ТАЛООНГО КАЛГАН «АТАТҮРК»

Бишкек шаарындагы мурунку “Достук”, азыркы “Ататүрк” сейил багында кайрадан курулуш иштери башталганы турат. Мындан улам бүгүн сейил бактын аймагында 20-40 жылдык дарактар кыйылып жатат.

УУЛАНДЫРЫЛЫП, ТЫМЫЗЫН ӨРТТӨЛГӨН БАК
“Ататүрк” сейил багындагы дарактар акыркы күндөрү белгисиз адамдар тарабынан түбүнөн өрттөлүп жаткандыгы жөнүндө угуп калган жайыбыз бар болчу.
Өткөн аптада сейил бактагы окуяларга кайдигер карабаган шаардыктардын демилгеси менен ишембилик болуп өттү. Бул иш-чаранын максаты сейил бакта болуп жаткан окуяларга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу жана акыр-чикирге толгон сейил бакты тазалоо болчу. Биз да сейил бакты тазалоого жардам берип, бул аралыкта айлана-чөйрөгө көз чаптырдык. Чынында эле кимдир бирөөлөр тарабынан атайын өрттөлүп, куурап калган бак-дарактарды кездештирдик. Тазалап жүргөнүбүздө ар биринин жанынан түшүнүксүз заттардын аралашмасы куюлган желим бөтөлкөлөрдүн калдыктары колубузга тийди. Дарактардын куурап калганына караганда, уулуу заттар окшойт. Ушундай окуялардын бирине күбө болгон аксакалды кепке тарттык. Ал: “Мен бул жерде көп болом. Эки-үч жолу кечке маал адаттагыдай сейилдеп жүргөндө, бети-башын жаап алган жигиттердин дарактардын түбүнө колундагы бөтөлкөлөрдөгү суюктуктарды төгүп жатканын көргөм. Кийин өрттөй баштаганына да күбө болдум. Жанына барып ким экенин сурагандан коркуп, алыстан гана байкап жүрдүм. Заман мындай болуп жатса, тиешелүү жерге кабар берүүдөн да чочулайт экенсиң”,- деди.

БАСЫП АЛУУНУ БАКИЕВ ТОКТОТО АЛБАЙ КОЙГОН
Эсиңиздерде болсо, экс-президент Курманбек Бакиев 2007-жылы өзү бул маселени чечүүгө билек түрө киришкен. Ал Бишкектин мурдагы шаар башчысы Арстанбек Ногоевге кандайча сейил бакта үйлөр курула баштаганын аныктап берүүсүн буюрган. Буга карата атайын комиссия түзүлүп, ал Жер кодексинин мыйзамын одоно бузуу менен 2000-жылдан бери сейил бактын аймагынан үй курууга 120дан ашуун тилке берилгенин тастыктап чыккан.
1981-жылы түзүлгөн план боюнча 107 гектардан турган бак Фрунзе шаарынын «СССРдин 50 жылдыгы» атындагы жашыл токойлуу маданий эс алуу борбору болмок. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө сейил бактын чыгыш тарабын заңгыраган үйлөрдүн айылы ээлесе, эми батыш тарабында бактарды кууратуу боюнча тымызын иштер башталды. Мунун артында ким турары азырынча белгисиз, бирок ал жерде жаңы курулуштар пайда болуп калса, таң калбай деле койсо болчудай.

КЫЙЫЛГАН БАКТЫН АРТЫНДА ЖАШЫНГАН КИМ?
Сейил бактын чыгыш тарабындагы 11 гектар жер 2000-жылдан кийин 120 тилкеге бөлүнгөн. Үйлөрдү куруу учурунда баш-аягы 1,5 миңге чукул дарак кыйылган. Тилкеге ээлик кылган кожоюндардын көпчүлүгү мурунку жана азыркы аткаминерлер. 2008-жылы Бишкектин экс-мэри Данияр Үсөнов тилке ээлеринин тизмесин жарыялап, анын ичинде Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков, депутат Курманбек Осмонов өңдүү адамдардын ысымы айтылган. Андан сырткары жер тилкелердин баштапкы ээлери катары тизмеде мурунку өкмөт башчысы Апас Жумагулов, экс-министр Турсун Турдумамбетов, экс-депутат Рашид Тагаев, Суу чарбачылыгы жана мелиорация боюнча комитетинин төрагасы Зиядин Жамалдинов, экс-спикер Айтибай Тагаев, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшө­баев жана башкалар да бар болчу. Ушул чыр чыккандан кийин 2008-жылы экс-депутат Азизбек Турсунбаев менен Эсептөө палатасынын мурунку төрагасы Искендер Гаипкулов өздөрүнүн жер тилкесинен баш тартышкан.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда Бишкектин чет жакасында мыйзамсыз жер басып алгандардын кепедей курулган үйлөрү шаар башчылыгы тарабынан талкаланганын көргөнбүз. Анда мыйзамга таяп чыркыраган үй-бүлөлөрдүн үнүн угушкан эмес. Бирок шаардын чок борборундагы сейил бактын аймагында заңгыраган тамдарга келгенде эч кимдин уратып салууга деми жетпей келет. Демек, бүгүнкү болуп жаткан окуяларды деле атайын көз жаздымда калтырышып, эртең дарактар толугу менен кыйылып, ордуна курулуштар тургузулса, бийлик тарап унчукпай калуусу толук ыктымал. Андыктан шаар башчылыгы эртерээк чара көрбөсө, жакынкы жылдары сейил бактын батыш тарабында да хан сарайлардын пайда болоруна шек жок.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

  • 1996-жылы сейил бак Эл аралык «Ататүрк» фондуна 49 жылга ижарага берилген.
  • “Ататүрк” сейил багынын жалпы аянты – 82 гектар. Анын ичинен 12 гектарын эс алууга ылайыкталган бак ээлесе, калган аймакта бак-дарактар отургузулган.
  • Орточо эсеп боюнча, 20 миңге чукул бак-дарактын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 13 миңге жакыны кыйылган.

Кубаныч Сыдыков, Абдырай кызы Бегайым
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Arimaz
2011-03-25 20:09:34
Emne uchun ech kim miyzamdan korkpoyt??? Ushunday da bolmok bele????
Tilekke karshi bizde baary ushunday. Kiyilgan bak-daraktar uchun ichim achiship jatat.
0
NURSULTANNAMAZALIEV
2011-03-26 21:33:39
мен призидент болмойунча кыргызстан эч онолбойт
0
artelow
2011-03-28 16:42:55
биздин мэрия козун жаап алганбы? ушундайларды карап, коргобойбу. 10 жылдан кийин мынтип отурсак Панфилов паркына да уй салып, казан асып жыргап эле отуруп калабыз
0
imperator
2011-03-29 14:42:59
Нурсултан туура айтасын. Сен президент бол.Бирок,башкаруу азыр премьер министрде да.
0
Titi
2011-03-30 12:56:43
Эми ушул паркка тийишпей коюшса не болот эле? Депутаттарды карасан ичи чыгып жарылып кетейин деп турушат дагы эле ичем,жейм дешет тобо.
0
bomba
2011-04-01 13:57:09
Kairan gana bizdin...
0
№ 438, 25-31-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан