1-АПРЕЛЬ. КҮЛКҮ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!

Күлкү – ден соолуктун мүлкү. Жүзүнөн жылмаюу кетпеген адамдардын жашоосу жеңил, жолу ачык болору бекеринен эместир. Атактууларды 1-апрелге карата алдап, тор жайдык. Бүгүн алар гезиттен өздөрүн көрүп күлүп алышса, биздин максат ишке ашты деп эсептейбиз.

Улан Молдодосов, спортчу:
«ИЧ КИЙИМ ЖАРНАМАЛООГО ДАЯРМЫН»

Алгач эле тамашаны спортчулардан баштадык. Торубузга оор атлетика боюнча Азиянын чемпиону Улан Молдодосов илинди. “Жаңы эле Белорусиядан учуп келдим” деп билдирген темир балбаныбыз жеңебизге “мага ич кийим жарнамалоону сунушташты” деп сүйүнчүлөп жетишкен болсо ажеп эмес.

– Саламатсызбы, Улан? Мен “Matador” фирмасынын менеджеримин, сизге атайын сунуш менен чалып жаттым эле.
– Саламатчылык, угуп жатам.
– Биз Бишкекке жалаң спорттук кийимдер сатылган бутик ачып жатканбыз. Ошого жүз болуп берчү кишини көпкө издеп, акыры сизге токтолдук. Өң-келбеттүү, спорттогу оруну бар дегендей, сиз бизге аябай туура келип жатасыз.
– Аа, жакшы, мен эмне кылышым керек?
– Сизден көп деле жумуш талап кылынбайт. Болгону, биздин кийимдерди кийип сүрөткө түшүп бересиз. Баннер чыгарып, аны борбор шаарыбыздын көчөлөрүнө илебиз.
– Аа, макул.
– Алдын ала маалымат катары айтып коёюн, бизде ич кийимдер да бар. Макулдаша алсак, аларды да кийип түшүшүңүз керек болот.
– Ха-ха... Бирок менин “пузам” бар да. Анан кандай болот? Жарабай калам го...
– Ал маселе эмес, Photoshop менен оңдоп коёбуз.
– Аа, анда... Мен жаңы эле Белорусиядан келаттым эле, бошогондо жолугуп сүйлөшөлүчү.
– Макулсуз да анда?
– Ооба, макулмун.
– Рахмат, сиз менен дагы байланышабыз.


Азамат Исмаилов, «тамашоучу»:
«СНИКЕРСТИН» АКЧАСЫН КАЙТАРЫП БЕРЕМ»

Ар бир шоу адамына күйөрман керек. Анан күйөрман адамың минтип “сатып” койсо...

– Азамат, кандайсың?
– Жакшы, рахмат.
– Мен сага бир маалыматты тактоо үчүн чалып жатам. Амина аттуу демөөрчүң бар го...
– Ал менин демөөрчүм эмес, жөн гана баарыбыздын күйөрманыбыз.
– Ошол Амина бүгүн бизге келип, “ар оюндун алдынан Азамат мага келип, “шоколад алып элдин көзүнчө бер” деп акча берчү” деп кетти...
– Мен акча берет бекем? Жок, андай болушу мүмкүн эмес! Эмне максатта келиптир өзү?
– Максатын билбейт экем, болгону, “акча “обещать” эткен болчу” дейт.
– Эмне, “Сникерстин” акчасын кайтарып берсин дейби? Кызык! Бир оюндан кийин “мага белек бербей эле кой” деп айтканымда, анан токтоткон эле, бул жоругун.
– Сенде телефону болсо керек... Өзүң байланышып, сүй­лө­шүп койбойсуңбу анда?
– Телефону менде жок да... Дал өзү бекен? Сүрөткө тартып кал­дыңар беле?
– Ооба, өзүң деле келип көрсөң болот.
– Анда эртең барып көрөйүнчү...
– Макул, келип көрүп кет.

Кийинки күнү таң атпай Азамат кеңсебизге келди. «Сүрөт өчүп калыптыр» деген кошумча калп менен аны узатууга туура келди.


Аида Кулуева, ырчы:
«КОСТЮМДУ ЖАКШЫ ИШТЕП ЧЫГЫШ КЕРЕК»

Аида Кулуеваны «сизди жарнама роликтеринен көргүбүз келет» деп калп айтып ишендирип, макулдугун алдык.

– Саламатсызбы? Аида болду бекен?
– Ооба, ким сурап жатат?
– Мен чемичке чыгарган компаниянын менеджеримин. Биздин продукциянын жарнамасына тартылып бербейсизби?
– Аа, кызык экен, өзүм да аябай чемичкени жакшы көрөм.
– Жакшы-ы... Сценарийде сиз алгач чемичке чагып, анан данга айланып кетесиз. Костюмдун ылдый жагы учтуу, бели кенен, данга окшош болот. Каршылыгыңыз жокпу?
– Костюмду анда жакшы дизайнерге сүйлөшүп тиктириш керек болот.
– Аны сүйлөшүп жатабыз, кам санабаңыз.
– Мейли, мейли, тартылам. Та-ак, эртең бош эмесмин, бүрсүгүнү дагы. Мм-мм... жума күнү жолугуп, дагы тактап сүйлөшөлү.
– Макул.
– Мага телефон номе­риңди берчи?
– Өзүм байланышам, макулдук бергениңизге чоң рахмат!
– Аа, мейли анда.
– Саламатта калыңыз.


Айбек Карымов, ырчы:
«ЖЕКЕ ЖАШООМО КИЙЛИГИШПЕ!»

Өзүнөн да жүрөгү жаш Айбек мырзаны баягы эле кыздар темасында тамашага салдык.

– «Брат», кандайсың?
– Жакшы, ким бул?
– Мен Гүланданын мурунку жигити элем. Гүланда боюнча сүйлөшчү сөздөр бар...
– Анан?!
– Мен аны менен азыр бактылуу жашамакмын, ортодон сен чыга калбаганда!.. Ага да макул дегем. Эми мени капа кылганы, сенин дагы деле кыздарга көз салып жүргөнүң болуп жатат. Койбойсуңбу ошондоюңду?!
– Ар ким өз жашоосун өзү билет, сен аралашпа!
– Ошентсе деле...
– Сен менин жашоомо кийлигишпе деп жатам! Тү-үт, тү-үт, тү-үт...

5 мүнөттөн кийин кайра чалып:

– Алло, эмне коюп салдың?! Жолугуп “нормально” сүйлөш­пөйлүбү, «брат»?!
– Менин жеке жашоомо кийлигишпе дедим го! Тү-үт, тү-үт, тү-үт...
Жашырылган номерден чалганбыз. Ырчы номерди кантип таптырганы белгисиз, жарым саат өтпөй байланышка чыгып, чалган жигитти сүрүштүрө баштады. 1-апрель күнүнө карата тамаша экенин айтканыбызда: “Ха-ха... Силер белеңер? Мен азыр ИИМдеги досторума чалайын деп жаткам”,- деп күлүп калды.


Роза Шакирова, ырчы:
«ТҮРКТӨРДҮ ТУУРАГАНЫМДЫ ЭЛЕСТЕТ...»

Ырчылардын фобиясы – “анын ыры плагиат” деген сөз. Муну Роза Шакирова аркылуу сынап көрдүк.

– Саламатсызбы? Жакында эле бир түрк телеканалынан сиздин “Үйлөнүү той” деген клибиңизге окшош клип көрдүм. Сиздики плагиат турбайбы?..
– Клип 2007-жылы чыккан. Андай болушу мүмкүн эмес.
– Эже, мен өз көзүм менен көрүп, анан сизге чалып жатпаймынбы...
– Жок, жок, “вообще” андай эмес. Анчалыкка барса, мен түрк каналдарын такыр көрбөйм. Элестетсең, биз ошолорду туурап жатканыбызды?
– Анда эмне, алар сизден уурдаган болуп калабы?..
– Билбейм, аларды мен жылынан эле жеңбесем... Ал эмес, азыр деле «Үйлөнүү тоюнун» сюжетин кайталаган клиптерди көрүп жатам. Ал канал Кыргызстанда тартабы?
– Ооба.
– Анда ошолордон сураштырып көрчү. Анан мага да сөзсүз кабарын билдирип кой, ээ? “Блин”! Жиним келип жатат!
– Макул, сизге чалып коём, жакшы туруңуз.
– Мейли, кайра чалып кой.
– Макул, эже.

P.S. Бүгүн биздин торго түшкөн атактуулардын баарын Күлкү күнү менен куттуктайбыз! Майрамыңыздар менен!

Гүлжамал Бөрүкулова, Салтанат Мукасова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
aminali
2011-04-02 01:31:13
Aibekti tamawalagani jakti.
0
Titi
2011-04-02 08:03:53
Торго тушкондордун андан аркысы не болгону тушунуксуз,бир гана Айбек Карымовтуку жакшы болуптур,калгандары суз болуптур.
0
Takeshbek
2011-04-02 18:36:46
жакшы болуптур
0
2011-04-03 05:52:54
Баардыгы супер:-)
0
Duulat
2011-04-04 12:20:16
ормально!
0
legolas
2011-04-08 02:33:54
1- aprel kaidan kelip chykkan nerse. taryhyn bilgenier barby?
0
№ 439, 1-7-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан