Жадыраган жаздын 18-19-март күндөрү “Тамашоунун” Жогорку Лигасынын эң мыкты 10 командасынын арасында кубок үчүн болуп көрбөгөндөй таймашуу өттү. Оюнчулар 4 тапшырманын: “Саламдашуу”, “Үн коштоо”, “Ким тапан?” жана “Музыкалык үй тапшырманын” негизинде күч сынашты. Жыйынтыгында 5 команда “Тамашоунун” финалында ат салышмай болду.
Оюндун биринчи күнү “Жигиттер”, “No name”, “Ак кеме”, “Чез”, “Достук”, ал эми экинчи күнү “Юристтер”, “KG 77”, “IUK”, “Тергөө”, “Ак-Өргө city” командалары күч сынашты. Оюнчулардын даярдыктарына токтолсок, бул жолу ар бир команда жарым финалга мыкты даярдыктар менен келиптир. Бул алардын аткарган интермедияларынын мазмунуна жараша костюмдарды тиктирип, өзгөчө гримденип алгандарынан да билинип турду. Мындан сырткары айрым командалар атактуулардын, бийчилердин да жардамын пайдаланганга жетишишти. Мисалы, “Жигиттер” командасы Айпери Кубик кызы, ал эми “IUK” командасы шоу-бизнестин алпы Бек мырза менен биргеликте элге тамаша сунушту.
Жыйынтыгында “Чез”, “Достук”, “IUK”, “Тергөө” жана “Ак-Өргө city” финалга жолдомо алышты. “Эмнеге 5 команда?” деп таң калып жатасызбы? Ооба, оюндун биринчи күнү “Чез” менен “Достук” чыкса, ал эми экинчи күнү
3 команданын топтогон упайлары тең болуп калган. Оюн эрежеси боюнча, “Ким тапан?” суроо-жооп тапшырмасынан эң көп упай топтогон команда алдыга озуп чыкмак. Бирок калыстар тобунун оюнчуларга боору оорудубу же “Тергөөнүн” күйөрмандарынын сүрөөнүнөн уламбы, айтор, 3 команданы тең финалга өткөрүштү.
– Менин атым – Революция. Египет, Судан, Ливияга концерт коюп, гастролдоп келатам. Чоң уулумдун аты – Мародёр, анын аялынын аты – Беспорядок. Кичинекей кызым бар, аты – Паника. Байкемдин аты – Кризис. Акыркы учурда көп колдонгон сөзүбүз: “Кетсин, кетсин, кетсин!”
“IUK”
– Болду, мени унут! Телефонумду, агентимди, дарегимди өчүр!
– Токтосоң, Санжар...
– Жок, унут мени! Мен кеттим.
– Эй, акмак, Лысый! Карызды качан бересиң?!
“Достук”
– Кыргыздын “жети өлчөп, бир кес” деген макалы учурда сүннөт тойдо айтылат.
“Юристтер”
– Эркектер, силерди жаздын келиши, гамаштын чечилиши менен куттуктайм!
“Жигиттер”
– Алас, алас, алас, пока бийликте Талас!
“No name”
Кафеде. Кардар официантка:
– Официант, эмнеге кафеңер “Эжекем” деп аталат?
– Сиз апаңыздан “кафеге барып келейинчи...” десеңиз жибербейт да, чынбы? Ал эми “эжекеме барып келейинчи...” десеңиз жиберет, туурабы?
– Ысык эмнеңиз бар?
– Печка, отопление...
“КG 77”
– Кыргыз милициясынан Нооруз майрамына карата акция! Эки кылмышты моюнуңа алсаң, үчүнчүсү бекер эле илинет!
“Тергөө”
– Кыргызстандын бийлиги маршруткадай. Жаштарга такыр орун жок.
“KG-77”
– Эмне үчүн кыргыздын калпагынын алдында тилиги бар?
– Жамгыр жааганда ортосунан агып кетсин деп тилип койгон да.
“Жигиттер”
“Титаник” кинотасмасынан. Жек чөгүп баратып сүйлөп жатат:
– Роуз, оо, Роуз?
– Оу...
– Оо, Роуз, Кыргызстан сенин колуңда!
– Ишениңиз мага, Курманбек Салиевич.
“No name”
– Сен жалгызсыңбы, сени көптөп тепкилештиби? Анда, 102ге чалбай эле кой. Сени бирөө Кызыл-Аскерге бар дептирби?!.
“Тергөө”
– Кыргыздар космоско качан учушат?
– Космосто митинг башталганда.
“Чез”
– Чемпион болуу үчүн эмнеге даярсыңар?
– «Эробекетке» сүрөткө түшүүгө.
“Достук”
– Гламурдун кыргызчасы кандай болот?
– Мерген Турган болот.
“Чез”
Балыкчы балык уулап жатат.
– Байке...
– Чүш! Чочутасың!
– Байке...
– Чүш деп жатам!
– Байке, бул жер бассейн го?..
– Чүш! Ай, чоң кыз, убакыт бүттү, чыкпайсыңбы?!
“Жигиттер”
(«Тамашоунун» 3-сезонунун жарым финалындагы тамашаларды
www.super.kg cайтындагы Медиа-порталдан көрө аласыздар)
Лунара Бекиева
tamasha@super.kg