Убагында Сыймык Бейшекеев “оромолчон оштук кыз, бажырайган баткендик кыз, жалжылдаган жалал-абаддык менин жердешим, көк көйнөкчөн көлдүк кыз...” сыяктуу саптары бар ырларды жаратып, көпчүлүк кыз-келиндин жүрөгүнө чок салар эле. Мына азыр деле “Жоолукчан” деп ырдап, дагы да болсо өзүнө сугун арткан көздөрдү көбөйтүүдө. Анан да ырчынын өзүнөн да, сөзүнө, башкача айтканда, ырына арбалгандар арбын.
«СУПЕРДИН» САНДЫГЫНАН
Алгач 2006-жылы бизде жарыяланган Сыймык Бейшекеевдин Гүлзат аттуу күйөрманынын катынан баштасак.
“Сүйгөн ырчымдын концертинин гезиттеги жарыясына көзүм түшүп калды. Кандай шылтоо табарымды билбей: «Ооруп жатам, дарыланып келейин» десем ата-энем макул болушту. Айылыбыз Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан. Менде Бишкекке жеткенге жол киреге да, концертке киргенге да акча жок эле. Бишкекке жээнимдикине бардым да, ошол жерден айылдагы кошунама телефон чалып, ага жөн-жайымды түшүндүрдүм. Экөөбүз филармониянын эшигинде жолукмай болдук. Концерт башталды, кошунам жок. Ошентип, эшик да жабылды. Үмүтүм эми чындап үзүлүп, дубалга жөлөнүп алып ызаланып ыйлап жаттым. Ушунча аракет кылып алыстан келип, максатыма бир кадам калганда, Сыймыкты жанынан көрөрдө жетпей калдымбы? Же бир башкалардай болуп өтүмдүү, адамдын ичи койнуна кирип, көңүлүн тапкан кыялым болсочу?!”
Сыймык Бейшекеевдин мындан эки жыл мурун бизге берген маегинен.
“Менден 7-8 жаш улуу күйөрманым бар эле. Ал эже алмаштырсам телефонумду, көчсөм үйүмдү таап алчу. Бишкекте он күн концерт берсем, он күн тең гүл алып келет. Улуулардын сүйүүсү барган сайын күч болуп, оңой менен басаңдабайт окшойт деп калдым, ошол эжеден кийин. Билет саткан эжелер да ал эженин сүйүүсүн мага жеткирип турушчу. Бир жолу Бишкекте өткөн концертимде баягы эже келбей калса болобу! Эртеси да жок. Мен эмес, билет саткандар да күтүштү. Келген жок. Көрсө, чет өлкөдөгү кызына кетиптир. Келгенде мага бир баштык кийим көтөрө келиптир. Кийимди көрүп катуу арданып кеттим окшойт, оозумдан “эже, тең-теңи менен болуш керек” деген сөз чыгып кетти. Анда эже: “Мен сага мени ал деген жокмун. Сезимге чек жок”, - деп айтты. Ушул окуядан кийин эжени таарынтып алдым окшойт. Гүл көп албай калдым. Азыр ойлосом, чынында эле сезимге чек жок экен”.
Ал эми Атыр жана Бурулжан аттуу айымдарыбыз сүйүктүү ырчысына сонун сөздөрдү жаадырып бүтө албайт.
Атыр эже:
«СЫЙМЫК БИЗДИН ЭКИНЧИ ЧЫҢГЫЗЫБЫЗ»
– Мындан он-он беш жыл илгери эстрадага жаңы агым кирип, өзүнүн оригиналдуу ырлары менен Сыймык чыкты. Маани-маңыздуу, кыргыздын духун көтөрчү ырларды ырдап чыккандан баштап бул ырчынын талантына баа берип, күйөрманымын. 20-кылым менен 21-кылымды айкалыштыра алганы менен өзгөчө деп айтар элем Сыймыкты. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу сүйүүнү даңазалап ырдап, жаштарга эле эмес, карылардын да жүрөгүнө жеткире алат. Мен Көлдөн болом, Сыймык менен бир айылдан болбогонум менен, талантын баалайм. Кыргыздын үрп-адатын, маданиятын, тарыхын ырга салган Сыймыкты мен экинчи эле Чыңгыз деп ойлоп кетем.
Бурулжан:
«СЫЙМЫК БАЙКЕНИ ӨКҮЛ АТА КЫЛЫП АЛМАКМЫН»
– Сүйүктүү ырчымдын атынан үй курулуп жатканын угуп, мен да ал жерден ата-энемдин жардамы менен бир бөлмөлүү үй алдым. Мурда Сыймык байкенин сүрөттөрүн кыркып алып жабыштыра берчүмүн. Өзүмдүн бөлмөм жок болгондуктан, кийин бул нерсени таштагам. Оор басырыктуумун, ичимден жактырып, кыңылдап ырларын ырдай берем. Сыймык байке экөөбүздүн мүнөзүбүз да окшошуп кетеби деп калам. Учурда сүйлөшүп жүргөн жигитим бар. Өңү сары болбогону менен, көздөрү Сыймык байкеникиндей. Биз жакта өкүл ата жигит тараптан шайланат да. Салтты бузсам да, эгер мүмкүнчүлүк болсо, Сыймык Бейшекеевди өкүл ата кылып алмакмын.
“КҮЙӨРМАНДАР МАГА ИЛХАМ ЧАКЫРАТ”
– Сыймык байке, күйөрмандар катарын кыз-келиндер толуктайбы же башкалар да барбы?
– Мен кай жерге барбайын, апа-аталар, инилер, ага-карындаштар каалоо-тилектерин айтышат. Күйөрмандарым менен дос-туугандашып калган учурларым да бар. Кечээ жакында онунчу өкүл уул, өкүл кыздуу болдук. Алардын жарымы тааныш болсо, жарымы мына ушундай күйөрман уул-кыздарым болуп саналат. Ошондуктан менин талантымды баалагандар жалаң эле кыз-келиндер дегенге болбойт, мектеп окуучуларынан баштап бардык муундун өкүлдөрүн камтыса керек.
– Аша чаап кеткен күйөрмандар кездешеби?
– Мындайлар көп эле болгон жана болуп келе жатат. Түн бир оокумда телефон чалышат, каалоо-тилеги менен кошо сезимин билдиришип. Уйкуңду бузуп, нервиңди ойготуп дегендей. Бирок эми өнөрдү сыйлаган күйөрмандарга түшүнүү менен карайбыз да.
– Андай учурда Нурзада жеңебиз кызганабы?
– Эми Нурзада мага турмушка чыгарда ойлонсо керек, ырчы менен өмүрүн байлап жатканын. Бирок мындан кыйын кезди деле түшүнүү менен кабыл алган. Таптакыр кызганбайт дегенден да алысмын, анда жашоонун маңызы кызыксыз, деми супсак болуп калбайбы. Жеңеңер чеги менен эле кызганат.
– Азыр деле сизге каттар, СМСтер тынбай келеби же токтогонбу?
– “Азыр деле келеби?” деп алтымышка чыккандай айттың го, мен жаш элемин. Кээ бири жакшы сөздөрүн жазып, бата беришсе, айрым күйөрмандан мага болгон сезимдерин билдирген билдирүүлөр келет. Күн куру эмес, телефонума СМС жазышат. Өздөрүнө жараша мен да жакшы сөздөрүм менен жооп бергенге аракет кылам. Ал эми сезимин билдиргендерге “жакшы сезимиңиз үчүн рахмат” деп ыраазычылык билдирем.
– Бишкекте курулуп жаткан Сыймык Бейшекеев атындагы турак үйдөн фанаттарыңыз квартира алып жаткан экен...
– Орусияга барган сапарымда бул турак үй тууралуу уккандар келишип, менин атымдагы үйдөн квартира ала турганын айтышты. Албетте, бул мен үчүн жагымдуу болду. Мен ал үйдө жашабасам да, иним же уулум жашашы мүмкүн. Демек, ал жерден менин ырларымды сыйлаган күйөрмандарым менен жолугуп, таанышып калышым ыктымал.
– Өзүңүз бирөөгө күйөрмансызбы жана фанаттарыңызга эмне айта аласыз?
– Мен деле өзүмдөн жаш балдардын көңүлгө жакчу ырларын угуп калсам, ал ырга күйөрман болуп калам. Демек, мен да бирөөнүн күйөрманымын, кимдир бирөөнүн чыгармачылыгын баалайм. Атай Огонбаев айткан экен, “элден айланайын, эл болбосо биз эмне, сайдын ташына ырдайбызбы?” деп. Анын сыңары элден айланса болот. Ырларымды сүйүп, баалап уккан күйөрмандар бар, бизге илхам келет, чыгармачылык өркүндөп-өсөт. Баарына ден соолук каалайм, сиздердин үмүтүңүздөрдү актап, жакшы чыгармаларды тартуулай бермекчимин. Илхам чакырган күйөрмандардын колдоосу менен биз далай чыгармаларды жарата беребиз.
Бурул Исмаилова
star@super.kg