«КАНАТ & МИРБЕК» ТАНДЕМИНЕ 5 ЖЫЛ

Продюсер ырчы урушу бизде көнүмүш адатка айланган. Алардын фонунда “иштешүү боюнча биз рекорд койдук окшойт” деп күлүшкөн Канат Култаев жана Мирбек Атабеков көзгө түшпөй койбойт. Экөөнүн тандеминин түзүлгөнүнө 1-апрелде 5 жыл болду. Бул тандем хит чыгармаларынын бири “Сага” аттуу ырына клип тартышты.

Клиптин режиссёру – Мирлан Саткымбаев
Сарпталган каражаты – “Сыр бойдон эле калсынчы...”
Узактыгы – 3 мүнөт, 30 секунд
Тартылган жери – Бишкектеги түнкү клубдардын биринде жана Токмок шаарынын четиндеги токойдо тартылган.

– Мирбек, продюсер Канат Култаев менен иштешип келе жатканыңа 5 жыл болуптур. Билишимче, көп эле ырчылар продюсерлери менен ажырашып-табышып жатышат. А силердин тандемдин урабай турушунун сыры эмнеде?
Эң негизги сыры, бири-бирибизге болгон ишеничте. Экөөбүздүн мамилебиз бир тууган ага-инидей, ынак жана бекем. Тандем түзүлгөн күндө да ортодо ынтымак, ишенич болбосо, ал узакка жашабайт.
Продюсериңдин кайсы сапатын баалайсың да, кайсынысын “оңдосо” деп ойлойсуң?
Канат байкенин тактыгын жогору баалайм. Кайсы ишке аралашпасын, бардыгын өз убагында, анан так аткарат. Ал эми оңдочу жагы болсо, акыркы күндөрү толуп бара жатат. Бир аз арыктаса болот эле. Анан чач жасалгасын да өзгөртсө жакшы болмок (күлүп).
Канат, айтсаңыз, ушул 5 жыл аралыгында “Мирбек менен иштешпей эле койбой” деп өкүнгөн учурлар болду беле?
Чыгармачылык жактан пикир келишпестиктер болуп турат. Бири-бирибиз менен тил табышып кеткиче ыңгайсыздыктар, оорчулуктар болгон. Биз аны биргеликте жеңгенбиз. “Иштешпей эле койбой” деп ойлогон деле эмесмин. Анткени Мирбек мен үчүн бир тууган, мыкты дос, өз ишин жакшы билген музыкант. Ал дайыма заманбап музыкадан кабар алып, андан калышпаганга аракет кылат. Мен кол алдымдагы балдардын баарына “биздин ортодогу мамиле айнектей таза болушу керек” деп айтып келем. Анткени айнектин тунуктугунан эки жагындагы адам бирин-бири көрүп турат эмеспи. Ошол сыяктуу биздин мамилебиз да таза, тунук болушу керек.
Жакшы. Мирбек, “Сага” деген ырыңа клип тарттырууга жетишипсиң.
Ооба. Клиптин сценарийин Мирлан Саткымбаев жазган. Клипте мен жүрөгүмдү кыялымдагы кызга арнадым. Ал таза, аруу, назик ошондой эле кол жеткис бийик жан... Кол жеткис дегеним, ал сулуу кыз бар да, көз ирмемде жок болуп кетет. Клипте көп нерсе катылган, ар бир көрөрман муну өз алдынча түшүнүп, корутунду чыгарса болот.
Клипте көзүңдү таңып алып токой аралап чуркаган жериң бар экен. Капысынан терек сүзүп алган жоксуңбу?
Чындыгында, клиптин эң кызыгы ушул көз таңып чуркаган жеринде болду. Кыз менен жетелешип чуркаганда алгач 2-3 жолу чалындым. Анткени Айгеримдин көйнөгү узун эле да, аны басып алып кайра-кайра чалынам десең. Андан кийин көнүп калдым окшойт, зуулдап эле чуркап калдым.
Клиптеги кызды кастинг аркылуу тандадыңарбы же таанышыңбы?
Айгеримди кастинг аркылуу 10 кыздын арасынан тандап алдык. Ал студент, модель болуп да иштейт.
Клиптин кайсы жери жакпай калды же идеалдуу клип болдубу?
Мирлан Саткымбаев менен көптөн бери иштешип келебиз, анын жараткан эмгектери жагат. “Саганын” клибин эң жакшы дегенге да, эң жаман дегенге да кошпойм. Жакшы тартылган клиптердин катарынан орун алат, менимче.
Негизи эле клип тартууда кайсы учурлар сен үчүн дайыма оор да, кайсынысы жеңил?
Ар бир клип тартуу мезгили мен үчүн кызыктуу ары жагымдуу. Убакыттын кандай өткөнү билинбей калат. Бир кадрды тартып жатсаң кеч кирип кетет да, аны бекемдеш үчүн эртеси кайра башынан баштоого туура келет. Азыркы мезгилде клип тартуу да жеңил эмес. Жаңы идеяларды ойлоп таап, профессионалдык деңгээлдеги клип жаратуу зарыл.
Клипти карап отуруп «Күүгүм» тасмасы көз алдыга тартылат экен. Сенде андай ой болгон жокпу?
– Чындыгында бул тасманы көрбөптүрмүн. Айрым кадрлары окшош болуп калса керек. Кинону көрүш керек экен.
– Маегиңерге рахмат. Чыгармачылык ийгилик каалайм.

КАДР АРТЫНДА
Клип тартуу үчүн ылайыктуу токой табылбай убара болушкан. Акыры Токмок шаарынын четиндеги токой чыгармачыл топко “жылмайган”.
Клиптеги телефон будкасын эки ай мурун заказ кылышкан.
Айгеримге өзгөчө образда чуркоо керек болгондуктан, режиссёрдун купулуна толгуча чуркай берип чарчаган.
Клип 2 күн ичинде тартылып бүткөн.

Бул клипти Медиа-порталдан көрө аласыздар.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Titi
2011-04-02 07:53:12
Жакшы экен, бирин бири толуктап турат. Бири жакшы ырдайт, экинчиси так ишин аткарат. Алга умтула бергиле,силерге ийгилик!
0
Varvara
2011-04-02 08:09:22
коргум келтаатт
0
Aibusya
2011-04-02 20:35:27
malatsy
0
jua
2011-04-03 13:21:29
клип жакшы эле экен бир гана Triniti i Morfis жетишпей калыптыр
0
2011-04-05 12:11:05
Эн сонун негизи сенде талант бар Мирбек.
0
Janusia
2011-04-08 09:53:39
Мирбектин кандай адам экенин ушундан эле байкасак болот, Канат менен 5 жылдан бери урушпай талашпай эле иштеп келе жатышат. Мирбек сага ийгилик.
0
№ 439, 1-7-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан