Алексей Сидоров: «АЙКЫН БАРДЫК ЧЫГАРМАЛАРЫН ЖАНДУУ ҮН МЕНЕН ЫРДАДЫ»

Кыргыз жана чыгыш ырларын жаңыртып келе жаткан “Тумар” радиосу туулган күнүн белгиледи. Бул тууралуу радионун директору Алексей Сидоров төмөнкүчө кеп салды.

– Туулган күнүңөр менен! Кандай маанайда тосуп алдыңыздар?
– Рахмат! Туулган күндүн урматына 21-март күнү Бишкектин көчөлөрүндө «Угармандар үчүн 100 белек» деген акция уюштурдук. Жеңүүчүлөр пансионатка жолдомодон баштап жумшак эмерек, автомайлар жана башка белектерге ээ болушту. 25-мартта казак ырчысы Айкындын жеке концертин уюштурдук.
– Айкынды тандап ал­ууңуздардын себеби эмнеде?
– Жыл сайын туулган күнү­бүз­дө Орто Азиянын көрүнүктүү бир ырчысын конокко чакырып, угармандарга кубаныч тартуулоо бизде салт болуп калды. Бул жылы казак ырчысы Айкынды чакырдык. Анткени бул ырчынын ырларын угармандар абдан көп суранышат. Айкындан сырткары Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Урмат Усенов, Бактыгүл Бадыева, “Non-Stop” дуэти жана башка кыргыз эстрадасынын каймактары куттуктап ырдап кетишти. Ырчыларды «Версус», «Стар Денс» бий топтору коштоду.
– Байкашымча, концертке эл аз келди...
– Элдин аз келгени биз үчүн да түшүнүксүз болууда. Бирок элдин аздыгына карабай концерт өзгөчө маанайда өттү. Анткени Айкын, бардык чыгармаларын жандуу үн менен ырдады. Өзгөчө гитаранын коштоосунда «Колхоз кечи» деген кыргыз ырын созгондо эл кол чаап коштосо, “Пах-пах” ырын ырдаганда туруп бийлеп жиберишти. Концерт учурунда Айкындын бир өзгөчөлүгүн байкадым, сахнада өзүн аябай эркин сезет экен. Эл менен тыгыз байланышта болуп, куудулданып күлдүрүп да жатты.
“Тумар” радиосу мындан ары да угармандарына мыкты акцияларды, көңүлдүү концерттерди уюштура бермекчи.


 Кыстарылган видео 
Репортаж - Айкын Бишкекте
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Titi
2011-04-02 10:07:14
Айкын деген ким озу? Ырчыбы? Аны не чакырышты экен. Андан коро город 312 тобун чакырышса болмок экен.
0
MIRDJAMELL
2011-04-03 05:45:45
Мага занавеска жакты артындагы...Вешалка укмуш экен хехехехе...
0
anna
2011-04-03 14:36:36
Titi сен билбесен башкасы билет!!! Андан коро газеталарды окубайсынбы?! Эмне рекламаларды коргон жоксунбу???
0
Aiko
2011-04-23 19:04:16
Концертке бара албай калдым..:(
0
№ 439, 1-7-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан