КАЙРА МУРАСКОР БОЛО АЛАМБЫ?

Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Юристтин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу мыкты адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Байланыш телефону: 32-33-28

– Апам каза болгондон кийин мураскорлуктан баш тартып койгом. Башкача айтканда, ордумду агамдын кызыкчылыгы үчүн бошотуп бергем. Чынында, агам апамды баккан эмес. Тапкан акчасын оюн-зоокко кетирген. Ошентсе да үй алганга менин аз да болсо чогулткан акчам бар. Агам талаада калбасын деп үйгө мураскор болууну сунуштагам. Бирок арадан 3 ай өткөндөн кийин агам үйдү сатып, башка жакка кетерин айтууда. Ата-энемден калган үйдү сатып жиберишин каалабайм. Ошондуктан эми кайра мураска өзүм ээ боло аламбы?
Адилет, 29 жашта, Талас

– Жарандык кодекстин 1156-беренесинин 3-бөлүгүнүн талабы боюнча мурастан өз ыктыяры менен нотариус аркылуу баш тартса, ал укук кайра кайтарылбайт. Эгер ушундай жол аркылуу үйдөн баш тарткан болсоңуз, сизде бир гана жол бар. Ал – агаңыз менен сүйлөшүп, анан өз ара түшүнүшүү менен маселени чечүү.


ЭМНЕ ҮЧҮН МИЛИЦИЯ МУРУНКУ КҮЙӨӨМДҮ МЕНДЕН СУРАЙТ?

– Күйөөм менен 2 жыл мурун ажырашкам. Буга анын башка бирөөнүн үйүнө кирип жашап алганы себеп болгон. Эми болсо жакында милиция кызматкерлери келип, күйөөмдү менден сурап жатат. Ал бирөөлөрдү алдап кетиптир. Жолдошумдун кылыгы боюнча жооп беришим керекпи?
Венера, 37 жашта, Ош

– Сиз мурунку күйөөңүз менен расмий түрдө 2 жыл мурун ажырашкан болсоңуз, анын кийинки иштерине жооп бербейсиз. Ошондой эле материалдык жактан да жооп берүүгө милдеттүү эмессиз.


КАЙНЕНЕМ МЕНИ КВАРТИРАГА КАТТАТПАЙ ЖАТАТ

– Күйөөм экөөбүз баш кошкондон кийин ата-энем менен жашаган жерден каттоодон чыккан элем. Оюмда азыркы жашаган жеримде (квартира кайненемдин наамында) катталам го дегем. Бирок мен ойлогондой болбой, кайненем мени каттатпай жатат (кайнатам кыргыз экен, каза болуп калыптыр, кайненем орус). Билишимче, ал “кокус ажырашып кетишсе, үйдү талашат” деп ойлоодо. Эми эмне кылам? Квартирада катталууга укугум барбы?
Айсулуу, 25 жашта, Бишкек

– Үйгө катталса эле менчик укугуна ээ болуп калбайт. Бирок мыйзамдын талабы боюнча үйгө каттоого туруу үчүн үй ээлеринин макулдугу, уруксаты керек.


АЛИМЕНТТИ ЭМИ КИМ ТӨЛӨЙТ?

– Неберемдин атасын аскерге чакырышууда. Кызым болсо баласынын атасы менен граждандык никеде жашап, ЗАГСка турбаган. Ымыркай туулганда тигил жигит «бала меники» деп мойнуна алып, фамилиясын берген. Эми жигит аскерге кетсе, алиментти ким төлөйт?
Зухра, 64 жашта, Бишкек

– Эгер бала энесинде болсо, алиментти төлөө баланын атасына жүктөлөт. Небереңиздин атасы аскерге алынгандан тарта алиментти төлөө токтотулат. Аскерден бошоп, иштеп, акча таап баштагандан тарта алиментти төлөө улантылат.


УУЛУМ КАЗА БОЛУП КАЛДЫ. ЭМИ КАРЫЗДЫ КИМ ТӨЛӨЙТ?

– Менин уулум өткөн жылдын аягында банктан 100 миң сом насыя акча алган эле. Арадан көп өтпөй ооруп, каза болуп калды. Эми ал акчаны ким төлөйт? Же апасы деп мага төлөтүп коюшабы?
Бермет, 63 жашта, Кара-Балта

– Уулуңуз банктан насыя акча алып жатканда күрөөгө кыймылсыз мүлк койгон болсо, ошонун баасынан кармалып алынат.


КОШУНАМ ДАРАКТАРДЫ КУУРАТТЫ

– Кошунам экөөбүздүн бакчабыздын чегине мен бак-дарак тиккен элем. Алар өсүп, жетилип калган. Бакчаны темир тор бөлүп турат. Өткөн күздө кошунам башка бош жерлери турса да, таштандыларын дал менин бак-дарактарымдын түбүнө алып келип өрттөгөнүнөн бир алма дарагы куурап калган. Ал боюнча эскертип, урушканга чейин барганбыз. Эми ал адатын карматып, таштандыларын кайра менин бактарымдын түбүнө өрттөгөндү улантууда. Мунун айынан алча дарагы куурай баштады. Мыйзам боюнча ал бак-дарагымдын чыгымын төлөп бериши керекпи?
Жоомарт, 37 жашта, Бишкек

– Мыйзам боюнча бирөөнүн жеке менчигине зыян келтирилсе, анда материалдык жактан жоопко тартылат. Эгерде бак-дарагыңыздын куурап калышына кошунаңыз күнөөлүү болсо, аны далилдеп бере алсаңыз, ал жооп берет.


Сиздердин сурооңуздарга Жогорку Соттун судьясы (1990-1994жж.),
Башкы прокурордун орун басары (1994-1999-жж.) болуп иштеген,
учурда "Статус" юридикалык компаниясынын президенти,
профессор Назаркул Бопоев жооп берди.
Дареги: Турусбеков көч. 86. Байланыш тел.: 0543 94-05-90

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан