ТАРБИЯЛОО ЖАЗАЛООГО АЙЛАНБАСА...

Балдар – биздин келечегибиз. Демек, келечектин пайдубалын түзүү да өз колубузда. Биз туура деп ойлогон тарбия, балким, наристеге зыянын тийгизип жүрбөсүн? Сиз бул тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле?

БАКЫТТЫ БАРДЫГЫ КААЛАШАТ, А ЖОЛУН КӨРСӨТКӨНДӨР АЗ
Психологдордун айтуусунда, дээрлик бардык ата-эне баласынан өзүнүн жашоосунун уландысын көрөт. Байкасаңыз, наристе өзүнө окшобой калса да ага бүшүркөө менен карап, “бул кимге окшоп калган?” деген кыжалат сезим пайда болот. Натыйжада айрым ата-энелер баласынын өз жашоосу, өз келечеги бар экенин унутта калтырышып, ага менчиги катары мамиле жасашат.
Эркин журналист Мансура Айтиева мындай дейт: “Эне катары балдарыма тарбия берүүдө көп нерселер тынчымды алат. Көчөдөн “бир нерсе алып бер” деп ыйлаган баланы уруп, дегдеңдетип сүйрөп бараткан энени көрүп капа болом. Бирок ошондой эле катаны мен өзүм да кетириптирмин. Кызым мектептен сырткары ийримдерге барат. Бирок кызыгуусу бир айдан ашпайт. Комуз ийримине бара баштаган, анан «жакпайт, барбайм» дегенинен урушуп, «барасың» деп койдум. Бир күнү бул тууралуу “Кыргыз Концепт” компаниясынын башчысы Эмил Үмөталиев менен баарлаштым. Анын “сен кызыңа өз эркиңди күчтөп таңуулоодосуң. Муну менен сен ага “бул жашоодо күч гана жеңет” деген нерсени түшүндүрүп жатасың” деп айткандары мага чоң таасир калтырды”.
Чындыгында, ата-эне баласына бакыт каалайт. А бирок бактылуулуктун жолун көрсөтүп бере алабы?

БАРДЫК АТА-ЭНЕ ЗЫЯНКЕЧПИ?
Ли Бо аттуу кытай журналистинин “Бардык ата-эне зыянкечпи?” деген макаласы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Ата-энелерди мындай атоо чындыгында эле кейиштүү жана адилеттүү эмес. А бирок Ли Бо өз макаласында бул теманы көп жылдан бери иликтеп жүрүп ушул жыйынтыкка токтолгонун айтат.
Бул аталыштагы форумга дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан 18 миң улан-кыз катышып, пикирлерин айтышкан. Алар: “Биз ата-эненин баасын төмөндөтүү эмес, тескерисинче, ата-эненин ролун бийиктетсек дейбиз. Ата-энелерди сыйлайбыз, бирок алардын “кишендөө” тарбиясына каршыбыз. “Менин уулум ушундай гана болууга тийиш. Мындан башкача болсо, мен аны уулум деп эсептебейм” деген өзүмчүлдүк, башка балдарга салыштырып намыска тийүү, өз кесибин улантуусун каалоо, жан шерик табууда өз пикирин таңуулоо деген сыяктуу нерселерге гана каршыбыз”,- деп билдиришкен. Форумдун катышуучулары катаал тарбия жөнүндө төмөнкүдөй билдирүүлөрдү калтырышкан:

  • “Кичине кезимде атам менен апам урушуп кетишти. Алардын урушуна менин күнөөм деле жок болчу. Апам атама “эгер үйдөн чыксаң, уулуңду аркан менен муунтам” деп талап койгон”.
  • “Атам туура эмес иштерди кылчу. Ага тил кайырсам, желкеме кайнак сууну куюп жиберчү”.
  • “Мен актриса болгум келчү. Бирок ата-энем караманча каршы чыгып, “актёрлук кесип – жаман кесип” деп тыюу салышты. А мен мыкты актриса болмокмун да”.

ТҮШҮНҮҮ ЖЕТИШПЕЙТ
Албетте, ата-эне балдары үчүн көп нерсени курмандыкка чалат: акчасын, убактысын, балким, жеке жашоосун дагы. Өкүнүчтүүсү, ата-эненин бул курмандыгы айрым учурда балдар үчүн керексиз курмандык болуп кала берет. Балдардын сыналгыдан башка дос да, сырдаш да таба албай калган учурлары көп.
Ушул макаладан соң, балким, күнүнө бир-эки саат убактыңызды балаңызга көңүл бөлүү үчүн арнаарсыз.


Ар собол

АТА-ЭНЕ МЕНЕН БАЛАНЫН ОРТОСУНДАГЫ КЕЛИШПЕСТИКТЕР ЭМНЕДЕН ЧЫГАТ?

Сулайман Рысбаев,
педагогика илимдеринин доктору:
– Ата-эненин турмуштук тажрыйбасы балага караганда мол. Алар жаңылып да, жаза басып да көрүшкөн. Ошондуктан балдарынын ката кетиришин каалашпайт. Аны балдар жакшы түшүнбөй, ата-эне менен баланын ортосунда пикир келишпестик келип чыгат.
Ар бир элдин өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүгү, баалуулугу бар. Кытайдын же япондун тарбиясы менен биз алыс барбайбыз, а биздин тарбия немистерге жарашпайт. Баланы жазалоо керекпи же жокпу? Буга бир беткей жооп берүүгө болбойт. Анткени ар бир баланын мүнөзүнө жараша тарбия берүү керек. Бир балага акырын айтсаң угат. Экинчисинин тизгинин катуураак тартуу керек. Тиешелүү жаза алып турбаса, ал кемчилигин кайдан түшүнсүн? Эгерде таптакыр укпай койсо, жайына да коюу зарыл. Кээ бир бала өз чекеси менен сүзүп көрбөсө, көп нерсени түшүнө бербейт. Бирок иши жүрүшпөсө, баладан ачуусун чыгарып же өз эркин таңуулоо, этин оорута уруп, көңүлүн калтырган сөздү айтуу менен аны өзүнөн алыстатып алуу коркунучу бар.

БАЛАҢЫЗГА КЕСИБИҢИЗДИ ТАҢУУЛАГАН УЧУР БОЛГОНБУ?

Эрнест Абдыжапаров,
режиссёр:
– Жок, кесибимди таңуу­лаган эмесмин. Балдарымды аябай эркин өстүрдүм. Мен аларга үлгү боло алсам керек. Уулумду дайыма жаныма ассистент кылып алып жүрдүм. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген кыргыздын таамай сөзү бар го. Уулум режиссёрлукту тандаганда өзүм да таң калдым. Анчалык жөндөмүн деле байкаган эмесмин, анткени аябай тентек болчу. Анан тез эле токтолуп, өзүнүн ички дүйнөсү, кабылдоосу менен мени аябай таң калтырды. Ал үмүтүмдү актап, азыр бир топ жакшы деген тасмаларды тартып жүрөт. Калганын келечек көрсөтөр.

ШАРИЯТТА БАЛАНЫ КАНДАЙ ТАРБИЯЛОО КЕРЕК?

Дилал Саитов,
имам:
– Баланы 5-7 жашка чейин падышаң катары бийик тутуп, эркине кой. 7-14 жашка чейин илим менен сугарып, ак-караны тааныт. 14 жаштан соң ишенимдүү кеңешчиңе айландыр. Адалды, арамды билдирип, тил үйрөтүп, кесибин тандаганга жардам бер. Ал эми 21 жашында үйлөнтүп, үй салып берип, төөнүн буйласын бош койгондой бош кой. Эгерде татыктуу тарбия берсе, бош койгондо деле бала ата-энесинен эч кайда кетпейт.
Эми андан да майдалап карай турган болсок, баланы эки жарым жашка чейин эмчектин сүтү менен багуу керек. 4 жашында чындыкты сүйлөгөнгө үйрөтүү зарыл. Бул куракта атасы же апасы кудурети жете турган нерсени гана убада кылганы абзел. Анткени үч жолу убада берип, ата-энеси аткарбай койсо, бала аларга түбөлүк ишенбей калат. Өзү да “алдай берсе болот экен” деген пикирде калат. Ушул жашынан баштап убадага туруу керек экенин үйрөтүү зарыл. 5 жашынан ыйманга үйрөтө баштоо шарт. Тентектик кылса, 10 жашынан баштап жазалоого ата-эненин укугу бар. Этин оорутпай чыбык менен жазалап, колго чаап койсо болот. Баланы эч качан башка, бетке, көкүрөккө урбоо керек. Эң маанилүүсү – ачуусу келип турган учурда өзүн кармап, баланы жазалабай, сабырдуулук кылганы жакшы. Эртеси ачуусу тараганда гана тарбияга чакыруу зарыл.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
imperator
2011-03-26 00:06:53
Атасы мас болуп келип балага акыл болуп атса,ичпегин киши болбой каласын деп.Анан уяда коргонун кылат да.Ата-эне менен баланын ортосунда кобунчо материалдык койгойлордон улам ажырым пайда болот ко.Кийим алып бер,тилпон алып бер.Тиги досумда мындай нерсе бар,менде жок.Алып бербесен уйдон кетип калам.Туулган кунумду ресторанда кылып бербесен,университетке окутпасан муунуп алам(Кудай бетин ары кылсын) деген ж.б. Исламдын эрежелерине ылайыктап тарбияласа эн сонун болот.
0
Tokmok
2011-03-26 00:48:01
Chyndygynda ISLAM erejesi menen tarbiyalansa ak-karany,adal-aram ishti bilip alsa andan ary ozunun akyly menen chechim kylat..... Ata-enenin mildeti oshogo uirotuu,bagyt, umut beruu....
0
chopa1971
2011-03-26 02:10:00
Баланын эркине коюш керек
0
MIRDJAMELL
2011-03-26 07:12:04
А мен Эрнис байкенин жана Имамдын айткан кенештерине тоолук кошулам...
0
Aiymjan
2011-03-29 00:44:55
tuura aitasyn chopa ! balany akyl sozdor menen kop suiloshup tarbialaganga araket kylysh kerek.eger urup sabasa balanyn psihikasy buzulat da ata -enesinen konulu kalyp kalat
0
Aske
2011-03-29 12:53:46
шариятта мындай тигиндей деген нерсини чала молдо дин бузарлар токтотсо
0
Aske
2011-03-29 12:54:39
шариятта мындай тигиндей деген нерсини чала молдо дин бузарлар токтотсо
0
imperator
2011-03-29 14:56:24
"ASKE" сенин башын жетсе ошол чала молдолордун айтканын китептен карап толугураак окуп аласын да.Комунизмден жаны чыккан чалдардай болуп дин жонундо соз болсо эле ооздуктап каласын да акылдуусунуп.
0
Almaniya
2011-03-30 22:08:44
Moldolor gana usunday sozdordu aytish kerekpi,shariyatti sen da bilishin kerek,musulman bolgon son!Moldo emes sen balana aytishin kerek!
0
OdiNokaYa
2011-03-31 19:25:03
Кана эми ушул макаланы менин апам окуп калса! Чындыгында сайттан башка деги досторум жок, кичинемден апамдын"сен учун мындай кылдым,андай кылдым"деп айтканын эле угам,туура эмес иш кылып алсам созсуз сокку жейм(азыр деле)Кыздарга окшоп бироо мн дос боло албайм,мас болуп уят кылып коет.Мусулман болгонум мн, Ислам дини жонундо такыр билимим жок, кызыгып Намаз китептерин окуп калсам "сектага тушуп калыпсын" деп дагы жактырбайт.Балким атам мн ажырашпаганда башкача болоор беле???
0
Sezy
2011-04-01 04:26:03
Этин оорутпай чыбык менен жазалап, колго чаап койсо болот деген эмнеси? Баланы эч качан чаппаш керек. Соз менен тушундуруу керек.
0
Sezy
2011-04-01 04:29:24
Imperator сиз негизи урушчак, нервный адам окшойсуз, элдер менен уруша эле бересиз комментарий жазса эле,
0
jua
2011-04-01 18:24:26
Эх а дейсин бу дейсин ошол учур озунун башына келгенде гана тушуносун
0
Aimelek
2011-04-29 03:21:34
Балага туура тарбия бериш учун,ата эне озу тарбиялуу болук керек!
0
№ 438, 25-31-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан