БАКЫТ ОСМОНКАНОВ

«Тамашоунун» «IUK» командасынын капитаны Бакыт 6 жылдан бери элдин боорун эзүү менен алектенет. КМШ өлкөлөрүнүн фестивалында күмүш медаль (Екатеринбург-2009), «Тамашоудо» “Мыкты оюнчу” (Күзгү фестиваль-2010) жана башка ийгиликтерге жетишти. Учурда КТРКнын «Чекит.kg» программасынын алпаруучусу.

Туулган жылы – 1987-жыл, 2-февраль
Туулган жери – Бишкек шаары, а так көлдүк
Бою – 150+4+13=190 сантиметр
Салмагы – 60 килограммдык адамдан 6 килограммга оор
Үй-бүлөдө – Карындашы бар
Дежур сөзү – Жестоко
Девизи – “Сен ооруба, мен да оорубайын, Ата Журт!”
Жактырган актёру – Аль Пачино
Жактырган машинасы – Ат араба
Жактырган тамагы – Лагман
Фобиясы – Революция
Кумири – Моника Беллуччи
Максаты – Моника Беллуччи
Хоббиси – «Тамашоу», теннис, футбол, кыздар жана Моника Беллуччи


Кыргыздын айылдарында сыналгынын пультунун функциясын кичинекей балдар аткарат.

2010-жылкы мародёрлуктан кийин Бишкекте “Народный” дүкөндөрүнүн ордуна “Голодный” дүкөндөрү пайда болду.

Кыргыз окумуштуулары Мерген Тургандын нукура эркек экендигин далилдеп чыгышты.

Сенсация! «Дордой-Динамо» футбол клубунун оюнчулары «Ош базарынан» кийинишет экен!

Кыргызстан кыргыздардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.
Экинчи орунда – Орусия.

Түп Аба жолдору – Биз менен күлкүлүү жана кызыктуу учасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Evelet
2011-04-09 04:20:20
mmmm emne jazywymdy da bilbeimin....
0
Titi
2011-04-09 09:42:38
(Сыналгы пультунун функциясын) болуп жазылат. Тамашасы анча эмес.
0
madu
2011-04-09 10:17:33
Тамашалары жагат, алга IUK!!!)))Финалда ийгилик!!!Силер чемпионсунар!!!
Буюрса...
0
MIRDJAMELL
2011-04-09 10:38:21
Аида: Созунузго кошулам...
0
imperator
2011-04-11 00:46:25
Titi,туура эле жазылган. Эмненин пунксиясын деген суроо берсен.Сеникинде таандык мучо(нын) комускодо калып жатат.
0
Мика
2011-04-11 16:26:06
1-4-тамашасы анча болбой калыптыр. Ну и что "Ош базардан" кийинсе. Между про чем шаарга караганда азыр айылдагылар өнүккөн. Пульту жаш балдар эмес, жата калып эле басып отурушат. Кээде тамаша деп эле тантырай беришет, ушул "тамашоучулар".
0
madu
2011-04-11 22:28:47
Урматтуу Мика!Тамаша деген чындыкка дайыма эле туура келбейт,ошондуктан бул тамаша!!!Анан калп эле суйлой берсе болбойт да, андай эмес деп...!Истранный экенсинер го....
0
Gumaw
2011-04-12 10:09:04
Сенсация! «Дордой-Динамо» футбол клубунун оюнчулары «Ош базарынан» кийинишет экен!Аябай эле сенсация кыла турган эч нерсе жок бул жерде.Эмне Ош базар эмне экен?Акчан жетишине карап аласынбы?Дордой не,Орто-Сай не Ош базар не-баары 1 базар!Бизге окшогон эле адамдар иштейт!
0
aij
2011-04-13 08:31:40
Ukmush eken soz jok
0
4andi
2011-04-13 17:34:43
Биринчиси норма экен, калгандары совем жаккан жок
0
tukitegin
2011-04-14 11:29:55
Эки создун бири эле тамаша боло бермек беле. канткен кундо да Куйручук, Шаршен куудул атанардын киьтептерин коп окугула
0
Janusia
2011-04-14 11:31:35
Gumaw тамашанын маанисин тушунуп алып анан чычалачы. Биринчи жакшылап оку анан ойлонуп маанисин тушун. Ош базарды жаман деп айткан жок.
0
osmonakun
2011-04-18 16:08:17
Бул жииттин тамашасы ото эое одоно, маданияты тайкы корунот. Анан жону жок эле жутуна бермей адаты бар. Жигитке дагы коп убакыт керек, озун тарбиялап чыгуу учун, мындай чийки жигиттерди эл алдына чыгаруу, аларды уятка калтыруу болуп саналат.
0
Malika88
2011-07-15 10:27:38
kalp ele sinay berbegilechi ee
0
ismail
2011-07-15 17:22:30
Сенсация! «Дордой-Динамо» футбол клубунун оюнчулары «Ош базарынан» кийинишет экен! Тамашаны жакшылап тушуно албайсынар анан сындаганды катырасынар тообо,,
0
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан