КОТОРМО ЫРЛАР КЫРГЫЗ ЖЫЛДЫЗДАРЫНЫН БАКТЫСЫН АЧАБЫ?

“Кыз-Бурак”
«Бысмылда» дегенде эле легендарлуу деп аталган “Кыз-Бурак” тобунун ырларына көз чаптырсак, бул кыздардын өзбекчеден которулган ырлары жалтылдап көздү уялтат. Күндөн көздү алакачкандай көзүмдү алакачтым, тобо-о. “Кыз-Бурак” тобу жөн эле Юлдуз абжесинин популярдуу ырларын менчиктеп алгандай сезилди. “Айла жок, бирок, айлавю” демекчи, “Ах, көрбөсөм болбос” деп кыздар которуп ырдашкандай, мен дагы, эх, жазбасам болбос. Ушул эле топтун айжаркын солисткасы Айжамал да өзбек элинин “Жан, жан” деген ырын ырдап эл оозуна алынганына журт күбө эмеспи. Андан кийин казак туугандардын “Ак куулардын арманы” деген ырын кыргызчалатып ырдап, дагы бир жолу “дүң” деди го бул кызыбыз.

“Элегия”
Ушуну менен токтоп калбай түштүк тараптан чыккан профессор Ибрагим Жунусов түзгөн “Элегия” тобу да “эжени көрүп сиңди өсөт” болуп, “Кыз-Бурак” эжесинен калышпайт. Калышпайт дегеним, ошол эле Юлдуз Усманованын ырын “Элегия” да жөн койгон жок. Болгону, Юлдуздун “Опа, опа” деген сөзүн эле кыргызча “Ооба, ооба” деп өзгөртүп алышкан бул топтун кыздары.

Неля
Нелянын бактысын да музыкасы түрк элинен алынган “Жалган, жалган” деген ыр ачканына күбөбүз. Дагы жакшы, жок дегенде бул ырдын сөзүн жазганга Нелянын курбусу бар экен. Болбосо бул ыр баштан-аяк котормо болуп калмак да. Кичине болсо да кыргыздын кызынын колу тийди деп сүйүнүп калдык.

Темир
Бул шоу-бизнесиңде бирөө өчө берет экен, кайра экинчиси жана берет турбайбы. Бир мезгилде “Оо, Туулган жер” деп жарк деп жанып сахнага Темир Назаров келген эле. Демек, биздин жылдыздарды сахнага жалаң казак менен өзбектин ырлары алып келип, кайра алып кетип калганына күбө болуудабыз. Балким, казактын бул ырын ырдоо менен Темир өзүн патриот жигит көрсөткүсү келгендир.

Замир
Колуна комуз алып, кыпкыргызча эле ырдап жүргөн Замир Арыкбаевди кайсы теке сүздү ким билет, “Ига, ига, ига, ай, ай, кудача кыз” деп чыга калып, биздин оозубузду ачырды. Анан мындай жөрөлгөнү башкаларга баштап берип коюп, өзү эч нерсе билмексен болуп четке чыга калды.

Султан
Көрсө, Замирдин жанында колуна домбра кармаган жаш ырчы Султан Садыралиев деген жигит да бар экен да. Бул ырчы жигитибиз андан бери продюсер менен иштешүүгө, шоу-бизнестен өз ордун тапканга, жадакалса продюсеринен кеткенге да жетишип отурат. Ушундай шамдагайлыгынын натыйжасында “Махабатым”, “Мухаммед”, “Досума”, “Жөнөкөй жигит” деген ырларды башкалардан уурдап, бул жаатында рекорд койгон эле. Ал эле эмес, элдин арасында анекдот болгонго да минтип жетишип отурат. “Эки казак бир ыр жаратып, сүйүнүп кыйкырып ырдап жатышат дейт. Анда бирөөсү экинчисине айтат тура: “Акырын ырда, Султан угуп калат”,- деп”. Көрдүңөрбү, биздин ырчылардан коркуп, казак баурдастар жадакалса ырдай албай да калышыптыр.

Мирбек
“Манастан Чубак кем бекен?” дедиби же досунун таасириненби, айтор, Мирбек Иманбеков да жакшы эле “Таластык кыз” деп ырдап жатты эле. Анан эле эмне болду ким билет, казактардын “Жаным” деген ырын кыргызча ырдап калды. Андан көп өтпөй “Аппак таң” дуэтин которууга да үлгүрдү.

Клара
«Султанга жете албасам да, котормо ырдын даамын татып көрөйүн» дедиби, Клара Алибекова да Юлдуздун “Көзлари маюз” деген ырын “Көздөрү мейиз” деп которуп ырдап жүрөт. “Көзлари маюз” дегени бизче “көздөрү мейиз” эмес, “көздөрү муңайым” дегенди түшүндүрөт экен. Аны биздин Клара “Көздөрү мейиз” деп которуп алыптыр. Кыргызда карагат көз, кой көз дечү эле, а мейиз көздү алгач Кларадан угуп жатабыз.

Эдил
Мындай таңкалуубуз бүтө электе эле “Кыргызстан Обондору” радиосунун экс-ди-джейи Эдил Эркинбаев “Сагынба” деп баштаса болобу?! Өзбектердин “таарынба” деген сөзүн кыргызчалатканда “сагынба” болуп калабы деп алиге чейин эсимди жыя албай жатам. «Эдилди Улукмырза Полотов агайы “үнүң жакшы” деп ырдатып койгон» деп айтып жүрүшөт. Эгерде андай болсо эмнеге биздин ушундай залкар агайга жаккан үн кайдагы бир өзбектин ырын которуп ырдаш керек? Буга ичим түтөбөй өрттөнүп кете жаздап, аз жерден калбадымбы.

Ильяз
Өрттөнбөй калганым жакшы болгон тура, анда Ильяз Абдразаковду жазбай калмак экенмин. Ильязды жаш болсо да ырларына өзү обон жаратып, өзү аранжировка жасайт. Өзүнө эле эмес, башкаларга да жасап берет. Анан да ырларын катыра ырдап, бардык кыздарды сүйдүрүп алган деп сыймыктанып жүрсөк, көрсө, бул жигитибизде да которуу жагынан чоң талант бар экен да. Ага бир гана мисал катары, сөзмө-сөз, обонмо-обон которулган казактардын “Кыздар, ай” деген ыры экенин баарыбыз эле билсек керек.

Нурзада
Жаңы ырдап чыгып келе жаткан кызыбыз Нурзада Жолдошова менен Эмир ырдаган “Ди-джей кыз” деген ырынын музыкасы өзбекче экенин да билебиз. Билип эле жакабызды кармап, “Кудай өзүң сакта” деп коюп турабыз. Эмне кылабыз анан? Ырдап, сахнада тушоосу кесиле электе сахна алиппесинин “А” тамгасын уурдалган ыр менен таанып жатышпайбы. Анда кийин каякка барышат булар?
Кыскасы, ушуну менен бул теманы токтотом. Антпесем бул бүтпөс дастандын аягына чыкканча чачым агарып кетчүдөй.

Даярдаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
amigos
2009-08-05 07:48:48
Замира Рахманбердиева Jon ele men kutup jurgon stat'ya jazypsyn go. Choon rahmat, bizdin jyldyzdardyn chynygy "talantyn" jazganyn uchun.
LOL
0
Venchic
2011-10-29 20:57:57
эн туура
0
№ 250, 17-23-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан