“Сулуу кыз менен күлүк ат элдин энчиси” деген кыргыздар илгертен сулууларын барктап келет. Наркыбызды улай сулуулук таймаштарынан жеңип жүргөн кыздарыбыз тууралуу кеп кылууну чечтик. Кыргыздын ажарлуу айымдары назарыңыздарда.
Бурул
Аты-жөнү – Бурул Бактыбек кызы
Туулган жылы – 1992-жыл, 11-апрель
Параметри – 85-65-85
Бою – 173 см
Салмагы – 55 кг
Көзүнүн түсү – Кара
Чачынын түсү – Кара
Наамы – “Супер сулуу-2010”
Жерлиги – Таластын татынакай кызы
Учурда студент
– Сынактан жеңгенден кийин сени таанып, тийишкен жигиттер болдубу?
– Айрым тааныган жигиттер болду, бирок тийишип эмес, жакшы тилектерин билдирип, куттуктагандар. Алардын кээ бирлери менен азыр досмун.
– А кыргыз айымдарынан кимди сулуу деп эсептейсиң?
– Мага Таттыбүбү Турсунбаева абдан жагат. Ал таланты менен сулуулугу шайкеш жан болгон.
– Кайсы жаныбар сулуу?
– Жаныбарлардан мага өзгөчө ит жылдыздуу көрүнөт. Ал чындыгында эле адамдын досу. Таластагы чоң апамдын Шарик деген ити бар болчу. Ал жаңгакты өзү чагып, ичин жечү да, кабыгын калтырып койчу.
Аты-жөнү – Марал Дүйшекеева
Туулган жылы – 1991-жыл, 2-апрель
Параметри – 89-67-91
Бою – 172 см
Салмагы – 53 кг
Көзүнүн түсү – Күрөң
Чачынын түсү – Күрөң
Наамы – “Погончон пери-2011”
Жерлиги – Ысык-Көлдүн ак куусу
Учурда Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде компьютер оператору кызматында, сержант
– Марал, “Погончон пери-2011” сынагына токтоло кетсең...
– Жакшы болот. Негизи, сынак 5 тапшырмадан турду, 9 кыз катыштык. 1-тапшырма “Мен күчтүүмүн” деп аталып, анда кыздар аскердик даярдыгыбызды көрсөттүк. 2-тапшырмада мен 8 метр бийиктиктеги аркан менен басып, шпагатка отурдум. Мен үчүн эң оору ушул тапшырма болду. 3 күндүн ичинде шпагатка отурганыма өзүм эле эмес, башкалар да таң калышты. 3-тапшырмада кожойкелик сапатыбызды көрсөттүк. Кийинкисинде өнөрүбүздү тартуулашыбыз керек эле. Бул сыноодо мен “Кыргызстан” деген ырды аткардым. Андан соң кооз көйнөктөр менен калыстардын сынынан өттүк. Ошентип, бардык сыноолордон ийгиликтүү өтүп, жеңишти багынта алдым.
– Кыйын сыноолорго туш болупсуң. Катышканыңа өкүнгөн жоксуңбу?
– Жок, өкүнгөн жокмун. Болгону, сынак учурунда катышкан кыздар жакшы эле мамиледе болуп, кеңешип жүргөнбүз. Мен жеңүүчү аталгандан кийин бир дагы кыздын жаныма басып келип куттуктап койбогону мени таң калтырды жана өкүндүрдү.
Аты-жөнү – Бактыбек кызы Жамиля
Туулган жылы – 1990-жыл, 29-декабрь
Параметри – 89-60-89
Бою – 170 см
Салмагы – 50 кг
Көзүнүн түсү – Кара
Чачынын түсү – Күрөң
Наамы – “Сулуу инсан-2010” (Кытай)
Жерлиги – Талас жана дагы да Талас
Учурда студент
– Эл аралык сынактар кандай болот экен?
– Кытайда өткөрүлгөн «Дүйнө сулуусу-2010» сынагына катышып келдим. Ар кайсы өлкөдөн келген 53 сулуу катышты. Бул менин биринчи жолу эл аралык сынакка барышым эле. Кыргызстандагы бир топ эле сынактарга катышкам. Кытайда өткөн сынактын бул жердегилерден айырмасы, профессионалдуулукту, жогорку деңгээлдеги даярдыкты талап кылгандыгында деп эсептейм.
– Башка улуттардан кыргыз кыздарынын айырмасы эмнеде деп ойлойсуң?
– Биздин кыздар каныбызга сиңип калган ыймандуулугубуз, назиктигибиз менен айырмалансак керек. Анан бизде табигый сулуулук көбүрөөк да, жасалмалуулук азыраак деп ойлойм.
Аты-жөнү – Назира Нуржанова
Туулган жылы – 1987-жыл, 11-июль
Параметри – 83-63-95
Бою – 175 см
Салмагы – 55 кг
Көзүнүн түсү – Кой көз
Чачынын түсү – Кара
Наамы – “ Вице Бишкек периси -2009”, “Кыргызстан периси-2011”
Жердиги – Сары-Өзөн Чүйдүн сулуусу
Учурда маркетолог
– Сулуулар сынагында чындыгында эле сулуулук жеңеби же байланыш-катыш, акча да роль ойноп кетеби?
– Менин оюмча, кыздар сынакта сырткы сулуулугун гана эмес, чыныгы жүзүн, талантын көрсөтүшөт. Эгер башка бирөөнүн же акчанын колдоосу менен чыкса, элге анын жасалмалуулугу бат эле билинип калат.
– “Сулуу кыздар ак кол келет” дешет, Назира сулуунун колунан кайсы жумуштар келет?
– Бул пикирге кошулбайм. Мен үй жумуштарын, тамактын бардык эле түрүн жасайм. Таенемдин колунда чоңойгондуктан, уй саагандан баштап шырдак шырыганга чейинки жумуштардын баарын үйрөнгөм.
(Материалдын видеоверсиясын www.super.kg сайтынын
«Супер ТВ» бөлүмүнөн көрө аласыздар).
Асыл Орозбекова
star@super.kg