Төмөндө мамлекеттин пенсияга бериле турган 4 миллион сом акчасын жашырган эне менен кыздын азапка кабылып, аягында жашоо менен кош айтышканы тууралуу аянычтуу окуя баяндалат. Баарынан да он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кыздын ак жеринен азгырылып, курмандыкка айлангандыгы зээнди кейитет. Барымтада жатып “биздин дайыныбыз чыкпай кетсек өлүгүбүздү тапканга аракет кылгыла... Экөөбүз силерди кечке ойлоп жатабыз, мен апамдан ажырай албай койдум...” деп жазганычы.
ПЕНСИЯГА ДЕГЕН АКЧАНЫ АЛЫП КЕТКЕН БОЙДОН ЖОК
2010-жылдын 11-майында Сокулук райондук ИИБине “Кыргыз Почтасы” ишканасынын Сокулук райондук филиалынын директору Абрамановдон “аталган ишкананын кассири 1964-жылы туулган Кызкараева Майрамкүл Ашыбековна Сокулук райондук “РСК Банкынан” пенсияга деген 4 миллион сомду алып кеткен боюнча дайынсыз” деген арыз түшкөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталат. Иликтөөнүн жүрүшүндө Кызкараева менен кошо кызы Нургүл да дайынсыз жоголгону билинет. Нургүлдүн сүйлөшкөн жигити Мирланга 10-майдан 11-майга караган түнү аны менен коштошкон маанидеги СМС жөнөткөнү аныкталат. Эне менен кыздын туугандарынан бери бүт текшерилип, сүрөттөрү Чүй облусунун бардык ИИБдерине, Бишкек ШИИБине жана чек ара кызматынын бөлүмдөрүнө жиберилет. Чет өлкөгө качып кетүүсүнүн алдын алуу максатында “Манас” аэропорту, темир жол жана автобекеттер көзөмөлгө алынат. Аракеттердин акыбети кайтып, Нурлан кызы Нургүл ысымдуу адамга 31-майда жолго чыгуучу Бишкек-Москва маршруту боюнча поездге билет алынганы аныкталат. Бирок аталган багыт боюнча жүргүнчүлөрдүн арасынан Нургүл табылбайт. 2010-жылдын 2-июнунда милиция кызматкерлерине Кызкараева Майрамдын кичүү кызы Жаңыл эртең менен эжеси телефон чалгандыгын айтат. Анда Нургүл сиңдисине барымтада кармалып турушкандыгын жана аларды Чынара аттуу аял балдары менен чогуу коркутуп жаткандыгын айткан боюнча дайыны билинбей кеткен. Оперлер Нургүл чалган номерди текшеришкенде, Бишкектеги борбордук телеграф болуп чыккан.
КЫЛМЫШКА ЭМНЕ СЕБЕПТЕН БАРГАН?
Кылмыш иликтөөчүлөрдүн тергөө-иликтөө иштерине таянып берген маалыматы боюнча окуя мындай болгон: Сокулук районуна караштуу “Кыргыз Почтасы” ишканасында кассир болуп иштеген Кызкараева Майрамкүл аталган районго караштуу почта түйүндөрүндө иштеген почточуларга 500 000 сом карыз болуп калат. Анын кыйналып жүргөнүн билген чогуу иштешкен Р.Ч. аттуу айым пенсияга деп келген акчаны уурдоону айтат. Майрамкүл көнгөндөн кийин кантип уурдоонун планын түзүшүп, даярдана башташат. Ошентип, 2010-жылдын 11-майында план боюнча саат 9:30дарда Майрамкүл кызы Нургүл менен Р.Чнын уулу Б.Анын автоунаасында банктын алдына келишет. Нургүл менен Б.А. машинада калышат. Майрамкүл банкка кирип 4 миллион сомду алып келип отургандан кийин Р.Чнын үйүнө келишет да, бөлүп алышат. Майрамкүл “бул почточуга мынча, тиги почточуга түкүнчө карыз элем, берип кой” деп Р.Чга 500 000 сом эсептеп берет. Майрамкүл сурангандай эле Р.Ч. карыз болгон кишилеринин баарына акчаны таратып берет.
ӨЛТҮРҮП, СУУГА ЫРГЫТЫП ЖИБЕРИШКЕН
Майрамкүл кызы Нургүл менен эми кантип Кыргызстандан чыгып кетүүнүн айласын издей башташат. Р.Чнын улуу уулу Б.Т. Майрамкүлгө жана кызы Нургүлгө паспорт жасатып берем деп алардан 8000 доллар алат да, жарандык никедеги аялы Т.Анын Ысык-Атадагы Гидростроитель айылындагы таанышынын үйүнө алдап алып барып камап коёт. Ошентип, мыйзамсыз миллионерлер барымтадагыларга айланат. Нургүл үйдөн качып чыгып, сиңдиси Жаңыл менен телефон аркылуу сүйлөшөт да, милицияга кайрылуудан коркуп, апасын ошондой оор абалда жалгыз таштап кете албай “өлсөм, апам менен чогуу өлөйүн” деп азаптуу үйгө кайрылып барат. Ал жерден апасы курбусуна, кызы жигитине жана эжелерине аппликация барагына кат жазып, дивандын бурчуна бекитип коюшат. 3-июнь күнү кечинде бир туугандар Б.Т. жана Б.А. келишип экөөнү электрошок менен токко урдуруп, муунтуп өлтүрүп коюшат. Анан аларды машина менен Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айылына алпарып, айылды жандап өткөн ЧЧКга чөктүрүп жиберишет. Алардын сөөгү кийинчерээк ар башка жерлерден табылып, буга чейин ким экендиктери белгисиз бойдон калып келген.
КЫҢЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА ДА БИЛИНЕТ
Кылмышкерлерди кармаган топтун мүчөсү ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мүлк кылмыштарын ачуу бөлүмүнүн улуу оперкызматкери Алмаз Мусаев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул кылмыш боюнча ар кайсы версиялар менен иш жүргүзүп жаттык. Бизге Майрамкүл жана анын кызы камалып жаткан үй тууралуу маалыматтар келип түштү. Ал үйгө барып, үйдүн ээсин суракка алганыбызда маалымат тастыкталды. Үйдүн ээсинин аялы эне менен кызынын өлөр алдында жазып, дивандын бурчуна бекитип коюшкан жеринен таап, бекитип койгон каттарды берди. Анда “Чынара аттуу аял балдары менен чогуу бизди өлтүргөнү жатат...” деп жазылган. Атайын оперативдүү изилдөө иштеринин натыйжасында Б.Тнын аялы Т.А. Кант шаарынан, Р.Ч. жана Б.А. Бишкек шаарындагы кичирайондордун биринде жашырынып жүргөн жеринен, ал эми Б.Тнын өзү Чүй облусундагы тоолордун биринде жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Сурак учурунда бир туугандар Кызкараеваны жана кызы Нургүлдү өлтүрүшкөнүн, алардын сөөгүн автоунаага салып барып Чоң Чүй каналына таштап салышканын моюнга алышты. Ал эми ушундай кандуу окуяларга алып келген, азгырган акча каякта экенинен дайын жок. Аял жана анын балдары акча кантип сарпталганын айтпай жатышат.
Замандашыбыз Майрамкүлдү кыйынчылык мезгилде курбусу кылмыш кылууга түртүп, кайра курбусунун балдарынан ажал тааптыр. Мына, окурман, акча деп напсисин тыя албагандар курмандыкка айланып, эң кымбат деген өмүрү менен коштошушту. Ал эми кылмыш жасагандар темир тор артында “жашаганы” турат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg