АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Жок, андан да жаман.
– Койчу, бирөө жиниңе тийдиби?
– Жанымда быдылдап отурган адам.
– М-мм, азыр табабыз, кай жерден жазып, кандай күнөө кетиргенибизди...
– Билмексен болуп жиниме тийбе!
– М-мм, кай жеримден жаздым экен, а?
Калп эле бети-башын бырыштыра ойлонуп, капыстан колун бир чаап, жаныма тизелеп отура калды.
– Таптым! Көлдө Разия менен көп сүйлөшкөнүм сага жакпай калды, чынбы?
– ...
– Ишене албай турам! Демек, Айдай кыз мени кызганып, анан өзүн бийиктен таштап жибериптир да?
– Ошол маалда сага башка жаза тапсам, аны да жасамакмын.
– Азамат, мындан артык жазаны ойлоп таап деле кереги жок болчу. Канчалык коркуп кеткенимди билесиңби! Айдай.
– Ии.
– Акмак кыз, экинчи мени антип коркутпагын, макулбу? Анан да, жанагы мамилеге бекер тынчсызданып жатасың. Разия экөөбүздүн ортобузда бир нерсе болушу мүмкүн эмес. Башта кандай болсо, азыр деле так ошондой. Мени аялзатынан бир гана адам кызыктырып келет. Ошонун баскан-турганы, күлгөнү, сүйлөгөнү, бакыты, аманчылыгы, ден соолугу... Мына, мени кызыктыра турган нерсе.
– Ал кыз эми бош эмес.
– Ооба, расмий түрдө алып караганда анын башы бош эмес. Ал башка бир мырзаныкы. Бирок бул расмий түрдө гана...
– Арстан, сен да турмуштан өз ордуңду таап, үйлөнүп, балалуу бо­лушуң керек.
– Менин ордум мына, сенин жаныңда. Бир тууган катарындабы, жан сакчы катарындабы, айырмасы жок. Кстати, үйүңөргө жаңы келгенимде мени өзүңө жан сакчы кылып алууга макулдук бергенсиң, эсиңдеби ошо?
– Эсимде, кантип унутуп калайын ошол күндү.
– Мен өгөй энемди сөгүп, анын айынан атам жаагымды ысыта чаап, үйдөн чоң жаңжал менен чыккан элем. Чоңойгону биринчи жолу көзүмө жаш алып, биринчи жолу апамды көргүм келген. Үйдөн колума илинген кийимдерди салып алып эле чыгып кеттим. Апамдын Арашанда экенин билчүмүн, бирок өмүрү барып көрбөгөм. Үйүн билбейм. Андайга баш катырып отурбай, биринчи эле маршруткага чыктым да, жөнөп калдым. Сураштырып отуруп үйүңөрдү таап, дарбазага бет келгенде гана “күйөөсү, кызы эмне дейт, кандай кабыл алышат?” деп апкаарый түштүм...
– Анан, кантип кабыл алышты? Мен мектепке кеткенимде келгенсиң да. Үйдө ким бар экен?
– Атаң алдымдан тосуп чыкты. Түз эле “Ажардын уулумун” дедим. Алтын адам эле. Жүзүнөн да, көзүнөн да жактырбаган көлөкөнү көргөн жокмун. “Оо, Арстансыңбы? Ой, бу сен чоң жигит болуп калган турбайсыңбы” деп кучактап өөп, үйгө алып кирип кетти. Апам болсо нес боло, колунан чөмүчү түшүп туруп калды. Билесиңби, ошондо атаң “эми менин Айдайым, сары кызым кубанат” деп аябай сүйүнгөн. Ошондо эле экөөбүздүн тил табышып кетерибизди сезсе керек.
– А мен сени биринчи көргөндө тытып, бырчалап, жанчып салгым келген.
– Койчу?! Ушу сенби? Неге?
– Ким эле өзүнүн энесинин ордун башка аялга ээлеткиси келсин. Апаңа араң чыдап жүргөнүмдө сен келсең, менде мындан башка кандай реакция болушу мүмкүн эле?
– Айтпа, мен да ошо кызганычтан өгөй апам менен келишпей койдум көрүнөт. Бирок сен мага бир көргөндө эле жаккансың.
– Чын элеби?
– Ооба. «Айылда да ушундай апакай, сулуу кыз болот экен, ээ?» деп таң калгам.
– Шаардык болуп кыйынсынбачы, «апакай кыз болот экен...» деп тимеле.
– Чын айтам, мектептеги топ кыздардын ичинен такыр айырмаланып турар элең. Сенин айыңдан далай балдар менен мушташтым го, чиркин.
– Кандайча, ким менен?
– Ал кезде тымпыйып сага бил­дирчү эмесмин да. Улам эле бири келе берет, “дос, эркексиң го, туура түшүн, Айдайды чакырып берчи, чыгарып берчи” дешип.
– Анан ошолорду сабачу белең?
– «Айдай менин карындашым, али жаш, чыкпайт» десем кээ бири түшүнөт, көпчүлүгү “кызганып жатасыңбы?” деп жиниме тийишчү. Ушул сөз жаман безиме тиер эле.
– Арстан.
– Оу.
– Чын айтам, тамашасы жок. Мага алаксый бербей айланаңа көз чаптыр. Жакшы кыздар көп эле.
– Стоп, стоп, стоп. Ушул сөздү апам, атам, сенин атаң да айта беришип, кулактын кужурун алып бүтүшкөн. Эми сен баштаба.
– Айтсаң, сага кызыккан кыздар көп болсо керек? Баягы Маралың эмне болду?
– Экинчи ушул теманы козгочу болбо!
Ачуулана жолдо жаткан ташты бир тээп басып кетти. Мына ушундай. Бул менден өткөн кежир. Балким, кыйналса да менден алыс эле жүргөнү жакшы болмок беле? Сүйүүнү жүрөгүнөн алып таштай албаса да, аны көкүрөктүн тээ түпкүрүнө катып жашаганды үйрөнмөк да. «Жанымда жүрсөң болгону» деп бекер жалындым. Бул турмуштагы дагы бир чоң катам.
Бийиктен өзүмдү таштайм деп өлүп кала жаздаганым көзүмдү ачты. Атамдын көзү өткөндөн бери бир кызыктай уйку-соонун арасында жүргөм. Ошол окуя мени кадимкидей ойготту көрүнөт. Тагдыр башка салган соң аны көтөрбөскө айлаң жок. Тагдырыңды өзүң каалагандай жазып ала албагандан кийин, баарына шүгүр кылып, ошол бардын кадырына жетиш керек окшойт. Башкаларды билбейм, мен ушундай жыйынтыкка келип, акыркы күндөрү болгон көңүлүмдү Элдарга, Искениме, Арстанга бөлүп, КТРге да каттай баштадым. Чын эле телеалпаруучу болоюн деп чечтим.
Бир күнү Разия сейил бакка барып серүүндөп келели деп калды. Эч кимге зыяны жок, өзү менен өзү жүрө берген бул кыз менен мамилем таттуу болбосо да, жакшы, бир калыпта эле. Өтүнүчүнө ойлонбой эле макул болуп, Искенди шаша-буша кийинтип жөнөп калдык. Жол ката унчукпай барган Разиянын мага бир нерсе айта албай жатканын көптө барып түшүндүм. Кашайгырдыкы, Арстан жөнүндө кеп козгобосо экен! Ичимден тиленип бүтө элегимде мен үчүн эң азиз инсан жөнүндө кеп башталып кетти.
– Айдай, мен сага бир нерсе айтайынбы?
– Ии, жигит жөнүндөбү?
Көзүн жымыңдата, башын ийкеп алды. Бечара кыздын көздөрү тимеле жайнайт!
– Айта бер, кулагым, бүт дитим сенде.
– Мага бирөө ушунчалык жагып жүрөт. Менимче баш-отум менен сүйүп калдым.
– Оппа, кимди?
– Сен аны тааныйсың.
– ...
– Таптыңбы?
– Таптым окшойт... Ал...
– Ооба, Арстан.
– Мм, жаман жигит эмес. Азамат, жакшы тандоо.
– Койчу, тандоо-мандоосу жок эле. Өзүм да түшүнбөй калдым кандайча, качан мындай сезимдер пайда болгонун.
– Алчы, ал эмне дейт?
– Эмне демек эле, тымпыйып коюп жүрөт, жүрөктү сыгып. Сынап бүтпөй жатат көрүнөт.
– Койчу, сынап жатабы?
– Башында эле “менин сынагым аябай катаал, өтпөйсүң. Бир күнү рахмат деп качып кетесиң” деген. Бирок жаңылышат. Мен оңой менен жеңилип же сынып калчулардан эмесмин.
– Тимеле кой, сынактан өтпөйсүң деп. Ал өзү сынактан өтпөй калып жүрбөсүн?!
– Дагы билесиңби, эмне дегенин?
– Ии?
– “Байдын кызына үйлөнбөйм. Дегеле байлыкка өзүмдү байлабайм деп сөз бергем. Так что, сенин кандидатураң жарабайт” дейт.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Tokmok
2011-03-25 20:25:53
dagy bir az koburook jazylsa jakshy bolot ele....
0
Nuura
2011-03-25 22:25:36
IIii bul jagy kandai bolot eken Aidai emi kyzganat bolush kerek Arstandy. Aidai emes men da kyzganyp kettim Razi9adan Arstandy (tamasha).
0
operaledi
2011-03-25 23:55:00
– Арстан, сен да турмуштан өз ордуңду таап, үйлөнүп, балалуу болушуң керек.
Деп коюп, кызганганы кандай?
0
Aza
2011-03-26 00:35:32
Мен Разияны улуу эле элестетип окуп журсо,Арстандай эле беле??
0
chopa1971
2011-03-26 01:11:02
Негизи турмушта такыр мындай болбойт. Силер ишенесинерби?
0
aselka
2011-03-26 10:15:26
Ооба мен ишенем. Турмуштан бардык нерсени кутсо болот жана бардыгына даяр болуш керек деп эсептейм.
0
aku
2011-03-26 20:09:27
Aidai bir kylyktangan ayal eken go,je koi berbeit je keede turup janynan alystatkysy kelet,........ushundai da adamdar bolot da
0
Venchuk
2011-03-31 10:38:44
Айдайды акылына келген го десем. Кандай кыз деги озумчул,бардыгы эле ал учун болсо болгону эенго.
0
Danek
2011-03-31 15:41:50
Эмнеге мынчалык озун да, жакын адамдарын да кыйнап жатат Айдай эч тушунуп болбойт.
0
№ 438, 25-31-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан