КЫРГЫЗ ЦИРКИ КЫЙРООДОБУ?

Учурда “Кыргызстанда искусствонун бул түрү жоголуп кетүү коркунучунда” деген коңгуроолор кагылып келет. Башка өлкөлөрдөй Кыргызстанда бир нече цирк жок. Ушул бир цирк имараты соккуга кабылып, менчикке өтүү коркунучун да башынан өткөргөнү чынында эле өкүнөрлүк иш. Цирк өнөрүнүн күнгөй-тескейине кызыгып, бир катар суроолорго жооп издедик.

АЛГАЧКЫ КЫРГЫЗ ЦИРКАЧ – ЧЖАН ФУН-ЛИН
Кызыгы, алгачкы кыргыз циркачы кытай улутундагы адам болгон экен. 1962-жылы өкмөттүн чечими менен эң алгачкы кыргыз цирк труппасы түзүлгөн. Ал “Жаш Кыргызстан” деп аталып, анын жетекчиси болуп кытай улутундагы Чжан Фун-Лин дайындалган (кыргыздарга каны сиңишип калган кытай кийин Жаныбеков деген фамилияга өткөн дешет). Цирк аренасына кыргыз труппасы алгач 1963-жылы 20-октябрда чыккан. Бул дата кыргыз циркинин төрөлүү күнү катары тарыхта калган. Ал эми 1976-жылы 1000ден ашуун орундугу, циркке ылайыкташкан технологиясы менен цирк имараты курулган.
Мына ошол цирк имаратынын тарыхында көп нерсе болгон. Мисалы, экс-директор Таштанбек Жолдошбеков эгемендүүлүктөгү өткөөл мезгилден пайдаланып, цирк имаратын менчигине өткөрүүгө аракет кылган экен. Атүгүл жеке ишкерлерге 10 жылга өз наамынан ижарага бергени аныкталган. 2005-жылы бул тууралуу кылмыш иши козголуп, цирк кайрадан мамлекеттин менчигине өтүп, мурунку директор соттолуп, эркинен ажыратылыптыр. 2004-жылы учурдагы гендиректор Курмангазы Исанаев бул орунга отурган.

«ГИННЕССКЕ» КИРГЕН ЖААЧЫ КЫЗ
Кыргыз жигитовкачылары тууралуу кабарыңыз бар чыгар, а бирок кыргыз акробат кызынын цирк өнөрү боюнча “Гиннесс рекорддор китебине” киргендиги жөнүндө көпчүлүк билбесе керек.
Аида Акматова 14 жашында бул сыйга арзыган. Колу менен жер таянып, жыландай ийилген ал бут манжасы менен жебе тартып, бир нече аралыкта турган бутага таамай тийгизүү менен рекорд жасаган. Бул Кыргызстан эле эмес, Азия боюнча цирк дүйнөсүндө биринчи жолку чоң сыймык экени талашсыз. Бирок мындай таланттар жаралган кыргыз циркинин абалы көңүл кубантарлык эмес экенин чебер акробат, 30 жылдан ашык өмүрүн цирк өнөрүнө арнаган Мурат Акматов айтып берди.

«ЦИРК ЖОГОЛУУ КОРКУНУЧУНДА»
– Мурат агай, бул өнөр сиз үчүн...
– Бул өнөр жашообуз десем да болот. Алгачкы карлыгач болгон “Жаш Кыргызстан” труппасынын негизинде өнүккөн “Жаңы Кыргызстан” деген труппаны жетектеп келем. Аялым спорттук гимнаст болсо, өзүм акробатмын, эки кызым тең акробат. Улуу кызым Аида азыр өзүнчө гастролдоп жүрөт.
– Сөзүбүздүн нугун цирктин азыркы абалына бурсак...
– Абалы мышык ыйлагыдай. Чыгармачыл адам катары бул ишке көзүмдү жумуп коё албайм.
– “2005-жылы оңдоп-түзөөгө мамлекет тарабынан миллиондогон акча бөлүндү” деген сөздөрдү уккан элек. Натыйжа барбы?
– Силер оңдоп-түзөө иштеринин болгонуна ынанып жатасыңарбы? Чатыры кулайын деп араң турат. Куполунун түрү бир укмуш. Азыр үч гана труппа бар: жигитовка, акробаттар, жонглёрлор. Жонглёрлор да Орусиянын жарандыгын алгандар. Демек, иштеп жаткан чыныгы кыргыз труппасынан экөө гана. Циркте бир дагы жаныбар жок. Эптеп өз акчама иттерди алып (2 итти цирк сатып берген), аларды аялым үйрөтүп жатат. Анын тамагына акча бөлүнүшү керек эле, бир эле айына төлөп, кийин унчукпай коюшту.
Ачык эле айтайын, директорубуз цирктин айрым терминдерин да билбейт. Өткөндө менин труппама керек болгон майда-барат нерселерди тизмелеп, акча сурап кайрылгам. Директор “бул эмне?” дейт. Булардын бизге керек экенин, аларсыз труппадагы балдардын өмүрү коркунучта болорун айтсам, “акча жок” дейт. Менин сураган нерселерим 25-30 миң сомду түзмөк. А дамамат концерт коюлуп, булуң-бурчу ижарага берилип, андан түшкөн акча кимдин чөнтөгүнө кетип жатат? Анан цирк үчүн арзыбаган акчаны аяганы эмнеси?!
– Мамлекет тарабынан текшерүүлөр болбойбу?
– Неге болбосун? Салыкчылар келип, бул жак, тиги жакты карамыш болуп, “бардыгы жайында” деп кетишет. Отчёт үчүн жалган цифраларды толтурушат. Баса, менин труппамдын наамына бир нече жылкыны, дагы далай нерселерди жазып коюшуптур. Эми жөнөкөй адамда деле суроо келип чыкса керек, “акробатка аттын эмне кереги бар?” деген. Ушундай жалган отчёттор менен иш жүрүп эле келе жатат.
– Бул нерселерди жөнгө салууга аракет кылып көрдүңөр беле?
– Министрге чейин барган учурларым болду. Мени “наам алгысы келип жатат” деп ойлошту окшойт, “сага Эмгек сиңиргенди бергени жатабыз. Бирок ага акча керек” дейт. Мына сага тамаша! Мен 30 жылдан бери циркке өмүрүмдү арнап келсем, башка өлкөлөрдөн эч кандай акчасы, башкасы жок эле баш байгелерге ээ болуп жүрсөм, өз элимден наам алыш үчүн акча төлөшүм керекпи? “Рахмат, эгерде мен татыктуу болсом, бергиле. Наамды сатып алуу – мен үчүн уят” деп чыгып кеттим.
– Демек, кийинки жетекчилик менен мурунку жетекчиликтин айырмасы жок тура...
– Кызык салыштыруу, бирок мен качып кеткен эки президентке буларды көп салыштырам. Биринчисинин катасын экинчиси кайталап, циркти өз кызыкчылыгы үчүн колдонушууда. Менин оюмча, жетекчиликтин башында бул өнөрдү толук билген адис турушу керек. Ал эми менеджер, ишкер адам анын көмөкчүсү гана боло алат. Эгерде цирктин эч нерсесин түшүнбөсө, ал чыгармачыл топту кантип өнүктүрөт да, кантип жогорку деңгээлге жеткирет? Максатым – труппама кыргыз жигиттерди тандап, тарбиялап чыгаруу. Азыр Манат Эшимбеков жана мен турган үчүн кыргыздын эки труппасы чыгып жатат. Ордубузду баса тургандарды тарбиялабасак, кыргыз цирк өнөрү күм-жам болору турган кеп.


Экинчи тарап эмне дейт?

"БИЗДЕ БИР ЭЛЕ ЭШЕК БАР"

Биз эки жактын тең пикирин угуп көргүбүз келди. Мамлекеттик цирктин башкы директору Курмангазы Исанаевге суроолор менен кайрылдык.

– Курмангазы Исанаевич, циркте аты жазылып, заты жок адамдар көп жылдан бери бар дешет. Буга эмне дээр элеңиз?
– Бул сөздү айтып жаткандар мага көө жабуунун аракетин кылып жатышат. Алар жокко чыгарган оркестр үнүн жаңыртып ойноп жатканын элдин баары эле угуп жүрбөйбү. Алардын курамы 11 адамдан турат. Негизи, циркте 187 адам иштейт. Анын 64ү артист болсо, калганы ар кыл кызматтагы адамдар.
– Циркте ар түркүн жаныбарлар болчу эле. Азыр таптакыр жок экен...
– Бизде 6 ат, 4 күчүк, 1 эшек бар. Таптакыр жок болушу да мүмкүн эле. Мен сага башынан айтып берейин. Мен бул жерге келгенде 6 ат эмес, 6 лампочка да күйүп турбаган имарат болчу. Жарык, жылуулук деген нерселер кыркылып, терезелери талкаланган. Дааратканалары канализация жоктугуна байланыштуу суусу агып, богу-жини аралашып калган. Андан чыгарып, ушул абалга алып келдик. Менин үстүмдөн арызданып жүргөн Манат менен Муратка цирк көп акча коротуп жардам берди. Реквизиттерге, костюмдарга канча акча коротконубузду айтпай эле коёюн.
– Цирк имаратын ижарага берет турбайсызбы? Жашыруун болбосо, канча акча түшөт жана ал кайда жумшалат?
– Ачыгын айтайын, мен бизнесмен, менеджермин. Менин ордума келем деп жаткан артисттер мен бүтүргөн иштин бирин да жасай алышпайт, чынында. Туура, мен цирктин имаратын ижарага берем. Анткени минтип абалдан чыкпасак болбойт. Андан түшкөн акчага оңдоо-түзөө иштерин кылып, акчасы аз кызматкерлерге кошумча маяна берип келе жатам. Орто эсеп менен ижарадан айына 100 миң сом түшөт. Ал эми сырттан цирк келгенде 150 миң сом казынага түшөт. Булардын 20 пайызы мамлекеттин казынасына түшсө, калганы цирктин керек-жарагына кетет. Менин аркаман түшкөн адамдарга менин ордум керек болуп жатат. Болбосо, менин кесибиме неге асылышат? Кез келгенде айтып коёюн, мени милиционер дегендер жаңылышат. Ички иштер министрлигинде агартуу иштерин аркалап бир нече жыл иштегем. Өзүм Искусство институтун бүтүрүп, көп жыл маданият тармагында эмгектенгем.

Ой-чуңкуру көп бул маселенин аягы кайда барып такалары азырынча белгисиз. Бирок маданият борбору болгон цирк өнөрү жоголбой, кыргыз желегин дагы далай желбиретет деген ойдобуз.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Arimaz
2011-03-25 20:24:00
Abdan okunuchhtuu. !!!!
0
nurbek_posol
2011-03-25 21:20:37
Артисттер туура айтса керек. Себеби алар циркте болгон иштин баарына аралашып журушот да. А жетекчилер кабинеттен чыгып уйго, уйдон кабинетке. Бирок эмнеси болсо да кыргыздын жалгыз циркин сактап калышса болду. Иштерине ийгилик !!!
0
TolonturCN
2011-03-26 10:33:55
Биздин элибизде канчалаган акылман ишкерлерибиз бар, жан дүйнөсү күчтүү, бирок чөнтөк жукалыктын айынан жандүйнөсү караңгылыктан жарыбай турат. элибиз тууралуу ойлонгондо уйкум да келбейт. . .
0
Tosha
2011-03-30 14:00:15
Ayida saga iygilik, Duynonu bagundurgan kuzdardan bol...
0
cosmopolit
2011-03-31 00:59:14
Маданият, искусство деп куйгон бир дагы адам жокпу...бийликте? уффф кыргыздар качан бир киши болобуз...
0
arlekino
2011-04-08 10:30:55
неужели ушул кинотеатрларды сатып алып (жеке жаран) кандай сонун кылып коюшту, кандай килтейген окмот килтейген бир циркти онуна келтиралбайт..
0
№ 438, 25-31-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан