмүрүн сактап калуу үчүн дароо адамдын эң жакын досу итке баш коштурушкан. Бирок, буга чейин той өткөрүүгө кыздын атасынын мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, салтанат 8 жылга кечиккен. Ошого карабай Карнамуни чоңойгондо экинчи ирет адам баласына күйөөгө чыкса болот экен.
Ал эми Чжухай аттуу кытай жигит болсо өзүнүн сүрөтүнө үйлөнгөн. Ал өзүн курчаган чөйрөдөн, адамдардан тажап кеткенин айтып жүргөн. Акырында анын бул нааразычылыгы өзүнө-өзү баш кошуу менен аяктаган. Башкача айтканда, ал өзүнүн сөлөкөтүн жасатып, ага үлпөт көйнөгүн кийгизген. Салтанат өз талаптарына жооп бергидей өткөн. Үйлөнүү үлпөтүнө жүздөй киши катышкан. “Жаш жубайлар” ага-туугандардын жана коноктордун батасын алышкан.