ДҮЙНӨ ЭЛИНИН ЖҮРӨГҮН ТИТИРЕТКЕН 9 БАЛЛ

Планетабыздын технологиялык цивилизациясы атыккан Япония жаратылыш кырсыгына кабылгандан тышкары радиациялык оорулардын коркунучунда калууда.

ЯПОНИЯНЫН ТАРЫХЫНДАГЫ ЭҢ ИРИ ЖЕР ТИТИРӨӨЛӨР
1293-жыл,
Камакура шаары. 23 024 киши өлгөн, зилзала цунамини пайда кылган.
1586-жыл, Исе булуңу. 8000 киши каза болгон, жер титирөө цунамини пайда кылган.
1703-жыл, Босо жарым аралы. 108 000 киши өлгөн, жер титирөө цунамини пайда кылган.
1707-жыл, Нанкайдо. 30 000 кишинин өмүрүн алып кетип, жер титирөө цунамини пайда кылган.
1847-жыл, Нагано. 12 000 киши өлгөн.
1855-жыл, Токио. 6757 киши каза болгон, жер титирөө цунамини пайда кылган.
1891-жыл, Мино-Овари. 7273 киши өлгөн.
1896-жыл, Санрику. 27 122 кишинин өмүрү кыйылган, жер титирөө цунамини пайда кылган.
1923-жыл, Канто. 143 000 киши өлгөн, жер титирөө цунамини пайда кылган.
1948-жыл, Фукуи. 5131 киши каза болгон.
1995-жыл, Кобе. 6434 киши өлгөн, жер титирөө цунамини пайда кылган.
2011-жыл, Хонсю аралынын түндүк-чыгышы. Өлгөн кишилердин саны тактала элек, жер титирөө цунамини пайда кылган.

«ФУКУСИМА-1» – ЖАҢЫ ЧЕРНОБЫЛБЫ?
«Фукусима» – Токио шаарын электр энергиясы менен камсыз кылып туруучу дүйнөдөгү эң чоң атом-энергетикалык комплекстеринин бири. Ал эки АЭСтен («Фукусима-1» жана «Фукусима-2») туруп, жылына 8800 мегаватт электр энергиясын иштеп чыгарат. Маселе жаратып жаткан «Фукусима-1» АЭСи 1971-жылы ишке киргизилген. Адистердин айтымында, бул АЭС «Чернобыль» АЭСинин тагдырын кайталабайт. Себеби «Фукусима-1деги» реакторлор жаңы типте. Акыркы маалыматтар боюнча «Фукусима-1деги» 6 энергоблоктун төртөөнөн өрт чыгып, жарылуу болгон. Акыркы 2 блок, бешинчиси жана алтынчысы ошол убакта иштебей тургандыгына байланыштуу жабыр тарткан жок. АЭСтин өзүнүн айланасында радиациянын деңгээли нормадан 1600 эсеге жогорулаган. Цунаминин кайра кайталанышынан жана радиацияга чалдыгуудан корккон АЭСтин отуз чакырым айланасында жашаган калк өкмөттүн “үйдөн чыкпагыла, тынчтыкты сактагыла” деген кайрылуусуна карабай, коопсуз жерлерге кетүүгө шашып жатышат.
Башка өлкөлөрдүн жарандарынын көпчүлүгү да өз мекендерине кетишүүдө. Орусиянын Хабаровск, Камчатск крайларында жана Сахалин облусунун аймактарында 610 стационардык жана жылып жүрүүчү посттор күчөтүлгөн режимде радиациянын деңгээлин тынбай текшерүүдө. Алардын маалыматында, Орусиянын аймагында бүгүнкү күнгө чейин радиация нормадан ашкан жок. Ошого карабастан, Сахалинде авиабилеттер калбай калууда. Ошондой эле элдер йод менен кызыл шарапты көп өлчөмдө сатып алышууда. Бул калкан сымал бездин оорусуна чалдыккандар үчүн керек деп айтылууда. Анткени ансыз да йоддун жетишсиздигине тушуккан калкан сымал без нурдануу кезинде абадагы радиоактивдүү йодду жутуп алып, оору күчөп кетет делет.
Эгер радиация коркунучу туулса, Куриль жана Сахалин аралдарынын тургундарын Орусиянын аскер кызматкерлери материкке көчүрүүгө даяр.
Негизинен, алааматтын башкы сок­кусуна дуушар болгон Мияги, Ива­тэ жана Фукусима аймактарынын түндүк-чыгыш бөлүктөрүндө ки­­ши­лер көп курман болуп, жарым мил­­лиондой адам эвакуацияланды. Мия­гинин өзүндө эле өлгөн кишилердин саны 15 миңге жетиши мүмкүн делүүдө.
Зилзаладан жабыр тарткан жерлерде куткаруучулар тынымсыз иштеп жатышат. Антсе да кар аябай жаап, катуу суук болгондуктан, тирүү калгандарды табуу күмөн.

ТАҢ КАЛАРЛЫК ТҮРДӨ ТИРҮҮ КАЛГАНДАР
Цунамиден жабыр тарткан Ишиномаки айылындагы урандыларды тазалап жатышкан куткаруучулар кокустан баланын ыйлаган үнүн угуп калышат. Бул убакта кырсык болгонуна үч күн болгондуктан, кимдир-бирөөнүн тирүү калганына ишенүү кыйын эле. Бирок урандылардын арасынан 4 айлык кызды таап чыгышат. Текшерип көргөн медиктер ал эч кандай жараат албагандыгын маалымдашат. «Кызыбызды экинчи көрбөйбүз го» деген ата-эне сүйүнүчтөн өздөрүнө араң келишкен. Көрсө, зилзала убагында атасы кызын көтөрүп шашып баратканда баткак жана урандылардан турган толкун сүзүп, кызды алып кетиптир. Наристе кантип думукпай тирүү калгандыгы табышмак бойдон калууда. Мындан башка да тирүү табылып жаткандар бар. Мисалга, Оцути шаарындагы урандылардын арасынан 70 жаштагы кемпир 4 күндөн кийин тирүү табылган.

КҮН ЧЫГЫШ ӨЛКӨСҮ ЭМИ ТОКТОП КАЛГАН
ЗАВОДДОР ӨЛКӨСҮ
“Хонда”, “Тойота”, “Ниссан”, “Субару” жана “Мазда” автоунаа чыгаруучу фирмаларынын кээси зилзаланын айынан, кээси электр энергиясын үнөмдөө максатында иштебей токтоп калышты. “Никон” корпорациясынын заводдору жана башка ондогон ири микрочип чыгаруучу заводдор да токтоп турат. Иенанын курсу башка валюталарга салыштырмалуу өсүп бараткандыгына байланыштуу Япониядан чыккан товарлар кымбаттоодо. Япониянын премьер-министри Наото Кан 11-марттагы окуядан кийин кантип өнүгүүнүн программасы иштелип жаткандыгын айтты.

ЗИЛЗАЛАНЫН БАШКА ТААСИРЛЕРИ

  • Зилзаладан улам пайда болгон цунами ошол эле күнү АКШнын батыш жээктерине жеткен. Калифорния штатындагы жээктерде жайгашкан райондордун миңдеген тургундары үйлөрүн таштап кетишкен. Зор толкун ал жакка жеткичекти күчүн жоготуп, кыйроолорду алып келген жок. Болгону, Кресент-Сити шаарында бухтада турган 35 кеме талкаланып калды.
  • Цунамини пайда кылган Япониядагы күчтүү зилзала Хонсю аралын 2,4 метрге, ал эми жердин огун 10-15 сантиметрге жылдырып салды. Алдын ала эсептөөлөргө караганда сутка 1,6 микросекундага азайган.

ФУДЗИ ЖАНАР ТООСУ ОЙГОНОБУ?
Кайталанып жаткан жер силки­нүүлөрдүн жыйынтыгында өлкөнүн символу деп эсептелген Фудзи (Фудзияма деп да аталат) жанар тоосу ойгонушу мүмкүн. Айрым япон адистеринин айтуусунда, үч кылымдан бери атылбай уктап жаткан бул жанар тоону Идзу жарым аралында болгон акыркы жер термелүүлөр ойготуп жибериши ыктымал. 15-мартта күчү 6 баллга жеткен зилзаланын очогу тоо жайгашкан аймактын 10-14 чакырым тереңдигинде катталган. Япониянын жана Американын сейсмологдору «акыркы жолу 1707-жылы лава бүрккөн Фудзи жанар тоосу кайра жанданышы мүмкүн» деп эскертишүүдө. Кокусунан Фудзи ойгонсо, ансыз да кыйналып турган жергиликтүү калк үчүн да, бийликтегилер үчүн да кошумча кыйынчылыктарды жаратат. Анын бир гана жалын бүркүшү «Фукусима-1» АЭСи­нин радиоактивдүү бөлүкчөлөрүн абдан чоң аймакка таратып жибере алат. 781-жылдан бери Фудзи 12 жолу атылган. Алардын эң ириси 800-жылы, 864-жылы жана 1707-1708-жылдары атылганы эсептелет. 18-кылымда атылганда тоонун чыгыш боорунда жаңы кратер пайда болуп, андан чыккан күл Токионун көчөлөрүн 15 сантиметрге көөмп калган.
Учурда Миядзаки аймагындагы (Кюсю аралы) Синмоэ жанар тоосу кайрадан атылып, анда күл жана таштар төрт миң метр бийиктикке чейин бүркүлүүдө.

КЫРСЫКТАН АКЧА ИШТЕП ЖАТЫШАТ
Японияда болгон кырсыктан улам өздөрүн кайрымдуулук мекемелерибиз деп атап, акча чогултуп жаткандар пайда болууда. Зилзаладан жапа чеккендерге жардам сурайбыз деген сайттар да жаралды. Ошентип, айрым шылуундар кырсыктын артынан өз чөнтөктөрүн кампайтууда.

МЕКЕНДЕШТЕРИБИЗ КАЙТЫП КЕЛИШТИ
18-март күнү түнкү саат 12ге чукул Кыргызстандын учагы зилзаладан жана топон суудан жабыркаган Японияда окуп жана иштеп жүргөн 90 жараныбызды алып келди. Буга чейин 15-мартта да Казакстандын учагы аркылуу Япониядан 21 кыргыз атуулу кайтып келген. Азыркы убакта Японияда 50дөй кыргыз жараны калганы маалымдалды. Алар шартына карап, Японияда калууну туура көрүшкөн. Кайтып келген мекендештерибиз япон эли кыйынчылыктарга татыктуу туруштук берип, паникага алдырбай, мародёрлукка барбагандыгын айтышууда. Ошондой эле дүкөндөр кадимкидей иштеп жаткандыгын, соодагерлер тамак-аштын баасын кымбаттатпай, өкмөт жабыр тарткандарга керектүү нерселерин убагында бергенге аракет кылып жаткандыгын билдиришти.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
nurbek_posol
2011-03-25 21:09:20
Кырсыктан Кудай сактасын.
0
aminali
2011-03-25 22:46:05
4 ailik kizdi TVdan korup alip men da ilagam.
0
imperator
2011-03-25 23:44:20
Ымыркайлардын боодо кырсыктарда аман калгандыгы коп эле кездешип жатат.Ал да болсо Кудайдын керемети. Акырет жакындашып атат чамасы.
0
chopa1971
2011-03-26 01:53:51
Акыр замандын келгени ушулбу дейм. кудай озун сактай кор
0
TolonturCN
2011-03-26 11:06:29
Жер шарынын картайып калган убагы, экологиянын ченемсиз бузулушунан улам жер шарынын карып келип акыры замандын белгилери көрүлүп жаткандай чочутат кишини.
0
smile
2011-03-28 12:54:28
9kunndon kiin tabilgan 16 jashtagi bala 80 jashtagi chon enesi menen aman kalgandigin da TVdan korgozuudo.
0
DoctorVOROBEI
2011-03-30 11:10:25
Кырсык каш кабактын ортосунда экен
0
Titi
2011-03-30 12:53:40
Акырет жакындап келе жатат деген ушул окшойт. 2012 декабр болот дешуудо. Ванга айткан экен Японияны орт каптайт деп,мына ошол болуп жатат.
0
armi
2011-04-01 13:27:53
Kudai Saktasyn, andai suuk sozdor m-n adamdyn jurogun tuwurbogulo4u, InshAllah baary jakwy bolot!!! 12.12.12 dep okwow sifrany oilop taap ele kino tartyp koyuwsa iwenip albagyla4y:((
0
bomba
2011-04-01 14:26:28
Kudaiym ozu saktasyn, Myndai nerselerdi aityp adamdy korkutpagyla4y? Baary jakwy bolup ketet.
0
ulan aida
2011-04-01 17:34:14
Мынжай жер титироодон Кудай сактасын!
0
№ 438, 25-31-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан