Кезинде дүйнөнү титиретип турган кикбоксчуларыбызды кайсы кыргыз билбейт. “Гермес-профинин” доору Руслан Абасов спорттон кеткенден кийин бүткөн” деген кеп бар. Учурда Руслан Абасов эмне менен алектенет? Ушул жана башка суроолорго жоопту даңазалуу спортчубуз Руслан Абасов өзү берет.
АБАСОВ РУСЛАН АКЫЛБЕКОВИЧ
Туулган жылы – 1976-жыл, 15-ноябрь
Туулган жери – Токмок шаары
Бою – 196 сантиметр, салмагы – 116 килограмм
Жетишкендиктери – Кикбокс боюнча профессионалдар арасында 3 жолкудан Дүйнө (1999, 2003, 2005) жана Европанын (1998, 2000, 2005) чемпиону; Дүйнө кубогунун ээси (2002); Барс версиясы боюнча КМШ, Евразия, Европа жана Дүйнөнүн чемпиондук курларынын ээси.
Лакап аты – Гермес
Билими – Токмок технологиялык институтунун экономика бөлүмүн бүтүргөн
Кумири – Сүймөнкул Чокморов
Үй-бүлөлүү, 2 уул жана 1 кыздын атасы. Учурда Токмокто жашайт.
– Руслан байке, кичинеңизде ким болууну самачу элеңиз?
– Биздин убакта бир эле кумир, бир эле идеал бар болчу. Брюс Ли деген. Балдар чогулуп анын кинолорун көрүп, баарыбыз Брюс Ли боло берчүбүз. Брюс Лидей болсок деп кыялданчубуз. Гагаринден кийин эле Брюс Ли турчу.
– Сиздин спортзалга барууңузга Брюс Ли түрткү болуптур да. Биринчи кайсы спорт секциясына баргансыз?
– Токтогул Сатылганов атындагы интернатта окуп жүргөндө балдар менен чогуу күрөшкө баргам. Спортзалды биринчи эркин күрөш аркылуу билгем. Алмаз Мусабаев деген машыктыруучу бар эле. Ошого барчубуз.
– Спорт менен алектенүүнү эркин күрөштөн баштаган экенсиз. Кикбокско кандай келип калгансыз?
– Кикбокстон мурун бокс менен машыккам. Анткени күрөшкө бара баштагандан 6 айдан кийин эле ал секция жабылып калган. Бокс залында Алтай Өмүрбаев, Вячеслав Шарапов деген машыктыруучулардын кол алдында тарбияландык. Бир күнү балдар менен баскетбол ойногону бир залга барсак, жабык экен. Кетип баратып топ балдарды көрүп калдык. Көрүнүшүнөн чымыр денелүү, спорт менен машыккан, спорттук сумкаларды көтөргөн балдар. Мен таң калып туруп калдым, чогуу келген балдар болсо кетип калышты. Көрсө, алар Кубат Абылкасымов деген машыктыруучуга ушу-саньда боюнча машыгууга келген балдар экен. Машыгуу башталганда аларга кошулуп, уруксаты жок эле катарга туруп алдым. Алар мени жаман көздөрү менен карай башташты. Өзүмө ишенген бала болчумун да анда (күлүп). Анан машыгуу башталып, Кубат агай менин ким экенимди сурады. “Мен ушул жакта жашайм. Байкашымча, машыгууну баштап жатасыңар. Чогуу машыксам болобу?” дедим. Анда агай: “Эй жигит, сен машыгууну сыртынан байкап көр. Машыгуу бүткөндөн кийин каалооң болсо, анан кел”,- деди. Макул болуп, машыгууну сыртынан карап отуруп түңүлдүм. Анткени ага чейин күрөштө, боксто деле машыктыруучулар бизге “бири-бириңерди аягыла, этият мамиле жасагыла” деп айтышчу. Ал эми бул жерде балдар бири-бирин талкалап салганга чейин барып жатышты. Ургандары да таамай тиет, жыгылышат, мурундары канайт. “Аа, ушу-саньда деген ушул турбайбы” дедим. Бирок менде коркуу сезими болгон жок. Тескерисинче, кумар, шерденүү пайда болуп, аябай кызыгып, машыккым келип кетти. Машыгуудан кийин Кубат агайга барып: “Кечирип коюңуз, уруксат сурабай катарга туруп алганым үчүн. Мага машыгуу жакты. Уруксат болсо, залга келип турсам болобу?”- дедим. Агай макул болду. Ошентип, Кубат агай жетектеген “Аалам” спорт клубунда машыга баштадым. Бокстон ушу-саньданы тандап кеттим. Анткени бала кезде самаган Брюс Линин киносунан көргөндөрүмдү ушу-саньдада ишке ашырдым.
– “Гермес-профиге” кантип келип калгансыз?
– Александр Хусаинович, анын тарбиялануучулары Тахир жана Таалай Дүйшекеев, Иса Мамбетов, Маралбек Давлеткуловдор менен 1994-жылы Токмокто өткөн ушу-саньда боюнча Кыргызстандын биринчилигинде таанышкам. Ал менин биринчи чоң мелдешим болчу. Финалга чейин жеткем. Ошондо “бул баладан бирдеме чыгат” деген кептерди угуп калгам. “Гермес-профиге” кирип калышыма Малик Борбашевдин салымы зор. Ал анда Токмокто Брюс Лидей эле авторитет болчу. Ал мени сыртымдан байкап жүргөн экен. Бир күнү: “Сени билем, акырына чейин мушташасың. Мен сага ишенем. Бизге келип, “Гермес-профиде” эле машыкпайсыңбы?..”- деди. Эртеси сумкамды көтөрүп Бишкекке жөнөп кеттик. Ошентип, “Гермес-профи” деген клубдун мүчөсү болуп калгам.
Мен ушул жерден Алтай Өмүрбаев деген машыктыруучум жөнүндө айтып кетким келет. Анын менин машыктыруучуларымдын арасында орду өзгөчө. Ал машыктыруучу, педагог, ага болчу жерде ага, керек болсо атамдай болгон. Ал мага көптөгөн пайдалуу кеңештерин берип, чоң спорттун сырларын үйрөткөн. Анын машыгуудан кийин деле мени менен баарлашып, ар бир аракет, соккуларымды айтып түшүндүргөндөрү, «мындай каталарды кетирбе, мындай кылсаң туура болот» дегендери эсимде. Натыйжада ошол кеп-кеңештерди угуп, ири жеңиштерге жетиштим.
– Карьераңызда эң оор деп кайсы беттешти эсептейсиз?
– Негизи, супер оор салмакта менин бир атаандашым бар эле. Мен анын жанында “Аяз кыз” болуп калчумун. Бою 2 метр 19 сантиметр, салмагы 150 килограммга чукул Александр Устинов деген. Ал өзү орус, бирок Беларустун туусунун астында рингге чыгып жүргөн. Мындайча айтканда, дөө болчу да. Аны менен 2005-жылы Бишкекте мурунку президент Бакиевдин кубогунун финалында мушташканбыз. Андан 15 күн мурда Москвадагы мелдеште оң бутумдан жаракат алып, намысты алдырбаш үчүн оорулуу бутум менен мушташууга туура келген. Бут менен тебүү биякта турсун, жаракатым кайрадан күчөп, жөн гана тура албай калгам. Анан машыктыруучулар менен дарыгерлер кеңешип, бутума ооруну сездирбөөчү 15 ледокоин уколун салышкан. Ошондо бутумду сезбей, ашыкча 30 килограмм жүк байлап койгондой эле болуп калган да. Ошентип, экөөбүз 5 раунд уруштук. Ал мени ошондой абалда мушташып жатканымды билип турса да, уруп жыга алган эмес. Ошондо ички күчпү, мүнөзбү билбейм, анан миңдеген күйөрмандардын жан үрөп колдоосунун артынан упай боюнча жеңип чыккам.
– Эми сөздү үй-бүлөгө бурсак. Кандай үй-бүлөдө чоңойгонсуз? Ата-эне, бир туугандарыңыз жөнүндө да айта кетсеңиз...
– Мен ошол кездеги катардагы карапайым жумушчунун үй-бүлөсүндө чоңойгом. Атам Акылбек кичинемде каза болуп калган. Экинчи атамды ата деп өскөм. Апам Жумагүл фабрикада иштечү. Биринчи машыктыруучу деп апамды эсептейм. Мирлан, Мирбек аттуу инилерим жана Миргүл деген карындашым бар. Баары үй-бүлөлүү. Үйлөнүп-жайланышкан.
– Жеке жашоого келсек. Жубайыңыз менен кантип таанышкансыз?
– Жубайымдын аты – Айчүрөк. Экөөбүз Токмокто, мелдеш учурунда таанышканбыз. Анда мен 22де, ал 11-класстын окуучусу болчу. Жылдызыбыз келишип, сүйлөшүп жүрдүк. Айчүрөк мени ар тараптан колдоп, көп жардам берди жана берип келет. Чогуу салмак кууп жүргөн күндөр болгон. Сүйлөшүп жүргөндө «Дүйнө чемпиондугун жеңейин, анан үйлөнөбүз» дечүмүн. Анан 2003-жылы баш кошконбуз.
– Cпортчулар балалуу болгондо жубайынын жанында эмес, мелдештерде болуп калгандарын көп угам. Сизде бул жагы кандай?
– Мен да тун уулум төрөлгөндө Ялтада өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна даярданып, машыгуу сборунда жүргөн элем. Төрөт үйүнө Александр Хусаинович менен менеджерибиз Полина Мельникова барган. Мен телефон аркылуу сүйлөшкөм. Анан мелдешке кетип баратып, чемпион болуп кайтам деп убада бергем. 11 бала барган элек, бир гана мен чемпион болдум. Финалга чейин бардык беттештерим 3 раунддан ашкан эмес. Ал эми финалда украин спортчусунун жамбашы рингден көтөрүлгөн эмес. Мотивациям күчтүү болчу, ошондо Майк Тайсонду да жеңмекмин деп ойлойм. Айткандай эле уулума алтын медаль алып келип моюнуна таккам.
– Канча балаңыз бар? Балдарыңыздын келечекте ким болуусун каалайсыз?
– Темирлан азыр түрк лицейинде 1-класста окуйт. Күнүгө «5» алып келип кубантат. Дагы Лейла деген кызым жана Руслан аттуу уулум бар. Сыр болчу, эми айта берейин. Руслан деп койгонумдун себеби – ал кенже Абасов Руслан Русланович. Азыр 9 айлык. Ошентсе да андан үмүт чоң. Суроо-талап да чоң болот. Өзү да 4,5 килограмм салмакта төрөлгөн. Буюрса, Руслан келечекте бокс боюнча Олимпиада чемпиону болсо дейм. Бул үчүн бүт күч-аракетимди жумшайм. Уулум Руслан Олимпиада чемпиону болот деп ишенем. Азырынча эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиада чемпиону жок. Токмокто чоң спорт комплексин ачуу планым бар. Кубадан мыкты машыктыруучуларды чакырууну максат кылып жүрөм.
– Бизди кызыктырган башкы суроого да жеттим окшойт. Учурда Руслан Абасов эмне менен алектенет?
– Нарындын Ак-Сай өрөөнүндө 50 миң гектар жерим бар. 7 жылдан бери ошол жакта аң уулоочулук менен алектенип келем. Учурда Кыргызстанда жаныбарлар абдан эле аз. Элик, тоо текелер, кайберен деп коёбуз жана аркар. Туяктуулардан ушул 3 жаныбар бар. Эмне үчүн Кыргызстандын байлыгы алтын же акча менен эле өлчөнүшү керек? Эмне үчүн мекенибизди табият жагынан байыта албайбыз? Биздин жаратылыш шартында жашап кете турган көптөгөн жаныбарлар бар. Алсак, Непалда гималай тарлары (койдун бир түрү), нахур (койдун бир түрү), серна (эчкинин бир түрү), түндүк америка ак куйруктуу бугусу (биздин эликтен чоңураак, бугудан кичирээк) бар. Булар токойлорубузда абдан жакшы жашашмак. Мунун баары байлык да. Аларды алып келсек, 5 жылда ушунчалык көбөйөт, атып же карышкыр жеп да жок кыла албайт. Азыр ошол жаныбарларды алып келүү боюнча долбоорлордун үстүндө иштеп жатам. Эгер ишке ашып калса, табиятыбызга көрк кошуп, улуттук баалуулук болмок. Мындай тажрыйбаны Жаңы Зеландия аралынан көргөм.
Учурда аркар-кулжа, эчки-текелерибиз азайып кетти. Биринчиден, мергенчилик аябай мода болууда. Экинчиден, карышкырлар жаныбарларды жеп жок кылууда. Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарын жөнгө салуу департаментинин каражаттын жоктугунан карышкырларды жок кылууга кудурети жетпей турат.
– Руслан байке, кызыктуу маегиңизге рахмат, ой-максаттарыңыздын баары орундалсын!
– Мени эстеп койгонуңуздар үчүн сиздерге да рахмат. Ийгилик каалайм!
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg