Азимбек Бекназаров, экс-вице-премьер-министр: «КЫРГЫЗГА ДАГЫ РЕВОЛЮЦИЯ КЕРЕК»

– Азимбек Анаркулович, кош келипсиз, суроолорго жооп берүүгө даярсызбы?
– Даярмын.
– 24-март, 7-апрелдеги революцияларга көз карашы­ңыз кандай?
– Максатыбыз бийликке келиш эмес, Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкаруу системасын жок кылып, мамлекетти демократиялык жолго салуу, элдин үнүн угуу болчу. Революциянын максаттарынын ишке ашыкканына ыраазы болом. Кызматтан четтедим деп өкүнбөйм. Кызмат, байлык – колдун кири.
– Сиз 24-март менен 7-апрелдин кайсынысын белгилейсиз?
– Тарыхый окуялардын кыймылдаткыч күчү – карапайым эл жана кыргыздын жаштары. Эки дата каалайбызбы, каалабайбызбы, тарыхый күн болуп кала берет. Бирок кыргыз улуту бул окуяны оң жагынан тарыхта калтырышыбыз керек. Баңгилердин же хулигандардын аркасы менен болгон окуя дегенге болбойт. Куттуу жерде айтып коёюн, эч ким акча берип, революция жасап элди көтөргөн жок. Окурманга айтарым, тарыхтын алдында баарыбыз бирдей туткунбуз. 7-апрелди майрамдашка али эрте. Анткени биз кайгынын, кургай элек кандын үстүндө отурабыз. Себеби аларды аткандар соттоло элек. Өкмөттүн иштегенине 2-3 ай болду, иштесин, үмүт үзө элекпиз. Албетте, өкүнүчтүү, кечээ күнкү эле аткаминерлер кайра келип, борттон сыртта калган адам катары бизге деле оор тийип жатат. 
-Азимбек мырза, азыркы коалиция жөнүндө эмне айта аласыз?
- Коалицияга оюм тескери. Өкмөттө бирдиктүү саясат жок, бир нерсе десе “кана, кол койбодуң беле, Алмазбек Шаршенович, биздин адамды бийликке кой” дейт. Ал адамы болсо аларга гана отчёт берип, Атамбаевди укпайт. Ырас, үч партия коалициялык өкмөт курдубу, мүмкүнчүлүк берели. Эгер иштей албаса, коалицияны таратып, алардын ордуна башка өкмөт түзүп коюуга болот.
– “Жубайым “биз качан элге окшоп жашайбыз?” деп капаланат” дедиңиз эле, эми кантип жатасыздар?
Швейцарияда качып жүр­гөн экинчи уулум балалуу болгон, тамашалап Качкынбек деп койдум. Эне да, кээде ошолорду эстеп сагынат, кейийт. Ошол уулум апасынан “атам баягыдай эле Чапай болуп жүрөбү, көчөдө революция кылып?” деп сурайт экен. Ооба, үйүбүздө ушундай сөздөр чыгат, бирок бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылабыз.
– Сырттан караган адамга абдан сүрдүү көрүнөсүз, мүнөзүңүз кандай?
– Ороймун, өзүмдүкүн бербейм, бетке чабармын, ошондуктан көп адамдарга жакпайм.
– Көп учурда оппозициячылардын өмүрү кыл учунда. Ошондой кайгылуу күндөн кеп салып берсеңиз?
– Үзөңгү-Кууштун айынан түрмөдө жатканда ойлогом, “өлүп калат турбаймынбы” деп. Бул сыяктуу коркунучтуу күндөр, ыйлай турган капалуу убактар өткөн.
– Азимбек Анаркулович, аман­дыкта көрүшөлү дейли да, жыйынтык сөзүңүздү угалы.
Чоң рахмат, түз байланышка чыгып, тартынбай жүрөк өйүткөн суроолорду бергениңиздер үчүн. Кыргызстанды жалаа, ушак-айың каптады. Ошолор менен убара болуп жүрүп өзүбүздүн руханий дүйнөбүзгө шек келтирип албайлы. Кыргыз эли эки революцияны баштан өткөрдү, эми бизге үчүнчү революция керек. Бул жан дүйнөбүздү тазалоо революциясы. Ар бирибиз өзүбүздүн ички туюмубузду тазалап, түзөлсөк, коом да оңолот.

 

Бурул Исмаилова
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Атактуулар Супер-Форумда - экс-вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров, (3-бөлүк)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
erniyaz
2011-04-06 09:40:42
император, сен бул суроолорундун жообуна кызыксан "дело№" гезити же болбосо россиянын гезиттеринен издесен болот! сен оз мамлекетиндин негизи эмнеде экенин жакшы билбейт окшойсун! путин билген учун сунуштап жатат! озунду уят кылба
0
arlekino
2011-04-06 11:39:34
ой ушу киши пенсияга чыгып уйундо эле отурбайбы жамандыктын эмблемасындай болбой...уят!!! карыганда берсин доолотту дейт...
0
talastykmyn
2011-04-06 15:02:59
ушу чаласабат бекназаров дегенге айла жок экенда. борттон сырт калып калганы ырас эле болду.
0
imperator
2011-04-06 15:33:33
Эрнияз, Евро биримдикке путин акендин тиши откудой эмне Орто Азия дейсинби.Ал жерге Кыргызстандын кириши эч качан мумкун эмес. Орусия озу жок туруп,Кыргызстанды киргизип коймок беле. Издесен болот дебей конкреттуу шилтемесин таштап кой сайттын. Мен мамлекетимдин негизин сенден жакшы билем.Сага окшоп каяктагы орустун курамында кошоматчы эмесмин.Тушунбогондон кийин,эс уйротпо,ОК?
0
volk
2011-04-06 21:32:53
Ушу кишиге тан бердим тии мен тааныгандан бери эле революция деп келатат, эмне аксыдагы элдердин олуму буга жетпейби дагы бир интервюсунда алар мен учун олгон эмес деп коет айылда эле суу сугарып журо берсен болмок экен элди дурботпой.
Бйилике келди акча чогулту Бакиев кетирип ийди эле мен аксыны текшерип атканда кетирип ийди деп чыкты бакиев кеткенде дагы келди анда да аксыны унутуп кайдагы озбектин кишисин томожняга койбой койдун деп журот биздин чондордо озу ар жок
0
Gulnazi
2011-04-07 15:39:26
тынчыраак эле жашайлы туугандар революция жок эле. Азимбек мырза сиз балким жакшы адамдырсыз сиз бирок мамлекеттик кызматка татыктуу эмессиз. кыргызстанга билимдуу адамдар керек буга азырынча эч ким татыктуу эмес го.
0
Gulnazi
2011-04-07 15:41:44
азимбек мырзанын толгочулорго барып ага каршы болгондордун жолун жаптырганын билем.
0
erniyaz
2011-04-07 18:47:39
"император"мамлекетибиз эмне учун артта калган сен билесинби? билбесен мына мен билем! ушу сага окшогон, "аа ал нерсе такыр болушу мумкун эмес, бул да мумкун эмес" деп коюп олтура берген пассивдердин айынан артта калган! жок нерседен да умут кылып, ошол нерсеге аракет кылсан гана бар нерсеге жетишесин!
0
imperator
2011-04-07 19:52:28
Эрнияз, чынында эле акылы тайыз адам экенсин. Биринчиден,пассив дебейт.Пессимист дейт.Экинчиден сага тушунуктуу кылып мисал менен айтайын.Сен Кыргызстанда пингвин,же ак аюу жашаганын уктунбу?Макул сен оптимистсин дейли.Омурун откончо жакшы ниет кылсан да жогорудагылар Кыргызстанда жашап калбайт.Евро биримдик дагы ошондой нерсе.Жалан Европадагылар кирет.Орто Азиядан,же башка жерден бир мамлекет кирип калбайт.Ушунчалыгын тушунсон керек?Анан Кыргызстанды картадан карап кор,кайсыл жерде турганын.
0
erniyaz
2011-04-07 21:07:57
ну даа, ты внатуре хамеллеон!!!!!
0
erniyaz
2011-04-07 21:15:48
географикмин де? сен менен талашып, сага тушундургондун ордуна уйумдогу итим менен суйлошсом сага караганда ал тушунмок! оз оюндан кайтпаган "......."экенсин! эмне болоорун келечек корсотот! экообуз комп-н алдында олтуруп кыргызстандын келечегин чечип кое албайбыз! азырынча сенин оюн туура деп кое берели, себеби сен келечек эмес азыркы учурду элестетип жазып жатасын!
0
erniyaz
2011-04-07 21:27:36
"акылы тайыз адам" деген созуно келсек, кимдин акылы жогору озу? сен акылдуу болсон акылынды иштетип акылсыздар менен соз талашкандын ордуна аракетинди кылбайсынбы? туура сенин оюн боюнча менин акылым тайыздыр, бирок мен азыр сен ойлогондон да жашмын, акылымды жогорулатууга убакыт коп алдыда! акыл ж-до суйлойсун азыр "мугалим бугун билген нерсени окуучу эртен билет" чыныгы акылы тайыз адамды коргун келсе кузгуну кара, ошол жерде сени карап турат ошол бала!
0
imperator
2011-04-08 03:18:06
Сабатсыздар менен талашканда ар дайым женилгенмин.
0
erniyaz
2011-04-08 09:49:47
император" сен куюшканга кыпчылган жылкынын тезегине окшоп менин создорумо илине бербе! биринчиден кыргыз тилинин граматикасын окуп кор мага бир макалынды 10жолу кайталабай! пессимист-оптимист, актив-пассив экоо тен бир маанини тушундургон карама каршы создор болуп саналат! ушунчалык акылдуу экенсин ушул элементарный нерсени билбейт экенсин! экинчиден макалын б-ча алсак, мен сабаттуу адамдар менен эч качан талашкан эмесмин, алар бир гана фактылар менен тушундурушот сага окшоп тантыра бербей!
0
Janusia
2011-04-08 10:00:34
Бекназаровду мурун патриот киши деп ойлочумун анан кылыктарын уккандан кийин иренжип калдым. Корсо бийлик учун эле жанталашып жаткан окшойт.
0
№ 439, 1-7-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан