СИ СИ КЕТЧ

80-жылдардын “Диско ханышасы” титулунун ээси, атактуу ырчы Си Си Кетч – бүгүнкү “Дүйнө жылдыздары” рубрикабыздын коногу. Эмесе, ырчынын балалыгы, карьера жолу жана жеке жашоосу тууралуу кененирээк маалымат назарыңыздарда...

Балалык
80-жылдардын диско-ырчысына айланган атактуу ырчы айым Си Си Кетчтин чыныгы аты – Каролина Катарина Мюллер. Каролина 1964-жылы 31-июлда Голландиянын Осс шаарында төрөлгөн. Атасы Юрген улуту немис, ал эми апасы Корри Нидерландиянын жараны болгон. Голландияда жашаган жаш үйбүлөнүн жошоо турмушу жакшы деп айтууга мүмкүн эмес эле. Андыктан, Каролинанын да балалыгы кыйынчылыктарсыз өткөн деп элестетүүгө болбойт. Өздөрүнүн жеке үйү жок болгондуктан, ал өлкөнүн ар бир шаарына көчүп-конуп жүргөндүктөн, Каронун классташтары, курбулары бат-бат алмашып, кичинекей кезинен эле элге көбүрөөк аралаша баштаган. 6-классты аяктагандан кийин Каролина үй-чарба мектебине тапшырат. Ал жактан тамак жасаганды, үй жыйнаганды, кир жууганды, чаң соргуч менен иштегенди жана соода кылганды, кардарлар менен жакшы мамиле түзгөндү үйрөнүп чыккан. 14 жашка толгонго чейин Каролина атасын кээде эле көрчү. Анткени, апасы экөө ажырашып кетишкен эле. Кийин апасынын үйбүлөсүн сактоо аракеттери ишке ашып, чогуу Германияга көчүп келишет. Бул өлкө кичинекей Карого аябай жакканы менен мурда голландча сүйлөгөндүктөн, немис тилин үйрөнүү бир топ кыйынчылыктарды алып келген. Кийинчерээк мектепти аяктагандан кийин орто окуу жайлардын биринен билим алып, дизайнер болуп чыгат. Ошондон кийин жашоосундагы эң кыйын мезгил өкүм сүрө баштайт. Окуусун аяктаары менен эле кийим тигүүчү фабрикага ишке орношот. Кожоюнунун Каролинага жана башка кызматкерлерге кылган мамилеси өтө эле орой болгондуктан, мындай чөйрөгө да көнүүгө аргасыз болгон. Ал жерде кийимдерге жең кошуп тигүү, топчу кадалуучу тешикчени даярдоо жана топчу тигүү анын милдети эле. Ошондогу “ылдам иштегин!” деген кожоюндун кыйкырыгын азыркыга чейин унута электигин ырчы көп эскерет.

Күтүлбөгөн окуя
Ушундай кыйын күн­дөрдүн биринде Каролина жумуштан кийин бир аз эс алуу максатында кичинекей эс алуучу жайга кирип калат. Анда ырдаган музыкалык топтун мүчөлөрү менен таанышып, сүйлө­шө кетпегенде, мүмкүн, биз 80-жылдардын диско ырчысы Си Си Кетч тууралуу укмак да эместирбиз. “Сенин бийлегиң келеби? Ырдаганды билесиңби?” деген суроолор Каронун жашоосуна жаңы жол ачып, анын ырчы болуусуна түрткү болгон. Каролина бала чагында эл алдында талантын тартуулаган атактуу ырчы болууну тилек кылбаганы менен үйдө жалгыз калган күндөрү бөлмөсүн жаап алып бугун чыгара ырдачу экен. Жашоодогу өз жолун тапкан ошол күндөн тарта Каролина музыка дүйнөсүнө аралаша баштаган. Алгач гитарада кол ойнотууну үйрөнүп, андан соң бийден сабак алат. Жакынкы аймакта өткөрүлгөн конкурстардын бирин да калтырбай катышып, убактысынын көпчүлүк бөлүгүн музыкага арнагандыктан, фабрикадагы жумушу тоскоолдуктарга учурай баштайт. Ишкананын жетекчилиги чоң чатак чыгарып, жыйынтыгында, Каро ооруп калат. Чечим чыгаруучу убак келип, Каролина ата-энеси менен бирге ырчылык карьераны тандап алган. Атасы болгон акчасын чогултуп, 20 миң маркка “Орбита” деп аталган музыкалык студия ачкан. Ал жерден бир гана Каролинанын ырларын жаздырбастан, ошол тегеректеги жаш таланттар дагы бул студиянын кызматын колдоно алышчу.

Атак-даңк туусун кармоо
«Сахна талаптарынын баары Каролинада бар. Ал жакшы ырдайт, жакшы бийлейт жана келишимдүү»,- деп ырчынын атасы айткандай, Каро чоң сахнага бет алат. Алгач бир канча конкурс, фестивалдарга катышып, элге тааныла баштаган. Шоу-бизнестин сырын билген анча-мынча алдамчылардын торуна түшүп, өзүн продюсермин деп тааныштыргандарга ырларын уурдатып жиберген күндөрү да болгон. Андай продюсерлеринин бири “Кэрол Дин” деген псевдонимди да тандап берет. Бирок, Каролина бул ат менен атагын чыгарууга жетишкен эмес. Андан көп өтпөй жалаң кыздардан турган “Оптимал” деген топко мүчө болуп кабыл алынат. 1985-жылы Каролинаны жаш артисттер конкурсунда белгилүү немис продюсери, “Модерн Токинг” тобунун жетекчиси Дитер Болен биринчи ирет көрүп, чогуу иштешүүнү сунуштайт. Ал учурда Дитердин өзүнүн “Модерн Токинг” тобу популярдуулуктун чокусунда турса да, Каро үчүн убакыт таап, анын талантын өстүрүүгө жардам берген. Ушул эле жылы келишимге кол коюшуп, жаңы түзүлгөн топтун атын “Си Си Кетч” деп аташат. “С”, “С” – ырчынын атынын баш тамгалары, ал эми “Catch” болсо “хит идея” деген сөздүн синониминен алынган. 1985-жылы жайында Каролинанын туулган күнүнө карата топтун эң алгачкы «Жүрөктү жоготуу» деген аталыштагы ыры жарыкка чыккан. Бул ыр Каронун атагын алыска тааныткан чыгарма катары бааланып келет. Андан көп узабай эле Си Си Кетч деген ат менен Каролина дүйнө элдери сүйүп уккан ырчыга айланган. Бирок, бул сырдуу кыздын өз аты ким экенин көпчүлүк билчү эмес, пластинкадан гана уккандыктан, анын кебетеси кандай экенин да көрө албаган эл бир топко бушайман болот. 1986-жылы Каролинанын аткаруусундагы экинчи «Анткени, сен жашсың» ырын толук дүйнө жүзүнүн элдери сүйүп уга башташкан. Ушул ырынан кийин гана күйөрмандар Каролинанын жүзүн көрүп, атын уга алышкан. Анткени, бул ыр жазылган пластинка, өзүнүн сүрөтү менен чыккан. Ушул эле жылы топтун «Кетчти карма» аттуу алгачкы альбому жарык көрөт. 1986-жылдын экинчи жарымында «Түнкү жолоочу», «Жүрөктү жаралаган отель» аттуу ырлары бири-биринин артынан хитке айланып, Каролинага «Диско ханышасы» титулу ыйгарылган. Экинчи альбому «Жүрөктү жаралаган отельге кош келиңиз!» деп аталып, ага «Бейиш жана тозок» деген жаңы ыры кирген. Дүйнөнүн дээрлик бардык өлкө­лөрүндө Каролинанын аткаруусундагы ырлар жаңырып турган. 1987-жылы «Эрсиңби?» деп аталган жаңы ыры, андан кийинки «Жан сактагыч» деген чыгармасы Си Си Кетчтин күйөрмандарынын санын көбөйтүүгө чоң салым кошкон. А Каролина аткарган ырлар евро-чарттагы алдыңкы орунду 7-8 жумага чейин эч кимге берген эмес.
Ал эми 1988-жылы ырчынын бир гана чыгармачылыгында эмес, имиджине да жаңыруулар кирген. Ушул жылы чыккан «Сырдуу жарыктын үйү» ырлар жыйнагын чыгараар алдында ырчы бир күн ичинде Парижге барып келүүгө аргасыз болгон. Себеби, ал жактагы «Клеопатра» деп аталган сулуулук салонунан чачын кестирип, имиджин өзгөртүп келүү керек эле. Ошондон кийин кенен шым, узун тырмак мода болуп, ал эми кыска чач 80-жылдардагы жаш кыздардын чач жасалгасынын эталонуна айланган.
Буга чейинки чыккан ырларынын бардыгын ырчынын продюсери Дитер Болен жазгандыктан, өз күчү менен ыр жаратууну каалаган Каролина Дитерден бул тууралуу суранган эле. Бирок, ал мындай кадамга жол бербесин билдирген. Ал эми ушул эле жылы чыккан «Чоң майрам» альбому Дитер экөөнүн чогуу чыгарган акыркы чыгармасы болгон. Бирок, 89-жылдын аягына чейин экөө алыстан иштешип жүрүшкөн. Андан кийин биротоло кол үзүүгө туура келген. Каро башка продюсерлер менен жаңы мамиле түзө баштаганын угуп, Дитер өзү койгон Си Си Кетч псевдонимин колдонууга тыюу салган. Андан кийин ырчы өз аты менен чыкса да, эл үчүн Си Си Кетч бойдон кала берген. Кийинки чыгарган «Айтканымды ук» альбому мурункудай популярдуулукка жеткен эмес. Ал эми 90-жылдардан кийин ырчы Каролина дүйнөгө сапарын баштайт. Бирок, андан бир жыл өтпөй белгисиз себептердин айынан сахнадан кетип калган эле. Баарыбир күйөрмандарынын жүрөгүнүн түпкүрүндө сакталган Си Си Кетч кийин кайра 2001-жылы эл алдына чыга баштайт. Бир канча атактуу музыкалык топтор менен бирге дүйнөлүк турнеге чыккан. Ал эми 2003-жылы 14 жылдык тыныгуудан кийин «Башыңды чайка» деген аталыштагы жаңы альбом жаратат. Андан тышкары, жаңы кылымдын башталышы менен Каролина Авторадио уюштурган «80-жылдардын дискотекасы» фетивалына активдүү катышып келет. 2004-жылдын 29-декабрында чыккан «Тынчтык» аттуу ыры азыркы учурда дагы өз күйөрмандарынын сагынганда жаштыкты эстеткен ыйык үн катары бааланып жүрөт.

Жеке жашоосунан
1985-жылы “Радио-85” көргөзмөсүнө арналган телеберүүгө тартылуу үчүн барган Каролина “Аквамарин” тобунун барабанчысы Франк Отто аттуу жигит менен таанышкан. Тез эле мүнөздөрү келишкен жаштардын ортосун сүйүү аралап, чогуу жашоого өтүшөт. Бир жылдай убакыт Каро Франк Отто менен чогуу өзүнүн ата энеси жашаган үйдүн бир кабатында турмуш курушат. Бирок, мамилелери баш кошууга чейин жеткен эмес. Кийин 1998-жылы Каролина өзүнүн медитация жана йога боюнча окутуучусуна турмушка чыккан эле. Белгисиз себептердин айынан жубайлар көп узабай ажырашып кетишкен. Ортолорунда балдары жок. Жакынкы аралыкта эле “Каролина орус улутундагы бир жигитке турмушка чыкканы жатыптыр” деген кептер тараган болчу. Бул тууралуу: “Жакын мамиледе жүргөнүбүз ырас, бирок, мен аны менен бирге боло албайм”,- дейт ырчы. Экинчи ирет турмушка чыгууга камынып жатканын жашырбаганы менен болочок жолдошу тууралуу жар салуудан баш тартат.
Жеке кызыкчылыктарына кайрылсак, Си Си Кетч кичинекей кезинен эле мышыктарды аябай жакшы көрөт жана азыркыга чейин ырчынын үйүнөн алардын бир нече түрүн кезиктирүүгө болот. Андыктан, учурда бул жаныбардын ар кандай формада жасалган сөлөкөттөрүн чогултуу – Каролинанын хоббиси. Тамактын түрүн даярдоону жактырганы менен ырчы вегетариан болгондуктан, эт-сүт азыктарынан жасалган күчтүү тамактарды жей албайт. “Ал эми сулуу болуунун башкы сыры тууралуу айтсак, ар бир адам өзүн бактылуумун деп эсептесе гана сулуу боло алат”,- дейт Си Си Кетч.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
new_hacker
2016-06-08 15:58:38
Негизинен эле жакшы ырдайт
0
№ 250, 17-23-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан