РАЛЛИЯ

– Раллия, музыка дүйнөсүнө аралашып калууңа ким түрткү болгон?
– Негизи, ата-энем музыка адамдары. Апам көптөгөн конкурстардын же­ңүү­чүсү, көпчү­лүккө таанымал Ро­за Адил­канова. Атам музыкалык аспаптарда, айрыкча домбурада жакшы ойнойт. Ата-энемдин таасиринен улам музыкага жакын өстүм. Мектепте окуп жүргө­нүм­дө эле конкурстардан калбай катышып жүрчүмүн. Эмнегедир бала кезимде апамды Алла Пугачёва, өзүмдү болсо Анжелика Варум элестеткеним эсимде. Анан дагы бардык Россия жылдыздарынын аттарын бил­чүмүн. Ошентип, убакыт өткөн сайын музыкага болгон кызыгуум өсүп отуруп, мындан бир жыл мурун өзүм "Знай" деген ырымды жаздым. Ушул ырыма Актан Исабаевдин аранжировка жасап берүүсүн Актандан апам аркылуу сураткам. Апам Актан байке менен сүйлөшкөн соң, ал менен иштешүүгө өттүм. Кыскасы, мага чоң сахнага чыгуума Актан байке жардам берди.
– Алгач чоң сахнага чыкканың эсиңде калса керек?
– Көп эле жылдыздардын "биринчи жолу сахнага чыкканда толкундангам" деген сөздөрүн угуп келем. Ал эми өзүм биринчи жолу 2003-жылы КТРден "Нота-рингге" чыкканда эч кандай толкунданган да, сүрдөгөн да эмесмин. Кайра азыр сахнага чакырганда элдин дүркүрөгөн кол чабуусун укканда толкундана турган болдум.
– Ырчылыкка хобби катары карайсыңбы же кесип катары карайсыңбы?
– Чынын айтсам, азыр мен бир жыйынтыкка келе элекмин. Бирок, жүрөгүмө да, көңүлүмө да ырчылык жакын. Кээде өзүмдү сахнада төрөлгөндөй сезем. Кыскасы, ырчылыкты кесип катары кыйналбай алып кетээриме ишенем.
– Раллия деп атыңды ким койгон?
– Бул менин шоу-бизнестеги гана атым. Раллия деген атты өзүм кыялымдан жаратып алгам. Бул ысым мага сахнада чоң ийгиликтерди алып келээрине толук ишенем.
– Сени көптөр улуту башка деп келишет...
– Ооба, менин ата-энем казак улутунан. Болгону Кыргызстанда жашап калганбыз.
– Кыргызстанда популярдуу болуп алып, анан өз элиңе, Казакстанга кетип калбайсыңбы?
– Өз элиме кетип калышым да толук мүмкүн. Бирок, мекениме кеткен күндө да Кыргызстан менин жүрөгүмдө жашайт. Себеби, балалыгым, бактылуу күндөрүм, анан дагы менин чыныгы күйөрмандарым Кыргызстанда.
– Мүнөзүңдүн өзүңө жакпаган жагы кайсыл?
– Жаккан жагы, берешендигим. Ал эми жакпаганы, тез тултуя түшкөнүм.
– Күйөрман жигиттерге кандай мамиле жасайсың?
– Күйөрманың сенин талантыңды сыйлаган адам да. Ошондуктан, талантымды баалап келген адам менен албетте, жылуу мамиле түзүүгө аракеттенем. Бирок, чектен чыгып бараткандарга башкача мамиле жасайм.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 186, 26-май-1-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан