Арсен: «МЕН КЕЧИНДЕ «ОПАСНЫЙ» АДАММЫН»

Арсендин “жашпыз да, бойдукчулук” деп айтканын эстеп, чектен ашкан күйөрман кызы болуп тамашага салдык. Эмесе, тамашабыздын кандай өнүккөнүнө өзүңүз күбө болуңуз.

– Арсен, эмнеге эле “занят” болуп жатасың, мени кызгандырып?
– Бул ким болду экен?
– Майрамың менен! Иштериң кандай?
– Жакшы. Мен сизди тааныбайт окшоймун...
– Мен сенин күйөр­маның­­мын. Атым – Аида.
– Аа. Аида, азыр досторум менен жолугушуп калдым эле, 15 мү­нөттөн кийин чала аласыңбы?
– Макул.

Арадан 15 мүнөттү өткөрүп, кайра байланыштык.

– Алло, бошоп калдыңбы?
– Ии, айта берсең болот. Биз шоу-бизнестин адамы болгондуктан, майрам күнү да иштейбиз.
– Арсен, атайын сага арнап ыр жазган элем. Окуп берейин, угасыңбы?
– Ии, окусаң...
– Болоюн түбөлүктүү сенин жарың,
Ийкемдүү келин бала болуп берем.
Башыбызга баш кошуп, маалы келсе,
Өзүңө окшоштуруп уул төрөп берем.
– Ха-ха-ха! Му­ну сен кандай ой менен жаздың эле?
– Албетте, сага тур­мушка чыксам деген тилек ме­нен да.
– Омий да, а мен сени көрдүм бе­ле?
– Жок, бирок сулуу эле кызмын. Клибиңе деле тартсаң болот. Өзүмдү сүрөттөп берейинби?
– Аха, макул.
– Чачым узун, белим ичке, бутум түптүз... Атайын чалгам да, майрам күнү жолуксакпы деп.
– Азыр “Тумар” радиосунда бир акция болот, ошол жерге келип калбайсыңбы, жолугалы?
– Жок, радио дегендердин кереги жок бул жерде.
– Аа, өзүнчө жолугалы дейсиңби?
– Ооба, үйүңө эле барайынчы кечинде?
– Үйгө дейсиңби? Кечинде чыксаң, ата-энең урушпайбы?
– Эми бүгүн майрам го...
– А кечинде канчада? Мен түнкү саат 2-3төрдө бошойм да.
– Анда, эмне, экөөбүз сенин үйү­­ңө таңкы бештерде жетебиз­би?
– Эмнеге именно үйгө? Мен жалгыз жашабайм да, үйдө эжемдер бар.
– Жанагыдай ырларым көп да, шашпай окуп берейин дегем. Экөөбүз балалуу болуп калсак... Чын эле сага турмушка чыксам, иштеймби же үйдө отурамбы?
– Сен каяктык болосуң?
– Нарындын кызымын. Айтпайсыңбы эми? Иштешим керекпи же үйдө отурушум керекпи?
– Негизи, мен “андай же мындай болуш керек” деп тандабайм жана айтпайм. Жашоодо ар кандай болуп калат да, баарын убакыт көрсөтөт. Кудайдын буйругунан да.
– Ошентсе деле кыялданганга болот да.
– Канча жаштасың?
– 22ге чыгайын деп калдым. Турмушка чыгууга убакыт келип калыптырбы?
(Күлүп) Ооба, күйөөгө тийчү убактың келип калыптыр.
– Ошон үчүн сага чыксам деп кыялданып жатпаймынбы... Анын үстүнө өлүмдөн башкасынын бардыгы эрте болгону жакшы.
– Розыгрыш кылып жаткан жок­суңбу?
– Жок, ай. Негизи, мурда эле номериңди таап, бирок чала албай жүргөм.
– Чын эле номеримди кимден алдың?
– Кундузбу, Мундузбу, айтор, Акбардын аялынан алгам. Келчи, жолугалы...
– Сен кечинде деп жатпайсыңбы. Андан көрө азыр келе калсаң болмок, ресторанда тамактанып отурдум эле.
– Мага кечки романтика жагып жатпайбы...
– Мен кечинде “опасный” адаммын, ошол жагым бар да. Анын үстүнө сени көрмөйүнчө эч нер­се дей албайм. Эгер жолуккуң келсе, ресторанга келе кал, дагы жарым сааттай болом. Кечинде бошобой калам. Анан да үйгө сени алып бара албайм.
– Анан кайда алып бара аласың, ачык айтчы?
– Ачык айтсам, мейманканага. Ал жакка алып барып сени жаткызам да, өзүм кетип калам.
– Мени жаткызып, анан өзүң кетип калганыңдын эмне кереги бар? Калбайсыңбы?
(Күлүп) Каласыңбы дечи, сени көрбөгөн үчүн айта албай жатам да.
– Көрөсүң го кечинде, сулуу эле кызмын. Каласыңбы мени ме­нен?
– Сулуулугуңа ишенесиңби?
– Ой, сулуу болсом ишенем да.
– Анда түнкү 12ден кийин өзүң чалып кой.
– Качпайсыңбы?
– Жок, жок, качпайм.
– Мен талаада калбайын, мей­­манканага сөзсүз барабыз­бы?
– Макул, давай!

Ошентип, “күйөрманы” болгон мен түндө телефон чалсам, трубканы алып, музыка коюп койду. Эртеси убадасын аткарбаганын айтып коёюн деп кайра чалганымда “кызым менен отурам, экинчи чалбачы! Уятың жок экен! Ушинтип чалгандан уялбайсыңбы, эй кыз?!” деген уруш уктум.
Бир топтон кийин дагы байланышып, “Супер-Инфонун тамашасы экенин айтсам, бир каткырып алды да, “мага ушинтип чалган кыздарды кичине да болсо уяткарып койгум келет. Көрсө, силер турбайсыңарбы. Тамашага салганыңар үчүн рахмат!” деди.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Lollipop
2011-03-26 13:43:13
таланты да,мунозу да топ келген адам!!!
0
Faridka
2011-03-26 14:40:56
Urmattu zamandashtar!Tamasha tor uchun ancha katuu sozdordu jazbay ele koisonuzdar bolmok...Jaman oilosonor ichinerden oiloi bergile da,zachem jazip...Koinoktun kiri ketet,konuldun kiri ketpeit degen soz bar ele da
0
Takeshbek
2011-03-26 16:25:19
Молодец жакшы кылыптыр!!! Бирок мага жакпайт ырчы катары!!!
0
Omurkulova
2011-03-26 18:16:26
молодец! жакшы бала, не грубиян!
0
damirova
2011-03-27 01:17:06
Molodec paren', ne vospol'zovalsya momentom. Ya ego uvajayu kak tvorcheskogo cheloveka, no viju on horoshyi chelovek. Sovest' eshe prisutstvuet.
0
Nazulya
2011-03-28 16:55:53
Молодец сонун кылыптырсын Арсен! Жабышкан кыздарды ушинтип жок кылышса эркектер!
0
aminali
2011-03-29 01:24:23
Tuura aitasinar.
0
Ilays
2011-03-29 15:24:25
scenariy bouncha, akyry ech tuura kelbeit. Ozu 12 de chalsa kerek. Ubada bergenden kiyin.
0
Karamel
2011-03-29 23:55:29
Ырчы катары анча деле баалабайм, бирок тамашага, жана тамашага жооп бергенине баа бердим. Азаматсын.:D
0
gwen
2011-04-02 18:48:26
Он молодец!
0
gwen
2011-04-02 18:49:11
Коро албаганынарды токтотсонор боло.
0
ismail
2011-07-15 17:56:02
Аягын озунор эле бир аз озгортуп койгонсунар го деп ойлоп калдым.Чынын да ал башкача жооп берген окшойт ко .
0
Nuska587
2011-07-29 17:23:36
Нарындыктан башка кыз жокпу??? Нарындыктар намыстуу келишет, минтип айтмак тургай, тенине алышпайт...
0
perry90
2011-09-17 17:05:37
ДОгадался парень и все.
0
RespecT
2011-10-08 15:13:55
MIDJAMELL))Ты кто есть вообще???Куда не зайди вечно недовольна)))Не суди по себе "колхоз" Администрация Super.kg я к вам обращаюсь примите какие то меры по отношению этой персоне(MIRDJAMELL)От нее только негативные высказывании
0
№ 438, 25-31-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан