Ливия
КАДДАФИГЕ ДҮЙНӨ КАРШЫ ЧЫКТЫБЫ?
19-март күнү Франциянын аба күчтөрү Муаммар Каддафинин көзөмөлүндө болгон Ливиянын бөлүгүнө ок жаадырып, анда 50гө чукул киши өлгөнү кабарланды.
Ливияда жарандык согуш башталгандан бери дүйнөлүк коомчулук дүрбөлөңгө түшүп, аны токтотуунун чараларын издей баштады. Ошентип, БУУ “Ливиядагы тынчтыкта жашаган карапайым калкты бийликтин запкысынан куткаруу зарыл” деген бүтүмүн чыгарары менен Каддафинин режимине каршы болгон өлкөлөрдүн армиясы “Одиссея. Таң” операциясына киришти. Анын жыйынтыгында Ливиядагы аскердик мекемелер жана лидердин хан сарайы бомбаланды. Айрым маалыматтарга ылайык, операциянын жүрүшүндө 50гө жакын киши каза болсо, 100дөн ашуун адам жаракат алган.
Учурда бул операция боюнча дүйнө эки топко бөлүндү. Каддафинин режимине каршы Франция, АКШ, Улуу Британия, Канада өңдүү мамлекеттер күрөшүп жатса, ал эми көп калктуу Кытай, Индия жана Бразилия бул кадамды колдободу. Каддафинин өзү операцияны “кресттүүлөрдүн варвардык басып алуусу” деп атады. Алардын максаты – Ливиянын нефть запастарына кожоюндук кылуу деп эсептейт. “Силер жок десеңер да, биз чоң согушка даярбыз”,- дейт Каддафи.
Гватемала
ПРЕЗИДЕНТТИН ЖУБАЙЫ ШАЙЛОО ҮЧҮН АЖЫРАШАТ
Гватемаланын биринчи айымы Сандра Торрес күйөөсү президент Альваро Колом менен ажырашууга документтерди тапшырды. Буга экөө тең макул экендигин билдиришкен. Анын мындай кадамына алдыдагы 2011-жылдын сентябрында өтүүчү президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтө тургандыгы себеп болгон. Анткени мыйзамга ылайык, өлкө башчысынын туугандары президенттик шайлоого катыша алышпайт. Ошондой эле Коломдун экинчи ирет ажолукка ат салышуусуна да Конституция жол бербейт.
Йемен
“КЕТСИН” ТАЛАБЫ КОЮЛДУ
Йемендин борбору Санада абал кайрадан курч маанайга өттү. Буга 18-мартта президент Али Абдулла Салехти колдогон тарап менен ага каршы жактын кагылуушусу учурунда 30дан ашык адамдын набыт болушу себеп. Мындан улам өлкө башчы өзгөчө кырдаал режимин киргизип, өкмөттү таркаткан. Бирок бул чечим көтөрүлгөн элди токтотууга жардам берген жок. Учурда оппозиция Салехтин кызматтан кетүүсүн талап кылууда.
АКШ
ПИНГВИН УЧАКТЫН ЖҮРГҮНЧҮСҮ БОЛДУ
Пит аттуу Магеллан пингвини Сан-Францискодон Сан-Диего шаарына сапар алган учактын жүргүнчүсү болду. Канаттууну “Деңиз дүйнөсү” уюмунун адистери илимий конференцияга ала келишип, кайра кайтканда ага учактын адамдар отуруучу салонунан орун алып беришкен.
90 мүнөттүк сапарда адистер пингвиндердин жашоосу жөнүндө жүргүнчүлөргө лекция окушту. Ошол учурда учактын салонун аралай баскан Пит жүргүнчүлөргө эрмек болуп берди.
Эреже боюнча, жаныбарларды салонго киргизүүгө болбойт. Аларды жүк коюлуучу бөлүмдө ташууга гана уруксат.
Өзбекстан
ЖУМУШ УБАКТЫСЫНДА НАМАЗ ОКУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ
Коңшу Өзбекстандын бийлиги Араб дүйнөсүндөгү окуялардан улам баш аламандыктын алдын алуу иштерин баштады. Алсак, кызматкерлерге күндүз иш орундарын таштап намазга барууга катуу тыюу салды. Ошондой эле 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн мечиттерге баруусун чектеди. Өз учурунда диний мекемелерге камераларды орнотуу менен атайын кызматтын өкүлдөрү байкоо жүргүзүп турушмакчы. Буга чейин бийлик кызматкерлердин жума намазга баруусуна да чек койгон.