АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Элдар буркан-шаркан түшүп жатты.
– Менде башка аялга үйлөнүү мүмкүнчүлүгү жок беле? Албетте, бар болчу. Бирок сени ошо жол жээгинен алгач ирет көрүп, сөзүңдү угуп, ой жүгүртүүңдү байкаганымда эле “во, мына, келечектеги балдарымдын энеси!” дегем.
– Макул, макул, сөзүңдө калет жок. Бирок эмнеге сенин ушул сезимдериң сүйүү болуп, башкалар аны менен эсептешүүсү керек да, Разиянын сүйүүсү чын сезим катары кабыл алынбашы керек? Балким, ал дагы Арстанды көргөндө “мына, ушул жигиттен балалуу болгум келет, болочок балдарымдын атасы” деген чыгар?
– Сен маанилүү бир нерсени көз жаздымда калтырып жатасың. Мен өз жашооңду ишенимдүү бирөөгө байлоо, негизгиси ушул деп айтып жатам.
– А эмне, Арстан ишенимдүү эмес­пи?
– ?..
Жооп айтпай, саамга мукактана түштү.
– Мен Арстанды жоопкерчиликсиз жигит деген жокмун. Ал Разияга күйөө боло турган жигит эмес дедим. Анын үстүнө АКШга кетем деп жатат. Анын көңүлү болсо да бир жөн эле, сүйлөшүп, кепке келтирмекмин. Арстандай жигиттер ар бир кайрылыштан эле жолуга бербесин түшүнүп турам. Бирок жигиттин көңүлү башкада. Маселе өтө тереңдеп кете элегинде кеткени деле жакшы. Аны өмүр бою жаныбызда кармап жүрө албайбыз.
Сөз бүттү дегенчелик кылып ордунан туруп басып кетти. Акыркы сөзүн жалпыбызга эмес, мага багыштап айткансыды. Туура айтат, өмүр бою аны жанымда байлап жүрө албайм. Өзүм биринчи болуп убаданы бузуп күйөөгө чыгып кеткен соң Арстанды коё беришим керек же чечкиндүүлүк кылып Элдарга ачыгын айтып кетишим абзел. Андай кылчу болсом, Элдар мага Искенди бербейт. Балалуу боло элегимде жагдай башка болчу, Элдардан кетип, Арстан менен турмуш курам деп оолуксам жарашмак. Эми уулум бар, андан тирүүлөй ажырап кала албайм. Баламдан ажырап каларымды элестетсем, чачым тик турат. Ырас, баламды боор этим менен тең көрүп жаткан соң атасын да сыйлашым керек. Демек, мен Арстанды коё берем. Алчы?
Кызынын көк бет экенин жакшы билет да, Элдар Разиянын кыйылганына карабай Кытайга окууга жиберип ийди. Атасынан ачык сурай албай улам-улам мени карайт, көзүн жалдыратып. Атасы менен сүйлөшкөнүмдү айтканымда гана жеңилдене дем алып калды. Негедир “атам Арстанды көндүрөт” деп ишенди окшойт. Аэропортко Элдар экөөбүз барып узаттык. Арстан келеби дегенсип улам артын каранып, кыйылып отуруп араң коштошту. Өзүнө туура келбеген жигитти сүйүп алганына боорум ачып жатты.
Жол ката Элдар түнөрүп, ооз ачпай келди. Эмнени ойлоп баратты болду экен? Акыры жымжырттыкка чыдабай кеттим.
– Мени “кийинки жумадан тартып эфирге чыгасың” дешти.
– Ии, азамат, кайсы блокко?
– Түшкү жаңылыктарга.
– Кийинки жумада мен Дубайга кетем, беш-он күнгө. Мен келгиче тыкылдаган алпаруучу болуп калат турбайсыңбы?
– Беш-он күнгө... Баарың эле кетем дейсиң, мен эле жалгыз калат экенмин да.
– Коркпо, Арстан мен келгиче кетпей турмай болду, жалгызсырабайсың. Айдай?
– Ии.
– Арстандын АКШга кетем дегени мага жакпай турат.
Мага эле жагат дейсиңби, анын кетем дегени. Кана, колумдан келсе, жанымдан бир карыш да жылдырбасам. Бирок башка айла жок өңдүү. Бири-бирибизден алыс жүрсөк, балким, меники сыяктуу эле анын жашоосу да изине түшүп кетер. Ошондой болот деп ишенишим керек...
– Алтышка, эмне ойлонуп калдың? Ушу жигит менен таанышканыма эки жылдан ашык убакыт болду. Баскан-турганын, кылган ишинин жыйынтыгын да көрдүм. Абдан акылдуу жигит, мыкты кадр. АКШга кетпесе деле бул жактан өз жолун таап кетмек. Кандай дейсиң?
– Мен деле айтып көрдүм. “Бишкек жакпай жатса, анда айылга, апаңдын жанына кет” дедим, эч натыйжа жок. Күлүп эле кутулат. Разияга анын кетем дегенин айттыңбы?
– Разиянын акылы болсо, азыртадан аны унутканы жакшы. Арстандын кызыма кыпындай көңүлү болсо да ойлонуп көрмөкмүн.
Эмнеге?” ушул суроону бергенге оозумду таптап барып токтоп калдым. Кой, ушунчамда токтоюн. Такып сурай берсем, “балп” дегизе бир жагымсыз сөздү айтат.
– Туура кыласың, кыргызда кайчы куда деген түшүнүк бар, ошондойго көп көңүлдөнө беришпейт.
– Андай түшүнүк бизде деле бар. Сени алганым эле жетишет. Эми Арстанды жөн эле коёлу.
– Түшүнбөдүм, эмне, мени алганы­ңа капасыңбы?
– Жок, капа болбой калайын. Сендей аялга жеткен эркек өмүр бою тумагын көккө ыргытып, кубанып жүрүп өтүшү керек.
– Мени ушинтип мактап жүрүп ашыкча эрке кылып алдың. Байка, кийин өкүнүп жүрбө.
– Сага эркелик жарашат.
Эмне дейсиң анан, ушундай эркекке! Ичим жылый, эңилип чекесинен өөп койдум. Мейли, сүйүүмө жеткирбесин, бирок ушундай эркекке туш кылган Кудайга чо-ооң рахматымды айтышым керек. А мен рахмат айткандын ордуна бырылдап ыйлаганым ыйлаган. Эх-хх, Айдай, деги эмне деген жансың? Жакында Арстан кетет, алыска. Дагы бырылдап ыйламайың башталат...
Арстанды узатканы аэропортко барганым жок. Алгач айылга барып Ажар менен коштошуп, анан үйгө келип, Элдар экөө кетти аэропортко. Дирилдеп ыйлап, “кал” деп суранып моюнуна асыларыма аз калды. Тишимди-тишиме басып араң чыдадым. Бирок менин ичимде быкшып, от болуп жана албай турган кусамды балам эки эселеп чыгарып алды. Искен атасына караганда Арстан таякесин өзгөчө жакшы көрөт. Бала капа болбосун деп эч бирибиз таякесинин алыска баратканын айткан жок элек. Арстан чамаданын алып келсе, балам кызыгып үй кызматчыдан сурап, ал “Арстан алыска кетет” деп коюптур. Чай ичип отурсак, көзүнүн жашын көл кылып кирип келсе боло.
– С-сен, эмне, кетесиңби? Мени кайыкка салбай, өзүң кетесиңби?
Өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап алган. Тамак жебей эркелесе, Арстан аны “сен тамакты жакшы жеп, апаңдын тилин алып, чоң жигит болуп чоңойсоң, экөөбүз кайыкка түшөбүз, сага кайык айдаганды үйрөтөм” деп калчу. Ошого ишенип, “качан боюм өсөт, качан кайык айдайм?” деп сурай берчү. Арстан шашып калды.
– Жок, балакай, карачы, бир сөзгө эле ыйлап алыптырсың. Сен чоңойгуча келем, анан сөзсүз үйрөтөм.
Анын кетем дегенин угуп, балам ого бетер өңгүрөп ыйлап кирди. “Биздикинде эле кал, кетсең келбей коёсуң” деп ыйлап, бутуна жабышып, жаман айланы кетирди. Болду, мындан ары чыдай албайм. Көз жаш күттүрүп отурбастан эле менин көздөрүмдөн да куюла баштады. Анан Элдар менен Арстан балам экөөбүздү ыйлаткан боюнча короодон чыгып кетишти. Кетти. Аны менен кошо жүрөгүмдүн жарымы үзүлүп кеткенсиди. Жөн кетпей, жүрөгүмдү дагы канатып кетти.
Мындан үч күн мурун Арстан үйгө келип, экөөбүз кер-мур айтышып калган элек. Элдар Дубайга кетип, Арстан биздин үйгө келген. Искенди кошуп алып паркка чыгып, көпкө чейин сүйлөштүк. Мындан аркы тагдырыбыз, экөөбүздүн сүйүүбүз... Арстан экөөбүздүн башыбыз кошулса, негизи, кебибиз бүтпөйт эмеспи. “Мени ойлоп анча санаага бата бербе. Үйлөнбөгөн эркектер толуп эле жүрбөйбү. Мен өзүмдү жалгыз сезбей элемин. Эгер жалгызсырасам, эптеп бир аял таап, үйүнө кирип алармын” деп калды. Бул сөздөргө жаман жиним келди. Ошонун айынан экөөбүз кер-мур айтыша түштүк.
– Сен ойлонуп туруп, анан сүйлөсөң. Оозуңдан чыккан ар бир сөз жөн эле желге учуп кетпейт. Алар бүгүн болбосо, эртең ишке ашып кетет, өзүң да байкабай каласың.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
scorpion
2011-04-08 20:37:21
даа, и что дальше?
0
operaledi
2011-04-08 21:45:44
Өзүнө туура келбеген жигитти сүйүп алганына боорум ачып жатты. Разия Арстанга тен эмеспи? Тан калыштуу?
0
aminali
2011-04-08 22:05:01
Аягында Арстан өлүп калат болуш керек-деп ойлоп жатам,эң биринчи башталганда Айдайдын ыйлаганынан башталат ко ошондо күйөөсү жаман чыгатко дегем андай болгон жок,анда эмнеге ыйлады анча?аягын күттүп отура берели.
0
Tokmok
2011-04-08 23:37:07
oi kyzykgy jok bolup baratat, kutup atyp uje unutup da baratam bashy kandai ele?
0
veneraaalieva
2011-04-09 00:07:21
чындап эле кызыгы кетип баратат.
0
smska
2011-04-09 10:18:26
Ой-бой акыры эмне менен бутот экен. Арстан да бактылуу болсунчу. Баары жакшы менен бутот бекен деги...
0
Ayanhan
2011-04-10 22:22:01
Акыры жакшылык менен бутсо...
0
Jazgulya
2011-04-11 16:45:00
tegi ka4an butot, kyinap jiberdigo
0
Gumaw
2011-04-12 08:55:39
Ушул каармандар жашоодо бар болсо коргум келип жатат.Бул жанагы Ктрде новостини алып баргандардын бироосу эмеспи ыя?
0
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан