Изилдөөчүлөрдүн айтымында, түштөр организмдин абалынан кабар берет. Мисалы, түштө уча берүү же аң-чуңкурга кулоо – жүрөк оорусунун белгиси. Дагы кандай түштөр кайсы оорудан кабар берет?
ООРУКЧАН ОРГАН МЭЭГЕ ӨЗҮ КАБАР БЕРЕТ
Медицина жаатындагы изилдөөчүлөрдүн айтымында, түштөр организмдин абалынан кабар берет. Анткени уйку кезинде мээ эс албай, тескерисинче, организмде “ревизия” жүргүзөт. Эгер кайсы бир органда оору бар болсо же оору жаралып жатса, анда ал орган мээге SOS сигналын жөнөтөт. Мээ ал сигналды түштө түрдүү образдар менен чагылдырып берет. Андыктан түш өзүңө-өзүң диагноз коюуга өбөлгөчү десек болот.
КАН БАСЫМЫ ЖОГОРУЛАРГА ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАР КИРЕТ
Гипертония оорусу (жогорку кан басым) курчуган кезде ойгонгондо да эсте сакталып кала турган түштөр кирет. Көбүнчө табигый кырсыктар (суу каптоо, зилзала, катуу шамал), үйлөрдүн кулашы, чуңкурга кулоо сыяктуулар. Бирок түштөр үзүндү-үзүндү болуп кирет. Түштө жагымсыз үндөр да угулушу мүмкүн. Мисалы, шуулдаган, кытыраган же кулакты көзөгөн ачуу үн. Кээ бир оорукчандар түшүндө космоско учуп, бирок скафандр денесин кысып кыйналганын да айтышкан.
ГИПОТОНИКТЕР ТОСКООЛДУКТАН ӨТӨ АЛБАЙ КЫЙНАЛЫШАТ
Гипотониктерге (кан басымы төмөндөр) бүдөмүк түштөр көп кирип, уйкудан ойгонгондо денеси жанчылып калган болот. Түштөрүнө кандайдыр бир нерсени көтөрө албоо, суудан сүзүп өтө албоо, тоого чыга албай кыйналуу сыяктуулар кирет. Алтургай денесинен бирөөлөр канын соруп алып жатканы да кириши мүмкүн.
ЖҮРӨК ООРУСУНДА КАНДАЙ ТҮШТӨР КИРЕТ?
Жүрөгү оорукчандарга жана жүрөк оорусу жаралып жаткандарга көбүнчө коркунучтуу түштөр кирет. Ушундан алар түн жарымында муздак терге чөмүлүп ойгонушат. Көбүнчө аларды бирөөлөр кубалайт, артынан акмалайт, булар болсо качып туңгуюкка кулашат. Булардын баары жүрөктүн “кокус оорунун айынан токтоп калбаймбы?” деп коркуп, “оорудан мени куткаруу керек” деп мээге сигнал бергенинен.
АСТМАСЫ БАРЛАР МУУНТКАН ТҮШТӨРДҮ КӨРҮШӨТ
Бронхиалдык астмасы барларды түшүндө бирөөлөр муунтат же төшүн оор нерсе басып калат. Жерге кулайт, мөңгү алдында калат же калыптагыдай дем алууга болбой турган жерде жүргөн болот. Мисалы, башка планетада же кеменин трюмунда. Ойгонгондо коркуу, тердөө менен кошо сыртка дароо чыгып кетүү же кайсы бир жакка качып кетүү тилеги жаралат. Бирок кыймылдоого күчү жетпейт.
ИЧЕГИ-КАРЫН ООРУСУ БАРЛАР ЧИЙКИ ЭТ ЖЕЙТ
Ичеги-карын оорусу барлар түшүндө бир нерселерди көргөндөн тышкары даам да сезишет. Боор ооруда мушташуу, бычактан жаракат алуу, кандын же ачуу нерсенин даамын сезүү кирет. Ашказанда гастрит же жара болсо, анда жыттанып кеткен эт (балык), уулуу жашылча-жемиш, жебей турган нерселерди эле жей берүү, тамактын жаман даамдары, тиштин түшүп калышы кирет. Ойгонгондо кускулары келип, жүрөгү айланат.
САСЫК ТУМООДО АДАМ ӨЗҮН ЖЫЛАҢАЧ КӨРӨТ
Адам суукка урунганда же сасык тумоого чалдыкканда түшүндө өзүнүн жылаңач жүргөнүн көрөт. Же отту аралап жүргөнү, же тар кийим кийип алганы, же канчалык суу ичсе да суусуну канбаганы кирет.
ООРУДАН АЙЫГЫП БАРАТКАНДАРЧЫ?..
Оор жагдай артта калып баратканын аң-сезим түштө эмнелер аркылуу чагылдырышы мүмкүн?
Буларга күндүн ачык тийиши, туңгуюктан жарыкка чыгуу, таза сууда киринүү, мушташта жеңүү, ачылган гүлдөрдү же көңүлү ачык балдарды көрүү кирет.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg