Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты: «АТАМБАЕВ ӨЗҮ КЕЛИП СУРАНГАНЫНАН ТОКТОДУК»

Эки аптадан бери коалициянын тагдыры чечилбей ара жолдо турат. Парламенттик көпчүлүктүн курамынан чыгуу демилгесин депутат Камчыбек Ташиев жетектеген “Ата Журттун” 19 эл өкүлү көтөрүп чыгышкан. Мындан улам биз маегибиздин каарманына жолугуп, коалициянын иштери, жакынкы пландар жана Камчыбек мырзанын ден соолугу жөнүндө кеп курдук.

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Журт” фракциясынын лидери.
1968-жылы 27-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Барпы айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1992-жылы Томск политехникалык университетинин химия-технология факультетин, ал эми 1998-жылы Кыргыз улуттук университетин аяктап, юристтик кесипке ээ болгон.
2005-2007-жылдар аралыгында Жогорку Кеңештин депутаты,
2007-2009-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган.
Үй-бүлөлүү. 3 уул жана 1 кыздын атасы.

– Камчыбек мырза, акыркы күндөрү бирөө сизди «ууланып калыптыр» десе, экинчиси «катуу ооруп калыптыр» дейт. Ден соолугуңуз жакшыбы?
– Ооба, түрдүү кептер чыгып кетти. Көрүп турганыңардай, өткөн аптада ооруп калганымдан улам дарылануудамын. Кудайга шүгүр, азыр жакшы болуп калдым. Ал эми оорунун тарыхына токтолбой эле коёюн, анткени ал менин жеке жашоом деп эсептейм. “Ичип кетиптир” дегендери болбогон сөз, менин ичпесимди миңдеген адам билет.
– Акыркы кабарларга караганда, коалицияны сактап калууну чечипсиздер. Буга эмне негиз болду?
– Эң оболу, коалициянын ыдырап кетүү коркунучу пайда болгонуна токтолсок, парламенттик көпчүлүктүн мүчөлөрү акыркы үч айда бир да жыйын өткөргөн жок. Коалиция бул аралыкта иштебеди. Анан өзүбүзчө эле саясат жүргүзгөнүбүздүн эмне пайдасы бар? Муну элге ачык айтууга мажбурбуз. Экинчиден, коалициянын макулдашуусу эки барак кагазда болгону менен, аны кээ бир депутаттар да билбейт. Биздин эмне үчүн иштеп жатканыбыз белгисиз. Мамлекетибизде 4-5 саясатчы отуруп алып, бийликти бөлүштүрүп жатканын токтотуу зарыл. Анткени акыркы күндөрү канчалаган дүрбөлөңдү жараткан окуялар ачыкка чыгып кетти. Ал эле эмес, башкы прокурор Кубатбек Байболов вице-премьер Өмүрбек Бабановду “рейдерлик кылган, каржы тармагына кийлигишкен” деп күнөөлөдү. Мындай билдирүүлөргө коалиция кантип көз жумуп коё алат? Ошондуктан биздин 10 талапты коалиция аткарышы абзел. Эгерде жок дешсе, коалициянын курамынан чыгып кетүү – бир күндүк иш. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менин кабинетиме келип, “убакыт бергиле” деп суранганынан улам токтоп калдык.
– Канча убакыт берилди?
Бул бир жума же он беш күн болушу мүмкүн. Анткени коалициянын тагдыры дале күн тартибинде турат. Спикер түзгөн жумушчу топтун, прокуратуранын жана 10 талаптын жообун алгандан кийин коалицияда калуу же калбоо боюнча фракцияда добуш беребиз. Себеби биздин чечим кимдир бирөөгө зыянын тийгизбесин. “Коалиция урабайт” деген сөздү айтууга эрте. Анткени биз “коалицияда калдык” деген сөздү айта элекпиз.
Лидер катары айтсаңыз, “Ата Журт” ичинен ыдырап, жарака кеткени чынбы?
Эч кандай жарака жок. Чечим кабыл алсак, ал баары үчүн бирдей. Эгерде баш ийбесе, демек, аны тартип бузгандык деп эсептейбиз. Алсак, депутат Нурлан Сулайманов фракциянын чечимине карабастан, бир басылмага “коалиция тарабайт” деп айтыптыр. Андыктан мен ага “арызыңды жазып, депутаттык мандатыңды тапшыр” дедим. Анткени жетекчи катары тартип бузууларга жол бербейм. Бирок Нурлан Сулайманов соңку фракциялык жыйынга качып келбей койду.
Президенттик шайлоого карата “Ата Журттун” даярдыгы кандай?
Биздин партия “сөзсүз президенттик шайлоого катышабыз” деп чечкен. Буюрса, эл-журтубуз колдосо, биздин талапкер ал шайлоодо президент болуп шайланат. Жогоруда айтылган талаптардын ичинде шайлоо жарыяланган соң өкмөт башчы 10 күндүн ичинде ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүсү зарыл дедик. Анткени шайлоо эч кандай административдик күчтүн кийлигишүүсү жок, баары үчүн тең өтүшү керек.
Ошол эле учурда буга байланыштуу тымызын ишти баштагандар болуп жатат. Мисалы, жергиликтүү басылмалардын бири (анын кожоюну бирде Атамбаев, бирде Бабанов деп жүрүшөт) өзүнүн макаласында Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов жана мени “ажыдаар” деп атап, ал эми Өмүрбек Бабановду “ажыдаарлардын баштарын кыя чапкан баатыр” деген өңүттө жазыптыр. Бирок мен ошол өзүн баатыр сезген адамды жана аны жазган журналистти келемиш деп атайм. Анткени алар адамдын кадыр-баркына жана сый-урматына шек келтиришүүдө. Мени айтты дейсиңер, бир күнү жамандык жасап, ырахат алгандар көчөдө калышат. Мен аларга жооп деле кылбайм, анткени Кудай өзү жазалаарына ишенем.
Өткөн аптада Жалал-Абад облусунда жүрүп келиптирсиз. Апрель окуясына деле бир жылга жакындап калды. Бул дубандын эли жолугушуу учурунда сизге кандай талапты коюшту?
Эл үчүн былтыркы жылдын бийлик алмашуусу же Апрель окуясы чоң трагедия эмес. Жалал-Абад облусунун тургундары жана бүтүндөй Кыргызстан үчүн эң чоң трагедия – июнь айындагы улуттар аралык кагылышуу. Карапайым калктын бүгүнкү күнгө чейин коюп келген талабы да ушул. Июнь окуясына катышы бар адамдардын жаза алуусун сурап жатышат.
Өзүңүз да бул окуянын жүрүшүндө эл аралап жүргөнүңүз белгилүү...
Ооба. Азыр ушул окуядан да кыйкым издегендер көп. Азыркыга дейре Сузактын Санпа окуясында жоголуп кеткен нарындык жигиттин дайыны белгисиз. Адамдын кайда кеткенин билишпесе, эл да чындыкты издегиси келет. Мен бир жагдайды айта өтөйүн. Аны тарых билбейт жана көпчүлүгү мындан кабарсыз. Санпада уруш болуп жатканын угарым менен өзүм машина менен ошол жакка жөнөдүм. “Өлтүрүп коюшат” дешти, бирок бүгүн темир тор артында отургандар менен ошол окуяда жолуктум. Аларга “муну токтоткула” деген талапты койдум жана алар мени угушкан. Тилекке каршы, мен барганга чейин эле көп жамандыктар болуп кетиптир. Мунун баары, албетте, Июнь окуясын баштагандарды териштирип, кийин аларды тийиштүү жоопкерчиликке тартууга түртөт. Эл мага “чыркыраган чындыкты чыгаргыла” деди.
Кызматта жүргөн адамдар балдарынын өсүп, эр жеткенин да байкабай калышат. Сизде да ушундай болсо керек?
Ооба. Улуу кызымды турмушка узаткам. Балдар мага окшоп кыйын турмуш көрүшкөн жок да. Барчылыкта өскөн балдарга колуң тийбей, көңүл бөлө албасаң, жаман адаттарга, пайдасы жок чөйрөлөргө бат азгырылышат. Иш менен алаксып жүрүп эки уулумдун кандай чоңоюп, мүнөзү өзгөргөнүн да баамдабай калыптырмын. Кенже уулум азырынча кичинекей.
“Бир көрүп, биротоло сүйүп...” деп калышат эмеспи. Сиз ишенесизби мындай сезимдерге?
Акыркы жылдары сезимдерди ойлоого убактым жок жүрөм. Биздин сүйүү жыл өткөн сайын эмоциядан башка бир этапка же балдарыбызга өтүп, аялың менен бир туугандай болуп калат окшойсуң. Анан ошондой жылуу-жумшак уяны бузуп, сенин кыйынчылыгыңды бирге көргөн адамдын башын аттап башканы сүйүп, азгырылып кетүү өтө катаал, туура эмес жорук, менимче. Чынында, экинчи, үчүнчү аял алып жаткандар бар. Эми бул тагдырдын буйругу дечи, ошентсе да, менимче, алар үй-бүлөсүн, балдарын, жакындарын сүйүшпөйт. Ошол үчүн башка жактан сүйүү издешет. Андай адамдарды ириде өз үй-бүлөсү, бала-чакасы сыйлабайт, жактырбайт. Менде андай жок. Кудай буюрган үй-бүлөм, жубайым, балдар менен эле аман болсок деген тилегим бар.
Эмнеден рахат аласыз?
Баштаган ишимдин жыйынтыгын көрүүдөн, жардамга муктаж болгондорго колдон келген көмөгүмдү берүүдөн ырахат алам. 15 жылдан бери жыл сайын 8-Мартта 300гө жакын Баатыр энелерди чогултуп, куттуктап, жакшы майрам өткөрүп берип жүрөм. Энелердин батасын алгандан өткөн жакшылык барбы? Дагы бир жыргалымды айтсам, чарчап-чаалыгып, маанай бузулган кездерде эркетай уулум менен алышып, күрөшүп бир ойноп алсам жеңилдеп, жанагы көр пенделик кыйынчылыктар унутулуп калат. Уулум да дайыма “качан бошойсуз, качан ойнойбуз?” деп күтүп жүрөт.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
boru
2011-03-28 05:50:23
Ушундай чыгып келе жаткан азаматтарыбызды ушинтип отурсак качан онугобуз билбейм. Ош окуясына караганда чындыгында апрель окуясы трагедия эмес. Ошто болуп коргонунордо билет эленер. Башка улутка жерибиз, мекенибиз деп каршы турган азаматтар болду ошондо. Эч кимден акча албай. А апрель окуясында акча алабыз деп зомби болгондорун билбей калышты ал азаматтар.
0
bagdat
2011-03-28 09:23:27
Комментарий берип жаткан атуулдарга тан калам, адамды билбей туруп жамандап эмне пайда табасынар тушунуксуз, Силерге окшогон келемиштердин айынан эл тундук туштук болуп болунуп келишет, бийликтеги мырктардын баардыгы биринчи мына Силерге окшогон элдин арасынан чыгып келе жатышат
0
Abylai
2011-03-28 11:23:28
Сен менин кумиримсин Камчы мырза !!!
0
Acer
2011-03-28 19:52:39
Улутчулмун деп тош какан Ташиев мырза? 7 Апрель трагедия эмес дегенинизди кандай тушунсо болот? Улутчулмун деген адамга Кыргыстандын ар бир жараны баалуу болуш керек. Париотмун дегениниз сиздин курулай популизм.
0
boru
2011-03-28 21:15:50
Acer, сиз улутчул деген созду тушунбойт окшойсуз. Апрель окуясында шейит болгон эр-азаматтарыбыз улут учун эмес, бийлик учун чуркаган акчалууларга алданышты. Алардын акчаларын алып, кандайдыр бир нарко-зат кошулган сууларды ичип алышып, зомби болушуп, эс-акылдарын билбей кете беришти. Ал эми чыныгы трагедия июнь окуясы. Ошондогу шейиттер улут, мекен, кыргыз дешип курман болушту. Канча азаматтар колдорунда куралы жок согушту. Ошолор чыныгы баатырлар. А Камчы мырза да чыныгы улутчул, кыргыз деген
0
cosmopolit
2011-03-29 03:07:18
эээ Кыргызстанда бир эле бычакка сап чыгаан болгондо...КГ эчак оз нугуна тушмок...дагы эле чар жайыт...бирин бири караламай...
0
Acer
2011-03-29 10:00:29
boru Каяктагы акчаны айтып жатасын каяктагы наркотик, ошол окуя болуп жатканда уйдо жылуу тошокто жатып коргон окшойсун да. Мына чыныгы баатырлык Бакиевдерди Целый армияны куралсыз кубалап чыгышкан, Ал жигиттер Кыргызcдандын келечеги деп, Авторитаризмге каршы чыгышкан алар болбосо Бакиевдер бизди кул кылып алышмак. А Ош окуясы башка Озбектерди баш которткон озунор куноолусунор деп ойлойм.
0
imperator
2011-03-29 14:52:02
Бир эле бычакка сап болор адам менен иш алдыга жылбайт да.Ошол бычакка сап болордун жанында озуно окшогон иш курамы да болушу керек. Элде соз бар:"Болок жерде султан болгончо,оз элинде ултан бол" деген.Сен эмне Кыргызды Кыргыз кубалап атканын эрдик дейсинби "ACER".Ал жон гана шерменделик.Озбектерди баш котоpтконго озунор куноолуусунор дегенине караганда сен Кыргыз деле эмессин го.Ошол озбектин биздин жерге шилекейин чубуртканы сени кайдыгер калтырса,сен суйлобой шымынды кысып эле отурганын он.
0
boru
2011-03-29 19:31:57
imperator, сизге кошулам. Эми тушунбогондорго арга жок экен. Бакиевди кубаладык, эрдик деп эсептегендер жанылышат. Эгер Бакиев ошол башка мамлекетте олуп калса, кой озубуздуку эле деп алып келишет ошол кубалап жибергендер. Ал эми Acer болсо улутчул дегенге тушунбойт анан кайдан кыргыз дейт. Улутчул менен патриот дегендин айырмасын билип алсын.
0
boru
2011-03-29 19:33:57
Ынтымака келели айланайын кыргыз элим.
0
Titi
2011-03-30 13:02:14
Ташиевди аябай нацист деп уккам,кыргыз башка улуттагыларды жаман корот экен. Чыныгы патриот,чыныгы эркек.
0
solnyshko
2011-03-30 14:12:03
Мен Оштукмун,эгерде Камчыбек Ташиев болбогондо,анда бизди озбектер кырып жибермек, азыр жок болот элек.Эмнеге баардыгы эле коро алышпайт,бут тоскондор коп,чыныгы президент деп мен бир гана Камчыбек Ташиевди татыктуу деп ойлойм,чыныгы патриот,кыргыз учун куйгон адам,ишинизге ийгилик,бар болунуз,сизге ишенем
0
solnyshko
2011-03-30 14:21:56
Ош окуясын оз козу менен корбогондор,эч качан тушунушпойт,вы никогда не поймете как жить со страхом,кечинде уктай албайсын,коркосун качан озбектер келип бир туугандарын менен кошо сени союп кетет деп,канча кыргыздарды озбектер жиликтеп олтуруп атышты,ошол убакта Убактылуу Окмот бир колун кыймылдатып койбоду,ну ясно же озу озбектин аялы болуп атса,наоборот озбектерге поддержка кылып,уйлорун кайра салып беришти,байкуш кыргыздарга эч нерсе жок,жалдырап эле кала беришти..
0
teleport
2011-03-30 21:10:21
Бакиев деле убагында жакшы иштерди кылган
0
GulyaJ
2011-03-30 22:33:32
Ushul Tashieb osynyn syilogon sozynon ele bilse bolot kandai dengelde ekenin.Ayalin bir tuuganimdai deit da ,emne bir tuugani bolso toshogyno alip jatabi uyat ele.
0
№ 438, 25-31-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан