АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Менин “Элдардын байлыгына кызыктым” дегениме ишенген беле? Ошондон улам байлыкка тиш кайрап калганбы? Жок, андайга алданбай калсын. Бул кыздын үмүтүн үзүш үчүн ошентип айтса керек.
– Айткандарын көңүлүңө алба. Байдын кызы болгонуң, эмне, сенин күнөөң бекен?
– Айдай, сенден бир сураныч...
Жок, жок, алтышка, андай дебе, антип суранба. Арстанды көндүрө албайм, антип мени кыйнаба!
– Атама Арстан тууралуу айтчы. Ал сүйлөшүп көрсүн. Акыл калчап иш кылса деле атамдай адамдын күйөө баласы болуу жаманбы?
Абалдын бул жагына өзгөрүшүн күтпөгөм. “Арстан менен сүйлөшүп, мага көндүрүп берчи” деп суранат деп ойлогом. Ишенесиздерби, мынчалык ыңгайсыз абалга туш болгон эмес болчумун. Не дээримди билбей калдым.
– Пожалуйста, сүйлөшчү атам менен.
– Макул, сүйлөшөм. Сен кабатыр болбо.
Мына сага тамаша! Убада берерин берип алып, эми аны кантип Элдарга айтарымды билбей апкаарып отурдум. Сезип жүрөм, Элдар Арстан экөөбүздүн мамилебиз бир туугандык рамкага сыйбай турганын алда качан түшүнүп болду. Бирок токтоо, акылдуу инсан сыр алдырбай жүрөт. Эми барып алып “Разия Арстанды сүйүп калыптыр, сүйлөшүп көргүлө деп суранып жатат” десем, мен накта эки жүздүү болуп көрүнбөймбү! Анан да Айдай деп сыздап жүргөн жигитке Элдар өз кызын кыйбаса керек. Кайсы ата ушуга макул болсун? Андан көрө Арстанды “кызыма жакын жолочу болбо!” деп жумуштан айдап жиберсе керек. Анда мен кантем? Бырылдап ыйлап, суранып жатып Арстанды жаныма келтирип алып, анын ушинтип керексиз буюмдай ыргытылып калышына кантип жол берем? Арстан менен сүйлөшүп көрсөмбү? Ал Разияга үйлөнүүгө такыр макул болбойт да. Же Разия менен сүйлөшүп, “Арстан башка кызды ойлоп, сыгылып жүрөт. Азыр аны унута албайт, сүйбөгөн соң сүйкөнүп эмне кыласың? Жакшысы, сени сүйгөн жигитти танда” десемчи? Ох, эмнеси болсо да муну эртерээк чечүү керек. Ушуларды ойлоп, жаным төрт чарчы болуп жүргөндө Арстан чалып калды. Окуудан соң дикцияны калыптандыруу курсуна барып жаткам. Ошол жерде отурсам “сүйлөшүү керек, сөз бар” деп чалып калды. Бул жигиттин үнүнө, сөзүнө акыл-эсимден мурун денем реакция берет дайыма. Азыр да гүлбакка жеткиче жүрөгүм дүкүлдөй кабынан ыргып кетчүдөй айланы кетирди. Кепкасын ары-бери айланта ойлуу отуруптур. Менин келгенимди да байкабады.
– Менин Арстанымды не мынча ой басып калган?
– Ой, салам, качан келдиң? Кечир, ойлонуп кетип байкабай калыптырмын. Бул сага.
Колундагы оролгон кичинекей кутуну кармата салды.
– Бул эмне?
– Ачып карап көр.
– Белек алганды жакшы көрөм. Айрыкча сенин колуңдан!
Өзүмөн өзүм жыргап, кубанып алдым. Кутунун ичинде рамкага салынган, аябай күлкүлүү быйтыкчанын сүрөтү бар экен. “Күлүп кой” деген жазуусун көрүп, чын эле жылмайып алдым.
– Рахмат, мага ушул нерсе азыр абдан керек болуп турган.
– Сенин капа тартып жүргөнүңдү сезип, өзүм жасадым.
– Кудайды карасаң, фотосүрөт болуп турат го?
– Ошо сүрөттү алгач компьютерде тартып, анан чыгарып, рамкага салып...
– Макул, макул, ишендим. Чын айтам, мага жакты. Көргөн сайын күлсөм керек.
– Айдай...
– Ии?
– Мен бул жактан кеткени жатам.
Кетем дейби? Каякка, качан, эмнеге?..
– Бир жума ичинде жумушумду тапшырып бүтсөм керек.
– Кайда барган жатасың?
– АКШга.
– Ошончо алыспы?
– Картадан карасаң бир топ эле алыс, бирок азыр интернет деген бар, күн сайын кабарлашып турганга болот.
– Күн сайын кабарлашып турабыз деп даярданып жатсаң, анда кеткен-кетпегениңдин айырмасы канчалык?
– Мени кечир, сенин жаныңда жүрүп, башка эркектин аялы экениңди сезип-туюу күндөн-күнгө оор болуп баратат. Бир күнү чыдабай кетип туура эмес жорук жасап алып, сенин турмушуңа зыяным тиеби деп корком.
– Разиядан качып бараткан жок­суңбу?
– Эрке кыз, кой, анчалык кетпе. Бирөөдөн коркуп качкыдай жорук жасаган эмесмин. Аны өзүң да жакшы билесиң.
– Кечир, жөн эле жиниңе тийиш үчүн сүйлөп ийдим. Бирок тиги кыз чын эле баш-оту менен сүйүп калган окшойт.
– Ошол нерсе да жүрөгүмдү эзчү болду. Сага көп карабаш үчүн, кызганычтан кыйналган жанымды алаксытыш үчүн, Элдар мырзанын көңүлүнө шек түшүрбөш үчүн Разияга көп көңүл буруп, сүйлөп коюптурмун. Ошонумду байкагандан тарта андан өзүмдү оолактата баштадым.
– Бирок кеч болуп калган эле.
– Туура, кеч болуп калган көрүнөт. Разия сен экөөбүзгө караганда акылдуу кыз, сынып калбайт. Өз ордун таап, турмушун жөндөп кетет. Аны ойлоп көп сыгыла бербе.
– Ал мага эмне дегенин билесиң­би?
– Жок.
– “Арстанга турмушка чыккым келет. Атама айт, Арстан менен сүйлөшүп көрсүн” деди.
– Мына көрдүңбү, акылга салып иш кылат деп жатпаймынбы. Сага же мага окшогон бирөө болсо “менин сезимдериме жооп бербей койду” деп жоопсуз сүйүүнүн азабын тартып жүрө бермек.
– Аның го туура дечи, Элдарга эмне дейм? Разия аябай суранганынан “макул, атаң менен сүйлөшөм, айтам” деп койдум.
– Айтам деген соң айта бер да.
– Элдар сага кайрылса эмне дей­сиң?
– Коркпо, күйөөңдүн жинине тийбей турган жоопту табам. Же эмне, мени күйөө бала кылгың келип турабы?
– Жок, андай дегеним жок. Эгер көңүлүң болсо, мен эмне демек элем? Разия жаман адам эмес.
– Менин көңүлүм кимде экенин билесиң. Так что, молчи!
– Макул, бул кепти эми козгобойм...
Кетет экен, дагы кетет экен! Иш жүзүндө Разияны талкуулап жатканыбыз менен, ойлорум мага ээ-жаа бербей, паникага түшүп баратты. Эми көпкө чейин көрбөймбү? Балким, такыр көрүшпөй каларбыз?.. Мен кантем, кандай айла кылам? Көөдөнүмдү кыскан дарт Арстан кайрылып келгенден бери жай алып, мени кыйнабай калган. Эми ошол дарт ойгонуп, көөдөнүм кысылып, дем жетпей баратты.
– Тобо, Айдай, сенден кайрадан ажырап каларымды билип туруп, кайдагы адамдарды жайбаракат талкуулап отурам? Бизге эмне болгон деги?
– Эгер жообум болсо... Көкүрөгүмдү өрттөп жаткан миң түркүн суроолорго жообум болсо...
– Жаным, мени кечир, ансыз деле оор турмушуңа уруксатсыз кирип келип, дайыма сени азапка салам. Мени кечир.
Экөөбүз кучакташып алып жаш балача ыйлап жаттык. Гүлбакта сейилдеп жүргөн адамдар таң кала, бири жактырбай, бири боор ачый тиктеп өтүп жатышты. Биздин ушу тапта кандай азапта турганыбызды бири да элестете албаса керек.
Арстан «айта бер» деген соң Разиянын өтүнүчүн Элдарга айттым. Кантсе да ата эмеспи, көпкө ойлонуп отуруп калды.
– Ушу кыздар, силер, сүйүү дегенде эмнени түшүнөсүңөр? Мисалы, сен?
– Эмне, кыздардын сүйүүсү менен эркектердики айырмалуубу?
– Силер жанагы отко айдаса, бокко качат дегендин өзүсүңөр. Сүйүү эмне, ал – өз жашооңду ишенимдүү бирөөгө байлоо, ошол адам менен жакшылык, кыйынчылыкта бирге болуу, ал адамдын көңүлүн оорутпоо, анын ою менен эсептешүү, ошол адамга бар жакшылыгыңды арноо, акыр-аягы келип ошол адамдан келечек тукумуңду улоо. Мына, мен үчүн сүйүү ушундай!

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Arstan
2011-04-01 19:22:50
Ушинтип эле бутуп калат кобуроок жазсанар гана.
0
aminali
2011-04-02 01:59:05
Arstan seni uwul jigitke okwowtura berem,uwul sen jonundo bolup jatkan jokpu ya?(tamawa).
0
asyl
2011-04-02 04:24:34
жакшы чечим чыгарыптыр.кетиш керек.экоону тен кыйнабай.
0
smska
2011-04-02 14:05:34
Арстан туура чечим чыгарыптыр.АКШга кетсе жакшы болот озуно эле..
0
2011-04-03 11:24:33
Когда закончится ?
0
Elmira
2011-04-03 21:12:50
Элдарды суйуп калдым
0
pusha
2011-04-04 16:36:41
Бул чыгарманы ким жазды болду экен? Ким жазса да жакшы жазыптыр.
0
bakaika
2011-04-07 14:13:18
абдан жакшы:-)
0
№ 439, 1-7-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан