ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Йемен

100ДӨН АШЫК АДАМ КӨЗ ЖУМДУ
Жаар шаарындагы жергиликтүү тургундар ок-дары заводун тоноп жатканда жарылуу болуп, 100дөн ашуун адам набыт болду. Азырынча бул боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Өлкөдөгү баш аламандыктан пайдаланып, 27-мартта Аль-Каиданын согушчандары басып алган негизги имараттардын ичинде ушул завод дагы бар болчу. Эскерте кетсек, Йемендин президенти Али Абдалла Салехтин кызматтан чегинүүсүн талап кылган элдик толкундоолор февралдын башынан бери уланып келатат.

Япония

РАДИОАКТИВДҮҮ ЗАТТАР ТАРАП ЖАТАТ
"Фукусима-1” атомдук электр станциясындагы жарылуудан тарап жаткан радиоактивдүү йод-131 коңшу жайгашкан Корея менен Кытайдын аймагынан табыла баштады. Ошондой эле АКШнын Тынч океан жээгиндеги штаттарына чейин жеткени маалым болду. Бирок «бул аймактарда адам өмүрүнө зыян туудурар деңгээлде эмес» дешет адистер. Эскерте кетсек, “Фукусима-1” АЭСнин аймагында радиоактивдүү йод-131дин көлөмү тиешелүү өлчөмдөн 3355 эсе өсүп кеткен. Акыркы маалыматтарга ылайык, цунаминин кесепетинен 11 миңден ашуун адам каза таап, 17 миңден ашыгы дайынсыз.

Кот-д' Ивуар

КОТ-Д'ИВУАРДЫН БОРБОРУН ОППОЗИЦИЯ БАСЫП АЛДЫ
Эл аралык коомчулук тарабынан Кот-д'Ивуардын президенти катары таанылган Алассан Уаттаранын тарапташтары өлкөнүн борбор шаары Ямусукро жана Сан-Педро портун басып алышты. Алар кийинки шаарларды алууга пландап жатышат. Мындан сырткары «Каржы жана маданий борбор Абиджан шаарын бир да ок чыгарбай каратып алабыз, Гбагбо үчүн анын бир да жоокери туруп бербейт» дешет оппозиция өкүлдөрү. Эскерте кетсек, өткөн жылкы шайлоодо жеңилип калган президент Гбагбо тактысын сактап калууга аракет кылууда.

Тажикстан

ТАЖИКТЕР ЖАРЫКСЫЗ КАЛАБЫ?
Вахш дарыясынын чукул тартылышынан улам Тажикстандагы эң ири Нурек ГЭСинде суунун деңгээли төмөндөп кеткен. Региондорго электр энергиясы суткасына эки-үч саатка гана бериле баштады. Суунун деңгээли бүгүнкү күнгө 858,4 метрге түшүп, эң төмөнкү чекке бир метрдей эле калган. Суунун агып кирүүсү секундасына 150-160 метр кубду гана түзүүдө. «Мындай көрүнүш Вахш дарыясында 1932-жылдан бери болгон эмес» деп билдирет "Барки точик" энергохолдинг компаниясынын басма сөз кызматы.

АКШ

РЕКОРДДУК ЖЕК-ПОТ
"Мега миллионс” компаниясы ойноткон 319 миллион доллар өлчөмүндөгү жек-потко Нью-Йорктун жашоочусу ээ болду. Утуш ээсине мамлекеттик салыктарды алып салгандан кийин 202,9 миллион төлөнүп берилмекчи. Ал акчасын 25 жыл аралыгында чекесинен же болбосо баарын бир убакта алууга мүмкүнчүлүгү бар. Азырынча бул бактылуу билеттин ээси атын ачыкка чыгара элек.

Арабия

РОБОТТОР ЖАРДАМГА КЕЛЕТ
Бириккен Араб Өлкө­сүн­дөгү “Абу-Даби” көргөзмө борборунда REEM-H2 аттуу жаңы робот ишке киргизилди. Ал келген кардарларга соода борборунун ичиндеги маалыматтарды айтып, керектүү жерине ээрчитип баруу кызматын көрсөтөт. Ошондой эле роботко жайгаштырылган экран аркылуу видеочалууну ишке ашырууга болот. REEM-H2 адам кейпинде жасалган. Бою 165 сантиметрди, салмагы 90 килограммды түзөт. Бир жерден экинчи жерге жетүү үчүн орнотулган дөңгөлөктөрү жардам берет. Бул техника “ПАЛ Роботикс” компаниясындагы испандык адистерге тиешелүү.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 439, 1-7-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан