Өткөн аптада өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Орусиядагы кесиптеши Владимир Путинге жолугуп, бир топ көйгөйдүн башын чечип келди. Муну менен бирге “Орусиянын жетекчилиги жакында өтүүчү президенттик шайлоодо Феликс Куловду эмес, КСДПнын лидерин колдойт” деген күбүр-шыбыр тарады.
Парламенттик шайлоонун алдында партиянын лидерлери кимдерге гана жолукпады. Бири Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге, экинчиси Орусиянын ажосу Дмитрий Медведевге чейин жетти. Ал эми өкмөт башчы үгүт кербенинде “Владимир Путин Атамбаев менен!” деген көрнөк-жарнактарды чыгарган болчу. “Алмайдын бермейи бар” демекчи, жыл аягында Алмазбек мырза Аяз атага айланып, Кыргызстандагы чокулардын бирин Путинге белекке берди.
Бирок маселе муну менен чечилип калбады. Коалиция ыдырайт дегенде өкмөт башчы Маскөөгө кайрадан багыт алды. Бул сапардын жыйынтыгында Орусия тарап пайызы жок 30 миллион доллар жана бажы төлөмсүз 1 миллион тонна күйүүчү май жөнөтмөй болду. Ал эми Кыргызстан тарап буга чейинки карыздын ордуна “Дастан” заводунун 48 пайыз акциясын карматып, “Кыргызгаздын” 75 пайыздык үлүшүн “Газпромго” сата тургандыгын билдирди. Өлкөдө жайгашкан орусиялык аскердик майдандардын ижара акысын да мурунку баада калтырууну чечти.
Андан сырткары өкмөт башчы 2014-жылдан ары “Манас” аэропортундагы майданды Орусиянын катышуусу менен эл аралык транзиттик борборго айлантууну сунуштады. Бул жагдайдын чечими Орусияга майдай жага турганы белгилүү.
Мунун баары президенттик шайлоодо Путин Атамбаевди колдоосу мүмкүндүгүн билдирет. Кантсе да орусиялык өкмөт башчы дагы бир ирет жардам көрсөтүү менен коалицияны ыдыроодон сактап калды десе болчудай.