Гезитибиздин №436-санында биз ырчы Микаэлдин киши колдуу өлүмү, ал кылмыш ишинин айланасындагы окуялар, кылмыш ишин иликтеген иликтөөчүнүн, маркумдун бир тууган эжесинин баяндарын жазганбыз. Ал гезит жарыкка чыккан күнү редакциябызга “Микаэлди өлтүрдү” деп айыпталып жаткан Эркин Турусбековдун энеси Нуржамал Рыскулова келди. “Мен Америкада жашап жаттым беле, силер байланыша албай калчудай?” Н.Рыскулованын биринчи суроосу ушул болду. Андан башка да жооп талап кылган суроолору көп болчу. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн соң төмөнкү жагдайлар менен окурман журтун тааныштырууну чечтик.
Ар кимдин өз чындыгы бар. Ооба, ошол учурда айыпталуучу тарапка байланышка чыга албагандыктан, алардын пикирин жарыялабай калганбыз. Бирок ал тараптын пикирин угууга, гезит бетинде чагылдырууга даяр экенибизди жашырган эмеспиз. Учурунда байланыша албай, айрым жагдайларды тактай албай калганыбыз үчүн, албетте, кечирим сурайбыз. “Силер байланышка чыкпаганыңар үчүн эле эмес, макалада так берилбеген бир нече жагдайлар үчүн кечирим сурап, төгүндөө беришиңер керек деп эсептейм. Чынында, ушул иш тууралуу ММКларга маалымат бергим келген эмес, бермек да эмесмин. Анткени ал коомдук пикирге, сотко басым катарында бааланышы мүмкүн болчу. Силердин гезитке жарыяланган макаладан улам өз үнүмдү элге жеткирүүгө аргасыз болдум”,- дейт Нуржамал Рыскулова. Ал төмөнкү жагдайларга токтолду:
1. – Свердлов райондук ИИБинин ага кылмыш иликтөөчүсү Нурдин Жусубалиев кылмыштын бетин ачты деп жазып жатасыңар. Ал өзү ошондой пикирде. Ал, болгону, кылмыш боюнча иликтөө жүргүздү, бирок кылмышты чын эле ачтыбы, кылмышкерди таптыбы, аны соттун жыйынтыгынан кийин гана билебиз. Эркинди 24-майда күндүзгү саат 11лер чамасында кармашты. Кармашты десе да туура болбой калат, аны уурдап кетишти. Балам телефон аркылуу кабарлаганга үлгүрбөдү, “апа” деген боюнча эле байланыш үзүлүп, телефону өчүп калды. Аны издеп Свердлов районуна эки жолу бардым. “Жок, биз билбейбиз” менен кутулушту. Ошол биз издеп жүргөн түнү уулумду сабап, моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп, кылбаган кылмышты кыйноо менен моюнуна алдырышкан экен. Биз анын дайынын таппай, айла кеткенде Свердлов РИИБинин карамагындагы шаардык милиция бөлүмчөлөрүн аңдып жүрүп, түнкү саат 11ден өткөндө №10- бөлүмчөнүн терезесинен көрүп калдык. Ошол маалда балама көрсөтмө жаздырып жатышкан экен. Адвокат менен кирип, алар менен сүйлөшө баштаганыбызда Эркиндин оозун скотч менен чаптап, терезеден алып чыгып кетишиптир. Анан шаардык БИИБинин ИВСине барбай «Жеңиш» аянтына токтоп, ошол жерде башка ручка менен Эркинге кылмышты моюнга алган көрсөтмөсүн жаздырып бүтүрүшүптүр. Уулумдун денесиндеги оор жаракаттарды, ден соолугуна келтирилген залалды экспертизанын жыйынтыгы тастыктайт. Фактыга таянсак, Микаэль каза болгон саатта Эркин биздин кеңседе документтерди даярдап отурганын далилдеген 6 күбө бар. Алар өз көрсөтмөлөрүн сотто да айтышкан. А силер муну ойлонуп көрдүңөрбү, эмне үчүн 24-майда кармашты деп? Анткени бир жума гана убакыт калган.
Эгер кылмыш иши козголгондон тартып эки ай аралыгында кылмыш ишинин бети ачылбаса, ал убактылуу токтотулат. Ооба, бул үчүн оперкызматкерлерге жетекчилик тарабынан сөгүш жарыяланбайт. Бирок Микаэль өңдүү таанымал адамдын өлүмүнүн ачылбай, кылмыш ишинин убактылуу токтотулуусу коомчулукта милиция кызматына карата терс пикир түзүп, шоу-бизнес өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратмак.
2. – Мен ал оперкызматкердин алдында актанып отурбайм. Бирок пайгамбар жашындагы адамга жапжаш жигит кол көтөрсө, мен үйгө барып ызаланып, ыйлап отуруп калышым керек экен да?! Нурдин Жусубалиев ошону күттү беле? Мени канчалык сабап, коркутушпасын, уулум үчүн акыйкаттык издейм. Сот ишти адилеттүү карап, туура чечим чыгарат деп ишенем.
Башында оперкызматкердин мага кол көтөргөнү боюнча жазган арызымды да кабыл албай коюшту. Кайра-кайра жаза бергенимде гана алууга аргасыз болушту. Ошондо да мен анын милиция кызматкери экенин айтпай, “Нурдин аттуу жигит мага кол көтөрдү” деп жаздым. Эгер арызда анын оперкызматкер экенин көрсөтсөм, арызымды кабыл алышмак эмес. Арызды кабыл алып, соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө жолдомо беришти. Анын жыйынтыгы келгенден кийин кылмыш иши козголду. Ошондо гана тергөөчүгө мага кол көтөргөн жигит милиция кызматкери экенин билдирдим. Силер гезитиңерге Н.Жусубалиевдин “Биринчи Май райондук прокуратурасынын тергөөчүсүнөн “айтчы, ал аялга деги эмне керек экен?” деп сурадым” деген сөзүн жазып жатпайсыңарбы. Өзүңөр деле ойлоп көргүлө, прокуратуранын кызматкери менин атымдан кантип сүйлөшү мүмкүн?.. Дагы бир нерсени баса белгилеп өткүм келет. Ушул иш боюнча Жусубалиев сотко 7-8 күбө алып келди. Алардын көрсөтмөлөрүн мен күбөлөндүрүү жолу менен алдым. Ушинтип алып, таанышууга укугум бар экен. Мына, өзүңүз да карап көрсөңүз болот, биринин айтканы экинчиси берген көрсөтмөгө дал келбейт.
Менин Биринчи Май РИИБине арыз жазганыма Н.Жусубалиев таң калыптыр. Кызык, эмне үчүн мен ал иштеген Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына кайрылышым керек эле? Мыйзам боюнча кылмыш кайсы райондо болсо, арыз да ошол райондук милиция бөлүмүнө тапшырылат да. Ошон үчүн да сот процесси ошол райондо өтүп жатат. Бир материалда ушунча чындыкка туура келбес сөздү айткан адамдын милициянын катарында иштегенге моралдык укугу барбы?
Ооба, милициянын катарында да өз ишине берилген мыкты адистер жок эмес. Бирок кээ бир кызматкерлердин мыйзамга ылайык келбес, чектен чыккан жоруктарына качанкыга чейин чыдоого болот? Адилетсиз мындай иштерге нааразы адамдар өтө көп, атүгүл атайын коом да түзүп жаткандары белгилүү.
Ушундай кызматкерлерге маркумдун эжеси Аида Аземова абдан ишенип алганына кейийм. «Тил кат жазып бер деп жатат» деген сөзгө ишениптир. Мени менен сүйлөшкүсү келбесе да, прокуратуранын тергөөчүсүнөн сурабайбы, «кандайча сен Н.Рыскулованын атынан сүйлөп жатасың?» деп. Анан да, Аида катышпай калса эле сот процесси токтоп калбайт. Ал катыша албаса жабырлануучулардын башка бири катышып, сот процесси улана берет. Процесс башталган соң эч кимибиз аны токтото албайбыз да.
Мага кол көтөрүү боюнча сот эки жолу каралды. Экөөндө тең 30га чукул оперкызматкер келип, 3-4 саат бою ошол жерде турушту. Угушумча, алар Свердлов РИИБинин жана шаардык БИИБинин кызматкерлери. Мен го, пенсиядагы кишимин. А эмне, ал кызматкерлердин жумуш убактысында кыла турган зарыл иштери жокпу? Сырттан караган адамга санкциясыз митингдей эле көрүнөт. Алардын жетекчилери каякты карап жатышат? Же ошентип көп болуп келип мени коркуткулары келеби? Мен коркпойм!
3. – Уулум ИВСте 3 күн эмес, бир айдан ашык отурду. Ден соолугу кескин начарлап кеткенинен ИВСтегилер «Тез жардам» чакырып, анан гана адистештирилген ангио-неврологиялык бөлүмгө жөнөтүштү. Кармалганда оперлердин ырайымсыз ур-токмогунан алган запкысынан ал ошондон тартып үч ай конвойлордун кайтаруусунда ооруканада жатты. Айыпталуучуну үй камагына чыгаруу боюнча токтом өткөн жылдын 4-октябрында гана чыкты. Ушул убакыт аралыгында эле милиция кызматкерлеринин ур-токмогу баламдын ден соолугуна олуттуу залал келтирди. Уулумдун оперкызматкерлердин колунан кандай запкы тартып, кандай кыйноолорго туш болгонун бирден терип айтып, окурмандардын жүрөгүн түшүргүм келбейт. Мына ушундай себептерден улам Эркинди үй камагына чыгаруу чечими чыгарылган.
Бир жылдан бери ушул чуулгандуу иш менен алагды болуп жүргөн Нуржамал Рыскулова дагы бир жагдайга көңүл бөлүү керек деп эсептейт.
4. – Эркиндин соту боюнча менин коомчулуктан жашыра турган эч нерсем жок. Ошондуктан сот да ачык болот деп ойлогом. Бирок процесс башталар күнү гана сот жабык түрүндө жүргүзүлөрүн уктум. Айрымдар мени сот процессинин жабык болушуна да салымын кошту деп ойлошот. Бирок сот Микаэлдин туугандарынын өтүнүчү боюнча жабык түрдө өтүүдө.Чындыгында эле сот процесси улам артка жылдырылып жатат. Эмне үчүн? Анткени тергөөчүлөрдүн ишти чалагайым бүтүргөнүнөн улам кээ бир түшүнүксүз иштерди экспертизага жөнөтүүгө туура келүүдө. Мисалы, кылмыш болгон жерди текшерүүдө бут кийимдин изин табышкан. Ал из 37-38-өлчөмдө экени билинди. А Эркин 41-42-өлчөмдөгү бут кийим киет. Сот процесси ушул себептен, экспертизанын жыйынтыгын күтүп артка жылдырылган.
Бир жылдан бери канча жолу өлүп, канча жолу тирилгенимди бир гана Кудай билет. Мен үй-бүлөм менен биргеликте Микаэлдин айынан ушунча кордук көрсөм да, аны жаман деп айта албайм. Кудайдан бизге ушундай сыноо берилди, демек, биз аны көтөрүшүбүз керек. Микаэль менен менин балам мындан төрт жыл мурун Эркиндин досторунун биринин туулган күнүндө таанышып калышыптыр. Ошондон баштап биздин үй-бүлө менен жакшы санаалаш болуп кетти. Өзү жаркылдаган өзгөчө бала эмес беле... Уулум Эркин менен эле эмес, кызым менен да дос болчу. Мени болсо “вторая мама” дечү. Чындыгында, мен Микаэлди жетим бала деп ойлоп жүрчүмүн. Анткени ал үй-бүлөсү тууралуу эч нерсе айтчу эмес. Жараатын чукугум келбей, мен дагы сурачу эмес элем. Оор учурларында бизди караан тутуп келгенде колдон келген жардамыбызды аячу эмеспиз. Аны абдан таланттуу жигит катары саначумун. Врачтардан да «жакшы карагыла, келечектеги жылдыз» деп суранар элем.
Бир жолу биздин кеңседе отуруп эле буттары баспай калды. Өзүм жүгүрүп ооруканага алпарып жаткырып, дары-дармектерин таап берип жүрдүм. Өзүм, уулум, атүгүл неберелерим тамак-аш алып барган күндөр болгон. Бир да жолу бир туугандарын же ата-энесин кезиктирген жокпуз. Жанында Канат деген досу гана болор эле. Кылган жакшылыктарымды билчү, “мен сизге рахмат айтып бүтө албасам керек. Аида эжем да келип сизге ыраазычылыгын билдирип, таанышып кеткени жатат” деп кайра-кайра айтып калчу. Бирок эжеси келген эмес. Анан бир ирет дагы айтканынан «Микаэль, мен сага кылган жардамымды милдет кылбайм» деп көңүлүн жайгарып койгом. Кызык, азыр жан күйдүрүп жүргөн апасы менен эжеси ошондо кайда болушту экен?
Жалгыз менин эле эмес, бардык энелердин чындыкты издегенге адамдык да, энелик да укугу бар деп ойлойм. Ошондуктан бардыгына бел байлап, өз алдымча иликтөө жүргүзүп жатам. Мага үй-бүлөм, жакындарым, уулумдун достору жана студенттери көмөк көрсөтүшүүдө.
Туура, мен эки залкар инсандын перзентимин. Мен эч качан бул залкар адамдардын кызы экенимди айтып мактанган эмесмин. Кырсыктан пайдаланып ата-энемдин атын козгогондорго “ата-энемди жөн койгулачы” деп айткым келет. Ар бир адам өзү үчүн гана жооп бериши керек. Ата-энем 65 жашка чыккан мен үчүн жооп бербейт. Алтургай Эркин да өзү үчүн жооп бериши керек. Бирок уулумдун ак экенине толук көзүм жетет.
31-мартта Микаэлдин көз жумганына бир жыл толот. Анын жаткан жери жайлуу болушун, арбагы тынчтык табышын каалайм.
Шаиста Шатманова
koom@super.kg