Учурда Текебаев менен Бабановдун тирешүүсү коомчулуктун кызыгуусун туудурууда. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев “Саясат пресс” гезитине маек куруптур. Маектен үзүндү берүүнү чечтик.
– Эки Өмүрбектин ортосунда эмне болгон? Партия арасындагы атаандаштыкпы, өздүк таарынычпы, катылган сырларбы же чыныгы фактыларбы?
– “Республика” партиясы менен принциптүү суроолор боюнча көз карашыбыз бир. Биз саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелериндеги 20% салыкты алып салуу демилгесин көтөрдүк. Бюджет тартыштыгын жоюу үчүн каржы булактарын издеш керек. Бабановдун жээни көп жылдан бери авиакеросин менен жарандык жана эл аралык ташууларды камсыздап, жылына 10 миллион долларга чейин пайда табат. Бирок ал акциздик салыктан жана экспортко кошумча төлөмдөрдөн бошотулган экен. Роза Исаковна Пентагондун жарым заказын мамлекеттик ишканага алып берди. Пентагонго күчүбүз жеткен, Бабановдун жээнине күчүбүз жетпейби?! Ошол эле Бабанов Пентагондон жарымын талашты эле, эми жээнинен заказынын жарымын мамлекетке албайбы? Дары-дармек менен билим берүү мекемелерине салыкты илип коюп элди кыйнагандан көрө, ушундай булактарды тапсак жаманбы?! Биз ага “Бабанов, сен мурда Акаев менен Бакиевдин алдындагы жөнөкөй ишкер болсоң, эми өкмөттүн башкаруучусу болдуң. Кел, эл менен бөлүш!”-деп айтабыз, бул жеке эмес, принципиалдуу суроо.
– Бабанов жөнүндөгү маалыматтарды ачыктагандан кийин аны менен бетме-бет жолугуп сүйлөштүңүзбү? Сиз же ал тараптан тил табышууга аракеттер болдубу?
– Бабанов айрым депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, тааныштары аркылуу элдешүү сунушун билдирүүдө. Аны менен элдешкидей мен урушкан жокмун. Биз чай ичишкидей мамиле түзүп, “тамагың даамдуу болсун” деп айтыша албайбыз. Кыйын күндөрдө Бабанов эл менен бөлүшүүсү керек. Анын мамлекетке 30 миллион доллар карызы бар. Апасы Анипа Бабановага катталган «Мунай мырза» май куюучу ишканасын ал 2006-жылы 101 миллион долларга саткан. Бул акчага “Кыргызстан” банкын сатып алган. Бирок 10 пайыздык салыкты мамлекетке төккөн эмес. Акаевдин уулу менен бирге иштеткен «Манас Интернешнл сервис» ишканасы мамлекетке 20 миллион доллар карыз экени 2005-жылкы революциядан кийин белгилүү болгон. Бабанов Жогорку соттун чечимине жамынып жатат. Мейли, бир эмес, андайдан онду алсын, бирок элдик сот деген бар. БУУнун чечимин алып келсе дагы карызын төлөш керек. Орусиядан 30 миллион доллар алыш үчүн өкмөт ар аптада Орусияга барып сөгүш угууда. Орусиянын депутаттары биздин төрүбүздө отуруп алып: «Мамлекеттин казынасын өзүнүн чөнтөгүнө алмаштырып алган Бабанов сыяктуулар өкмөттө отурат. Мындай адамдар эки өлкөнүн мамилесине зыянын тийгизүүдө”,-деп өкмөттү сынга алды. Жакшыбы, жаманбы, Бабанов – биздин бала. Сындайбызбы же мактайбызбы, ал биздин иш. Сырттан келип алып сындаганга эч кимдин акысы жок. Бирок ким өзү себепчи болуп жатат, ким Кыргызстандын кадырын түшүрүп жатат?!
Бабановдун Москвада жана башка шаарларда ири бизнеси бар. Ошон үчүн жума сайын Москвага барып «байкелер, сиздер үчүн эмне кылып беришим керек?” деген саясаты Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө зыянын тийгизет. Депутат C.Багдасаров: «Бабановдун Пензада наркы 130 миллион доллар турган цемент заводун текшеребиз» деди. Бул “сиздин өкмөт биздин колдо, ал биз каалаган бийди бийлемекчи. Биз каалаган бардык келишимге макул болот” дегендик. Бабанов сыяктуулар мамлекеттик кызматта иштебеши керек. Думанын депутаттары туура айтышат. Биз дагы ушундай ойдобуз. Себеби Кыргызстандан чыгарылып кеткен акчага башка өлкөдө жумуш орундары түзүлүп, ал өлкөнүн экономикасына салым кошуп жатат. Ошондуктан бул суроолор жеке мамиледен чыгып жатат деген туура эмес. Бабанов элдешүүгө аракет кылганы менен, жеке кызыкчылыкты көздөп, элдин эсебинен андайга барбайм.