“Эл көрүп дарылаган табып Ааматова Акмарал сиңдим Салимбү Эшенкулованы өлтүрүп койду. Келип биздин муңубузду угуп кетиңиз. Биз Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБинде турабыз”,- деп бир аял редакциябызга телефон чалды. Айтылган дарекке барып, жабырлануучу менен маектештик. Анда сөз башынан болсун.
“ИЗУМРУД КӨЗДҮҮ СӨЙКӨ АЛЫП КЕЛ ДЕПТИР”
Бермет Сартбаева (маркумдун эжеси):
– Сиңдим Салимбү “Дордой” базарында иштеп, Кытайдан алынып келинген сумка менен чаар баштыктарды сатчу. Күйөөсү жок, эки кызы бар. Кичүү кызы катуу ооруп калып, көп жакка көрсөттү. Майнап чыкпай, акыры гезиттер аркылуу табыптарга кайрылууну чечип, элдик дарыгерлер отурган “Бейиш” борборуна барат. Ал жерден Акмарал Ааматовага жолугуп, ага өз көйгөйүн айтып, кызына жардам берүүсүн суранат. Табып айым жардам берүүгө макул болуп, ошол кезден тарта сиңдим ага тез-тез каттай баштайт. Акырындан жүрүп отуруп, Акмарал сиңдиме “500 сом алып кел, 1000 сом таап кел. Мен дуба окудум, кайтарма окудум, жакшы болуп калат” дей баштайт. Айтканын таап берип, “үйдө оорукчан сиңдим менен иним бар. Апам өтүп кеткен, карыган атабыз бар” деп да айтат. Салимбү баарын төкпөй-чачпай айта бергенден улам Акмарал анын бардык сырын, жакындарынын акыбалын билип, аны толук изилдеп алган тура.
Бир күнү Акмарал сиңдиме: “Кичүү кызыңдын өмүрү аз калыптыр. Эне-бала ажыраганы турат. Сактап калыш керек. Эч кимге айтпай, мага 1500 доллар таап бер. Аны сала турган булгаары куту алып кел. Француз атырынан үчтү, изумруд көздүү сөйкө, шакек, алтын чынжырча жана эки чака гүл алып кел. Ошол гүлдөрдөй болуп, бажырайып ачылат кызың”,- дейт. Салимбү анын айтканынын баарын алып барат. Гүл алып барса, “бул болбойт, жасалма гүл керек” деп аны да алдырат. “Мен мунун баарын дубалайм, сен акчаны тездет” деп жолго салат. Сиңдим 2010-жылдын февраль айында айылдан мал сатып, 20 миң сомду карматат. Ага да болбой, “бул аз, канчалык тездетсең, ошончолук жакшы. Кызыңдын өмүрү аз калды. Булардын баарын кайра өзүң алып кетесиң. Мен эч нерсесин албайм. Өнүп-өсүп, мындан үч эсе жакшы жашайсыңар” дейт кайрадан. Кийинчерээк 20 метр ак кездеме (кепин) алып келишин буйруйт. Баары аз келгенсип, “жети түрлүү жер-жемиш алып кел. Баары бүткөндө куран окутуп, жеп коёбуз” дептир. Ошентип, сиңдимдин ага берген акчасынын баш-аягы 75 миң сомго жетет.
Сиңдим Акмаралдын эмне деп айтканын, өзү эмнелерди кылганын мага телефон аркылуу айтып турчу. Ошол кезде мен анын айткандарына эмнегедир көңүл бурбаптырмын. Салимбү зирек, акылдуу адам эле. Анан эмнеге алданып калды билбейм?
Ошентип, 12-март күнү мага телефон чалып, “бүгүн Акмаралга барам, дуба окуп бүтөт. Баарын алып келем” деген. Улуу кызына чалып, “азыр Акмаралдын үйүнөн чыгып баратам. Бүтпөй калды. Анан кайра келем. Даарат алып кел деп жөнөттү” дейт. Ошондон кийин эле андан дайын жок болуп кетти.
“ТАБЫПКА БАРЫП ЖҮРГӨНҮН БИЛГЕН ЭМЕСМИН”
Гүлиза Жүндүбаева (маркумдун кызы):
– Мындан кийинки окуяны мен айтайын. 12-март күнү апамдын кечиккенине кабатырлана баштадым. Телефону өчүк. Эч ким дайынын билбейт. Түнү менен уктаган жокмун. Эртеси эртең менен “Дордойдогу” ордуна барсак, ал жерде да эч ким билбейт. Анан Бермет эжеме чалсам, “Акмарал деген табыпка кеткен болчу. Ошону издегиле. Мен гезиттен номурун таап, сүйлөштүм” деп дарегин берди. Туугандарыбыз чогулуп, дарек боюнча Бишкектин Ак-Ордо конушуна барсак, үйүндө адамдарды кабыл алып жатыптыр Акмарал. Бизге “келип кеткен. Билбейм кайда экенин” деди. «Буга келип эле анан дайыны чыкпай калды» деп шекшип, Акмаралдын үйүн айланчыктадык. Жарымыбыз айлана-тегеректен издедик. Үйүнөн алыс эмес жерде мүрзө да бар экен. Аны кыдырсак, жаңы казылган бош жай бар болуп чыкты. Эшигинин алдында кечке кайтардык. Кечке маал Бермет эжем туугандарыбыз менен Токтогулдан келип калышкандыктан, үйгө кеттик.
“ЭЛГЕ САБАК БОЛСУН”
Бермет:
– Үйдө чогулуп, ошол 13-март күнү эле Акмаралдыкына жөнөдүк. “Тапканга жардам бер. Сен олуясың да” деп эле сураналы дегенбиз. “Өлтүрүп койду” деген ой эч кимибизге келген эмес эле. Келсек, Акмаралдын үйүнө милиция кызматкерлери толуп калыптыр. “Тоскоол болбогула” деп бизди жакындатпай коюшту. Биз “ушундай адамды издеп келип отурабыз” дедик. Бир милиция кызматкери келип сиңдимдин белгилерин жазып кетти. Аңгыча эле кара машина келип, үйүнө жакын токтоду. Гүлиза “машинага бирөөнү салышты. Акмарал окшойт” деди. Чыркырап эле машинага асылып, эшигин ачалы десек, бек экен. “Акмарал кана?” десек, “ал үйүндө” деди. Анан жарымыбыз тиги машинанын артынан кууп жөнөдүк. Түз эле Ленин РИИБине келип, дарбазасына кирип кетти. Көрсө, ошондо Акмаралды милиция бөлүмүнө алып келишиптир. Ал милицияга өзү чалыптыр, “урушуп кетип, Салимбүнү балка менен башка чаап өлтүрүп койдум” деп.
Салимбүнүн денесин Акмаралдын үйүндөгү сарайдан табышты. Өзү алып келген ак кездемеге жети жолу ороп коюптур. Ошондон кийин “жанагы казылган мүрзөгө Салимбүнү көмүшмөк окшойт. Болгону, жетишпей калышты го” деп ойлоп калдым. Ошентип, сиңдимден айрылып калдык. Бизге сиңдимди эмне үчүн өлтүргөнү белгисиз. Чын эле урушуп кетип өлтүрдүбү же акчасы менен алган буюмдарын кайтарып бербей коёюн деп даярданып жүрүп өлтүрдүбү? Жакшы иликтенип, чындыктын бети ачылса. Сот адилет өкүм чыгарып, Акмарал татыктуу жазасын алсын. Дагы айтайын дегеним, канчалаган адамдар сиңдиме окшоп табыптарга алданып жүрүшөт. Бул окуя аларга сабак болсо дейм.
КЫЛМЫШ ИЛИКТӨӨЧҮЛӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Бул кылмыш иши боюнча Ленин РИИБине кайрылдык. Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Сапарбек Аманкулов: “Бул иш боюнча шектүү адам кармалды. “Урушуп кетип, балка менен чаап өлтүрүп койдум” деп көрсөтмө берди. Азырынча толук маалымат бере албайм. Анткени иликтене турган жагдайлары көп. Бир жумадан кийин кел”,- деди.
“АКМАРАЛДЫ ТААНЫБАЙМ”
Юсуп Шедаков, “Бейиш” кыргыз илимий өндүрүштүк элдик медицина борборунун башкы директору, академик:
– Элдик дарыгер – элдик салт менен дарылаган адам. Мисалы, тамырчы, сыныкчы, дары чөптөр менен дарылагандар. Алар атайын курстарды да бүтүшү, медициналык билими болуш керек. Андан кийин гана элди кабыл алганга укугу бар. Эгер үйүндө кабыл ала турган болсо, Саламаттыкты сактоо министрлигинен лицензиясы болуш шарт.
Эч бир элдик дарыгердин “мен айыктырып жиберем” деп ММКлар аркылуу жарнама берүүгө укугу жок. Бул тууралуу “Калк саламаттыгын коргоо” мыйзамынын
15-беренесинде жазылган.
Жанагы камчы менен уруп келечегин айткандар элдик дарыгерлерге кирбейт. Алардын баарын алдамчылар деп койсок болот. Буларды текшерип, көзөмөлгө алган эч ким жок.
Акмарал Ааматованы тааныбайм. Бул жерге жетекчи болуп 2010-жылдын 24-декабрында келгем. Мен келгенде андай адам жок болчу. (Кадрлар бөлүмүнөн сураштыргандан кийин) Ал былтыр бизде келишим боюнча 3-4 ай иштеп, күзүндө кеткен экен. Башка маалыматым жок.
Мына ушундай, окурман, табыпка ишенип бир аял көз жумду. Мындайларга ишенип каза таппаса да, бар мал-мүлкүнөн ажырап калгандар канча. Бул окуя башкаларга сабак болсо дейбиз. Кылмыш иши кандайча иликтенип, жыйынтыгы эмне болору тууралуу кийин да жазабыз.
Айбек Нурадилов
koom@super.kg