КОАЛИЦИЯ 7-АПРЕЛДЕН КИЙИН КУЛАЙБЫ?

“Коалиция мына-мына кулайт” толкуну Орусиянын колдоосу менен тарап кеткенсиди. Бирок күбүр-шыбырларга кулак салсак, бул убактылуу гана. Анткени нумерологияга ишенген бараандуу саясатчылар коалицияны бузууну каалагандарга “7-апрелге чейин коё тургула” деп акыл-насаат айтышкан дейт...

АТАМБАЕВ АБРОЙ АЛДЫ
“Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев коалициялык кризис башталганда “ыдырап кетпей араң эле турабыз” деп айткан. Мындай сөздөрдөн кийин абал ого бетер курчуп, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев, Биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов жана спикер Ахматбек Келдибековдун “бапкечен өмүрлөрү” кыл учунда экени билинген. КСДПнын лидери орусиялык кесиптеши Владимир Путинге жолугуп, бир нече маселени чечип келүүгө үлгүрүп, коалициянын ыдырап кетүү коркунучун токтото алды. Бул аралыкта “ата журтчулар” эки жээкке бөлүнүп, ЖКнын төрагасы баштаган тарап өкмөт башчыны көздөй ыктаса, Камчыбек Ташиев баштаган топ “коалициядан чыгабыз” деп жулкунуп, парламенттеги оппозициячыл азчылыкка ыктады. Ал эми “бабановчулар” “ата мекенчилердин” соккусуна дуушар болуп, тирешүү башталды. Кыскасы, бул толкун Атамбаевге аброй берсе, коалициянын башка эки лидери Келдибеков менен Бабанов упайлардан куру калды. Упайы курусун, атүгүл ээлеген орундарынан учканы калышты.

ОТУНБАЕВА ЧОЧУЛАП ОТУРАТ
Кырдаал президент Роза Отунбаеваны да чочутпай койгон жок. Ажо айым: “Коалициянын ыдыроосу курч кырдаалды парламенттин имаратынан сыртка алып чыгып кетүүсү менен коркунучтуу”,- деп кабатыр болду. Ал парламент менен коалицияны сактап калуу үчүн колунан келген аракетин жасаарын жашырбады. “Коомчулукта оңой эмес кырдаал түзүлдү, бул көптөгөн топтордун кыймылы үчүн белги болуп калышы ыктымал. Жаңы шайлоону каалабайт элем, анткени казынада акча жок. Тил табышууга муктажбыз”,- деди мамлекет башчы.
Ал эми мурунку Баш прокурор Кубатбек Байболов жергиликтүү басылмалардын бирине: “Коалиция тараса эле кризиске кабылабыз деген болбогон кеп. Парламенттик башкаруунун табияты ушундай, бүгүн мунусу тараса, эртең башкасы түзүлөт. Мына, Түркия менен Италияда күн алыс эле коалиция тарап, башкасы түзүлүп жатпайбы. Эч кандай баш аламандыкка туш болбой эле өнүгүп жатышат”,- деп коалициянын кыйроосунан чочулоонун кереги жогун билдирди.
Бир топ саясатчылар да ушул пикирге кошулат. Анткени парламенттик башкарууну тандап алган өлкөлөр үчүн коалициялык курамдын өзгөрүп турушу көнүмүш адат. Иштей алганы калып, колунан жумуш келбегендерди өкмөттүн курамынан чыгаруу процессине бара-бара таң калбай деле калышкан. Демек, Кыргызстан мындай көрүнүшкө канчалык бат көнүп, өздөштүрүп кетсе, өзүнө эле жакшы. Анда ар бир беш жылдыкта кырчындай азаматтарынын канын берүү менен бийликти алмаштырып отуруу муктаждыгынан кутулат.

КУЛОВ, ТАШИЕВ ЖАНА ТЕКЕБАЕВ ЖАҢЫ “СОЮЗДАШПЫ”?
Камчыбек Ташиевдин тегерегине топтолгон “ата журтчулар” “коалициядан чыгабыз” деп билдиришкенде коомчулукта “демек, алар “Республика” жана КСДП менен тил табышпай калган. Эми жаңы коалиция куралабы?” деген суроолор жаралган. Биз бул тууралуу “Жаңы коалицияны Кулов, Текебаев жана Ташиев түзөбү?” деген макалабызда кеп козгогонбуз. Макала расмий www.super.kg сайтыбызга жүктөлгөн соң интернет колдонуучулар төмөнкүдөй ойлорун калтырышкан:
imperator, 11.03.2011. Текебаев батышка, Кулов оруска тартса, Ташиев “мекенчилмин” десе, натыйжада Крыловдун аңгемеси кайталанат, сыягы.
Bekko, 12.03.2011. Биздин саясатчылар башка өлкөлөрдүн куурчагына айланып калганы өкүндүрөт. Эртең келечек муунга кантип жооп беребиз?
zamir, 12.03.2011. Коалицияны таркатпай, жөн эле иштей беришсе болмок.
qqqqq, 12.03.2011. Жөн эле иштегенде эмне, кошо уурдашыш керекпи? Саясатчылар ушинтип биринин айыбын бири ачып иштесин.
Ооба, жогоруда аталгандай курамда коалиция түзүлүшү мүмкүн. Бирок үчөөнүн бири-бирине шайкеш келбеген жактары жок эмес. Алсак, “Ата Журттун” “бакиевчилер” же “реваншисттер” деген атагын жууса да кетпейт. Анткени аталган партия экс-президент Курманбек Бакиевди коштоп жүргөн аткаминерлерге бай. Парламенттик шайлоо алдындагы үгүт кербенинде улутчулдукка басым жасап, июнь окуясында жабыркаган кыргыздар арасында абдан чоң абройго ээ болгону да чын.
Тилчилердин сөзү менен айтсак, “Ата Журттун” антоними “Ата Мекен” болмок. Анткени булар “бакиевчилерге” каршы күрөшүп, анын бийлигин кулаткандардын бири. Батышчыл атагы бар “ата мекенчилердин” орусиячыл “Ар-намыс” менен биригүүсү да жомок туюлат. Ал эми бизнестин тили менен айтканда, “Ар-намыстын” “демөөрчүлөрү” Орусия менен Казакстан дешет. Партиянын лидери Феликс Кулов Дмитрий Медведев жана Нурсултан Назарбаев менен жакшы мамиледе экенин жашырбайт. Үгүт кербенинде “ата журтчулардан” кескин айырмаланып “Ар-намыс” көп улуттуулукка басым жасаган. Натыйжада Кыргызстанда жашаган кыргыздардан башка улуттардын электоратын айланасына топтой алган.
«Мындай партиялар кантип тил табышат?» деген суроо жаралбай койбойт. Бирок “парламенттик башкаруу бул – диалогдун искусствосу” демекчи, эл алдында берген убадасынын өтөсүнө чыгыш үчүн лидерлер кандайдыр бир компромисске барышы мүмкүн деп кыялдана туралы.

КЫСКА МААЛЫМАТ
Коалиция – саясий биримдик. Ал парламенттик башкаруу учурунда бир канча саясий партиялардан куралат. Коалиция Скандинавия менен Бенилюкстун өлкөлөрүндө, Германия, Израиль жана Италияда жакшы жолго коюлган.

Эльвира Караева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бийликтегилердин кимиси кызматында татыксыз отурат?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
imperator
2011-04-01 23:01:33
Парламенттик системада качан бир партия өзү өкмөт курганга күчү жете турган креслого ээ болгондо гана мындай талаш-тартыштар токтойт.Болбосо,коалицияга кирбей калгандар эптеп бирикмени бузууга аракет кылышат.Туркияда канча жолу бирикмелер бузулуп,кайра бирикти.Азыр эми гана татыктуу бир партия өкүмүн сүрдүрүп андай чыр-чатактардан алыстай тушту.А,саясаттагы бир-бириге жалаа жабуулар саясат өлгөндө гана токт
0
Orka
2011-04-03 11:14:55
Azirki biyliktegilerdin kimisi tatiktuu ke tatiksiz biylik butaktarinda olturat dep kese aytuu kiyin. Birok arasinda bar ordunda tatiksiz olturgandar. Azir deputattar aytiship ele jatishat birinin katasin biri chukulap, birok ech kanday dalili je faktilar jok bolup jatat.
Menin bilishimche azirki biyliktegilerdin azdir koptur jeke biznesi bar, anan nege dagi sayasatka biylike umtulushat. Oshol biznesi bar biyliktin adamdari oz ordularin chinigi ishteym degen adamdarga boshotup berse jaksh
0
artelow
2011-04-07 17:14:19
Бизде ар кандай ойлор арбып бара жатат... эми эмне болуп кетсе да жашай беребиз да... айла жоктун айынан...
0
№ 439, 1-7-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан