Белгилүү адамдарыбыздын жүрөгүн титиреткен «Тамаша тор» рубрикабыздын торуна Гүланданын жардамы менен белгилүү ырчы, обончу Айбек Карымовду илгенбиз.
– Алло, саламатсызбы, бул Айбек Карымов бекен?
– Ооба, а бул ким?
– Мен Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн чалып жатам. Жарым сааттын ичинде 10-кабинеттеги тергөөчүгө келип калыңыз.
– Чоң кыз, мен түшүнгөн жокмун. Эмнеге мен ал жакка барышым керек?
– Бул телефонный разговор эмес, аны келгенде түшүндүрүп беребиз.
– Ай, чоң кыз, аты-жөнүңдү айтып койчу жок дегенде?!
– Атым Замира.
– Замира, эмне болуп кетти? Түшүндүрүп айтсаң?!
– Биринчиден, мен сиз үчүн Замира эмес, Замира Шукуридиновнамын. Экинчиден, телефон аркылуу түшүндүргөндөй мен сизге автоответчик эмесмин. Бул жерде мен сизди Алмаз деген досуңуз менен бирге күтүп жатам.
– Кечиресиз, Замира Шукуридиновна, менин оюмча, түшүндүрүп берүү – сиздин милдетиңиз. Алмаз ошол жактабы? Мен Алмаз менен сүйлөшсөм болобу?
– Болот, бирок, келгенден кийин.
– Мен бара албайм, азыр шаардын четинде жүрөм.
– Мен сизге кыргызча эле түшүнүктүү кылып айтып жатсам керек.
– Түшүнүп жатам, бирок, азыр мен бара албайм. Азыр Алмаздын телефонуна чалып сүйлөшөйүн, анан кайра сизге чалам.
– Ал сиздин ишиңиз. Эң негизгиси, мен сизди саат 5ке чейин күтөм. Баса, досуңуздун айтымында, сиз ырчы экенсиз.
– Ооба.
– Кадимки эле биз билген Айбек Карымовсузбу?
– Дал өзү.
– Эми уят да элдин алдына колуңузга комуз кармап чыгып алып, бул жакта криминалга аралашып жүргөнүңүз.
– Эмнеге уят? Уят болгудай мен эмне, кылмыш жасаптырмынбы же эмне, адам өлтүрүптүрмүнбү?
– Мүмкүн. Эмне, бул жөнүндө билбейсизби?
– Эч нерсе билбейм, жөн жерден эле жалаа жаба бересиңерби?
– Сиз ойлогондой биз жөн жерден эле жалаа жаба бербейбиз. Бул жерде бардык далилдери менен күбө да бар.
– Начальнигиңер өзүндөбү? Мен азыр тактап сурап билейин.
– Кандайча начальник? Сиздин ишиңиз менин колумда. Сиз начальник деп жатып ишти ырбатып алышыңыз мүмкүн. Андыктан, жарым саатта келип калыңыз.
– Анда айтсаңыз, мен кандай кылмыш кылыптырмын? Мага ошол эле керек...
– Менимче, жеткиликтүү эле сүйлөдүм окшойт. Келбесеңиз өзүңүз билиңиз. Бирок, иш татаалдашып кетиши мүмкүн.
– Койгулачы, кандайча? Эч бир жөнү жок эле чакыра бересиңерби?
– Эмне, сөзсүз колуңузга кишен салып алып келиш керекпи?
– Эмне-е, сен менин колума кишен салат бекенсиң? Мен барбайм, эжекеси, колуңдан келгенин кылып ал.
– Анда ишти башкача кылабыз. Мен азыр телевидениеге чалам, камера менен тартып, кармап келебиз. Ошондо бизге келбегениңизди бүт Кыргызстан көрөт.
– Мейли, эми бул мени коркутканыңарбы? Менин деле өзүмө жараша ал жакта да дос-тааныштарым бар. Антип мени Кыргызстанга көрсөтүп алып, анан өкүнүп калып жүрбөңүз. Керек болсо ал нерсеге жол да бербейбиз.
– Мен өкүнбөймүн. Колумдан келишинче өз ишимди аткарганга аракет кылам.
– Көрөбүз.
– Сиз эмне, криминал досторум бар деп мактанганы жатасызбы?
– Ал жагынан Кудайга шүгүр эле.
– Азыр туура эмес сүйлөп алып, анан бармагыңызды тиштеп отуруп калбаңыз?!
– Эмнеге? Мен ар бир өзүмдүн сөзүм үчүн жооп бергенге кудуретим жетет.
– Чын элеби? Таарынбайсызбы ушул сөздөрүңүздү газетага жазсак?
– Причём биякта газета?
– Айбек байке, сиз “Супер-Инфо” гезитиндеги “Тамаша торго” илиндиңиз.
– Аа, мен эмне эле деп жатат деп коём да. Силер булардын баарын кайдан билесиңер? Алмазды кайдан тааныйсыңар?
– Бул оюндун шарты боюнча, тамашага түшкөн адам кийинки түшө турган ырчыны тандап, анын анча-мынча сырын айтып бериши керек. Алмаз досуңуз жөнүндө бизге Гүланда айтып берди. Эмкиде сиз менен дагы бирөөнү тамашалайбыз.
Тамашалаган Замира Рахманбердиева