САГЫНДЫРГАН ЖАЗ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Анын паспорту проводникте,- деп жооп узатты Элмырза.
– Жүрү анда,- деп тамбурга ээрчитип жөнөдү.
Алардын артынан документтерин алдырган балдарга кошулуп Элмырза да чыкты.
– Акча барбы? Чыгарыңдар­чы?- деп балдардын баарына кайрылды.
Баары эле айылдан келген балдар экен. Орусча сүйлөмөк тургай, кыргызча жооп бергенге дармандары жок. Өздөрүн казак полициясы деп тааныштырган немелер колдорун тигилердин чөнтөктөрүнө салып, акча издей башташты.
– Шешеңди кыргыздар, акча чыгарбайсыңарбы? Азыр калып калбагыла ушул жерде,- деп күпүлдөп жатты бирөөсү.
Балдардын эч кимисинен акча таппаган соң “ар бириңер 300 рублдан берип, анан паспор­туңар­ды аласыңар” деп туруп алды.
Элмырза ортого түшүп, 100 рублга түшүрдү. Бурчта турган Адилетти байкабай калышкан экен, анын да чөнтөктөрүн текшерип чыгышты. Элмырза балдарга “100 рублдан алып келип, паспортуңарды алып кеткиле” деп айтты.
Бирөөсү Адилетти карап:
– Орусияга сага не бар? Кыргыздар, кичинеңерден баштап иттердей болуп жойлоп кеттиңер го. Ит кыргыз десе! Бар ордуңа, бар, шешеңди!- деди да, каткырып күлүп алды.
Мындайды өмүрү укпаган Адилет жүрөгү болкулдап, ордуна баратты. Айланада эмне болуп жатканына акылы жетпей, бул ааламда өзү жалгыз калгандай болду. “Адамдар ушундай да наадан болобу?” деп дендароо туруп калды.
Артынан Элмырза басып келип:
– Көңүл бурба, алар дайыма эле ошенте беришет. Бизди ит дегенде ит болуп калмак белек. Мен ортомчу болуп, паспортумду бекер эле алып алдым.Болду эми, ага көп капаланба. Мен да башында жиним келе берчү. Жашоо ушундай да. Өз жериңден алыска чыккан соң баарына даяр болуш керек.
Жол жүрүп отуруп түн ортосунда Орусиянын чек арасына келип жетишти. Биринчи «Адилетти бекитип өткөрөбүз» деп акылдашышкан, кийин Элмырза “проводник чек арачылар менен сүйлөшүп өткөргөн оң. Миграциялык кагаз алыш керек да. Тобокелге барбай эле коёлу. Өзүм сүйлөшөм” деп калды. Акыры 1500 рубль берип чек арадан өтүштү. Поезд Курган шаарына келип жетти. Ал жерден поездден түшүшүп, ары карай жолду такси менен улашмак. Таксиге отурарда гана поезддеги эжеге “бекитип коюңуз” деп берген акчаны унутуп калганын байкашты. Элмырза чөнтөгүн караса, Тюмень шаарына жете турган гана акча калыптыр. Адилетке келип:
– Сенде акча барбы?- деп сурады.
– Бар. 400 сом калган кечээкиден.
– Кыргыз сомбу?
– Ооба.
– Сенин кыргыз сомуңду ким алмак эле бул жакта? Рубль сурап жатам?
– Алмаштырса болбойбу?
– Болбойт да. Макул анда, кеттик. Азыр балдарга чалабыз, Тюменден тосуп алышат.
Шаардан чыгып эле асман тиреген токойлорду аралай зуулдап жөнөштү.
– Адилет, тайга токойлору ушул жерлерден башталат. Ичине бир аз кирип барсаң, адашып кетесиң. Орусияны бүт эле ушундай карагай менен ак кайың токойлору курчап турат. Жолдо тургандардын баары козу карын сатышат. Токойдон терип чыгып эле сата беришет.
Элмырза билгендерин айтып берип баратты.
Зуулдаган такси Тюмень шаарына да жетип келди. Машинадан түшөрү менен аларды Самат аттуу бала тосуп алды. Элмырза кучакташып көрүшүп:
– Бул менин үкөм. Аты Ширинбек. Иштейм деп баратат,- деп Адилетти карап күлүп койду.
– Жакшы, кечинде айлык алып баарыбызда акча бар болчу. Болбосо, акча жок отурганбыз. Канча рубль эле аялда калган акчаңар?- деди Самат.
– 2500 болчу.
Үчөө ээрчишип автобекетке киришти. Эл толтура. Милиция кызматкерлери андан көп. Аларды көргөн Ширинбектин (Адилеттин) жүрөгү тез-тез согуп, корко баштады. Автобустар болсо, бардык тармакка сааты менен жүрөт экен. Свердловск облусунун Тугулым районуна жол тартышты. Узак жол жүрүп чарчаган Ширинбек «үйгө жеттик окшойт эми» деп ичинен сүйүнүп алды.
– Ширинбек, бул – Тугулым районунун борбору. Азыр мындан ары дагы бир автобуска отурабыз, 15 мүнөт жүрсөк, үйгө жетебиз. Курсакты тойгузуп туруп, жатабыз анан,- деди Элмырза.
Эл толтура турган аялдамага келишти. Айылдык орустар экени кийингендеринен билинип турат. Аял эркеги дебей баарынын эле буттарында резина өтүк. Жамгыр жаңы эле жаап өткөн окшойт, айлана ылай, көлчүк.
Үйлөрдү, айылдын жолдорун көрүп, “чыныгы орус айылына келиптирбиз да” деген ойдо калды. Жүктөрүн көтөрүнүп, үйүн көздөй жөнөш­тү. Айылдын четиндеги жыгачтан курулган эски үйгө жетип келишти. Алардын алдынан ит тосуп чыгып, шыйпаңдап эркелеп калды. Шыбы пас, ичи-тышы жыгачтан салынган эки бөлмөлүү үй экен. Элмырза Ширинбектин таң калып жатканын көрүп:
– Мындай үйлөрдү “избушка” деп коёт. Таң калба. Элдин баары эле ушундай үйлөрдө жашашат. Башкысы, бул жер дүкөнгө жана кудукка жакын. Жашоо жыргал болот.
– Элка аке, иштеп акча тапсак болду да. Калганы андай деле зарыл эмес. Адам баарына чыдайт эмеспи.
– Иш болот, буюрса. Аны ойлонбо.
Көп турбай эле айылдан ала келген эт менен күрүчтөн палоо жасаганга өтүштү. Самат “дүкөнгө барып базарлык кылып келем, силер жасай бергиле” деп чыгып кетти. Аңгыча жумушта жүргөн балдар да келип калышты. Өздөрүн Султан менен Нурбек деп тааныштырышты. Бети-башы саман, кийимдери чайырдын ширесине капталган. Аябай чарчап келишкени көрүнүп турду.
– Канча куб тилдиңер бүгүн?- деп Элмырза сурап калды.
– 17 куб кырктык. Жыгач начар болуп калды да, болбосо жыйырмадан ашырат элек.
– Оо, катуу иштеп жатып­сыңар го.
Ширинбек сыртка чыкса, отун короонун ичинде толтура жыйылып турат. Чекесинен алып чыгып жакты да, тамакты бышырды. Баары чогулуп жакшы басылган палоону тамшанып жешти. Сырадан аябай ичип жатып калышты.
Эртеси Элмырза экөө туруп алып, райондун борборуна жөнөштү.
– Азыр Антондукуна киребиз да, домовой книжкасын алабыз. Анан паспорт столуна барабыз да, каттоого турабыз. Калганы кийинчерээк бүтө берет. Анан эртең эле ишке чыгабыз,- деди Элмырза.
Райондун борборуна жете берерде автобустан түшүп калышты. Көчөлөрдү аралай басып Антондун үйүнө келишти. Эшигин каккылашса, эч ким чыкпады. Иттин байланып турганын көрүп, үйдүн ичине кирип барышты. Үй ичиндеги окуяны көрүп, Ширинбек өз көзүнө ишене бербеди. Антон дегени бир жерде, аялы экинчи жерде чалкалап уктап жатышат. Үйдүн ичи арактын бөтөлкөсүнө толуп кетиптир. Андан ары киришсе, жаш балдар ойноп жатышыптыр. Жөрмөлөп жүргөн бала шымына сийип алып, ыйлап жатат. Ага көңүл бурган эч ким жок. Ширинбектин жаш бөбөккө боору ооруп колуна алды да, шымын чечип, керебетке жаткырып койду. Элмырза Антонду жулкулдатып ойготконго аракет кылды. Бирок анысы өлүктөн айырмасы жок уктап жатат. Шкафын аңтарып-теңтерип, домовой книжкасын таап алды да, “жүр, кеттик” деп сыртка чыгышты.
– Элка аке, буларга не болгон?
– Балдарынын пособиесин алышкан окшойт да. Өздөрү эч жерде иштешпейт. Балдарына 35 миңден ашык акча алышат. Ошо менен жашашат.

Залкарбек Карабалаев

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Arstan
2011-04-08 22:25:20
Россиянын жашоосу башталды го эми.
0
Evelet
2011-04-09 04:17:19
Rossiyada bolgon emesmin, ukanym gana bar. Adlettin jawoosu kandai olot eken?...
0
aku
2011-04-09 09:33:09
avtor bul chygarmadagy kaarman okshoit dep oilop kaldym.bashynan otkorgondorun jazgan syaktuu,...
0
Titi
2011-04-09 09:52:28
Жакшы,окшошо баштады.
0
Duulat
2011-04-09 18:44:14
Автор чыгармадагы каарман эмес. Бирок Россияда болуп келген, жазылып жаткан окуялардын 80 пайызы чындык.
0
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан