Лилия дегенде эле назик гүлдү элестетсеңиз, анда гүлгө окшош айым көз алдыңызга тартылат. Чынында, Лилия Абдыбаитованын үнүн радио, теледен гана укпастан, уюлдук телефондон да эшиткенге болот. Биздин мейманыбыз атына заты жарашкан Нарындын кызы ди-джей Лилия болмокчу.
ЛИЛИЯ АБДЫБАИТОВА
– Лилия, үй-бүлөдө жалгыз кыз болсоңуз, эрке мүнөз окшойсуз?..
– Апамдын улуту орус, аты Галина. Баары таң кала беришет, кандайча деп. Апам казакстандык. Бишкекке келип окуп жүрүп атам экөө табышып, үйлөнүп калышкан экен. Апамдын ден соолугуна байланыштуу менден кийин бала төрөгөн эмес. Кыйынчылыктар болуп, мен Нарында чоң ата, чоң апамдын колунда өстүм. Атам 8 бир тууган болгондуктан, алар менен бирге чоңойгом. Чоң атам эркелетип, мен үчүн күйүп-бышып жүрдү. Студент болгондо деле менден мурда туруп чай коюп калчу, ошондо ага болгон мээримимди кайда жашырарымды билбей калар элем. Мен үчүн чоң жоготуу – чоң атамдын каза болгону. Бирок кишиге кылган мамилесин, боорукерлик мүнөзүн мага таштап кетти.
– Сизди радио аркылуу билишчү эле, эми эмне менен алексиз?
– Орус тилдүү студент кыз 1999-жылы ноябрь айында “Кыргызстан Обондоруна” ди-джей болуп орношкон. Ошондон бери ди-джейликти аркалаганына 10 жылдан ашыптыр. Бул жылдар ичинде ди-джейден директорлукка чейин жетип, өзүмдү көрсөтө алдым. “Обондорунан” мурунку жылы өз каалоом менен эле кеттим. Азыр “Мегаком” уюлдук компаниясында супервайзермин. Кол алдымда 17 кишиден турган командам бар. Жакындан бери Коомдук каналдын “Арноо концерти” берүүсүн алпара баштадым. Мен үчүн легендага айланган инсандар Бактыбек Мамытов, Гүлшан Молдоева менен чогуу иштешүү сыймык.
– Күчүңүздү сынайын деген экенсиз да, жүрөккө теле жакынбы же радиобу?
– Мени адам кылган радио жааты. Чыгармачыл адамдар бир жерде токтоп калбашы керек, теледен өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Ушул жерден Чыңгыз Мырзаев экөөбүздүн сырыбызды ачайын. Тамашалап айтканда, ал экөөбүз маймыл болуп көнүп калбадыкпы. Ошондуктан көңүл ачуучу теледолбоор чыгармакчы болуп турабыз. Буюрса, продюсерлерге көрсөтүп, жакшы бир программаны алпаруу максатыбыз бар.
– Баса, сизди “Назира менен Чыңгызды байкабай эфирден кан кууруган” дешет.
– Анда 1-апрель болчу. Менден кийин эфирди Чыңгыз менен Назира улантмак. Чыңгыз кечигип жатканынан шашып үйгө келе бергем. Бир убакта Назира чалат “Лилия эже, Чыңгыз эфирге жаңы эле келип, кайра кетем деп жатат, отур деп айтып коюңузчу” деп. Мен болсо жиним келип орусча, кыргызча аралаштырып Чыңгызды аябай эле урушуп салдым. “Биз сага жарнама үчүн керекпизби, эфирде отур” деп кыйкырып, Чыңгызга бир да сөз сүйлөтпөй койдум. Ал болсо “эже, эже” деп эле сүйлөй албайт. Аягында Назира “биз түз эфирдебиз” дегенде токтоп калып жатпайымбы. Алар “көрдүңөрбү, ушундай урушат” дешет каткырып. Мына сага, телефонду коёрум менен тааныштарымдан “ушунча тажаалсыңбы?” деген чалуулар келе баштады. Ыраматылык Медер болсо “Лилия, ит эле болдуң” деген эле.
– Кой оозунан чөп албаган момунсузбу же өтө “стерва” боло аласызбы?
– Керектүү учурда мындай да, андай да боло алам. Эфирде көрсөтпөгөн кыялдарыбыз бар, бирок жалпылап алганда ди-джейлер өтө шайырбыз.
– Уулуңуз канчага чыкты?
– Эмир азыр алты жарым жашта. “Апа, сиз отура бериңиз, мен өзүм” десе эзилип кетем. Жаш кезде улуулар “турмушуң жакшы болбосо да, өзүң үчүн төрөп ал” деп айтышса, түшүнчү эмесмин. Аялзаты балалуу болгондо гана турмушта бир нерсеге жеттим дейт тура. Бала сени көп жерден колдоп, дем-күч берет жана балаң үчүн жашап, максат кылат турбайсыңбы.
– Куудул Тынар Курбаналиев менен эки ажырым жолго түшкөнүңүздүн себебин сурасам болобу?
– Бул тууралуу гезитке Тынар аябай жылдыз болуп “эч нерсе болбой эле, чай ичип отуруп ушул чечимге келгенбиз, балам менен жакшы катышам” деп өзүн жакшы көрсөтүп интервью берген эле. Тынар ал маалда “билбейм, менин көңүлүм жок” деп туруп алды. Кийинчерээк билгениме караганда мурунку сүйлөшүп жүргөн кызынын турмушу болбой калыппы же ал өзү каалабайбы, айтор, Тынар экөө кайра табышып алган экен.
– Эмирге каралашып турабы, балаңыздын атасын тартып куудул болушун каалайт белеңиз?
– Кез-кезде. Боорго даба жок да, миң алыстатканды кааласам деле таланты болсо тартып кетиши мүмкүн. Уулумдун Тынардын жолун жолдошун кааламак эмесмин. Артисттик турмуштун көйгөйү бар. Күйөрмандардын мамилесин, атак-даңкка жетишип турган маалда баарын көтөрө билүү көпчүлүктүн колунан келбейт болуш керек. Талантын да, жеке жашоосун да бирдей алып кеткен адамдарга мен таң берем. Мисалы, Тынарга турмушка чыгып жатканда ал мени, мен аны түшүнөм, экөөбүз чыгармачыл союзда жашайбыз деп ойлогом. Жок, Тынар ошол маалда келген ооматты көтөрө албады.
– Куудулдар концерттерде “аяшкабыз” деп макташчу эле, алар менен дагы да жакшы мамиледесизби?
– Эми чыгармачыл чөйрөбүз бир болгон үчүн карым-катнашыбыз бар. Жолукканда сүйлөшүп, ал-жайды сурашып калабыз, бирок мурункудай эмес.
– “Келинге тарткан көшөгө, көгөрө бербейт өзү эле” дешет, келиндик доорду кандай сүрдүңүз?
– Нарындык кыздын Жалал-Абадга келин болуп барганынын өзү чоң сөз жаратат. Апам (мурунку кайненем) акылдуу адам. Тынар “сени менен бирге болбойм” деп кеткен күндө да “сен үчүн келбесе да, мен үчүн келер” деп мени менен чогуу жашап жүрдү. Бирок баласынын көңүлү жок болсо, уулу башка бирөө менен жашап кеткенин көрүп аргасы түгөндү. Баарына турмуш тараза экен, азыр уулумдун чоң энеси менен байланышып турабыз.
– Жеке жашооңуз кантти, колуңузду сурагандар барбы?
– Ооба, бирок мен балам үчүн чыныгы ата боло алчу мырзаны көрө алган жокмун, ошон үчүн колумду сурагандарга жок дегенге туура келди.
– Бардык айымдарды жагымдуу, сулуу кылган эркектин сүйүүсү экен, сиз ким үчүн сулууланасыз?
– Азыр болочок бакытым үчүн сулууланам. Анткени эч ким билбейт да бактысына кай жерден жолугарын. Сыртка чыга калсаң бакытың жолугуп калса, саксайып, кебетең келишип турбай, дароо мен башында ушундай болчумун дегенге жакшы деп койбоймбу. Жалгыз калам деп коркпойм, бир күнү өзүм каалаган мырзага жолугуп, аны менен туруктуу үй-бүлө курганга үмүт бар.
– Биздин сайтыбызда бир форумчу “Лилия мага жакчу, күндө “Кыргызстан Обондоруна” кат жазчумун, бирок бир да жооп алган жокмун. Азыр деле үнүн уксам эстейм” деген таризде жазган экен.
– Ушундай күйөрмандардан таппайсызбы дейсиңби. Күйөрмандарым мени унутпай айтып жүргөнү жагымдуу.
– Өмүрүңүздө кубанычка толгон күн жана капа болгон кез...
– Уулум “Апама” деген ырды жаттап айтып бергенде кубандым. Ал эми капа болгон кезди 2007-жылы балам ооруканада жатып, өзүм жумушумдан четтеп калган учурда жолдошум той берип жатканын айтам. Ошондо үчөө тең бир келип, жашоомо катуу сокку болгон.
– “Аялзаты алсыз, бирок тили, дили менен ачуу, катуу боло алат” дегенге кошуласызбы?
– Алсыз дегенге кошулбайм.Мага чоң апам минтип үйрөткөн “акылдуу айым эч убакта кишиге жамандык кылбайт. Адам бирөөнүн көз жашы менен бакыт кура албайт” деп. Эгерде сен жолдошуң менен жакшы болом десең, анда кайындарыңды колго алышың зарыл. Ар бир айым өзүнчө генерал болуш керек.
– Эркектеги сулуулук деп эмнени түшүнөсүз, сизге жаккан актёр ким?
– Мага жаккан адам өтө сулуу эмес болсо да, жылдыздуу келип, сөзү менен өзүн алып жүргөнүнөн айырмаланышы керек. Көзү күлмүңдөгөн мырзаларды жактырам.
– Көзү тегерек эмеспи?
– Тынарга салыштырып айтып жатасың, ээ? Көзү тегерек болобу, бүтүк болобу, сүйкүмдүү болуп күлмүңдөп, ачык-айрым, орду менен сүйлөсө. Анан бала менен тил табыша билген мырзаларды баалайм, себеби балага жакын адам мээримдүү, баласаак келет. Карс-курс болгон, тымпыйып ичинен сызган мырзалардан чочулайм. Актёрлордон Талгат Нигматулин, анан Жейсон Стэтхэм жагат.
– Эртең менен ойгонсоңуз эле Стэтхэм жаныңызда турат дейли...
– Чачы жок бирөө турат деп кой, ха-ха-ха!.. Эми көрө калып эле чуркап барбайсың да. Ар нерсе жагдайга байланыштуу.
– Устатыңыз ким жана шакиртим деп кимди айтасыз?
– “Обондорунун” мурдагы редактору Разия Сыдырбаева. Анан да эфирге биринчи жолу чыгып Роза Аманованы Бек Борбиев деп адашып айткан учурларда Элмара Турсуналиева жанымда отуруп оңдоп турчу, ушул эжелер устаттарым. Шакиртим Азамат Эркинбаев. Менден тарбия алган ушул жигит, ал эми башкаларга үйрөтүү, сындоо менин милдетим эле. Чыңгыз Мырзаевдин сөзмөрлүгүнө баа берем, Нурзада менен Назира болсо карышкыр болуп калышпадыбы такшалып.
– Кызыктуу маектештик окшойт, эже, рахмат сизге.
Бурул Исмаилова
star@super.kg