ГЛАДИАТОРЛОР-«АЖАЛДЫ ООЗДУКТООЧУЛАР»

  • Гладиатор латын тилинин “gladius” – “кылыч” деген сө­зүнөн алынган.
  • Эң алгачкы профессионалдык гладиатордук оюн б.з.ч. 264-жылы Рим шаарында өт­көн.
  • Римдиктер гладиаторлорду кандай мушташтын түрүнө катышканына ылайык түрдүүчө аташчу. Мисалы, жырткыч жаныбар менен мушташка чыккан гладиатор бестиарий деп аталса, башында зооту, колунда калканы жок эки канжар менен мушташка чыккан гладиатор димахер, чокморбаш, кыска кылыч, кичинекей калкан менен мушташка ат минип чыккан гладиатор эквит деп аталган.

АЛГАЧ КУРМАНДЫК, АНАН БАРЫП ОЮНГА АЙЛАНГАН
Антикалык доордун ажырагыс көрүнүшү катары тарыхта калган гладиатордук оюндар алгач айбанаттарды эмес, адам баласын курмандыкка чалуу салтынан келип чыкканы изил­дөө­лөрдө айтылып жүрөт. Салтка ылайык, курмандыкка чалынаар адамдарды дароо өл­тү­рүп салышпай, атайын казылган жайдын алдында колуна кылыч карматып, бири-бири менен салгылашууга мажбур этишкен. Айыгышкан кү­рөштө алсызы алдуусунун кан тамган кылычынын курмандыгы болсо, алдуусу айланадагы көрүү­чүлөрдү тамшандыра аман калып, ошону менен Кудайга, улуу күчтөргө, рухтарга курмандык чалынды деп эсептелчү. Бара-бара адамды курмандыкка чалуу салты таптакыр башка түргө, эригип калган калктын көңүлүн ачуучу кумардуу оюнга, шайлоолор алдында кол топтоо үчүн уюштурулган тамашага айланып кетти.
Бир ирет берилчү өмүрдөн көз көрүнөө айрылып калууну ким эле макул тапсын? Римдиктердин көңүлүн кушубак кылган мындай катаал, мыкаачы оюнга эркиндигин жоготкон согуш туткундары, өлүм жазасына тартылган кылмышкерлер, кулдар даярдалып чыгарылып турган. Гладиаторлор катардагы жоокерлерден айырмаланып, мушташ өнөрүн, түрдүү куралдарды колдонууну мыкты өздөштү­рүшкөндүктөн, аларды “өлүмдү ооздуктоочулар” деп аташчу.

ОЮНДАР КАНДАЙЧА ӨТКӨН?
Мамлекет тарабынан атайын уруксат берилген бул оюндарды алгач жалаң императорлор өткөзүшкөн. Кийинчерээк колунда байлык, бийлиги бар атуулдар көзү өткөн жакынынын элесине арнап мындай оюндарды өткөрүүнү салтка айлантып алышкан. Архитектуралык маданияттын алгачкы жетишкендиктери болуп саналган Колизей баш болгон амфитеатрлар дал ушундай тамашалар үчүн салынган. Оюндардын көпчүлүгү гигант курулуш болуп саналган Колизейде өткөрүлөөр эле. Партерде, аренага жакын жерде, император үчүн атайын такты коюлуп, анын катарынан императордун үйбү­лөсү, урук-туугандары, сенаторлор орун алышкан. Ортоңку катардан Римдин атуулдары болуп саналган калктын орто оокаттуу бөлүгү, эң үс­түңкү катарлардан болсо калктын атуулдук катарга кирбеген бөлүгү орун алышчу. Аренага мыкты даярдыктан өткөн жүздөн беш жүзгө чейинки гладиаторлор бир эле убакта эки-экиден мушташуу үчүн коё берилип, ортодо кан майдандагы өмүр менен өлүм алышкан, адам каны жыттанган «ажайып» көрү­нүштү жүз миңдеген адам тамаша кылып, аянт кыйкырык-чууга, сүрөөнгө толуп чыкчу. Эгер гладиаторлордун бири мушташты улантууга алы жок, оор жарадар болсо, анын каршылашы ызы-чуу түшкөн көрүүчүлөрдөн жарадарды өлтүрүп же аман калтырууга уруксат сурачу. Көрүүчүлөр баш бармактарын өйдө каратып белги беришсе, ал жарадарга мунапыс берилгени, баш бармактар ылдый карап белги берилсе, көрүү­чү­лөр жарадарды курмандыкка чалганы болоор эле. Мындай ишараттан соң жеңүүчү бир сокку менен жарадарды өлтүрүп салып басып кетчү. Оюндардын көпчүлүгү ушундай өлүм менен аяктап, кээде гана публика сүймөнчүгүнө айланган гладиаторду өлтүртпөй, жанын аман калтырышкан учурлар болгон.
Гладиатордук оюндардын экинчи бир түрү суудагы согуштар болоор эле. Навмахия аталган бул оюндарда тамаша үчүн атайын чоң көлдөрдү жасашып, бир нече жүздөгөн судна, кемелерге кошо сууга жыйырма миңге чейин жеткен гладиаторлорду коё беришчү. Навмахияда көбүн­чөсү римдиктердин башынан өткөн кайсы бир согушту чагылдырган тамашалар болгон. Мисалы, биздин замандын 46-жылында Юлий Цезардын буйругу менен Марс аянтына чоң көл жасалып, 16 галер сууга коё берилип, 2 миң гладиатор катышса, император Клавдийдин буйругу менен уюшулган навмахияга 50 согуш кемеси, 20 000 гладиатор катышкан.
Гладитордук оюндардын үчүнчү бир түрү көпчү­лүктүн бүйүрүн кызыткан жырткыч жаныбарлар менен мушташ болоор эле. Жапайы аюу, арстан, жолборс, кабылан, шерлерди майданга коё беришип, экинчи тараптан жарым жылаңач кийимчен, колунда кыска кылычы бар гладиаторду чыгарып коюшчу. Жырткычтар көрүүчүлөрдөн баатырды өлтүрүү кереги бары-жогун сурап отурушмак беле? Демек, гладиаторлор үчүн оюндардын эң эле коркунучтуу түрү ушул адам канын көксөгөн жырткычтар менен алышуу болгон.

ЭМНЕ ҮЧҮН ОЮНГА МАКУЛ БОЛУШКАН?
Өмүрүн кылыч мизине өз ыктыяры менен илип берүү акылга сыярлык иш эместиги анык. Гладиаторлорго калк өзгөчө сый-урмат менен кайрылып, атуулдук укуктары болбосо да, аларга кулдардан бир тепкич жогорку орун берилген. 3 жылдан 5 жылга чейин мушташтарда жеңишке жетишип, аман чыккан гладиаторду кулдуктан, согуш туткунунан же өлүм жазасынан бошотушуп, эркиндикке коё беришчү. Дал ушул мүм­күнчүлүк нечендеген баатырларды мыкаачылыгы башынан ашкан бул оюндарга катышып, жанды оозго тиштеп мушташууга аргасыз кылган. Калктын, императордун мунапысы берилип, отставкага кеткен гладиаторду римдиктер рудиарилер деп атап коюшчу. Алар кадимки атуулдар сыңары үйбүлө күтүп, эмгектенүүгө укуктуу болушкан. Айрымдарына эркиндикке чыккандан кийин акча үчүн кайрадан мушташтарга катышууга укук берилген.
Кыйырына көз жетпеген империянын бир нече шаарларында, алсак, Римде, Капуя (Спартактын көтөрү­лүшү чыккан жер), Пренест, Александрияда гладиаторлорду даярдоочу мектептер болгон. Андай жайларда балдарды жашынан абдан катаал шарттарда сыноодон өткөрүшүп, аман калганын гладиаторлукка даярдашкан. Мындай мектептерге кулдардын балдарын же жашынан колго түшкөн туткундарды жө­нөтүшөөр эле. Кичинекей кезинен катаал шартта өстүрүшүп, оор машыгуулардан өт­көзүшсө да, гладиаторлорго чүйгүн тамак-аш берилип, күчтүү медициналык көзөмөлдөн өткөрүп турушкан. Аларды даярдоочу мектептер тарыхта Спарталык мектеп катары кеңири белгилүү.

БЕЛГИЛҮҮ ГЛАДИАТОРЛОР
Тарыхта өчпөс болуп аты калган Спартак гладиаторлордун ичинен атактуусу, күчтүүсү, акылдуусу болгон. Санданск (азыркы Болгария) аймагынан колго түшүп, римдиктерге кул катары сатылган жаш баланын келечекте тарыхта аты калаар инсан болоорун ошондо сатуучулар, кул ээлери ойлоруна да алышпаса керек. Жыйырма жашка жетпей аренага чыккан, жеңилүү дегенди билбеген Спартак бат эле римдиктердин сүймөнчүгүнө айланып, кулдар менен ири көтө­рүлүшкө чыкканда катардагы атуулдардын көмүс­кө колдоосуна татыктуу болгон.
Ысымы өлбөс-өчпөс болуп калган атактуу гладиаторлордун дагы бири – Рим императору Коммод Аврелий. Рим империясын башкарган адам түгүл катардагы атуулдардын мындай оюнга катышуусу абийири жоктук катары саналса да, бийлигинен пайдаланган Коммоддун бул жоругуна көз жумуп, баатыр катары кабыл алууга римдиктер аргасыз болушкан. Тактыда акылы анча жетик эмес, кумар оюндары, аялдар, жаш кыздар менен гана алек болгон император кан майданда жалтанууну билбеген баатырга айланаар эле. Жүз миңдеген көрүүчүлөр алдында былчылдата каршылашын же жырткыч жаныбарды өлтүрүү ал үчүн эң сонун көңүл ачуу болгон. Өзүнүн ар бир мушташын, жеңиштерин санатып, летопистерге жаздырып жүргөн. Бүгүнкү күндө бизге Коммоддун 735 жолу аренага чыкканы, 31-декабрда Жаңы жыл майрамына карата уюштурулган гладиатордук мушташка чыгууга камданып жаткан чагында ага каршы уюшулган кутумдун негизинде Нарцисс аттуу кул-гладиатор тарабынан муунтулуп өлтүрүл­гөнү белгилүү.

ЭФЕСТЕГИ АЧЫЛЫШ
Түркиянын байыркы Эфес шаарын изилдеп жүргөн окумуштуу-археологдор укмуштуу ачылышка туш болушту. Бул шаардан гладиаторлордун эң чоң мүр­зөсүн табышты. Жер менен жер болуп жоголуп бараткан мүрзөдө 67 адамдын сөөк калдыктары бар экен. Мүрзөгө түшүрүлгөн сүрөттөр, сөөктөрдүн ал-абалынан улам бул сөөк­төр антикалык доордун гладиаторлорунуку экенин далилдеп чыгышты. Окумуштуулардын айтуусунда, бир кишиден башкасы жалаң 20-30 жаш курагындагы жигиттер болушкан. Көпчүлүк сөөк­төрдө мушташтардан улам калган соккулардын издери, атүгүл хирургиялык операциялардын издери сакталган. Бир жигиттин колун кадимки биздин замандагыдай ампутация жолу менен кесип салып дарылашкан экен. Айрым баш сөөк­төрдө оор буюмдун соккусунан улам калган издер бар. Бул издер адамдын өлүмүнө себепкер болгондугун, мындай учурда медициналык жардам берилбегендигин көрсө­түшөт. Бул көрүнүш тарых барактарындагы “гладиаторлор оор жаракат алып аман калышса, текшерүүдөн соң алардын башын балка менен былчыйта чаап өлтүрүп салышчу” деген жазуулардын чын экендигинен кабар берет.
Адам өмүрү менен ойноо биздин замандын 400-жылында, качан гана Рим империясы кулаганда аны менен кошо жок болгон.

Даярдаган Шаиста Шатманова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Shekeev969798
2017-04-26 09:31:00
Кызык оюн болгон экен азыркы фудбол сыяктуу бирок жаш кеткендери жаман болуптур
0
№ 251, 24-30-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан