Бек Борбиев, КРнын Эмгек сиңирген артисти: «ЧЫНЫН АЙТЫШ КЕРЕК, МЕН ПЕРИШТЕ ЭМЕСМИН»

Азыркы заманда жашап жаткан кыргыз баласы Бек Борбиев аттуу ысымды жакшы тааный турганы анык. Биз да атактуу бул ырчынын жашоо-турмушундагы, чыгармачылыгындагы жаңылыктарына гезит бетинен кеңири орун берип келебиз. Адатта, аяр мамиле жасасак, бул ирет көптөн бери суроолор куржунунда жаткан ыңгайсыз соболдорго орун берип, ырчы мырзаны бурчка такадык.

БЕК БОРБИЕВ
Туулган жылы – 1969-жыл, 24-сентябрь
Бою – 180 см Салмагы – 97 кг
Жылдыз белгиси – Тараза
Окуган жери – Фрунзедеги Политехникалык институт
Ким болгусу келчү – Агроном
Ким болду – Ырчы, бажы кызматкери
Көп колдонгон сөзү – «Эми»
Жактырган киносу – «Бир жолу Америкада»
Жасай алган тамагы – Дымдама, шишкебек
Жаман адаты – Досторунан сураш керек

– Кандайсыз? Өткөн жумада калп тапкычтан (детектор лжи) өтүүгө макул болуп, анан дал ошол күнү сыркоолоп келбей калдыңыз. Чын эле оорудуңузбу же калп тапкычтан чочула­дыңызбы?
– Качан чакырдыңар эле?.. Аа, эстедим, бир балаңар телефон чалган болчу. Ооба, макул болгом. Бирок бирөөнүкүнө батага барып келгенден кийин өзүмдү жаман сезип, силерге убада берип койгонума карабастан, келе албай калдым. Детектордон улам келбеди деп ойлоптурсуң да, ээ? Андан чочулай турган деле жайым жок.
– Милицияда иштеген опер кызматкерлерден угуп калган жайым бар, “Бек байке укмуш сөгөт” деп. Жинденгенде сөгүнүү менен эле токтойсузбу же муштум да “ойноп” кетеби?
– Тоолук жигитпиз да. Тоолук жигиттер сөгүнгөндү кандай билишсе, мен деле ошолордой эле билем. Албетте, кандай абал болбосун, алгач ты-ыынч эле бүтүрүп койгуң келет. Анча-мынча кепке көнбөсө, сөкмөй. Эгер мушташ менен гана бүтө турган абал болуп калса, андан деле кайра тартпайм. Мушташып кетем.
– Биз билгенден, көп жылдан бери рулдасыз. Айдоо­чулук күбөлүктү окуп алгансызбы же МАИчи байкелерден сатып ал­­ган­сызбы?
– Биринчи машинамды 1991-1992-жылдары алгам. Ошондон бери рулдамын. Машина айдаганды жакшы билсе, документ эле керек болуп турса, сатып ала коюшат да. А мен жакшылап үйрөнөйүн деп Токтогулдан окуп, анан алгам.
– МАИчилерге кармалган күнүңүз болобу? Кармалган күн­дө жазалоо мыйзам чегинде жүр­гүзүлөбү же ата­гы­ңызга карап коё бе­ри­ше­би?
– Күндө дебейин, жумасына жок эле дегенде 3-4 жолу токтотушат. Эрежелерди одоно буза бербейт окшойм, айып салышпайт деле. Балким, атагыма карашат чыгар. Айтор, бир топ жылдан бери МАИчилерге айып төлөй элекмин.
– Ысымыңыздын жардамы жеке иштерди чечүүдө тиеби, аны пайдаланасызбы?
– Ооба, пайдасы бар. Ушунча жыл жамандыр-жакшыдыр иштеп койгон экенбиз, майда-чүйдө күнүмдүк иштерди бүтүрүүдө, бир жерге барып кезекке туруп калганда атымдын пайдасы тиет. Өзүңөр билесиңер, бизде бюрократия өнүккөн заман. Чиновниктер кабылдамасында күттүргөнгө маш. Ошондой учурларда күтпөйсүң. Жөн адам үчүн жумалап, айлап созулчу иштер 1-2 күндүн ичинде чечилет. Кыскасын айтканда, мага Бек Борбиев деген ысымдын жардамы көп эле жерде байкалат.
– “Саясатчы болом десең... арак ичкенди үйрөн” дешет. Кошуласызбы? Ичке 100 грамм киргенде Берадор мырза кандай? 500 граммдан кийинчи?
“Арак ичкенди үйрөн” дегендерге кошула албайм. Өзүмдүн жөнүмдү айтсам, 100 граммдан кийин ырдап жиберишим мүмкүн. Ырчы болгондон кийин, албетте, көңүл жайлана түшкөндө ырдагың келет да. Ал эми 500 граммдан соң, тескерисинче, ырдай албай калам. Менимче, саясатчыларда деле ошол. 100 грамм саясатчынын ден соолугу үчүн пайдалуу болушу мүмкүн, бирок 500 грамм эмес. Мынча ичип, акыл-ой тумандап турган чакта кайсы маселени кыйратып чечүүгө мүмкүн? Андыктан бизге “трезвый” эле саясатчылар керек го.
– Азыркыга чейин ашыктыгын арнап, артыңыздан калбаган кара көздөр бар. Тал чыбыктай буралган андай сулуулардан жүз буруп кетүү кыйын болсо керек, ээ?
– Акырын жылдырып отуруп эле ушундай суроолорго такап коёсуңар анан. Кудай алдында ачыгын айтыш керек да, мен периште эмесмин. Адам болгон соң, көкүрөктө жылуу жүрөк согуп турган соң сулуулукка суктанып, кара көздөрдү көздүн кыйыгы менен карап койгон убактар болот. Ашыктыгын айтып айланы кетирген жаш кыздардын көңүлүнө карап, жай айтып түшүндүрсөң, көпчүлүгү катасын сезип тынчып калышат. Такыр эле кеп жебегендери да чыгат. Андай сулуулардын көңүлүн оорутуп катуу айтууга туура келет.
– Үч баланын атасы болуп калганда сизди сыздаткан атактуу Эркинайдын чын турмушта ким экенин качан айтасыз?
– Эми мен эмне дешим керек? “Ооба, ал адам турмушта бар” дешим керекпи? “Ооба, Эркинай сулуу бар” десем, калп айткан болом. Эртең эле чыгышат да, “Бек өзү айтпадыбы, Эркинайы чын эле турмушунда болгон тура” деп. “Жок, жөн эле ойдон чыгарылган жомок” десем да калп айткан болом. Мындай да, менин көпчүлүк ырларым турмуштан алынат. Өзүмдүн, дос-тааныштардын, жакындардын башынан өткөн окуялар. Баштан-аяк турмушта болгон окуялар дебейм. Өзөгүн кайсы бир окуя түзсө, калганын чыгармачыл инсан катары кооздоп, көркөмдөп коём.
– Кандай ойлойсуз, пара алган оңойбу же пара бергенби?
– Ушул сурооңду пара алууну адат кылган адамга берсең болмок. Пара алып-бергендин айырмасына жеткидей андай деле чоң кызматтарда иштеген жокмун. Ушул күнгө чейин бирөөгө пара берип көрө элекмин. Алган да эмесмин. Ушунча жылдар бою кашыктап чогулткан аброюмду, кадыр-баркымды болбогон бир акчаны алам деп төгүп салгым келбейт.
– Асанкалый Керимбаевге наам берилбей, башкаларга бериле бергендиктен, Дооронбек Садырбаев Аскар Акаев президент кезинде ага барып, “Асанкалыйга «Эмгек сиңирген артист» наамын бергиле же анын бул наамга татыктуу эмес экенин далилдеп бергиле. Анте албасаңар, мен силерди сотко берем” деп коркутуп, наам бердирген дешет. Кимге ушинтип “Эмгек сиңирген артист”, “Эл артисти” деген наамдарды алып берер элеңиз?
– Мм... Жаныбек Алыкулов аттуу куудул агабыз бар эмеспи. Ошол киши алда качан эмгегин сиңирип бүттү деп ойлойм. Ушул күнгө чейин “Эмгек сиңирген артист” деген наам бериле элек, ошону көрсөтмөкмүн. Дагы Кадыралы Артыковго, Шахрезада Аскаровага наам берүү керек, менимче.
– Плагиат ырыңыз барбы?
– Ал жанагы башка бирөөлөрдүн ырын уурдамайбы? Жок, андай «өнөрүм» жок.

Шаиста Шатманова
Фотолор ырчынын өздүк архивинен алынды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
ymyta
2011-04-02 11:20:04
Бек байке жакшы адам деп ойлойм,эн негизгиси аман болуп,ырларыныз жанырып журо берсигчи.Оорубаныз!
0
ikitaidesu
2011-04-02 17:03:57
Концертинизге аккердон менен ырдаганынызды коруш учун брабыз! Ошко качан келесиз?
0
guliakg
2011-04-02 17:56:00
Бул адамды ырчы катары аябай баалайм. Кыргыздын бир созуно турган джигиттерине окшошот. Ырлары уккулуктуу, эч качан унутулбайт болуш керек. Бирок Эркинай эже бар экенинне толук ишенем себеби ал эжени мага коргозушкон аябай сулуу эже. Бек байке гана эмес баары сулуулугуна тамшана турган кыргыз аял заты.
0
gwen
2011-04-02 18:32:02
Бек байкенин ырларынын кээбирлери мааниси начар, тантырап эле ырдай берет. Бирок унун, талантын баалайм.
"Аке" деп озбектерди туурабай жазбайсынарбы
0
gwen
2011-04-02 18:33:11
Сыймык Бейшекеев тууралуу качан жазасынар?
0
gwen
2011-04-02 18:37:29
Мааниси жок ырларды ырдабай эле коюнуз, сизге такыр жарашпайт.
0
Takeshbek
2011-04-02 19:07:14
Бектей ырчы чыга элекко азырынча, качан чыгаарыда белгисиз!!!
0
sapacom
2011-04-03 01:12:24
Кезинде Кыргыз ону Чокморовтун онундой болсо,Азыр Кыргыз ону Бек Борбиевтин онундой
0
MIRDJAMELL
2011-04-03 05:25:09
Азаматсыз Бек байке!!!Талантынызга таазим!!!Уй-булоонуз менен аман болунуз!!!
0
ylduska
2011-04-04 12:52:27
Ээх Фарида эжемдин ушундай эркеке чыдаганына аябай тан каламын, канча деген жаш тогулгон болуш керек кызганычтан Бек байкебизге акыл келип токтолгончо.
0
zeinep
2011-04-04 14:28:51
Бекти Бек кылган аялы да. Сулуу абдан жылдыздуу жубайыныз бар экен.
0
2011-04-04 18:45:56
Берадор байкенин баардык ырлары аттын кашкасындай. Азыркылар жанында роль ойнобойтко дейм.
0
Nazulya
2011-04-06 15:55:36
Аялыныз аябай сулуу жана жылдыздуу экен! Сизге чыдап жургон молодец!
0
Aikoou
2011-04-09 00:22:12
Бек байкенин ырларын абдан жакшы кором,менин бала чагым ошол ырлары менен откон))) Бар болунуз,бай болунуз,ийгилик ишинизге! Анан жакшы болмок илгерки ырларынарга клип тартырсанар тв дайым коруп жургонго,угуп жургонго)))))
0
u86
2011-04-14 06:31:04
катуу согот
0
№ 439, 1-7-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан