Парламенттик шайлоодо жеңишке ээ болгон депутаттар Жогорку Кеңешке буту басып киргенден бери төрт айдан ашты. Азчылыгы оппозицияда болсо, көпчүлүгү өкмөттүк курамда отурат. Биз жарым жыл мурунку талапкерлердин берген убадаларын эске салууну туура көрдүк.
УБАДАЛАР АКАЕВДЕН БЕРИ ӨЗГӨРБӨЙТ
Чын-чынына келгенде, ар жолку шайлоодо адатка айланган убадаларды уккандан эл тажады. Бирок айла канча, үгүт кербени учурунда бийликке ээ болгусу келген талапкерлер “асмандагы айды алып берем” дегенге чейин барары белгилүү. Жыйырма жыл мурунку туңгуч президент Аскар Акаевдин берген убадасын коё туралы, кечээги күнгө кыска саресеп салсак...
Мына 2005-жылы алгачкы төңкөрүштө эле бюджеттик тармактагы кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу, соттук бийликте реформа жүргүзүү, паракорчулук жана жердешчилик менен күрөшүү, анан албетте, жакырчылыкты жоюуга сөз беришкен. Тилекке каршы, “эшеги арыктан өткөн соң” реформанын баарына убакыт керек дешти. Андыктан 2007-жылы убакытты уттурууну каалабаган “Реформа үчүн” кыймылынын өкүлдөрү аянтка чыгышкан. “Реформачылардын” лидери болгон Алмазбек Атамбаев Ак үйдүн 7-кабатына көтөрүлгөндө жогорудагы реформа жүргүзүү талаптары унутула түшкөнсүдү.
“Саясат – тил табышуунун искусствосу” деп коюшат эмеспи. Анын сыңары эгемендик алгандан бери аткарылбаган убадаларга “убакыт керек” деп шылтоолошот. Бирок электр энергиясы менен жылуулуктун тарифин кымбаттатуу же уюлдук байланышка 60 тыйын кошуу өңдүү «реформалар» заматта ишке ашып кетет. Калкка берерин эстен чыгарып, андан алганга маш болгон биздин аткаминерлер ушул адатын качан ташташат? Ошол эле учурда сөзүнүн өтөсүнө чыккандар жок эмес экендигин да айта кетели.
Алмазбек Атамбаевдин берген убадалары:
Албетте, эки жыл убакыт өтө элек. Бирок быйылкы жылдын бюджетинин олчойгон чыгымы кирешени көбөйтүүгө жол берери күмөн. Анын үстүнө өкмөт чыгымды кантип жабуу жолдорун таппай отурган кербези.
Алмазбек Атамбаевдин өкмөт башчы болгондон бери Гарвард университетиндеги адистерди чакырганын кулагыбыз чалбады. Же аларды жашыруун алдыртып жатабы? Кантсе да күтө туралычы, океандын ары жагынан жол карытып келүү оңой бекен?
Оп, бали! Күйүүчү майдын 8-10 сомго чейин арзандаганын көрдүк. Бирок оомал-төкмөл Орусия “аба ырайына” карап, ташуу салыгын киргизип салышы да ыктымал. Азырынча биринчи кадам аткарылды, эми кезек башка убадаларда.
Өмүрбек Бабановдун берген убадалары:
Эмнегедир ай сайын колубузга тийген жарыктын эсеп кагазында электр энергиясынын арзандалганын көрө элекпиз. “Республиканын” атынан дайындалган Энергетика министри Аскарбек Шадиев быйылкы жылдын июнь айына чейин бул убада боюнча жооп айтарын билдирген.
Учурда “Республиканын” лидери өкмөттө экономикалык тармакты жетектейт. Демек, жумуш орундарын түзүү вице-премьердин колунан келчү иштердин бири. Азырынча кандайдыр бир ишкана же завод ачылып, 100 миң эмес, 1 миң кишиге жумуш оруну түзүлгөнү айтылбады.
Вице-премьер Өмүрбек Бабановдун коммерциялык банкы бар экендигинен калк кабардар. Жарыкты өз баасында сатып албасак дагы, дыйкандар ушул жаздан тарта кредитин ала башташты. Тилекке каршы, 7 пайыздан эмес, ал 9 пайызга жогорулап кетти.
«Ата журтчулардын» берген убадалары:
Эске салсак, “Бакиевди кайтарабыз” деген видеожазуу интернетте жайылып кеткен. Аны “ата журтчулар” монтаж дешип, кийин “эч кандай аны кайтарып келүү оюбуз жок” деп билдиришкен.
ЖКнын депутаттары биринчи жыйынга топтолгондо “ата журтчулар” Ош жана Жалал-Абаддагы улуттар аралык кан төгүүнү иликтөөнү көтөрүп чыгышкан. Бирок же апрель окуясынын соту, же июнь окуясынын сот иштери аяктай элек.
Айлыктарга келсек, мугалимдер кычыраган кышта айлап митингге чыгып отуруп, өкмөттүн сөз берүүсүнөн улам токтошту. Күч органдарынын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлгөн жок. Же алардын дагы митингге чыгышын күтүп отурабызбы?
P.S. Кийинки сандарыбызда парламенттик азчылыкты түзгөн “Ар-намыс” менен “Ата Мекендин” убадалары жөнүндө кеп курабыз.
Эльвира Караева
koom@super.kg
САЯСАТЧЫЛАРДЫН КИМИСИ ЭЛДИ КЫЙЫН АЛДАЙТ?
Күмөндөр Абылов,
куудул:
– “Саясат бул – калптын иши” деген сөздү өзүлөрүнөн угуп калам. Бирок дүйнөдө мекенине ак кызмат кылган Ататүрк сыяктуулар болгон. Биздикилер кызматынан айрылып калбайын деп соодагер болуп кетишти. Сатып отуруп жерибизди картадан карасаң, оюнчук тапанчадай болуп калды. Азыркыларга убакыт бериш керек.
Гүлмира Жакыпова,
эсепчи:
– Баары, анын ичинен өзгөчө калпычылар Акылбек Жапаров жана Ахматбек Келдибеков. Булар “бийликке кайра келгенге акым бар беле?” деген суроону өзүлөрүнө койсо болмок. Элге кызмат кылышкан жок. Эл өзүн-өзү багып жатат. Калптын айынан эки жолу революция болду да.
Жолдубай Сүйүнов,
студент:
– Саясатчылардын арасынан тигил же бул деп аттарын санаганга болбойт. Анткени баары эле алдамчы. Шайлоо учурунда көп убадаларды беришет да, иш жүзүнө келгенде бири да аткарылбасын көрүп эле келе жатабыз.
Элмира Манапова,
экономист:
– Мен Майрам Акаева жана Курманбек Бакиевди алдамчы дейт элем. Себеби алардын иши аткарылбай калгандыктан, бийликтен кулап, качып кетишпедиби. Ал эми азыркы бийликтегилерди сындаганга убакыт жете элек. Бир аз иштешсин, убакыт берели, анан көрөбүз.
Эдил Байсалов,
саясатчы:
– Курманбек Бакиев. Элибизди да, бизди да алдап кеткени күйдүрөт. Экс-президент эч нерсе айтпаганынан биз “иштерман адам окшойт” деп мактадык эле. Азыркылар биринен-бири аша “апакай” болуп жатышат. Эми президенттик шайлоодо элибиз алданбаса деген тилегимди айтам.
Айзат Рысбек кызы,
студент:
– Азыркы бийликтегилерди алсак, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевди айтам. Бул саясатчыны калпычы дегенден алысмын, бирок берген убадалары азыр аткарылбай жатат. Ага караганда Өмүрбек Бабанов айткан сөзүн иш жүзүндө аткарууда деп эсептейм.
Базаркул Маматкулов,
пенсионер:
– Эми алар менен бетме-бет жолукпасам да, аткарган иштерин гезит беттеринен окуп калам. Баары калпты көп айтышат. Бул жагынан биринен-бири кем калышпайт. Ишенсең да, ишенбесең да баары бир болуп калды.
Кубаныч Сыдыков